— Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич! Бүгүнкү Кыргызстандын бийлигинин ээлери эки дос, мен сиздерге инилерим катары кайрылууга аргасызмын. Эмне үчүн дегенде, бүгүн эрте мененки саат 8:30 чамасында менин уулум Русланды, милиция кызматкерлери кармап кетип, 2 саат өтпөй үйүнө сегиз оперативдик кызматкерлери келип үйүн тинтишти. Муну мен сиздердин ишиңиздерге болгон менин ачык пикиримдин кесепетинен болуп жатат деп эсептейм. Эмне үчүн дегенде баары окшош болуп жатат. Мына менин интервьюмдан кийин эмоционалдык чечимге келип, териштирбей туруп “Малайзия менен Кыргызстандын ортосунда диалог түзө алган жок” деп указ чыгардыңар. Мен келип “андай эмес” деп конференция өткөрүп, документтер, фактылар менен журналисттерге айткандан кийин силердин күчүңөр менин уулума жетип жатат.
Урматтуу эки иним, силер муну менен мени чөгөлөтүү же өзүңөргө жүгүнтүү позициясын көздөп жатасыңар. Жаңыласыңар, мен эч качан силерге жүгүнбөйм жана ондогон премьер-министр же башка саясатчыларга окшоп куспайм, чөгөлөбөйм.
Мени өлтүрүшүңөр мүмкүн, камашыңар мүмкүн. Өлтүрсөңөр да менин арбагым силерди алып түшөт. Камасаңар түрмөдө жатып күрөшөм. Менин күчүмдүн болгону чындыкта, жан дүйнөмдүн эркиндигинде. Менин күчүм ошол. Ойлоорсуңар, мунун эч кимиси жок, Кыргызстанга келип анча-мынча команда түзө элегинде чөгөлөтүп салалы деп. Жаңыласыңар. Менин отуз жылдан бери түзүлгөн командам бар, алар мекенчилдер. Ишеничтүү пикирлештер, кайтпаган саясатчылар, журналисттер, жарандык уюмдар. Алар оор күнүмдө да катарда турган, бүгүн да катарыма тура алат. Анткени, алардын баардыгынын пикири бир, максатыбыз бир. Биздин өлкөбүздө акыйкаттуу, адилеттүү заман орношу керек. Кыргызстандын бийлиги Кыргызстанга кызмат кылса экен, Кыргызстан кен байлыктары Кыргызстандын пайдубалына жараса экен деген максатта келе жатабыз. Ошондуктан, силер менин баламды камап, андан кийин мени чөгөлөтөм деп жаңылышасыңар. Бул жолду силерди сырттан башкарып жаткан бакиевчилер да мурда баскан. Ошондо менин экинчи уулум келинчеги менен чет мамлекетке Европага качууга аргасыз болгон. Мына ошондон бери турмушу жакшы болбой качып, башка өлкөдө жүрөт. Бирөө Кыргызстанда жүрөт. Силер кандайдыр бир убактылуу кыйынчылыкка алып келе аласыңар. Ооба, Русланды камоо менен менин жакындарыма, балдарыма, үй-бүлөмө катуу кайгырууну алып келдиңер. Жан дүйнөсүнө бүлүк салдыңар. Кыйнап жатасыңар. Бирок, мен силерден муну күткөн жок элем. Эмне үчүн дегенде, 2020-жылы 8-октябрда Садыр Нургожоевич, сиз жаңы премьер болом деп кетип жатканыңызда ошол убактагы президент Сооронбай Шариповичтин өтүнүчү менен силердин офисиңерге келип, анан батамды бердим эле. Ошондо үч нерсени сурангам. Биринчиси, мурдагы Президенттердин жолунан кайтып, бийликтин жаңы жолун тандагыла дедим эле. Силер бир жарым жылда ошону буздуңар. Эски президенттердин жолуна түштүңөр, алардан өтүп баратасыңар. Бир жарым жылда эл силердин шоу, алдамчылык саясатыңарга тоюп бүттү. Мындан кийин эл ишенбейт. Силер бүгүн бийлигиңердин туу чокусунда турасыңар. Эми бир маселе калды, кантип ылдый түшөөрүңөр. Бирок, ылдый кетип атканыңарда да мындай иш кылганыңар бул адамгерчиликке жатпайт. Силердин башыңарга караан күн түшүп турганда канчалаган саясатчылар, ошондогу бийлик ээлери мени суранып, “Ушуларды кантип коргоп жатасың” дегенине карабай коргодум эле. Эсиңерден чыгып кетти. Силер бүгүн менин эмес, менин үй-бүлөмдүн изине түштүңөр. Бул силердин пасчылыгыңар. Силер өзүңөрдүн ким экениңерди көргөзүп жатасыңар. Мен дагы айтып коеюн, силер муну менен мени чөгөлөтө албайсыңар. Чөгөлөтөм деген далай Президенттерди көргөм. Президенттердин баары мени чөгөлөтөм деген. Ошолордун бири силерсиңер. Силер мени эле эмес, кыргыз элин эле эмес, сырттан колдоп келе жаткан бакиевчилерди да алдап келе жатасыңар. Берген убадаңарды аткарган жоксуңар. Ошону кантип аткарабыз деп айласын таппай бүгүн жан далбастап турган чагыңар. Эсиңер барда, этегиңерди жапкыла!
Сооронбай Шариповичке окшоп жакшынакай элден кечирим сурап кетип калгыла. Башка жолуңар жок. Алдамчылык шоу саясатыңар өтпөйт. Эл ишенбей калды. Бирок, силер шоу саясатыңарды улантып жатасыңар. Кум-Төрдөгү өзүңөрдүн былыгыңарды мына Теңиз Бөлтүрүккө жаап жатасыңар. Бөлтүрүк силердин саясатыңардын курмандыгы. Көп болсо агаңдын алтын кучактап жүргөнүн Бөлтүрүккө “Өзүңө ал, мен чакырдым эле” дегенге жетишесиңер. Айт Бөлтүрүк, ушуну моюнга ал, анан жанагы Бейшеналиевге окшотуп силерди чыгарып коёбуз деп. Бул Бөлтүрүктү камаганыңар силердин кезектеги шоуңар. Силер сыртка чыгарган алтындын да отчетун бере албайсыңар. Чегара маселесин да чече албайсыңар. Коррупция менен да күрөшө албайсыңар! Бир жарым жылдын ичинде Акаевди баштап бир дагы коррупционерди камай алган жоксуңар. Бардыгына рахмат айтып чыгарып жибердиңер. Эл анан кантип силерге ишенсин.
Ооба, жакшы иштерди кылдыңар. Саясий реформа кылдыңар. Улуттук нарк боюнча указ чыгардыңар. Айлыкты көтөрдүңөр. Бул силердин кылган жакшы ишиңер. Бирок, ал силердин милдетиңер. Дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттин башчылары жер жүзү боюнча өсүп жаткан кымбатчылыкка байланыштуу компенсация аркылуу бардык мамлекеттерде айлык акыларды көтөрүп жатат. Бир эле силер көтөргөн жериңер жок. Кээ бир өлкөлөрдө 50, 70 пайызга чейин көтөрүп жатат. Анткени, ковид менен, Россия менен Украинанын согушунун, экономикалык санкциялардын айынан болуп жатат. Силер сырткы саясатта дагы өнөктөш Россияны сатып кеттиңер! ОДБКда туруп, военный альянста туруп, жамандык-жакшылыкта бирге бололу деп, бирок күч келгенде биз нейтралдуубуз деп качып кеттиңер. Бул акмакчылык! Силер эл аралык саясатта да алдамчылыгыңарды көрсөттүңөр. Ошон үчүн биздин жүз миңдеген мигранттар силердин азабыңарды тартып жатат. Мына ошого да силер күнөөлүүсүңөр. Мен силердин деңгээлиңерге түшүп, силердин үй-бүлөңөргө асылбайм! Жакындарыңарга, ага-иниңерге асылбайм. Бирок, силер үй-бүлөгө, бала-чакага асылганыңарды токтотпосоңор, анда адекваттуу жоопту аласыңар. Силердин жакындарыңар кандай экендигин мен да жакшы билем. Келгиле, ылдый түшкүлө. Экинчи эскертүү Парламенттеги, өкмөттөгү кошоматчыларыңарды, алдамчы мошенниктериңерди токтоткула. Мына алар Парламентте “Бекназаровго июнь окуясы боюнча кылмыш иши козголсун. Ал күнөөкөр” деп кыйкырып жатат. Ал жөн эле кыйкырып жаткан жок. Түшүнүктүү да. Жок дегенде кимдер күнөөлүү экендигин кагазга толтуруп койбойбу? Депутаттык статусу менен кошомат кылып кыйкырып жатканы дал келбейт. Жарашпайт. Кайран Жалал-Абаддын эли! Ушул депутатты шайлаган. Жалал-Абаддын эли баатыр эл эле. Алгачкы революциянын локомотиви болду эле. Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусун сындырды эле. Бүгүн Жалал-Абаддын элдеринин атынан кимдер сүйлөп жатат. Экинчи кошоматчы Эдил Байсалов дегениңерди токтоткула. “Кум-Төрдү биз захват кылып алдык” деп бир жарым жыл мурун Лондондо чуу салды эле. Кыргызстанды “захватчик” мамлекет кылып көрсөткөн. Кечээ уялбай Аксы окуясын козгоптур. Аксы окуясына дүйнөлүк деңгээлде Эдил иним, сенин ондогон укук коргоочуларың баа берген. ООНдо адам укугун коргоо комитетинде каралган. ОБСЕ караган. Мына Турсунбек Акун баштаган ондогон НПОлор Аксы тарап болуп жүргөн. Сен Аксыны козгобо. Сен айтууга да укугуң жок. Сен айткан Европадагы бүркүтүң кайда жүрөт, бир Кудай билет. Сен Кыргызстандын жараны да эмес болушуң керек. Имиш-имишке караганда напсиңдин кулу катары, Лондондон келген адам катары имиштер бар. Кези келгенде ал далилденээр. Имиш-имиш сени так деп айтып жаткан жокмун. Бирок, дежурлук жагынан, “кылыбыз кыйшайбайт” деген жагынан сен эки досту көргө сүйрөп баратасың. Түз эле көргө сүйрөп баратасың. Парламенттеги берилген «а» деген суроого, «б» деп жооп берип жатасың. Деңгээлиңди билип алчы, айланайын иним. Ошондуктан, эки иним, силердин агаңар катары, силердин башыңарга кыйынчылык күн түшкөндө нечен курдай жыйындарды өткөрүп, жаманатты болуп жүргөн агаңар катары акыркы жолу кайрылып жатам. Мындан кийин кайрылбайм. Токтоткула! Эсиңерге келгиле! Силерден күчтүү бийликти, көргөнбүз. Силерден күчтүү Президенттер каякта жүргөнүн жакшы билесиңер. Бардык президенттер кайдан келсе, кайра кеткенин да эсиңерге салып коеюн. Каерден келсеңер, кайра ошол жерге барышыңарды да эскертип кетем. Эсиңерге келгиле. Агаңар катары айтып жатам. Үй-бүлөгө чейин, андан ылдый пас түшпөгүлө. Жакшынакай болуп бийиктиктен эсен-аман түшүп келгиле. Мен ушуну каалайм. Экинчи кайрылбайм. Ырас, силер чоң согушту баштадыңарбы, жообун аласыңар. Айтып коёюн силер мени өлтүрүшүңөр мүмкүн, камашыңар мүмкүн. Депутатыңар кыйкырып жатпайбы, ал силердин тапшырмаңар менен кыйкырып жатышы мүмкүн. Силерден башка да июнь окуясын ким чыгарганын эли-журт баары билет. Ким күнөөкөр экенин жакшы билген эли-журт бар. Ким качып кеткенин да эл жакшы билет. Ким каерде автомат көтөрүп жүргөнүнө чейин жакшы билет. Ким кандай данакерлик кылганын да эл билет. Эсиңерге келгиле. Элибиз бирөө, мекенибиз бирөө. Ансыз да эки революцияны көрүп, элбиз баш-аягын таппай кыйналып турат. Жетишет ошол. Токтогула, акыркы эскертүүм ушул болсун. Мен силердин күрөшүңөргө даярмын! Мен даяр болуп калгам. Менин колумду чечип жатасыңар. Келгенден бери да көпчүлүк активисттерге, саясатчыларга “койгула сабыр кылалы. Жакшылык менен бүтөлү. Элдик курултайда жакшынакай баа берели да, ошол жердеги тегерек столдо сүйлөшүп, диалог менен чечели” деп келе жатам. Дагы айтып коёюн, эки нерсе колуңардан келет. Өлтүрүш жана камаш. Бирок, бу нерсе менен эч нерсеге жетишпейсиңер. Менин арбагым да жөн койбойт, камасаңар түрмөдө жатып да силерди жеңем.