Карапайым калк өгөйлөнбөшү керек

Президент Садыр Жапаров ушул кезге чейин пенсия төлөө үчүн 70 миллиард сом бөлүнүп келсе, эми мындан ары 90 миллиард сом бөлүнөрүн жарыялады. Расмий органдар тарабынан, эгерде ушул кезге чейин пенсия көлөмү 200–300 сомго гана көбөйтүлүп келсе, бул ирет 1-октябрдан тартып, пенсияларга 1 миң 700 сомдон 3000 сомго чейин кошуларын, жана да, орточо пенсия көлөмү 8 миң сомду түзүп калары баса белгиленди…

Соңку маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жалпы пенсионерлердин саны 770 миң. Бул цифра республика калкынын 10 пайызынан ашат. Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча, 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, 1-августка карата өлкөдө 6 млн 977 миң адам жашайт.

…Өткөн жылдын орто ченинен тартып, бир жылдан ашуун убакыттан бери эле, президент Садыр Жапаров баш болуп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын ар кыл тармактардагы орун басарлары өтө катуу басым жасоо менен, бардык жыйындарда азыркы бийликтин чоң жетишкендиги сыяктуу улам-улам кайталап келе жатышкан, коомду аң-таң калтыра турган, тереңирээк талдай келгенде, абдан абсурддуу абал жаралды.

Өтө көп кайталангандыктан улам, жадатма деңгээлге чейин жеткендей болгону аз келгенсип, ыгы келсе да, келбесе да, ар кандай жыйындарда жана бардык жерлерде улам-улам кайталай башташкандыктан, жалпы элдин кыжырын келтире тургандай эле болуп калды!.. Бийлик жана расмий органдар тарабынан зор жетишкендик жана алга жылуу катары пропагандаланып жаткан жагдай (мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларынын көтөрүлүшү) боюнча мисалдар тескери реакция жарата тургандай (обратный эффект берчү!) деңгээлге жетейин деп, аз эле калгансыды…

Өлкө боюнча муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин саны 58 (элүү сегиз) миңге барабар. Министрликтерде орточо айлык 34 миң 445 сом болуп келсе, 1-августтан баштап, бул цифра 67 миң 749 сомго көтөрүлүп, өсүү 196,7 процентке жеткен. Ал эми министрликтердеги катардагы кызматкерлердин айлык акысы 21 миң 98 сом болсо, 1-августтан баштап — ​49 миң 12 сом алып калышкан (айлык 232,3 процентке өскөн!).

Жергиликтүү администрацияларда бөлүм башчылары 22 миң 170 сом алып келишсе, 1-августтан баштап, 41 миң 319 сом ала башташкан (өсүү 186,4 процент). Катардагы кызматкерлер мурда 18 миң 213,4 сом алышса, 1-августтан баштап, 35 миң 940 сом ала башташты (өсүү — ​197,3 процент).

Аймактык мамлекеттик органдардын бөлүм башчылары мурда 17 миң 637,5 сом алып келишсе, 1-августтан баштап 38 миң 830 сом алышат (өсүү 220,2 процент). Катардагы кызматкерлери мурда 14 миң 442,4 сом алышса, эми 32 миң 110 сом айлык алышып, өсүү 222,3 процентке жеткен.

Райондук маанидеги мэриялардын бөлүм башчылары 16 миң 881,3 сом алышса, 1-августтан баштап 39 миң 785 сом алышууда (өсүү 235,7 процент). Мэриянын катардагы адиси 13 миң 813,2 сом алса, 1-августтан баштап 34 миң 708 сом алат (өсүш 251,3 процент).

Айыл өкмөттөрүнүн бөлүм башчылары мурда 16 миң 125 сом алышса, 1-августтан баштап 33 миң 851 сом алышат (өсүш — ​209,9 процент). Айыл өкмөтүнүн катардагы кызматкери 13 миң 184 сом алса, 1-августтан бери 27 миң 706 сом алышууда (өсүш — ​210,1 процент).

Көрүнүп тургандай, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларынын эң төмөнкү деңгээли 186,4 проценттен тартып, айрымдарында 232,3 процентке чейин өскөн. Ал эми пенсияларга “олчойто кошуп жатабыз” деген сумманы проценттик катышта санай келсек, 10%тен тартып, эң эле аз делген пенсияларга ашып кетсе 40–50 процент гана кошулушу мүмкүн.

Мындан сырткары, мамлекеттик кызматкерлердин кварталдык сыйлык делген кошумча айлык акылары, 13-айлык, отпускалык кошумча төлөмдөр жана ар кандай майрамдарда бир айлык өлчөмүндө төлөнүүчү каражаттар да каралган.

Кыскасы, республикалык бюджетке кайсыл катмар көбүрөөк оорчулук келтирип жаткандыгын иликтеп кереги да жок. Коронавирус падемиясынан кийинки инфляциянын тездик менен өсө баштаганын эске ала турган болсок, орточо пенсия 8 (сегиз) миң сом болсо, эң азы канча болот?

Жашоо минимуму II кварталдагы эсеп боюнча, 2022-жылы 7 318,24 сомго барабар болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 15,6 процентке өскөн. “Орточо пенсия көлөмү” (же, пенсионерлердин басымдуу бөлүгү!) жашоо минимумунан бир аз гана айрымасы бар. Бул эки көрсөткүч 4-кварталга чейин тескери пропорционалдык өлчөмдө өсөрү күмөнсүз. Демек, жашоо деңгээли кагазда көтөрүлгөнү менен да, иш жүзүндө өтө тездик менен начарлай берет…

Азыркы бийлик мугалимдердин айлыктарын абдан көтөрүп салдык, эми врачтардын айлыктарын дагы көтөрөбүз деген билдирүүлөрү да жалпы элдин жашоо деңгээлинен алып караганда — ​курулай мактаныч сыяктуу эле болуп калат. Дегеле, жалпы элдин азганакай гана бөлүгүн түзгөн катмарлардын айлык акыларын көбөйтүп коюу менен эле, бүтүндөй элдин жашоосун оңдоп салдык деп айтууга болобу?!

Кыргызстандагы мектептерде 82 миң мугалимдер иштешет, республикадагы врачтардын жалпы саны — ​14004, алардан сырткары дагы орто билимдүү медициналык персоналдардын саны — ​34 628. Мамлекеттик кызматкерлердин саны — ​58 миң.

Алардын баарын чогуу эсептегенде — ​190 миңге жакындап барат. Бул цифра жалпы калктын санынын — ​3 процентке жакыны. Алар — ​мамлекетке жалданып иштешкен кызматкерлер. Эгерде алардын жасаган иштери эффективдүү болуп, жалпы өлкөгө, элге пайда келтирсе, азыркыдай кризистүү абал эч качан түзүлмөк эмес! Алардын арасында тек гана жакшы айлык алышып, шымдарын жылтыратышып, иштемиш болушуп, эптеп убакыт өткөргөндөр толтура. Тигил же бул кызматтын татаалдыгы, келтирген пайдасы, ошол структурага зарылдыгы сыяктуу критерийлер иштелген эмес.

Калктын 97 процентинин абалына дал ошол элдин эсебинен чогултулуп жаткан салыктардан айлык алып жатышкан мамлекеттик кызматкерлер кам көрө алышпаса, анда кимдер кам көрүшү керек? Азыр карапайым калк катмары — ​бийликтегилер үчүн өгөй сыяктуу болуп калышкандай таасир калууда. Мамлекеттик жетекчилер өздөрүнүн интеллектуалдык деңгээлдери чектелүүлүгүнөн улам, жогорудагы аталган саналуу катмарлардын социалдык абалдарын бир аз жакшыртып коюу менен эле, жалпы элдин абалын оңдоп салышкандай сүйлөп жатышкандары — ​олуттуу талдоого келгенде трагикомедиялуу жагдайды жаратып тим болот.

Цивилизациялуу коомдун талаптары боюнча карай турган болсок, жогорудагы жалданма мамлекеттик кызматкерлер армиясынын баарынын тең күнү-түнү оюнан кетпей, тынчсыздандырган жалгыз маселе — ​жалпы элдин жашоосун кантип жакшыртуу керек?! — ​деген бир гана маселе болот.

Өздөрүнүн өтө чектелүү дүйнөтаанымынан чыга албай жүрүшкөн мамлекеттик кызматкерлердин жасаган иштерине элдин кайсыл бир катмары тарабынан сын айтылып калса, алар дароо теңирден тескери кабыл алышып, чычалашып, тынч жана баш көтөрбөй иштешип, тиешелүү милдеттерин так аткаруунун ордуна, ошол сындарга жооп беришке убакыт коротууну артык көрүшөт. Муну коомдук-саясий жашоодогу түркүн окуялардан такай көрүп келе жатабыз. Ал жооптордо жүйөөлүү, ишенимдүү фактылар камтылбай, демагогиялуу чакырыктар, баналдуу лозунгдар кайталанат.

Өткөндө мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кезектеги бир билдирүүсүн колдоп чыгып, ошону менен бирге эле, жалпы элди ынтымакка чакырды. Анын пикири боюнча, азыркы кезде мугалимдердин, врачтардын жана мамлекеттик кызматкерлердин баарынын айлыктары мурда уурдалып кетип жаткан каражаттарды учурдагы бийликтегилер өлкө казынасына карай бура алгандыгынын натыйжасында гана көбөйтүлүп, жалпы өлкө курулуш аянтчасына айланып калыптыр!..

Логикалуу суроо өзүнөн өзү жаралат: анда неге калктын жумушка жарамдуу өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдө мигрант болушуп, тентип жүрүүгө мажбур болушууда? Алар жыл сайын 2,5дан 4 миллард долларга чейин республикага стабилдүү түрдө которуп келе жатышат. Бул үчүн өтө оор, ар кандай трагедиялуу жоготууларга дуушар болуп жатышкандарына да карабастан, өзгөчө өжөрдүк жана кайраткердик менен иштегенди улантышып, тээ акаев доорунан берки демагогиялуу, декларациячыл, курулай убадачыл жана кооз сөздөр менен гана шугулданып калган бийликтен эч үмүт кылбай калышкандыктан, өз үй-бүлөлөрүн багышып, өз балдарынын келечегине кам көрүшүүдө…

Мигранттардан кез-кезде республикага келген кабарларда трагедиялуу сводкалар басымдуулук кылат. Кээде массалык түрдө болуп жатканы абдан кейиштүү. 2017-жылы жыйырмадан ашуун жаш, али эне сүтү да ооздорунан кете элек кыргыз кыздар Москвадагы фабрикада чыккан өрттө тирүүлөй күйүп кетишсе, кечээ жакында эле болгон жол кырсыгында түштүк региондорунан Россияга бакыт издеп баратышкан 15ке жакын жаш уландар, жигиттер каза болушту. Алардын убалдары кимге?!

Өз элине кам көрүп, өз мекенинде ак эмгеги менен жан багууга шарт түзүп бере албаган бийлик, эми минтип мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын абдан чоң өлчөмгө көбөйттүк деп мактанууда… Не демекчибиз, орус туугандар айтмакчы, “и смех, и грех” дегенден башка айла жок.

Ишенбек Муртазаев

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *