Жеңиш Токторбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «2010-жылдагы Июнь окуясына Азимбек Бекназаров түздөн-түз күнөөлүү»
— Мындан 4–5 күн мурда Камчыбек Ташиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам туура эмес берилди деп Азимбек Бекназаров жалаа жаап чыкты. Урматтуу Азимбек аке, сиздин ким экениңизди эл абдан жакшы билет. Сиз сарсанаага батып, кыжаалат болбоңуз, ичиңиз күйбөсүн. Караниеттиктин, карасанатайлыктын да чеги болот. Камчыбек Ташиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деп эл эчак эле, 12 жыл мурун берип койгон.
Урматтуу кесиптештер, ушул жерде 2010-жылдагы Июнь окуясына катышкан көп депутаттар отурат. Ким качып кеткенин, ким эл менен бирге жүргөнүн биз баарын билебиз. 2010-жылдагы Июнь окуясына Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков түздөн-түз күнөөлүү. Анткени, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, орун басары катары Азимбек Бекназаров күч түзүмдөрүн жетектеп турган. Исмаил Исаков Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна өкүл болуп турган. Урматтуу кесиптештер, бул жерде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, анын ичиндеги Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков чыккынчылар. Керек болсо саткындар. Булар тынч жаткан элди, кылымдар бою ынтымакта жашап келген элди, кыргыз менен өзбек элин бири бирине тукуруп, уруш-жаңжал чыгарышты. Булардын бир гана максаты, Бакиевдин бийлигин биротоло жок кылып, Бакиевди талкалап, анын бийлигин тоноп алып жок кылуу болчу. Алардын ою ушундай болгон, аны ушул жерде отурган депутаттардын баары билет.
Андан башка урматтуу кесиптештер, Азимбек Бекназаров “Камчыбек Ташиев качып кетти” деп айтты. Мына эл турат, журт турат, эгер эркек болсо элдин алдына барсын, биз топтоп берелик. Ким эл менен жүргөнүн, ким качып кеткенин такташалык. Мен ушул жерде чындыкты айтпасам болбойт урматтуу депутаттар. Ошол учурда мен башынан баштап аягына чейин чогуу жүрдүм. Бекназаровду бир гана жолу көрдүм, эки кара түстөгү жол тандабаста автоматчиктери менен, жансакчылары менен келип, УВДнын этек жагында биз менен жолукту. Мени калп айттырбайт, ошол жерде Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов бар болчу. Ошол жерден бир көрдүк, андан кийин качып кетти. Башка көргөн жокпуз. Ошол жерде Жалал-Абад облусу боюнча комендант болгон Кубатбек Байболовдун өңүн да көргөн жокпуз. Кадыржан Батыровдун университетинин алдына эл чогулуп, университетти аткылай баштаганда Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Байболовдор Кара-Алма деген курортто арак ичип, кой союп жеп жатышкан. Эл көбөйгөн маалда Кадыржан Батыровго жетип келишип, Батыровду качырышкан. Бирок, Кадыржанды да булар пайдаланышып, кийин сатып кетишти.
Урматтуу депутаттар, мен муну айтпай койсом болот эле, бирок чындыкты айтып коюш керек, ошон үчүн чыктым. Урматтуу төрага, ушул маселени күн тартибине коюп, Башкы прокурордун маалыматын угуп койсок.
Эмилбек Момунов, “Рух-Медия” сайтынын редактору: «Бул ирет Бекназаровду эл ээрчиши кыйын»
— “Бульдозер” каймана аты бар айтылуу Азимбек Бекназаров акыркы күндөрү кайрадан айрым ММКлар, социалдык тармактар аркылуу азыркы бийликти сындап жатат. Ошол видеосунда өзү айткандай, Азимбек Бекназаров баардык президенттер менен алгач жакшы мамиледе болуп, колдоп, жарым жолго келгенде эле каршы чыгып калат. Бул анын өнөкөт адаты окшойт. Анткени башында колдогон адамды аягына чейин колдоп, ийгиликке жетиш керек да.
Бул ирет Бекназаров Малайзиядагы элчилик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгына нааразы болду окшойт. Бир чети баласынын суракка чакырылгандыгы да кошул-ташыл болду. Бирок, Кыргызстан үчүн мындан ары эч кандай бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирип, революция-төңкөрүш кылуунун кереги жок. Биз андай ыңкылаптын лимитин да түгөтүп бүттүк. Эгер дагы бир ирет тополоң болсо, анда ансыз деле кара тумандай каптап келаткан кымбатчылык өлкөбүздүн экономикасынын белин сындырып, биротоло сызга отургузуп салат. Эл деле аны түшүнүп турат. Ошондуктан, бул ирет “бульдозерди” ээрчибейт деп ойлоймун.
Бир чети азыркы бийлик жакшы иштеп аткандыгын адилеттик үчүн айтып коюшубуз керек. Бул сөзүбүзгө мугалимдердин, бюджеттик кызматкерлердин маяналарынын, пенсиянын көтөрүлгөндүгү жана бир эле Бишкекте 15 мектеп салынып жаткандыгы далил. Андан башка да көптөгөн ишканалар иштеп, элдин деле турмушу оңоло баштады. Мындан ары президенттик, Парламенттик шайлоолор өз мөөнөтүндө, цивилизациялуу жол менен ачык жана таза өтүшү зарыл. Андан башка жолубуз жок. Дүйнө коомчулугу да бизди шайлоону кандай өткөргөнүбүзгө карап мамиле жасайт.
Асыкбек Оморов, тарых изидөөчү: «Малайзия менен экономикалык карым-катнаш болгон жок»
— Кыргызча айтканда «Күйгөн катын кошокчул» деген сыяктуу болуп жаткандай, себеби Малайзияда эки элдин ортосунда экономикалык карым-катнаш өсүү жолу болгон жок. Тышкы инвестициялык эки мамлекеттер ортосунда да бул инвестор келди, тигил инвестор келди деп эч бир тышкы инвестициялык иштер боюнча же болбосо өндүрүш түрлөрүн куруу иштери болгон жок да, анан эмнени айтса болот.
Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыры: «Бекназаровдун тыйыны түгөнгөн күнү эле ушинтип чыгат»
— “Чапкан сайын көз чыкпайт” дейт кыргыз. Канча жылдан бери Бекназаров жаман үйрөндү, тайраңдап. Ал сүйлөсө эле эл ишене бериши керекпи? Чындай келгенде Аксыдагы өлгөн жарандар Бекназаровдун абийринде. Андан кийин да токтоп калган жок бул кокуй. Өлкөдөгү саясий туруктуулукту жеке өзүнүн кызыкчылыгына буруп, элди бийликке карай көп жолу козутуп келди. Июнь окуясы болду. Ага чейин мына Бакиевдер менен жүрүп, байлыктын каймагын калпып алып, анан түйшүгүн Бакиевдерге артып коюп чыга качкан. Бул дайыма ушундай. Оппозицияга кошулган болуп, жан сактап калат. Бир топ жыл трайбалист Атамбаевдерге жан тартып жүргөн. Экөө бийликти алыш үчүн Бакиевди элге жаман көрсөтүп, электрди 1 сом 50 тыйын кылды деп келип алып, ал колдогон Атамбаев светти 2 сом 16 тыйынга көтөрүп койду. Орусия берген 3 млн долларды өздөрү кымтып, Бакиев алып кетти деп жанын жешти эле, ал кийин ачыкка чыкты. Атамбаев “Кыргызгазды” 1 долларга сатты. Атамбаев өлкөнү аябай тоноду. Банк ячейкаларын кургатып, анан кызмат талашты. Деги койчу буларың кылбагандын баарын кылышты.
Бекназаровдун тыйыны түгөнгөн күнү эле ушинтип чыгат. Баары билет, бул бийликтен абдан көп сумманы талап кылган, алар бербей койгондо жамандап чыгып жатат. Атамбаев кичине алаканын майлап койгонбу, аны чыныгы баатыр деп жерге-сууга тийгизбей калыптыр. Болбосо элге жек көрүнгөн Атамбаевди башка бирөө мактаса да, шымына чычып алганын көзү менен көрүп, аны айтып чыккан ушул Бекназаров мактамак эмес.
Кыргызда жакшы сөз бар: “Бир колуң кылган жакшылыгыңды бир кол билбесин” деген. Жапаровду, Келдибековду, Ташиевди жалгыз эле Бекназаров колдогон эмес, эл колдогонбуз. Буларды бала чакасынан бери Атамбаев кара ниеттик менен камаганда Бекназаров майталканда жаткан. Эми бетин кызартпай Садыр Жапаровду, Камчы Ташиевди коргодум дейт. Коргосоң сен акыңды алып адвокат болгондурсуң, биз сокур тыйын албай туруп коргогонбуз. Керек болсо Бекназаровдун өзүн да колдоп чыкканбыз камалып жатканда. Аны бир ирет да айткан жокпуз. Биз Акаевдин режимине жаман-жакшы көрүндүк деп айтып чыккан эмеспиз. Колко кылганды токтотуш керек да.
Баласы күнөөсүз адамдарга арыз жазып каматкан “терпила”. Андай адамды түрмөдө соо койбойт. Бери дегенде “петух” кылат. Анан да “Халифат” курам деп Конституцияга каршы чыгып, кыргыз эгемендүүлүгүнө көлөкө түшүрүп жүрөт. Баласын жакшы көрсө эркелетпей тыйып койбойбу. Аң-сезими ууланган экстремисттик материал чыгарына элдин баары ишенет. Бир ирет чогулуш жасаганы сайттарга «ТАЙНАЯ ВЕЧЕРЯ» деген ат менен чыгып, УКМКнын мурдагы орун басары, белгилүү чекист Таалайбек Жумадыловдун тезинен чара көрүш керек деген маеги чыккан. Ошондо эле чара көрүш керек болчу. Мына азыр мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтиргенден кийин камаганга аргасыз болуп жатат. Орган мыйзамдуу укугун аткарып жатат, биз аны туура түшүнүшүбүз керек. Бекназаров өзү Башкы прокурор, күч органдарынын куратору, вице-премьер, депутат болуп жүргөн адам. Түшүнүгү ушулбу?
Бекназаровдон коркуп, баласы мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирип, халифат курам десе да унчукпашыбыз керекпи? Атамбаевдин балдары мамлекеттин энчисиндеги электр энергияны сатып байып, депутат болушту. Мунун баласы президенттик аппаратта иштеп, акимдин орун басары болду. Бирок, дагы деле ыраазы эмес. Отунбаева, Атамбаев, Бекназаровго караганда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев мыкты иштеп жатат. Колдорунан келишинче ууруларды кустуруп жатат. Айлыкты көтөрдү. Мен деле Садыр Жапаровду колдогон эмесмин, бирок элдин пикирин сыйлайм. Азчылык көпчүлүккө баш ийет. Шайлаган соң убакыт берелик. Иштеп жатат.
Кылычбек Кудайбергенов