Бекназар Исмаилов, кенже лейтенант: «Пробация деген эмне?»

Акыркы мезгилде ар кандай батыш тилиндеги терминдер эл арасында кеңири колдонула башталды. Маалымат булактарында Президенттин Пробация боюнча жарлыгы деген жаңылыктар байма-бай басыла баштады. Биз бул терминдин аркасы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Октябрь району боюнча пробация бөлүмүнүн жетекчи адиси, кенже лейтенант Исмаилов Бекназарды кепке тарттык.

 

— Бекназар мырза, дегеле Пробация деген эмне?

— Пробация бул — ​жаза өтөп чыккан жарандар социалдык көмөк алууга, алардын түзөлүүсүнө, социалдашуусуна, коомго кайрадан кошулуусуна, укук бузууларды жасоосун алдын алууга багытталган тийиштүү шарттарды түзүп берүү. Бул боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштейт.

— Жөнөкөй, жалпак тил менен айтканда кандай?

— Жөнөкөй тил менен айтканда, шарттуу түрдө соттолгон же кандайдыр бир мөөнөтүн абактарда өткөрүп чыккан жарандарга, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана коомчулук менен өз ара тыгыз байланыш аракетин жүргүзүп, бул жарандарга социалдык-укуктук, психологиялык жана юридикалык жактан жардам көрсөтүү.

— Демек соттолгон адамдардын коомго аралашуусуна психологиялык жактан жардам берилет экен да?

— Ооба, бир гана психологиялык жактан эмес, жумуш менен камсыз кылууга, жоголгон документтерин алууга жана керектүү кесиптин ээси болууга дагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен тыгыз иштешип, жардам кылабыз.

— Акыркы күндөрү сиздердин кардарларга кандай жардамдар көрсөтүлдү?

— Октябрь райондук жана Чүй облустук пробация бөлүмүнүн кардарларына СПИД борбору менен биргеликте оорунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

— Көмөк көрсөткөн өнөктөштөр барбы?

— Эл аралык Кызыл Крест комитети, Евробиримдик (ЕБ), Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ), (Penal Reform in Central Asia) Эл аралык турмөлөрдү реформа кылууга жардам берген жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз иш алып барабыз.

 

Акылбек Осмонтеги

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *