Башкы прокуратура Кумтөрдөгү коррупциялык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында буга чейин тышкы башкаруучу болгон Тенгиз Бөлтүрүктү кармады. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алтын кенди Кыргызстанга кайтаруунун башында тургандардын бири саналган Бөлтүрүктүн камалышы эл арасында кеңири талкууга алынып жатат. Теңгиз Бөлтүрүк камалганга чейин Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдап, финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы да айтылган. Деген менен Теңгиз Бөлтүрүктү кетирүү, тактап айтканда оюндан четтетүү августта башталган. 25-августта алтын кенге сырттан башкаруу токтотулуп, Теңгиз Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилген. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген. Бирок Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингдин жетекчиси катары кала берген. Арийне, Жогорку Кеңеш Теңгиз Бөлтүрүктүн маалыматын угуу талабын бир жылдан бери айтып келе жатат. Бирок, талап аткарылбай келе жатат. Бийлик муну алтын кенди мурда башкарган канадалык компания менен талаш-тартыш жүрүп атканы менен түшүндүрүп, ары-бери буйтап келишкен. Кийин Кумтөр толугу менен өткөнү жарыялангандан кийин деле Бөлтүрүк парламентке маалымат берген жок. Жогорку Кеңештин 14-сентябрдагы жыйынында бул маселе талкууга алынып, айрым депутаттар күпүлдөштү.
Тазабек Икрамов, депутат:
— Бирөө миллиард сомду жеп кетти деп кармалды. Кечээ эле асманга көкөлөтүп, кыйын ишкер деген адам бүгүн кармалып отурат. 19 тонна алтын боюнча ар кандай маселелер чыгып атат. Акылбек Үсөнбековичти чакырып, ошол боюнча сурасак болот эле. Миллиард сом деген мындай эле бир чети. Мындан да көп маселелер чыкканы калды. Кумтөр бүгүнкү күндө кандай жумуш алып кетип жатат? Эртең катастрофа болуп толук иштебей калбайбы?
Исхак Масалиев, депутат:
— Башынан эле бир топ жарандар, депутаттар, активисттер “ишенбейбиз, ишенбейбиз” деп айтышкан да. Бирок бизге таза иштей турганын айтышкан. Ошону айткан Акылбек Жапаров да жоопко тартылыш керек. Бул маселени карашыбыз керек. Себеби ал башка мамлекеттин жараны болуп атат. Келишимдерге кол коюп, сүйлөшүүлөргө катышкан болсо, анда аларды кайра карап чыгышыбыз керек. Анткени ал жактан да пайда көрөм деген ой болуп калышы мүмкүн. Конституция боюнча өкмөттүн мүчөсүн же башчысын бошотуу боюнча сунушту бере алабыз. Келгиле, ушуну колдонуп көрөлү. Бирок аны калтырабы же жокпу президент чечет.
Биз коомчулук өкүлдөрүнө төмөндөгүдөй суроо узаттык:
Теңгиз Бөлтүрүктүн коррупцияга шек саналып камакка алынышы — Кумтөрдөгү ири коррупциянын бетинин сыйрылышыбы? Же бийликтин ички тирешинин жыйынтыгынан улам жарылып чыккан саясий оюнбу?
Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы: «Бийликтеги тирешүү туу чокусуна жеткендигинин белгиси»
— Теңгиз Бөлтүрүктүн камалышы бир жылдан ашуун убакыттын ичинде болуп жаткан саясий интригалардын, бийликтеги тирешүү, кармашуунун туу чокусуна жеткендигинин белгиси деп эсептейм. Кумтөр маселеси менен бийликке келген күчтөр жеке жана корпоративдик кызыкчылыктан өйдө көтөрүлө албай, коомдон жана элден алган чечимдерин, болгон маалыматтарды, болгон ооруларды жашырып отуруп, эми шишик жарылып, ириң ага баштады.
Чолпонбек Сыдыкбаев, саясий илимдердин кандидаты: «Кустурмай кылып ырымдап туруп чет өлкөгө узатышы мүмкүн»
— Эзелтен байлык, бийлик болгон жерде чооң оюндар болуп келген эмеспи. Бөлтүрүктү алып келгенде кен тармагын ичинен билген, европалык дүйнө таанымга көп жыл сугарылган күчтүү адис экен, анын үстүнө Президенттин жердеши экен, абийирдүүлүк менен иштеп, Жапаровду уятка калтырбайт го деген. Ойлогом, Теңгиз Бөлтүрүк соттошуу процесстери, кенди мамлекетке алуу жаатында эл аралык тажрыйбасына таянып көп иштерди бүтүрдү деп. Эгер бизде боло берет экен деп арааны ошончо ачылып кеткени чын болсо, өз убалы өзүнө дечи. Бирок, суроодогу версия да туура болушу мүмкүн. Эгер бийлик «Мавр сделал свое дело, мавр должен уйти» дегендей ойт берип, аны ак жерден курмандыка чалган болсо, ал жөн жерден жалаага калган болсо, бийликке бул саясий шоу аброй алып келбейт. Мүмкүн булар өз ара сүйлөшүп, кустурмай кылып ырымдап туруп чет өлкөгө узатышы мүмкүн. Эгер андай болбосо, өмүрүнө коркунуч туулушу ыктымал.
Асыкбек Оморов, тарых изилдөөчү: «Бул коррупция Д. Сарыгуловдун учурунда түзүлгөн»
— ААО «Кыргызалтын» мурун Дастан Сарыгулов концерндин жетекчиси болуп иштеп турганда күйүүчү майдан баштап ар бир МШС тетиктери, автозапчастар бардыгы отделдерден дыкаттык менен текшерилип, ар бир баа рыночный баадан такыр жогору коюлуп сатылып алынчу эмес. Кийинки мезгилдерде канчалаган концерндин жетекчилери алмашылды, алар болсо өз каалаган бааларын коюшуп, рыночный баадан да жогору коюп коюшат, натыйжада ушундай коррупциялык майда схема түзүлдү. Ушунун кесепетинен Бөлтүрүк камалып отурат.
Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: «Бөлтүрүктүн эмгегин четке какпаш керек»
— Садыр Жапаров өзү ишенип алып келген. Мен дагы жеке сүйлөшкөндө жакшы ойдо калгам. Азыр таң калып отурам. Күнөөлөр коюла берет, бирок акыркы чечимди сот чыгарат. Бөлтүрүк канадалыктар менен чогуу иштешип, Торонтодо жашап келген. Андыктан “Центерра Голддун” сырларын билген. Ошон үчүн алар менен талаш-тартыш болгондо салымы чоң болгон деп ойлойм. Анын эмгегин эч качан четке какпаш керек. Азыр алтын кендин Кыргызстанга өтүшүн бир тарапка, азыркы айыптарды экинчи тарапка коюп баа бериш керек.
Исмаил Исаков, экс-Коргоо министри: «Бийликтин атайын жасаган спектакли»
— Теңгиз Бөлтүрүктүн иши менин жеке оюмча бийликтин атайын жасаган спектакли. Негизги маселеден элдин оюн 1 млрд сомго буруу. Болбосо өзүңөр жакшы билесиңер, «Гавайанын» кожоюнун, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбеген жеке ишкерди УКМК шоу менен кармады дагы кустурттурду. Ал эми мамлекетке 1 млрд сомго зыян келтирген мамлекеттик кызмат адамын ИИМге киргизип жаткандыгынын өзү эле бүт баарын далилдейт. Экинчи жагынан аны парламентке жеткирбей, ар түрдүү суроого жооп бердирбөө максатында жасалган иш деп ойлойм. Ошондуктан аны өздөрүнүн жакындарынын «мекемелеринде» ызы-чуу басылганча кармап туруу болсо керек.
Мавлян Аскарбеков, жарандык активист: «Бийликтин аброюна чоң шек келтирүүдө»
— Бөлтүрүктүн камалышы, 1 млрд сомдук мыйзам бузуу болушу, бүгүнкү күнгө чейин 19 тонна алтындын кабары, анын дареги жоктугу бийликтин аброюна чоң шек келтирүүдө. Эл ишенип бийлик берген соң, Конституциялык өзгөрүүнү колдоп, жоопкерчиликти бир адам алгандан кийин, мындай башаламандыкка жол берилбеш керек эле. Акыркы убактагы көрүнүштөр, саясий чечимдер эл ичинде нааразылык жаратууда.
Кылычбек Кудайбергенов