Адам, аалым жана чыныгы академик

Б. М. Юнусалиевди эскерүү китебинен

 

“Өзүм көргөндөн башканы жазган жан эмесмин”

Мукай Элебаев

 

Киришүү иретинде

Каякка баратабыз?

Адамдар адамдыгын алдырып, алсырап да, алкынып да, айласы түгөнүп да турган чагы. Мындай учурда “Күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп коёт”- деп, күкүк да, күйкө да, алар гана түгүл, алпкаракуш да арман айтары түшүнүктүү. Жаратылыш берген дейбизби, жараткан берген дейбизби, айтор, энеден кошо туулган, эси кирип, “эки сом — ​элүү сом” деп санап, “ушунун баары меники, сеники эмес!” дегенге жарагандан тарта эле адамдар адамдык ариетин, бетин, атүгүл эсин да жоготуп баштаганбы деп да кетесиң. Бирок жоготпогондор да аз эмес, ошон үчүн жер огунан чыкпай турат да.

Бул менин акылдуусунуп айткан сөзүм эмес, сексен жашты серпип өтүп, токсонго топук менен эле бара жатканда (айный элекмин дегенди кошо билдирип атам), мындан отуз-кырк жыл илгерки замандаштарымды эстеп, азыркыларды аларга салыштыра отуруп, салам айтсаң алик алып, тайып кетсең жөлөй кала тургандар бар экенин сезип, о дүйнө кетсең, кайрылып өтөр кишилер горизонттон көрүнөрүнө ишенип жашаган күндөрүм көз алдымдан өтүп атканда айтып атам. Азыр, эми, башка коом, башка заман дейбиз, болгон-толгон кемчил жактарыбызды, өзүбүзгө эмес, заманга шылтайбыз, а түгүл башыбыз менен ойлоп, бутубуз менен тебелеп, колубуз менен жасаган жамандыктарыбызды да башка бирөөлөргө түртө салып, өзүбүздү аппак көрсөткүбүз келет, жанын жеп жалган айткандар, оозу мурду кыйшайбаган ушакчылар көбөйдү. Бир карасаң, баягы Эшмат ошондогудай (мурдагыдай) эле көрүнөт, бирок мамилелеше келгенде, бир туруп Ташмат болуп, анан Кошмат болуп, анан дагы башка кебете күтүп, кубулуп кетет. Бир туруп адам, бир туруп шайтан, бир туруп дагы башка… Кыскасы, кыркынчы-элүүнчү, атүгүл жетимишинчи-сексенинчи жылдардагы адамдар жок, ачкөз, алдамчы, туруксуз, саткын… Кулактарына кебез тыгып, көздөрүн жумуп, туюмун тукулжуратып, ой багытын, кыял чабытын, кыскасы, адамкерчилик багажынын баарын эле кетмендеп же кулпулап салып, алды-артын, жан-жагын, жака-белин карабай эле бир жакты карай зуулдап бараткандардай сезилет. “Токто!” “Кулап баратасың!” Же, “Алдыңдагы кемпир-чалды, бөжүрөгөн бөбөктөрдү тепсеп кетесиң, токто!”- деген деле жан жок. Кебете-кешпири адам, кетип бараткандагы абалы айбандай эле жандар… Азыркы адамдар ушундай элестейт мага.

Түшүнүк

Ташмат болуп, анан Кошмат болуп, анан барып башка болуп кетет… деп атпаймынбы, мындайды К. К. Юдахиндин “Орусча-кыргызча сөздүгүндө “ХАМЕЛЕОН” деп коёт, бизче “күн тийген жердин чоросу, эки жүздүү же принципсиз” дегенди түшүндүрөт эмеспи. Урматтуу улутташтар, ушундайлардан этият бололу, Президент баштаган башчыларга да эскертип тургула, адашып калышпасын!

“Диссертацияны окуп чыкпай туруп да сүйлөйбү, токтотуңуз “сөзүңүздү!” (Окумуштуулар кеңешинен). — ​деген академик Б. М. Юнусалиевдей,

Түшүнүк

“Окубасам да сүйлөп коёюн”

“Окубай туруп да сүйлөчү беле!..”

Бул эки сүйлөмдүн биринчисин Филология илимдеринин кандидаты Жаки Таштемиров Илимий кеңешмеде илим жактап аткан бирөөнү колдош үчүн айткан. Экинчисин улуу окумуштуу, академик Болот Мураталиевич Юнусалиев Ж. Таштемировдун илимге сыйбаган сөзүнө карата каршы айткан. Булар жөнүндө кезегинде кеңейтилип берилет.

же “ Бул жерде элин коргоого (жактоого) багытталган көптөгөн сөздөр айтылды. Мен орусмун, мага мени, орустарды “коргоочулардын” өзүнөн коргонууга уруксат бериңиздер!” (Стенограмма Расширенного заседания Бюро отделния обшественных наук Академии наук Киргизской ССР, посвяшенного обсуждению произведений Молдо Кылыча Шамыканова, 10,11, и 14 сентября 1956 г.) — ​деген академик К. К. Юдахиндей чындыкты өмүрлөрүнүн аягына чейин тайсалдабай коргоп өткөн инсандар көрүнбөйт. Көрүнсө да, алардан арууланып, адеп-ахлагынан алып, жоготуп бараткан адамдык касиеттеринен, билим-туюмунан жугузуп калуунун ордуна “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” болуппу, же жөн эле кыргызбай болуппу, айтор, кайдыгерлигибиз аз келгенсип, беш күндүк бийлик күткөндөргө беш кабат бүгүлүп, “байлык” дегенди укканда башыбызды ташка уруп, аңды- дөңдү карабай кубалап отуруп, аягында ошонун кулу болуп, кадимки эле классикалык кулга айланып калып атабыз. Жандуу, жансыздардын баарынан бийик турган “АДАМ!” деген атыбызды “акча” деген кагазга оңой эле алмаштырдык. Мындайдан 70–80 пайыз болсо да арылшыбыз керек. Ал үчүн Болот Мураталиевич Юнусалиевдей кишилер зарыл.

Алдуу, күчтүүлөр (акчалуулар дегеним) алты адам тааныбаган агаларына, аталарына асмандаткан эстеликтер тургузуп, чоң шаарлардын чок ортосундагы чоң көчөлөргө ошолордун атын коёбуз деп талашып атышканын көрүп, жакаңды карманасың. Таң каласың… Бул жер эмне ошолордун ата-бабаларынан калган жер беле, же аталары негиздеп, асфальт төгүп, көчөт тиккен, апалары гүл өстүрүп, күндө шыпырып турган көчөлөр беле?..

Ушундай, маңкуртка айланып, адам экенин же айбан экенин ажырата албай айгай салып, өз адресин билбей өңгүл-дөңгүл ойлонуп, же ойлонбой эле, жулунуп-жулкунуп бараткан замандаштарын токтотобуз, оң жолго салабыз деп Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев аракет баштап атышат. Кыргыздын рухун тазалап, маданиятын экономикасы менен кошо көтөрөбүз дешет. Бул өтө эле оор, бирок көтөрсө болот. Көтөрүш керек. Зарыл да. Ансыз мамлекет жок.

Түшүнүк

“Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев аракет баштап атышат” деп атпаймынбы, булардын биринчиси Президент, экинчиси премьер-министрдин орун басары, дагы Коопсуздук комитетинин председатели. Булардын ишке киришкенине көп убакыт боло элек, жакшы эле сындалып да, макталып да атышат. Урматтуу замандаштар, сыныбызда да, мактообузда да олку-солкулуктар бар. “Боло берет” дебей, айтарда “жети өлчөп, бир кесели” да, адилеттүүлүктү аябай катуу талап кылалы! Адилеттүүлүк айрыкча Өлкөнүн биринчи адамына зарыл. Эл жети өлчөсө, эл башы жетимиш өлчөөгө милдеттүү. Анан ал бардык жарандарга бирдей жакшы көрүнө албашын беш манжасындай билиши керек. Андан да ал Өлкөнү тикелеш үчүн бир же бир нече адамга жаман көрүнүү керектигин да бөркүндөй билбесе болбойт. Муну эл да туура түшүнүүгө аракеттениши зарыл.

Урматтуу Президенттин ысмы аталып калгандан кийин, Кыргыз Эл баатыры деген жогорку сыйлыкка татыктуу болгон маркумдардын катарында улуу окумуштуу, чыныгы академик Болот Мураталиевич Юнусалиевдин жок болуп атканы өкүнүчтүү жана уят иш экенин ишара кылып койгум келет. Кыргыз элине жасаган эмгектерин баалаган айрым макалаларда Исхак Раззаковдун катарына коюп жазгандар да бар, аны абдан туура жана акыйкат баа деп эсептеймин. Бул улуу инсандын аты менен элибизди чындыкка тарбиялоодо жана коомдук илимдерди баалоодо жакшы иштерди жасоого болот. “Башканы коюп “Манасты” айт” дегендей, улуу эпосубузду 1952-жылкы 6 күнгө созулган Бүткүл Союздук конференцияда, колдон алдырып коёрдо, И. Раззаковдун акылман саясаты жана Б. М. Юнусалиевдин аргументтүү аракети, илимий тереңдиги жана баатырдыгы менен сакталып калганын айтсак эле жетиштүү болот. 2023-жылы бул улуу инсандын туулганына 110 жыл болот.

Маданият ырдап-чоорлогондон эле турбасын биздин үлкөндөр отуз жылдан бери эле (Эгемендик алгандан бери дегеним) түшүнө албай келатышабы, билбейм, радио, телевидениеден чаңылдагандар рухту, духту көтөрмөк турсун көңүлдү айлантып бүтүрдү. Жакшы овон менен жаман овондор аралашып, ботко болуп калды. Маданият министрлери улам алмашкан сайын эле артисттердин артында жүрөт, алигиче калпакты каерде, кандай кийиш керек экени да ойлоруна келе элек. Театрларга барсаң, чогулуштарга катышсаң, бири тебетейчен, экинчиси кепкачан, үчүнчүсү калпакчан, болгондо да дөө калпак, шаа калпак, анан жалпак калпак кийгендер. Топчуке алдыңа отуруп калса (Бийик калпагын таштабаган Топчубек Тургуналиевди айтып атам), сахнаны көрө албай, мойнуң чоюлуп бүтөт. Илгерки мугалимдердей: “Баш кийимиңерди алып коюп отургула!” дей турган жан, же “Залды караңыз, Эшмат Ташматович, бир көрүүчүнү “Бакай калпакчандар”, экинчисин Шууту калпакчандар тосуп калып Сиздин өзүңүздү көрсөтпөй атпайбы, дагы бир күнү модалашкан “Манас калпактар” шып тиреп калса, “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болбойбу. Маданиятты ушул жагынан баштасаңыз туура болот эле, жолдош жаңы министр!” — ​дей турган академик Б. М. Юнусалиев жок. Жүрүш-туруштун маданиятын ким тейлейт? Ойлоо, тейлөө, сүйлөө ж. б., ж. б. маданияттарын ким тейлейт?..

Урматтуу улутташтар, айта берсе армандан да өзүбүздүн түшүнбөстүктөрүбүз жетишээрлик, башканы коюп, ошондой жактарыбызды териштирип, билип кана тим болбостон, оңдоп туруп анан ооз көптүрсөк туура болот эле. “Кыргыздар көппүз” дедик, көбөйбөдүк. “Байыркы элбиз” дедик (Байыркылыгыбызда талаш жок), байыркы ата-бабалар таштап кеткендерди сактай албай, зарылдыгына жараша пайдаланып, ата мураскери боло албай жатканыбыз андан көп, “Кыйынбыз!” деп кыйкырып келатабыз, же кыйындыгыбыз көрүнбөйт, дүйнө эли күн сайын тиктеп турган көрсөткүчтөр боюнча эң арттагылардын арасында экенибизди, кыргызбайлык кылып, этибарга албай келебиз. “Казга теңелем деп, карганын шыйрагы сыныптыр” дейт элде, кыйкырган жагынан кыйкыргычтардан кем калышпайт экенбиз, ата салтын деле, жалпы адамзаттык эрежелерди деле тепсеп, өзүбүздү “Манастагы” Чоң чабуулга бараткандай сезип, кайда баратканыбыз менен ишибиз жок, “жаман айгыр үйүрүнө тап” болгондун деңгээлине түшүп кетип атканыбызды ойлонбой, жерчилдик, уруучулдук оорубуздан сакайбай, “Казак кайың саап, кыргыз Ызар (Ысар) көчкөндөгүнү”, 1916-жылкы Кытайга карай “үрккөндү” эстебей, тегерегибизде “тепсеп кетсекпи, же сүйлөшүп туруп жерин тең-теңден бөлүп алсакпы” дегендей жаман ойлорду ойлоп жибергендер да бардыгынын четин деле көрдүк го… бирок бет маңдай отуруп, тагдырыбыз менен жекече сүйлөшпөгөн, “болоберет” дегендей өзүбүзгө өзүбүз жоопкерсиз мүнөзүбүздөн айрыла албай келебиз. Күн сайын таң аткандан:

“Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың колуңда” — ​деп, Гимнибизде шаңкылдаганыбыз менен (Кептин баары ошол ыр саптарын тереңинен билип, жүрөккө сиңирип ырдабаганыбыздан болуп атат да.) ошол тагдырыбызга да кайдыгерлик кылып, эңсеп жүрүп жеткен эркиндигибизди да баалап, барктай албай атпайбызбы. Жакшы менен жаманды ажыратып карабай, улууну улуудай сыйлап, кичүүгө кичүүдөй тарбия берүү милдетин да өз жолунда аткарбай жатабыз да.

Тарыхыбызга да ошол жерчилдигибиз, уруучулдугубуз кедерги болуп, такталып жазылбай келет. Жогорудагы зор тарыхтуу тагдырды камтыган “Казак кайың саап, кыргыз Ызар (Ысар) киргенде” деген айтым сөздү кээде кайталай калып жүргөнүбүз менен “Курсак катуу тойсо, Кудай да кээлердин эсинен чыгып кеткендей, казактар го дөөлөттүү жашоого жеткенден кийин илгерки жокчулуктан кайыңдын суусун ичип калышканын, кыргыз көчөлөрүн кыдырып калганын унутса унуткандыр, биз, кыргыздар болсо калмак жапырыгында түндүк кыргыздары көчүп барган аймакты Гиссар, Ысар, Ызар деп үч түрдүүчө айтып калабыз, бул үчөөнүн биринчиси орусча жазылышы, калган экөө кыргызча экени түшүнүктүү: бири “З”чылдардын айтышынча, экинчиси “С”чылдардын айтышынча экенин КСЭнин 2-китебинин 208-бетин ачкандар боолголоп билбесе, Ысар ушерде жазылганы боюнча Тажикстандын батышындагы тоо аралык ойдуңда, Баба-Тоо жана Кара-Тоолордун ортосунда жайгашканын бардык эле кыргыз биле бербейт. Ал түгүл Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун чет жагында, Өзбекстандын Касан шаарына жакын Кыргызстанда да Ызар деген жер, айыл бар экенин, анда “Манас” эпосуна байланышкан ар түрдүү аталыштар жык экенин мен “Манас” эпосу 1503-жылы кагаз бетине түшүрүлгөн атактуу “Мажму ат-таварих” кол жазмасын ата-бабаларынан бери сактап келип, 1968-жылы Кыргыз Академиясынын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн Назармат Жайлообай уулунун 110 жылдык мааракесине барганда — ​2008-жылы 5-октябрда араң билгем.

Бул Ызар (Аны ушул аймактагылар, тегерек-четиндеги кошуналары менен бирдикте, “З”чылдар группасына киргендиктен, “Ызар” деп аташат экен) туурасында кыргыз тарыхында илимий негизде кеп салынганын уга элекмин. Демек, казактар кайың сааганда кыргыздар кайсы Ызарга киргенин тактап изилдеп коюунун мааниси зор экени көрүнүп атпайбы, ошол азаптуу күндөрдү элестетип жашаганга, жаштарды тарбиялаганга да керектүү материал болмок.

“Сен тыяксың, мен быякмын” дегендей бузуку сөздөрдүн айтылышы да сээлдеп, б. а. тажиктеги Гисарга барган кыргыздар (эгер барса) тажик маданиятын, салт-санаасын, үрп-адатын, Өзбекстанга барганы өзбектердикин анча-мынча болсо да айрып билмек, ал күндөр жөнүндөгү айрым сөздөр кошо айтылып келмек, кыргыздар Түштүк кыргыз жергесинде эле болушуп, тиги тарыхый айтым сөзгө кыргыздардагы Ызар эле камтылышы да мүмкүн. Негизи, эң биринчи, ар нерсенин тарыхы так болушу, айрыкча эл менен алар жашаган жердин тарыхы так жазылбаса, турмушунда өйдө-төмөн көп болуп, кээ бирөөсү дайыма согуш капсалаңын күтүп жашоого аргасыз болот. Азыр биздеги опсуз күчөп кеткен жер-суулардын тарыхый аттарын өчүрүп, шоона эшпеген ата-бабасынын, тууган-уруктарынын ысымдары менен атай бермей коломто патриоттуулук, дүмбүл түшүнүккө оролгон өнөкөт байыркы замандан бери келаткан улуттук баалуулуктарга зор зыянын тийгизип атат — ​тарыхтын так болушуна — ​келечек жолуна тоскоол болуп атат. Мындай ыйманга жукпай турган көрүнүштөргө академик Болот Мураталиевич Юнусалиев тикесинен тик туруп, айтканынан кайтпаган, токтотмоюнча токтобогон каршылык көрсөтчү. Азыр андайлардын бири жок (илимпоз аталып жүргөндөрдү айтып атам), ар ким оюна келгенин оттоп, кандидаты доктор болсом деп, доктору академик болсом деп, академиги дагы жогорку сыйлык, наамдар болсо алсам деп жан талашып, илим быякта калып. “кошоматка кой союп”, айрымдарынын адамдык касиеттери да калбай баратат.

Адилеттүүлүк менен тактык жана чындык — Б. М. Юнусалиевдин жашоо принциби болгон

Менимче, жашоодогу бардык нерсенин бактысы адилеттик коштогон тактык болгон жерде ачылат, б. а. адилеттүүлүк жок жерде баатырлыктын деле, акылмандыктын деле тузу татыбагандай, тактык болбосо, жашоонун бир капшыты урап тура берет. Ал эми бул экөө кош-бирдикте колдоп турбаган илимдин өзү жок дегенге барабар.

Адам балдары адамдык касиеттер болгон: намыс, ариет, абийир, уят-сыйыт, топук, нысап ж. б. дегендей айбандан айырмалап турган улуу өзгөчөлүктөрүн жоготуп, алайын-жутайын, жейин-ичейин деп калган ушул ачкөз, уятсыз, сугалак, парасатсыз, зулум, мыкаачы абалга келип, бири бирине ишене албаган адамдардын арасында калганда жарык күндөрүңдү дагы, жаман күндөрүңдү дагы айтып сырдаша турган адам издеп калат экенсиң киши. Андайды кайдан табасың? Айрыкча жашың өйдөлөгөн сайын кумга куюлган суудай болуп, теңтуштарың кайрылбай кете беришет экен. Сексенден өткөндөн кийин өзүң менен кошо карып келаткандар анча-мынча болгон менен деле, ошончо жашаган жылдар бою оюна, боюна, карт мүнөзүнө жыйып келген олку-солкулуктары (дефекттери) эки ооз сүйлөшкөнгө да ошол курагы каалаган деңгээлде шарт бербей, жеке керт баштын кызыкчылыгына жараша болот экен.

Элибиз “Карынын сөзүн капка сал” деп коёт эмеспи, азыр, эми кап көтөрүп, сөз издеген киши деле көрүнбөйт, издесе деле дүнүйөпарастыкка минип алып, “Пул-пул!” деп чапкылап калган карылар бир нерсе айтарына деле ишениш кыйын го. Кантсе да адамдык абалыбызга кайтышыбыз керек да, ушу бойдон эле төрөгөн апасын билген менен атасын тааныбаган энелик доорго, анан алгачкы (общиналык) коомго кайта бармак белек? Ким билет? Атасыз туулгандар басымдуулук абалга жете элек болгон менен байлыгын тартып алганга бардык күчүн жумшап, эринен эркин болуш үчүн үйүн тартып алууну самаган ургаачылардын саны үй-жайлуу зайыптардан ашса ашып, кемий бербейт го? Алаңдап калган алардын балдарына, жалпы эле жаштарга билген тарбиябызды берүү биздин милдетибиз экенин унутпашыбыз керек эмеспи… Ааламда, ал эмес, жаныңда жанаша жүргөн, узун-туурасынан чийсең да өчпөгөн, ыпылас ойлоруңан чыгарып, эртеден-кечке көөлөсөң да ыймандуу жүзүнөн, асыл ниеттеринен тайбаган, бири кетсе да экинчиси калган, өзү калбаса да сөзү, үлгүлүү жашоо элестери калган, ошондойлордун чыйырына түшсөң адамдыктан адаштырбай турган адамдар болгон, боло берет эмеспи, ошолордун шарапаты менен жер огунан чыгып кетпей, тынымсыз айланып турат дебедикпи жогоруда.

Мен билгенден ошондойлордун сап башында 1913-жылы 6-октябрда Кичи-Кемин (Үч-Урук) кыштагында туулуп, 1970-жылы 18-февралда, 57 эле жашында, Фрунзе (Азыркы Бишкек) шаарында көзү жумулган Болот Мураталы уулу Юнусалиев (өткөн кылымдын 50-жылдарына чейин Жунушалиев болуп келген) турган, дагы эле турат, тура да берет. Жунушалиев деген өз фамилиясын Юнусалиевге өзгөртүп алганы — ​орустарчасынан “Джунушалиев” болуп жазылып калганы болуу керек, аны улуу тилчи-окумуштуу туура көргөн эмес да.

1954-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясы ачылганда, филолог-окумуштуу катары, кыргыздардан эң алгачкы академик болуп шайланган. Ошол эле 1954-жылы филология илимдери боюнча докторлук диссертация жактап, профессорлук наамга да ээ болгон. Бул ардактуу наам, даражаларды Б. М. Юнусалиев агай жогорку деңгээлдеги илимий иштери менен өз бийиктигинде сактап өттү. Ошондуктан бул улуу окумуштууну атаганда чыныгы академик деп жазып койгон учурларым бар, анткени кийинки кездерде, аты бар, заты жок “академиктер” да аралашып кетпедиби, ошолордон айырмалап көрсөткүм келгени.

Болот Мураталиевич Юнусалиев лингвистикада негизинен кыргыз тилинин тарыхын жана адабий тилдин маселелерин изилдөөгө басым коюп, бир нече китептер чыгарган. Алардын баары тилге байланышкан энциклопедияларда, справочниктерде ж. б. жерлерде тизмеленип, улуу тилчи катары көрсөтүлүп жүрөт.

Андан аз болбогон эмгектерин адабият таануу илимине сарптаганын биле туруп, адабиятчы катары да бөлүп карабаганыбыз Манасты унуткан Тазбайматтын жоругун эске салат. Б. М. Юнусалиевдин “Манас” изилдөөгө жумшаган эмгегин эле, эскиден айтып келаткан салтыбызга салып, “ат көтөргүс”, “төө көтөргүс” деп коюп, кутула бергенибиз таптакыр эле ыйманга жуук болбойт. Анткени адабият таануу илимине чындап киришкенге чейин котормочулук менен алектенип, саясий, көркөм чыгармаларды редакторлоп, ал гана эмес, 1941-жылдан 1945-жылга чейин, Улуу Ата Мекендик согушта жүргөндө да 3-Белорус фронтунда фронттук газетанын редакторунун орун басары болуп иштеп жүргөндө, канчалаган ар түрдүү жанрдагы материалдарды редакторлогон. Ал эми адабият таануу илимине, анын ичинде Манас таануу илимине “Манас” энциклопедиясында көрсөтүлгөндөй: “Манас” эпосунун орчундуу проблемаларын изилдөө ишине эпоско байланыштуу талаш-тартыштар кызуу жүрүп жаткан мезгилде — ​элүүнчү жылдардын баш чендеринде киришкен. Окумуштуу бул мезгилдеги изилдөөлөрүндө негизги көңүлдү «Манас» эпосунун келип чыгышы жана анын мазмунун чагылдырган доордун мүнөзү сыяктуу маселесине буруп, чыгармага бааны ал пайда болгон доордун мүнөзүнө карата берүү зарыл деген талапты койгон” — ​деп жазгандай (“Манас” Энциклопедия. 2-китеп. КСЭнин Башкы редакциясы. Б., 1995-ж., 378–380-бб.), Б. М. Юнусалиев кыргыз профессионал адабият таануусу бир аз жолго түшкөндөй болгон менен кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы (анын ичинде “Манас” да бар) али дың боюнча турганда киришти. Киришкенде да өтө жигердүүлүк менен башка иштеринин баарын токтото коюп, астейдил киришкенин Болот Мураталиеви Юнусалиевди жакындан жакшы билген “Манас” изилдөөчү Самар Мусаев: “Ошол учурда Б. М. Юнусалиев СССР илимдер академиясындагы Тил институтунда докторантурада окуп жүргөн кези эле. “Развитие корневых слов в киргизском языке” (”Кыргыз тилиндеги уңгу сөздөрдүн өнүгүшү”) деген темадагы доктордук диссертациясынын үстүндө иштеп жаткан. Кыргыз тил илиминин ары татаал, ары орчунду маселелеринин бирине арналган ишин токтотуп коюп, өзү мурда эч качан колго албаган, ал үчүн жаңы, анын үстүнө өзгөчө татаал, талаштуу-чырлуу жерлери көп маселеге — ​“Манас” эпосунун чыгыш доору, тарых менен байланышы идеялык маңызына арналган, көптөгөн илимий проблемалардын алкагын камтыган, ошол тарыхый шартта коогалуу гана эмес, кооптуу да ишке баш оту менен киришип, илимде мурда ой айтылмак турсун, козголбогон да жаңы пикир-сунуш айтып чыкты. Мындай кадам Б. Юнусалиевдин чоң окумуштуу болуу менен бирге чыныгы патриот, өз элинин камын ойлоп, калкынын ар-намысы, кызыкчылыгы үчүн башын саюуга даяр турган, анын кызыкчылыгын жеке керт башынын талам-пайдасынан алда канча жогору коё билген инсан экендигин айгине көрсөтүп турат.” — ​деп өтө таамай жана адилет баа коюп жазган. (“Кыргыз адабиятынын тарыхы”. ХIII том. Б., “Полиграфбумресурсы”, 2012-ж., 278-б.).

Ооба, Самар Мусаевич Болот агайдын адамдык, инсандык (Личносттук жагын кармап атам), патриоттук — ​азыркы кызылды көрсө кыйшайып, акчаны көрсө алаң-булаң боло түшүп, байлык десе башын жерге уруп чуркап, бийлик десе бир бетин эмес, экинчи бетин кошо каралап алып жулунган адам экенин унутуп бараткандарга өз түпкүлүгүнө кайтуусуна дары, көзү ачылып, темтеңдебей түз басышына чырак болуп бере турган үлгүлүү портретинин бир үзүмүн таамай кармап жазыптыр. Бул улуу адамдын улуулук турпатын ушул үзүндүдө көрсөтүлгөндөй боюнча эстутумубузда ай сайын эмес, күн сайын, каныбыз токтоп, жаныбыз чыкканча кош-бирдикте бирге жашап өтүшүбүз абзел экенин биз, кыргыздар, туйбай, андан үлгү-пайда албай — ​жүрүм-турумубузду, кебете-кешпирибизди акыл-эсибизди оңдобой, кыргызбай бойдон калып келатканыбызды эмне десек болот? Айбандык десем баарылап капа болорубуз турган иш. Бир акылыбызга келип, ойлонуп көрөлү!

Шаардын ийиндешип турган эки кварталына Манастын эки атчан эстелиги, кол сунса жетип турган эки остановкага (аялдамага) Чыңгыз Айтматовдун кошоктошкон эстеликтери кантип кабатташып туруп калды? Өздөрү керээздешкен жок да. Манас го эпикалык каарман, ал эми адамдар акыл таап, айбандардан айырмалангандан бери карай өсүп-өнүп, бүгүнкү илимий жетишкендиктерге чейинки акыл-ой корутундуларды эсинде кармап жашап өткөн, доорубуздун улуу жазуучусу аталган Чыңгыз Айтматов кантип “Мага кабат-кабат эстелик тургузгула!” десин?! “Менин сөөгүмдү Ата-Бейитке койгула!” деп айткан” деген имиш деле жалган болуш керек, Европанын бир шаарындагы ооруканада жан-айласын таппай, эс-учун жоготуп узаган адам, болгондо да Ч. Айтматовдой гений бир гөрпенде айтпай турган сөздү кантип айтсын! Мындай улуулардын көзү өткөндөн кийинки ариетин өз бийиктигинде сактоо, болгонун болгондой жасоо б. а. чындыкты чыркыратпай сактоо тирүүлөрдүн милдети.

Ал эми тирүүлөр эмне кылганыбыз көз алдыбызда турбайбы: Алп манасчылар: “Айың менен Күнүңдөй!” деп оозеки түрүндө жар салган, аягында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деген китептерге айланып, “Манас” жомогу (эпопеясы) болгон улуу чыгарманы эмне кылдык? Бирөөлөр дин кылабыз деп жанталашса, экинчи топ аны Ырамандын Ырчыуулу баштаган Манасчылар эмес, гөрдө жаткан калмак акыны Жайсаңдын арбагы келип айтып атат деп, ак жолунан чыгарып, акча табуунун амалы болду окшойт, чапурушту бир нерсеге айландырууга аракеттеништи. Дагы бирөөлөр башка майда-чүйдө бир нерселерди жасап атышат…

Генийлигине аалам адамдары суктанган Чыңгыз Айтматовдучу? Котологон кишилер ал жакка кетүү үчүн, бул жакка жетүү үчүн шашкалактап турган аялдамага кылымга жакын жашап кеткен улуу ойчул, заманыбыздын улуу жазуучусу аталган Чыкебиздин жаштыгын элестеткен эстелиги тургузулду. Муну башкы шаарыбыздагы башкы Ала-Тоо аянтынан эмес, сейил бактарынын биринен көрсөк жакшы боло беле дейм. Айтматовдук бийиктиктеги эстеликти миң ойлонуп, бир чечип, эң алдын өз бийиктигинде жасоо керек.

Анан тургузулчу ордун да жети өлчөп, бир кесе ойлонуу керек, көрпенделик ойлору менен опур-топур болгон, аркыраган автобус, троллейбустарды тикирейип күтүп аткан адамдарга аралаштыра тургузган болбойт.

Ар кандай нерсе кичирейген сайын, көчүрмөсү көбөйгөн сайын баркы кете берери белгилүү эмеспи, биздин улуу жазуучуга жарты ойлонуп жасаганыбыз — ​Академиянын там алдына төрт китебин кара баканга илип коюп, скамейкада карап отурган эстелиги болду, ал да жаш скульпторлор биргелешип жасашып, Чолпон-Атадагы “Рух ордо” маданий комплексине 2008-жылы койгон эстеликтин көчүрмөсү сыяктанып турат. Аалам даңазалаган аты бар Чыңгыз Айтматовдун кичирейген, болгондо да көчүрмө сыяктанган эстелигинин улагада, академиктерден төмөн туруп калышы таптакыр эле рамкага сыйбаган иш болгондой сезилет мага.

Дегинкиси бизде, кыргыздарда, улуу адамдарды урматтоо (айрыкча көзү өткөндөн кийин) салты улуттук деңгээлде бир нукка түшкөн эмес окшойт, бул да болсо мурда көчүп-конуп, уруу-уруу болуп жашап келгенибизге байланышат го? Совет доорунда жетимиш жыл бою бай-манаптарды тап душманы катары жамандап, кедей-кембагалдарды кристаллдай таза деп, боор тарта сүйлөп келсек, Эгемендик алгандан баштап эле, мурда бай-манап катары саналган ата-баба, тууган уруктарын кыпындай кири жоктой көрсөтүп, анын зулум болгонуна, элди эзип өткөнүнө, ууру-кески болгонуна карабастан эле бир жактуу асмандатып мактап, бай-манаптын тукуму болгонуна сыймыктанып, ошондойлордун заманы ошол боюнча эле келип калгандай жашоо кечиргиси келгендер чыкты. Билинбегенсиген менен бай-манапка айлануу идеологиясы пайда болгонсуду. Жалпы элдин мүлкүн талап-тоноп, уурдап, бети кызарбай эле, тартып алгандар пайда болду. Анан эле айрымдары байып-сайрай башташты.

Жашоонун мындай — ​өңгүл-дөңгүл болуп атканын изилдөөгө адистешкен илимпоздор деле унчугушпайт. “Бай-манап” деген түшүнүктүн (сөздүн) “бай” деген 1-бөлүгү Октябрь революциясына чейинки кебетесине кайра келди окшойт, коррупция деген жаңы аталыш менен аларга каршы чабуул башталбадыбы… Андай чабуулду эл колдоп атат. Ал эми “манап” деген 2-бөлүгүн эл жалпы жонунан түшүнгөн менен түпкү негизин биле бербейт. Аны-манаптыкты жараткан ким болгонун, кайсы мезгилге таандык экенин өз элибизден эң алгач чыккан кесипкөй (профессионал) улуу тарыхчыбыз Белек Солтоноев мындайча түшүндүрөт: “…Тагайга чейин өкмөт саруунун колунда болуп, Адигине Тагай эки ажыраганда саруудан катаганга өткөн. Ошондо да кыргыз калмакка ийилиштүү болгон. Эл бийлиги Тагайдын Богорстон деген баласына өтүп, анан анын Эштек деген баласы феодалдын чоңунан саналып, анын заманында Богорстон менен уялаш кенже иниси Дөөлөс Кылжыр уулу Калмактын улугуна барса, анын Көкмончок деген кызы Дөөлөстү көрүп сынап жактырып…” калат деп баштап, Дөөлөскө тийгенин, андан туулган азыркы сарыбагыштагы таздар деген урук экенин айтат да, Дөөлөстүн 1-катыны Меншек төрөбөгөндүктөн чабуулдан түшкөн Жезбийке деген (бирөөлөр кыпчак десе, дагы бирөөлөр калмак дешет) күңдүн Дөөлөстөн тууган баласын “мен туудум” деп бала кылып алганын, анын аты Манап (Ошол ортодо кантип Манап болуп калганын да айта кетет) болот. Андан ары Манаптын жорук-жосундарын баян этет:

“Манап атка мингенден ууру, каракчы, талоончу, бандит болуп, мейли башка, мейли жакын агайындары болсун анын малын тартып алып пайдаланган. Бандиттерди жыйып алып ичтен, тыштан жол тосуп, басмачылык кылган. Начар чарба кедейлердин малын талап алган. Ууру, каракчы, бандиттерди жолдош кылган. Башка жактан эр өлтүрүп качып келген болсо да Манапка келип бандиттик кылып туруп калган, маселен, Абыла, улуу катындын баласы Токо дагы талоончунун бири болуп, Манап менен биргелешип Манап катары бандит болгон. Эки ата Манаптын жакын тууганы Койлондун уулу Жедигер бай болгон. Койлондун уулу кооз Жедигер деген байыртан бери келе жаткан макал (лакап же айтым сөз десек туура болот.) бар. Кооз демек, оокаттуу болгон үчүн кийимдин тазасын кийип, аттын жакшысын минген. Мунун малын Манап тартып алып пайдалана бергендиктен чыдай албастан Олуя-Атадагы Жанкороздун үстүнө Жедигер көчүп кеткен…

Манап өлгөндөн баштап анын тукуму болсун жана Манапты жактаган залимдер болсун эл-журтту талап, кедейди эзген, бечаранын канын соргон, кул, күң кылып жумшаган, калыңга берген. Кедейди, букараны өлтүрсө, сурагы жок болуп, кедей менен букарада мал эмес, башына ээлик кылганы болбогон…

Манаптын тукумунан кан ичерлер көп чыгып, элди-журтту талаган. Ичкен, жеген, кийген, бүткүл жан сактоо, тиричилиги эмгекчилердин мойнунда болгон…

Кыргыздын Манап тарабынан эзиле баштаганы, болжолу, 1615-жылдын тегерегинен башталып, Кызыл жылдыз чырагы жер жүзүнө чыга келгенде, демек, Өктөбүр революциясына жете созулган.

Манап Сарбагыш тукумунан туулуп, башка оң, сол кыргыз урууларынан “Биз дагы манаппыз” дешип, тиги залым Манаптын турушу жаккандыктан Манаптын кесибине кирип, “Мен дагы Манапмын” деп, манап аталып кеткен…” (Китепте: Белек Солтоноев. Кыргыз тарыхы. Жооптуу редактору А. Какеев. АРХИ Инновациялык Борбору, Б., 2003-ж., 111–115-бб.) — ​деп жазган.

Сөз кылып келаткан үч каарманым тең бир аймактын (Азыркыча айтканда Кемин районунун) кулундары болуу менен, биринчиси (Манап бий) XVII кылымда жашап, бийлик жүргүзүүнүн зордук-зомбулукка негизделген өзүнчө бир түрүн — ​манапчылыкты колдонгондугу менен атагы чыкса, экинчиси (Белек Солтоноев) кыргызда биринчи кесипкөй (професионал) тарыхчы катары “Кызыл кыргыз тарыхын” 1895-жылы баштап, 1934-жылы жазып бүтүрүп, өз улуту үчүн баа жеткис эмгек жасап кетсе, үчүнчүсү (Болот Мураталиевич Юнусалиев) Кыргыз тил илимин негиздөөчүлөрдүн бири, болгондо да Самар Мусаевич белгилегендей: “… негиз салуучулардын өзгөчө белгилүүлөрүнүн бири…” “Манас” эпосун элдик эмес дегендерге чоң чабуул жасап, 1952-жылкы тескери жакка ооп бараткан жалпы Союздук деңгээлдеги конференциянын нугун оңго бурган жана эпосту басып чыгаруунун жолун тапкан, кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгын изилдөөнүн теориясын негиздеген, өмүрүнүн аягына чейин кыргыздын жазмасы Октябрь Революциясы жеңгенге чейин эле болгон деген көз карашта бекем туруу менен аны Молдо Нияздын кол жазма санаттарын таап, изилдеп далилдеген улуу окумуштуу, эң алгачкы академиктердин бири болгон.

Бул мен жазып аткан китеп да анын өмүр жолуна, аалымдык ааламына, адам аталгандардын астындагы үлгүлүү жүрүш-турушуна, айтканынан кайтпаган туруктуу көк жал мүнөзүнө, кажыбаган кайрат, мүңкүрөбөгөн, асман алааматы каптаса да кайтпаган эркине, терең акылына чулганып иштелген эмгектерине арналат. Адамдар АДАМ деген бийиктигинен кулап, эки буттуу айбанга айланып баратканда ага кайрылуу зарылдардын зарылы. Анын баскан-турганын билгендерден угуп, окуп, жашоо образын, илим, билимдеги баскан жолун тикирейе тиктеп, каза окуп үйрөнө турган өзүнчө бир дүйнө. Ал алды жакты адамдардан ашыра көргөн жана көргөн, билгендерин элине кызмат кылдыра билген өтө бийик патриот-окумуштуу.

Мен аны он метрдей жакындыктан Кыргызстан Мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдындагы Жусуп Баласагундун эстелиги турган жерден (Анда эстелик жок эле) көргөм. Фрунзе көчөсүнө токтогон “Победа” машинасынан түшүп, үч-төрт киши болуп башкы корпуска карай келатышкан. Сол каруусуна арта салынган бир нерсе бар болчу, плащь же макентож болсо керек эле, университеттин кире бериш аянтында бул окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүнө өткөн студенттер котолоп турганбыз, “Ректор Болот Мураталиевич Юнусалиев келатат!” дешип, тургандар жарыла беришти, эки капталынан карап туруп калдык. Ошондо мен корпуска кире бериштин батыш жагындагы четки колоннага (түркүккө) жакын тургам, мага аскер командирлериндей болуп өтө сүрдүү көрүнгөн.

Анда сырттан окугандарды аскерге алчу, ошол эле 1959-жылдын 9-ноябрында солдат (жоокер) болуп, Орджоникидзе шаарына барып кызмат кылып калдым, полктун командири полковник Ларцев күндө эрте менен аскер шаарчасына киргенде команда берилип, турган-турган жерибизде какая калганда, дайыма Б. М. Юнусалиевди биринчи көргөн учурумду эстеп жүрдүм. Андан кийин Дагестан АССРинин борбору Махачкалага баргандагы полктун командири подполковник Хуторцев в/чга (аскер бөлүгүнө) киргенде да ошентчибиз, сүрдүү болбосо да аскер тартиби менен жолукканда какайып туруп калат элек.

Полктун техника бөлүгүнүн катчысы (писарь) болгонумдан кийин отличник солдат катары Коммунисттик партиянын катарына кандидат кылып коюшкан. Ошол кезде Никита Сергеевич Хрущёвдун заманы болуп, аскер бөлүктөрүндө партиянын санын көбөйтүү идеясы жайылган чак болучу… Үч жыл аскер кызматын өтөп келгенден кийин, университеттин Филология факультетиндеги журналистиканын күндүзгү бөлүмү жабылып калган экен, Филфактын күндүзгү бөлүмүнө кайра экзамен тапшырууга туура келген. Ошентип, Б. М. Юнусалиев агайдын лекциясын угуп, партиялык чогулуштарга бирге катышып, агайды жакындан тааный баштадым.

Мен эмнеге эле буларды майдалап себиреп айтып атканымдын өзүнчө себеби бар, ал да болсо Болот Мураталиевич Юнусалиев агайдын адамдарга тиешелүү салттарды бекем карманып, катаң принцибинен жазбай жүргөн жүрүшүнө, адамкерчилигине, зор илимпоздугуна жана интеллектүүлүгүнө байланышат.

Кыргыз Мамлекеттик университети жылдан-жылга чоңоюп бараткандан улам аудиториялар, лабораториялар жетишпей, жатаканаларда окуп калганбыз. Жаз же күз айлары болсо керек эле, биздин Филфакты Киев көчөсүндөгү Физкультура институтунун эки кабат эски имаратына көчүрүп калды. Башкы корпустун чыгыш жагына чыгарылып коюлган зылдай оор парталарды (үйдүн полуна сала турган узун-узун такталарды сүрүмүш болуп, бири-бирине мыктап койгон 3–3,5 метр келген сулкуйган бир нерселер) жүк ташыгыч машиналарга жүктөп атканбыз, эки-үчөө болуп биздин курсташыбыз Сабырбек өтүп баратыптыр, — ​Момункулов, токто! Партаны машинага салышып кой!” — ​дедим, ал менден 2–3 жаш кичүү болчу. Анүстүнө мени 3-курстардын парторгу катары көчүрүү ишине деканаттан жетекчи кылып койгон. Сабырбек университеттин комсомол комитетине мүчө боло калган экен, ошого кырдуусундубу, же жөн эле көтөрүшкүсү келбедиби, басып кетип калды, биз дагы ызаланган бойдон калып калдык. Ошондон көп өтпөй, жаңы конушта — ​Физкультурниктерден калган полу жыртык залда факультеттин партиялык чогулушу болду. Күн тартиби боюнча Сабырбектин Коммунисттик партияга кандидат болуп өтүү иши каралды. Даярдаган документтери окулуп, партбюронун секретары мактоо сөздөрүн айтты, бир-эки коммунист колдоп сүйлөштү. Аңгыча “Протокол үчүн курсташтарынан да бирөө-жарым сүйлөсүн!” деген сунуш болуп, эки эле коммунист студент бар элек, беркибиз себептүү иштер менен жок болуп, мен минбарга чыгууга аргасыз болдум. Мен деле алдыда сүйлөгөндөрдөй, окуусу, жүрүш-турушу жаман эмес деп келатканымда баягы зылдай оор парталар, тердеп-тепчип көтөрүп аткан студеттер, анан асманды карап алып басып кеткен Момункулов Сабырбек курсташыбыз эсиме келе калып, жаман оюм деле жок, биз көчүп аткандагы жоругун айтып бүтүп-бүтө элегимде Болот Мураталиевич Юнусалиев агай ордунан тура калып: “Эмитен бой көтөрүп, моюн толгоп, эмгектен качып жүргөн неме кийин кандай болот? Мындайлар коммунисттердин катарында болбош керек!” деп, дагы бир-эки сөз айтканда залдагылардын баары эле тым-тырс болуп туруп калышты. Ошентип, курсташым партияга өтпөй калган. Мындай болорун ким билиптир.

 

Түшүнүк

“Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, аскерде жүргөндө партияга мойнуман байлагандай болуп жүрүп араң өтсөм, университетке келгенден кийин Б. М. Юнусалиевдей инсандар менен чогулушта бирге болуп, анын чындык үчүн чын дилинен күйүп-жанганын көрүп, чырагыма май тамды. Тердеп-кургап парта жүктөгөн курсташтарымдын бир чымчым болсо да ызасын топко айтып, жеңилдеп алганыма, Болот агайдай улуу адам колдоп койгонуна, айтып жүрүшкөндөй, адилеттүүлүк асманда эмес, жерде — ​адамдардын өз колдорунда экенине дагы бир жолу ишенгем.

Окууну бүттүк. Сабырбек түштүккө мугалим болуп кетти. Ошо боюнча көргөнүм жок. Курсташтарыман Сабырбек ошол жакта партияга өтүп, мектептин директору болуп, райОНО да болгонбу, дагы башка агартуу кызматтарында иштеп, ардактуу дем алууга чыккан деп уккам. Ошол чогулуштан кийин анын жүргөн-турганы менен деле ишим болбоду, ал деле каяша кылып же капа болгонун билдирген жок. Болот агайдын ачууланып туруп айткан сөздөрү гана кулагыма угулуп турду. Азыр да эсиме түшүп, кулагыма жаңыра берет.

Андан бери 60 жылга жакын убакыт өттү. Ошондо таңкыс болуп аткан партиянын өзү жок болуп, дүнүйөгө дүңгүрөп турган СССР тыркырап отуруп, бир нече мамлекетке айланды. Алардын ар биринен жүздөгөн партиялар чыгып, жогоруда айтылгандай, ар кандай нерсе канчалык көбөйсө, майдаланса, ошончолук баркы кетээрин көрүп атпайбызбы. Азыр партия көп, тартип жок, сөз көп, уккан киши жок. Баарынан өкүнүчтүүсү — ​улуу Чыңгыз Айтматов өмүрүнүн аягында айтып кеткендей, күн сайын адам болуп өтөйүн деген киши жок — ​кыскасы Адамдыкты көзөмөлдөө менен, өмүр бою адамдык касиетти сактап өтүү үчүн күрөшкөн Болот Мураталиевич Юнусалиевдер жок болуп атканы өкүнүчтүү. ХХ кылымдын элүүнчү жылдарынын аягы — ​алтымышынчы жылдарынын башынан баштап бурамалары бошой баштаган адамдык касиет деген ыйык нерсе бүгүн биротоло табылбай калуу көйгөйүндө турат.

Ошондогу бир студенттин кол шилтеп басып кеткенин “Арадай жерге чарадай жыйын” дегендейлер да чыгышы мүмкүн. Мында адамдыктын адеп-ахлак, сый-урмат, “… улук болсоң кичик бол” дегендей негизги касиеттери камтылып, ар бир адам ар дайым аткаруусу зарылдыгы көрсөтүлүп атат да. “Боло берет” деп, жаштыкка, окуянын маани-маңызына, эрте-кечине, майда-чоңуна шылтап басып кетсе болобу? Болбойт. “Болобереттин” аягы кайдыгерликке алып барат. Муну жакшы түшүнгөн Б. Юнусалиев агай дагы бир жолу эл башкалардан башкача бийик ишенген Окумуштуулар кеңешинде да көрсөткөн.

1969-жылдын айларынын биринде (май-декабрь) Кыргыз Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун Окумуштуулар кеңеши болуп аткан. Ал жерде академик-жазуучулар: Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбековдор да бар болсо керек эле. Бир илимий кызматкердин Адабият таануу илими боюнча кайсы бир темада жазган кандидаттык диссертациясы талкууланып, аяктайын деп калган, Фольклор жана акындар поэзиясы секторунун башчысы, филология илимдеринин кандидаты, институттагы аксакалдардын бири Жаки Таштемирович Таштемиров ордунан туруп, “Окубасам да сүйлөп коёюн” деп калды. Академик Болот Мураталиевич Юнусалиев: “Эй жарыктык, ишти окубай туруп да сүйлөчү беле!? – дегенде, Жаки Таштемирович эмне кыларын — ​отурарын же эшикке чыгып кетээрин билбей, кайсалактап туруп калды. Баары жабалактап карап турушат… Жарымы макал, жарымы лакапка окшогон бул “Окубасам да сүйлөп коёюн” деген сөз тез эле шаарга жайылып кеткен. Азыр да айтып жүрүшөт.

Бул тамашага окшоп угулган сөз айкалышынын төркүнүндө күлкүгө караганда ыйлай турган жагы көп. Жаки Таштемирович абдан эмгекчил окумуштуу болуу менен бирге бир аз апендилик жагы да бар окшойт эле, бул жолу ошол экинчи жагы шайтан азгырыкка салып кетти бейм. Ошону менен бирге мен бул институтка барганыма 4–5 ай болгон, алардын аки-чүкүсүн жакшы биле бербейт элем, ошондо илимдеги коррупция башталып калган кези экен да, бүт дүйнөсүн илимге берген, анүстүнө бир сектордо болгонубуз менен дайыма үйүндө иштеген, ушундай чогулуштарга гана катышып калбаса, институттун кызматкерлерине аралаша бербеген академик Б. М. Юнусалиев илимий иштерди окубай туруп да протокол үчүн сүйлөп койгондор бар экенин кайдан билсин, ага өтө өөн учурады да. Андан бери жарым кылымдан ашык убакыт өттү, Болот агай кийинки жылдын башында, 1970-жылдын 18-февралында дүйнөдөн өтүп кетти, илим дүйнөсүнө жабышкан жасалмалуулукту (формализмди) көрбөгөн, билбеген боюнча кете берди. Ал жетимишинчи жылдары академик Болот Мураталиевич Юнусалиевдин өзүнөн калган принциптүүлүк, аны кармоого аракеттенген жана өздөрү арасында болгон академик Бүбүйна Өмүрзаковна Орузбаева, илимдин доктору Сарыбай Кудайбергенов, илимдин кандидаты Эсенгул Абдулдаевдей илимпоздор бар эле, негизгиси Аскар Турсунович Турсуновдун институттун директору катары илимий жетекчиликти талапка ылайык деңгээлде жүргүзгөнү формализмге жол бербей турган…

Жогоруда кеп салып, бир аймакта төрөлүп, бир суудан ичкен деп аткан үч каарман тең (Манап бий, Белек Солтоноев, Болот Мураталиевич Юнусалиев) азыркы административдик бөлүштүрүү боюнча Чүйдүн Кемин районунда өмүр кечиришкен, ар бири өзүнчө жүзү бар, ар бири өз доорунда жашаган жана аткарган иштери боюнча ар түрдүү бийиктиктеги личносттор болгон, тагдырлары да ар түрдүү. ХVII кылымда өткөн Манап бий жөнүндө, жогоруда, улуу тарыхчы Белек Солтоноевевдин 2003-жылы жарык көргөн “Кыргыз тарыхы” аттуу китебиндеги “Манап тарыхы” деген бөлүмчөдөн алып кабарлаганбыз. Белек Солтоноевдин өзү жөнүндө болсо Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун изилдеп жазган эмгектеринде, Филология илимдеринин доктору Качкынбай Артыкбаевдин китептеринде, академик А. А. Какеевдин Белек Солтоноевдин жогоруда аталган китебинин соңку сөзү болгон “Ардактуу окурмандар!” деген ж. б. философиялык негиздеги макалаларында жана 2012-жылы жарык көргөн “Кыргыз адабиятынын тарыхынын” IV томундагы “Белек Солтоноев (1878–1938) ” деген адабий портретте жакшы эле айтылган. Үчүнчү каарманыбыз академик Болот Мураталиевич Юнусалиев туурасында болсо үзүл-кесил сөз салып келатабыз, негизги жагы мындан аркы сөздөрдө айтылат.

Булар жөнүндө кайра кайрылып атканым — ​үчөө “чогуу турганда” айтып коёюн, үчөө тең оң, терс жактары боюнча өз бааларын ала элек. Манап бийге кыргыздагы 3- же 4-орунда турган чоң шаарлардын бири болгон Токмоктун борборунда, андан тараган урпактары акча чогултуп орнотконун, Турдакун Усубалиевич Усубалиев он миң сом кошконун айтат КРУИАнын кор. - ​мүчөсү Ө. Осмонов. “Президенттин ата-тегин тактоонун зарылдыгы барбы?” деген макаласында. (“Жаңы ордо”, № 3, 29.01.2021-ж.). Ошерде Манастыкынан да бараандуу тургузулган эстелиги турганын көрөсүң.

Болот Мураталиевич Юнусалиевдин мүрзөсүндө бюсту бар, аны да алматалык илимпоз казак достору койдурган деп уккам, чын-төгүнүн так билбейм. Ал эми кыргыздагы биринчи профессионал улуу тарыхчы Белек Солтоноевдин бейит башына койгон белгиси да бар-жогу белгисиз, 1938-жылы репрессия болгон. Аяккы экөө (Б. Солтоноев менен Б. М. Юнусалиев) кыргыз элине аябагандай зор эмгек жасаган улуу окумуштуулар болгонуна карабастан, негедир алардын атагын чыгарууга, аба-суудай керек болгон таалим-тарбиялык, илимий тереңдик, тактык жана улуттук жаш илимпоздорго биринчи зарылдык болгон үлгүлүк жактарын жайылтпай көмүскө кармап келатышканы таң калыштуу? Кайдыгерликпи, мажүрөөлүкпү же көрө албастыкпы? Же биздин кыргыздар уруучулдуктан, урукчулдуктан, бийликке баш ургандан, алдын шыпыргандан өйдө тура албай калышканбы?

Түшүнүктүү болуп турат: Белек Солтоноев өз туугандарынан чыккан бий, болуштардын криминал аралашкан бийликтерин, тактап айтканда, манапчылык менен оруска өтө эле берилип кеткен шабданчылыкты ашкерелеп кеткени кедерге болушу мүмкүн. Ал эми академик Б. М. Юнусалиевдин эмгектерин тиешелүү деңгээлде иликтеп, ийине жеткирип чыгара турган окумуштуунун жок болуп атканы да чын. Бирок илимди ичинен билбесе да, үстүртөдөн даңылдата бермей, иш үстүндөгүгө караганда аш үстүндө көбүрөөк жүргөн “илимпоздорубуз” “Элге берген куруттан мени эмнеге куруттуң!” дегендей, замандаш окумуштууларынан бычак сырты өйдө болгон, кем турбаган академик Б. М. Юнусалиевди азыр күн кургатпай дүңүлдөтүп аткандардын арасында бир сөз кыстарып кете албагандарга таң калам. Каалагандарына кабат-кабат көчөлөрдүн, мектептердин, ЖОЖдордун атын ыйгарып, Тазбаймат Манасты унуткандай, “Манастын” элдүүлүгүн аныктоого арналган 1952-жылы Фрунзе шаарында болгон Бүткүл Союздук атактуу конференциянын агымы тескери кетип баратканда. өзүнүн илимий негиздеги сөзү жана бейиштен берилген белек сыяктуу тапкычтык менен табылган, азыркыча айтканда, көрсөтмө куралы менен (Сталиндин томдорун көтөрүп чыкканын айтып атам) Нарын дайрасын Токтогул ГЭСине бургандай иш жасаган, өткөн кылымдын 20–30-жылдарындагы биринчи “Кызыл профессор” аталган Касым Тыныстанов, дүйнөдө кездешпеген, салт болбогон”, мындайча түшүндүргөндө уят иш катары саналган чыгармачылыгынын 10 жылдыгын белгилеген Аалы Токомбаев ж. б. баштап “Кыргыздын жазуусу болгон эмес, 1924-жылдан башталган” деп, тынбай айтып, жазып келишкенине ишенимдүү аргументтери менен каршы туруп, “Кыргыздын жазуусу мурда эле болгон!” деп, Осмоналы Сыдыковдун “Муктасар тарих Кыргызия” (1813), “Тарых кыргыз Шадмания” (1914) деген китептерине, Молдо Кылычтын Ишеналы Арабаев Казань шаарынан бастырган “Ксса-и зилзала” (1911) китебине да ишенишпеген соң, өмүрүнүн аягына чейин күрөшкөн жана издеп жүрүп Молдо Нияздын өз колтамгасындагы 3 кол китебин таап, далилдеген, аягында “Отражение диалектных особенностей в санатах Молдо Нияза” деген илимий макаласын К. К. Юдахиндиндин 80 жылдыгына арналган “Тюркологические исследования” деген жыйнакка жарыялаган (Тилекке каршы, китептин чыкканын көрбөй, дүйнөдөн өтүп кеткен) (1970), Кыргыз эл оозеки чыгармаларын изилдөөнүн үлгүсүн берген, “Манас” эпосунун кыскартылып бириктирилген вариантын негиздеп, түзүшкөн жана редакторлогон академик Болот Мураталиевич Юнусалиевге бир кафедранын атын берип койгонго жарабагандарына андан бетер таң калам, жана…

“Өлүүнүн жүзү нары, тирүүнүн жүзү бери” дейт эмеспи, башкача айтканда, көз жумган соң адам баласынын тапкан-ташыганы бул дүйнөдө калат, өзү менен кошо эч нерсени алып кетпейт, аларга эч нерсенин кереги жок. Демек, аларга асмандатып эстелик тургузасыңбы, Академияга атын коёсуңбу, же таптакыр эле атабай коёсуңбу, баары бир. Ал эми алардын тирүү адамдар үчүн, Ата Мекен үчүн, айрыкча артында калган эли үчүн жасап кеткен үлгүлүү эмгектери аба-суудай керек. Тирүүлөр болсо ар дайым адилеттүүлүктөн аксап келет: көрүп туруп көрмөксөн, угуп туруп укмаксан болот. Азыр адамдар айбанга айланып баратканда андан бетер күчөдү: алсызды алдуу (чоң муштум) сабап атса, айланып өтөт, чырылдап аткан чындыкты уккусу келбейт ж. б., ж. б. Азыр, ушундайда, Болот Мураталиевич Юнусалиевдей инсандардын өмүр жолунун ар бир кертимин радиодон угузуп, телевидениеден тынбай көрсөтүп, том-том китеп кылып чыгаруу балдар, жаштар үчүн гана эмес, улгайгандарды тарбиялоо үчүн да абдан керек эле, аны түшүнгөн киши жок.

Ошентсе да, мен эстеликтер туурасында көбүрөөк эстеп кетип атканым, азыр, эми, китеп окубай калган заман каптап, акыл-эс тутумуна караганда көрүү, сезүү эс тутуму иштеп калбадыбы, Токмок шаарын кесип өткөн Улуу Жибек жолу менен жүргөндөр, биринчи кезекте, Манап бийдин монументине туш келээри түшүнүктүү да. Алардын бири (жүргүнчү меймандарды – туристтерди айтып атам) эстеликти көрсөтүп: — ​Бул ким? — ​деп сураса, — ​Манап бий. — ​деп токтоп калууга болбойт да, манапчылыкты негиздегенин, “манап” деген эмне сөз экенин түшүндүрүүгө туура келет да… Тарыхта айтылгандай, китептерде жазылгандай, чынында эле ошондой болгондой: “Ууру, каракчы, талоончу, бандит, басмачы, азыркыча рекет болгон” деп айтабызбы?.. Бул жерде эстелик, аны тургузгандар, аны жасаган скульптор жөнүндө сөз жок, тарбиялык маанисине келгенде: улуу окумуштуу Б. М. Юнусалиевдин, же кыргыздын эң алгачкы профессионал тарыхчы-окумуштуусу Белек Солтоноевдин эстелиги турса кыргыз үчүн зор сыймык болмок да. Тарыхый личность катары Манап бийдин эстелиги да турса болот, бирок, кайда? Жана кандай?.. Мындай, улуттук маанилүү маселелерди тактоо, таразалоо отуз жылдан бери таптакыр сыртта калып, тарыхы болгон менен маданияты жок, саясатты сайраган менен эс тутумун электеп, оң, терсин текшерип бере турган акылдуу адамы жоктой болуп калып атпайбызбы?..

Кыргыз Филология илимдеринин көзүн ачкан Болот Мураталиевич Юнусалиев менен Константин Кузьмич Юдахиндер (Булар менен теңтайлаша, ийиндеше иштеген зор илимпоздор болгонун эч ким танбайт), көз жумгандан кийин, көп өтпөй эле “Кандидат болуп коюш керек”, “Доктор болуп койсомбу!” дегендей сөздөр жайылды. Анан эле “… болуп коюш керектер” майданга (кырманга) айланып, аттуусу деле, жөөсү деле, баштуусу деле, башы жогу деле омуроолоп кире берип, ачылган көздөргө саман-топон, акыр-чикир аралаш түшө берип, бүтөлүп калгандай болду. Аны эмне кылыш керек? Булактын көзүн ачкандай, ачыш керек эмеспи. Кантип? Булак көзүн катмар-катмар каптап калган муздарды… жок, муздарды эмес, илимге илим үчүн эмес, илгерки көчүп, конуп жүргөндөгүдөй, “карт-карт” тырманткан бити, ити, мышыгы, күчүгү менен чогуу кирип алгандарды — ​курсагын тарсайтыш үчүн ага-тууган, куда-сөөк, жээн, жердешине чейин чокмороктоп чогулуп монополиялап алгандарды Ак үйдөгү азаматтар коррупцияга каршы жасаган чабуулундай, керек болсо андан да катуу, чабуул коюштары керек. Булардын зыяны коррупционерлердикинен бир нече эсе зыяндуу — ​илимдин акчасына курсагын чардайтып тим болбостон элди бөлөт, жарат, коомдогу ишенбестикти жаратып, адамзат акылын мокотот, ынтымакты кетирет ж. б., ж. б. Мындайлардын жүзүн жыйнагыча Болот Мураталиевичтей илимди жылдырган, сүйгөн, ал үчүн жанын берген бир инсанга баш урган алда канча пайдалуу болот. Урматтуу окурмандар, академик Б. М. Юнусалиев, К. К. Юдахиндердин булак башын тазалайлы, илимин илгерилетели! Антпесек макулукка айланып, айбандардан айрымабыз болбой калат.

Чындык (реалдуулук) — ​бул жашоонун өзү. Жандуулардын баары чындыкка баш ийет, ошону менен жашайт жана бири-биринен чындыкты талап кылат. Айрыкча адам баласына чындык аба менен суудай, от менен туздай өмүр башатынан — ​бүткөнгө чейин зарыл-керек. Демек, адам турмушу чындыктын чийиминен чыкпай, ушакты укпай, чын сүйлөп, жасалма эмес, чын дилден иштеп, адам болуп туулганы чын болгондон кийин, адамча жашоого милдеттүү. Каалоо, кумар, дүнүйө дегендердин тизгини адамдын өзүндө болот. Ал тизгинди алдырып койсоң, алдастап барып аңга түшүп, же адамдык кебетең, адамдык акылың менен эле айбанга айланып кетээриң турган чындык. Ошондуктан чындыкка кам көрүү, коргоо бардык жерде, бардык убакта милдет. Жогоруда кыскача айта кеттим го: Болот Мураталиевич Юнусалиев партиялык чогулушта биздин бир курсташыбызды парталарды көтөрүшпөй боюн көтөрүп басып кеткенин укканда, “Эмитен ушинтсе?.. Партияда бой көтөргөндөргө орун болбош керек!” — ​деп бекеринен ачууланган жок да — ​чындыкты коргоду, адамдык, аксакалдык, агайлык парзын аткарды да. Сабырбек да туура кабыл алган болуу керек — ​кийин партияга өтүп, ар түрдүү жакшы кызматтарда иштеп, ардактуу эс алууга чыгыптыр деп атпайбызбы. Мындай адамдык касиетке каршы келген кадамдарга ар дайым каршы турууну адамдык парз деп билген.

Окумуштуулар кеңешинен чыгып, кыргыздын кыйырына тарап кеткен “Окубасам да сүйлөп коёюн” деген лакап сөз да Болот агайдын чындыкты коргоп, адамдык парзын бардык жерде, бардык убакта бирдей аткара жүргөнүнөн келип чыгып атпайбы. Азыр, мына. Отуз-кырк жылдан бери карай окубай сүйлөгөндөр окумуш болуп сүйлөгөндөрдөн да ашып, өрөөн-төрөөнү жоктой болуп, диссертация дегендер да жайнап “жакталып” атпайбы. Ак үйдө болсо “Ай!” деп коё ала турган адам жок, болсо да, “диссертация” деп аталган, маани-маңызы жок тарсайган кол жазмаларды карагысы келбейт го? Антпесе бир тарсайган папканы ачып көрүп, “күңк-мыңк” деп жүрө бербей, бир жолу “Дүңк!” деп койсо, оңоло түшөөр беле дейм да!

 

“Манастын” изилдениши жана китепке айланышы

“Манасты” изилдөөгө арналган 1952-жылдагы Бүткүл Союздук илимий конференция жана андагы Б. М. Юнусалиевдин ролу

Бул “Манас” эпосу жөнүндө алты күнгө созулган (5–10-июнь 1952-ж. Фрунзе ш.) атактуу конференция тууралуу аздыр-көптүр угуп жүргөнүбүз менен анын кандайча өткөнү, кайсы окумуштуу же башка катышкандар кандай сүйлөп, кандай аракетте болушкандары туурасында ачыктап биле бербейт элек. Кыргыздар таттуу тамагын өздөрү да жебей, балдарына да бербей, келе турган коногуна катмай мүнөзүнөнбү, же белгилүү окумуштуу жана жазуучу Салижан аке Жигитов: “Биздин кыргыздар өз окумуштуулары айтканына караганда орустун ат багары сүйлөсө, ошого көбүрөөк ишенишет” деп ирония менен айтканындагыдайбы, айтор, андан мурда канчалаган илимдин лөктөрү, “Манастын” ийне-жибине чейин жакшы билген акындар, жазуучулар, манасчылар ж. б. коомдук ишмерлер докладдар, жардамчы докладдар жасашып, жарыш сөздөргө чыгышып, теориялык, практикалык тереңдикте айткан сөздөрүнө карабастан, кошуна казак окумуштуусу Мухтар Оморханович Ауэзовдун жылуу сөзүнө жетине алышпай (Андай жылуу, атүгүл алоолонгон сөздөрдү айткандар Конференцияда көп болбодубу?), “Манастын” мотивине салып фантазиялап отурушуп, эңсеп турган эпосун аламан байгеден алып чыгып, колдоруна салып бергендей аңыз кылып айтышат. Мунун алгылыктуу жактары да бар экенинде талаш жок, бирок минбарга андан мурда чыгып, Москвадан, Ленинграддан келишкен профессорлор “Манас” эпосун элдик эмес, буржуазиялык эпос дешип, пантюркизм, панисламизм бар деп саясий-идеологилык айыптар тагышып, өзүбүздүн эле Ж. Самаганов, Г. Нуров, П. П. Балтиндер аларга кошумча болуп атышканда, таасын фактылар, теориялык терең анализдер менен чыгып сүйлөп, тескери жагына ооп бараткан конференциянын агымын оңго бурган Болот Мураталиевич Юнусалиевди (М. О. Ауэзовдон мурда сүйлөгөн) кепке албай жүргөнүбүз Манасты унуткан Тазбайматты элестетип келатат деп мурдараак да айтсам керек эле. Бул жолу да так эле ошондой болду.Мунун да өзүнчө себептери бар…

Анын бири — ​Конференциянын болуп өткөнүнө алтымыш жылдан ашса да, стенограммасы басма бетине жарыяланган эмес, орус тилиндеги боюнча, азыр деле которула элек. Топчубек Тургуналиевдин муюбаган аракети менен 2015-жылы “Турар” басмасынан китеп болуп чыккан, конференциядан жазып алынган стенограмма менен куракташ адамдар пенсияга чыгышып, кадырман карылыктын кайгы-кубанычтары менен жашап атышса да, бул стенограмма менен таанышууга мүмкүнчүлүктөрү болгон жок. Б. М. Юнусалиев деген улуу окумуштууну укса угушкандыр, бирок тактап биле беришпейт. Ошондогу далилдүү жана илимий тереңдикте айтылган сөзүнөн кийин “Манас” эпосу элдик экени так көрсөтүлүп, кыргыздын Ала-Тоосуна кошо асмандап, ошол мезгилдин талабына жараша формалдуу “документке” ээ болгон. Болот агайдын ошол мезгилдеги эң бийик жана терең окумуштуу экени айгинеленип, өзүнүн да демине-дем кошулуп, бир жылдын ичинде, 1954-жылы докторлук диссертациясын жактап, профессор болуп, академик деген наамга да жетишкен. Ошол жылдан 1960-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик университетине ректорлук кылган. Анда ошол “Манас” эпосуна арналган атактуу конференциядагы Б. М. Юнусалиевдин сүйлөгөн сөздөрүнүн “Стенограммадагы” баянына кыскача токтоло кетейин.

Минбарга Библияны көтөрө чыккан КМУнун улук илимий кызматкери П. И. Балтин мурда “Оозеки чыгармаларды фальсификациялагандарга каршы” деген макаласында: “Манас не собирает киргизских земель, а только грабит чужие или даже захватывает их” деп, Манасты баскынчы катары көрсөтүп, эпостун өзүн “…ни в коем случае нельзя воссоздать народный вариант, нельзя очистить эпос от антинародных напластований”. — ​деп, “Манастын” элдик варианттарын бириктирүүгө болбойт, эл мүдөөсүнө каршы катмарлардан тазалоого болбойт, б. а., эпосту элдик боло албайт деп жазса, эми, дагы, атасынын китепканасынан апкелген Библиясы аркылуу “Манасты” элдик эмес деп далилдегиси келгенин ачыктаган. Б. М. Юнусалиев, андан ары: “…пусть он сам (Балтинди айтып атат) наслаждается “демократическими” мотивами Библии, а мы будем читать с наслаждением воссозданный народный вариант эпоса “Манас” (аплодисменты).” — ​дейт.

Минбарга чыккан Болот Мураталиевич Юнусалиев сөзүн: “Товарищи, как видите, я вышел на трибуну тоже с портфелем, довольно объемистым, но у меня там находится не Библия, а сочинение И. В. Сталина — ​храм подлинной науки.” — ​деп өтө кызыктуу жана өтө тапкычтык менен баштап, негизги докладчылар болгон профессор А. К. Боровков менен Л. И. Климовичти докладдарынын мазмуну боюнча бир группага, калган докладчыларды экинчи группа деп бөлөт да, биринчи группадагы ардактуу профессорлордун тескери көз караштарын ачыктайт.

Конференциянын көңүлүнүн борборунда турган эки профессордун тең докладдары эпостун түрдүү версияларынын мазмунундагы терс жактарды ачууга багытталган эле, мындай сын партиялык позициядан караганда туурадай болучу. Бирок эпостун оң жактары жөнүндө таптакыр сөз болгон эмес, айрыкча А. К. Боровковдун докладында ушундай — ​бир нече вариантты караганы менен оң жагын көргөн эмес, т. а. көргүсү келген эмес. Л. И. Климович болсо “Чоң казат” эпизодуна гана кайрылган. Муну менен эпостун элдүүлүгү же элдик эмес экенин аныктоого болбойт эле. Демек, профессор Боровков докладынын аягын “Манас” эпосун кайрадан түзүү керек деп оң сүйлөгөнсүгөн менен негизги бөлүгүндө элдик эмес (антинародный) деген тыянак турган соң, элдик эмес дегенди түшүндүрөт. Профессор Л. И. Климович болсо “Чоң казат” эпизодун панисламчыл, пантүркчүл идеяда деп аткан соң, бүтүндөй эпосту кантип элдик деп айта алмак эле? Анте алган эмес деп келип, Болот Мураталиевич Юнусалиев: “Это нелогично и потом не совсем научно. Научные доклады нельзя строить на подобных противоречивых рассуждениях. Наука требует доказательств и логичности” — ​деп, далилдүү фактылар менен эки профессордун тең оозун жапкан. Анын сөзүн конференциянын катышуучулары дүркүрөгөн кол чабуулар менен кабыл алышкан.

Б. М. Юнусалиев: “Эпостун негизги идеясы — ​баскынчыларга каршы күрөш болуп саналат. Эпостогу окуялар ошол күрөштүн тегерегинде өнүгүп отурат. Ошондуктан коргонуу маселесин биригүү маселесинен бөлүп кароого болбойт” дейт да, профессор Боровковдун: “…идея объединения киргизских племён в народность является порочной и что она связана с пантюркизмом” деген, түрк элдеринин биригүүсүнө каршы турган орустук былгыма саясатка айландыргысы келгенин белгилейт. Анткени Москвадан келген эки профессордун тең “Манас” эпосун изилдөөгө арналган конференциядагы жасаган докладдары “пантюркизм”, “панисламизм”, “антинародный” деген жыйынтыктар менен бүтөт. Б. М. Юнусалиев мындай сөздөрдүн баарын аргументтүү жооптор менен жокко чыгарган.

Ал эми “Өзөктөн чыккан өрт жаман” делген эл макалынын мисалдары болгон Ж. Самагановдун “Манас” эпосунун элдүүлүгүнө карата ардактуу эки профессордун ойлорун ээрчий айтканына жана жалпы эле элдик эпос экенин тастыктап сүйлөгөндөргө каршылыгына байланыштырып Б. М. Юнусалиев: “Я узнал только вчера, что есть манасисты в кавычках и без кавычек. Без кавычек — ​это в единственном числе тов. Самаганов, а все остальные — ​в кавычках. Я принадлежу, видимо, к последней группе манасистов.” — ​деген мыскыл аралашкан сүйлөмү менен эле Самагановдун образын ачыктап койгон. Ал эми Т. Р. Нуровдун “Комсомолец Киргизии” гезитине 1952-жылдын 25-майында жарыялаган “К происхождению киргизского народа” деген макаласында: “Есть серьезные основания полагать, что енисейские киргизы появились на Тянь-Шань совместно с калмыками, при их перекочевании, и остались в качестве завоевателей после ухода калмыков конце ХIV-ХV вв.” — ​дегенине карата: “Я должен заметить, что статья анти-исторична по своему существу марровская, в которой Нуров прямо клевещет на историю киргизского народа.” — ​деп, бул тарыхый чындыкка туура келбеген, кыргыз элине жалаа жапкан ушак экенин баса айтат. Ошону менен бирге, Бартольд кыргыздар ХIV-ХV кылымдар аралыгында Тянь-Шань менен Енисейдин ортосунда жашап, тынбай монголдор, калмактар менен согушуп турганын жазганын эскертет.

Стенограммадагы москвалык эки профессор конференцияда окуган докладдарында “Манаска” тиешеси бар казак окумуштуусу Мухтар Ауэзовдун ой-тыянактарына көбүрөөк тайанышкандыктан, анын изилдөөлөрүнөн шилтемелерди (мисалдарды) да көбүрөөк келтиришкен. Профессор Боровков М. Ауэзовдун: “…киргизский народ читал Манаса, всевластного хана, тирана или поборника ислама” деген сөзүн (Бул Манас элдик эмес деген сөз) көтөрө чалып, “Мы не распологаем ныне ни одной версией киргизского эпоса “Манас”, которую безоговорочно можно было бы признать народной” деп жыйынтык чыгарат да, бүткүл докладын ушунун тегерегинде жүргүзөт, логикасын карасаң “Манас” элдик эмес болуп чыгат, бирок аягындагы жыйынтыгы башка экенин Б. М. Юнусалиев абдан таамай көрсөткөнүн жогоруда жазганбыз.

Экинчи профессор Л. И. Климович болсо минтет: “По мнению Ауэзова, имеет “подчеркнутую ясность классов”. Он считал необходимым “подчеркнуть, что “Манас” является продуктом чуждой, враждебной для пролетариата классовой среды”. А также, что “через многие классово-исторически осмысленные наслоения последных веков “Манас” превратился в эпопею классово-родового и духовного господства манапства над массами”.

“Поэтому, — ​продолжал Ауэзов, — ​недаром хвалилась киргизская националистическая интеллигенция и своими определенно политическими заказами во время исполнения Сагымбая при записи сильно изменила, углубила и без того чуждые пролетариату идеологические тенденции Манаса. Благодаря этому заказу Манас — ​герой поэмы, стал собрателем тюркских земель, вдобавок к “гази” — ​воителю за веру ислам, каким он был раньше. Такое намеренное вредительское вмешательство в исполнение дало для националистической интелигенции частичное осуществление в художественном произведении её панисламистской, пантюркистской программы”. (“Стенограмманын” 158-б.). Бул узаргандан-узарган шилтеменин мазмунун түшүнгөн киши “Манас” эпосун 1952-жылкы болгон белгилүү конференцияга чейин эле М. Ауэзов элдик эмес (антинародый) деген жыйынтыгын көрөт.

Болот Мураталиевич Юнусалиевден бир кишиден (Т. Сооронбаевден) кийин сүйлөгөн М. Ауэзов “Манасты” изилдөөгө Конференция өтүп аткан ХХ кылымдын 30-жылдарынын башында киришкенин, 1935-жылы изилдөөсүнүн биринчи редакциясын бүтүргөнүн, андан кийин 1937-жылы дагы кайра иштеп чыкканын, 1942–1943-жылдарда дагы редакцияланганын, 1944-жылы кайрадан редакциялап, ИЯЛИге ((Институт языка, литературы и истории) акыркы редакцияланганын тапшырганын айтып келип, анда жазмага түшкөн бир гана Сагымбайдын варианты барлыгын белгилеп, изилдөөсүн ошонун негизинде жазганын айтып келип, “… и нашел феодальным не только его вариант, но и всего “Манаса”. …все же я считал тогда, что весь эпос отражает лишь феодальную идеологию…” деп, кетирген катасын моюндайт да, ошол кездеги, андан кийинки фольклорго байланышкан шарттарды айтып чыгат…

“В добавление сказанным мною справочным данным о своей работе над “Манасом” хочу заявить, что я готов пересмотреть и переработать отдельные ошибочные положения своего раннего иследования, опираясь уже на новые варианты и основываясь на тех правильных, полезных выводах, к которым придет ведущая общественность в результате дискуссий, конференций по “Манасу” — ​деп (Стенограмманын 322-бетинде), катасын мойнуна алып, андан ары “Манастын” элдүүлүгү жөнүндөгү Б. М. Юнусалиевдин айткандарын кабыл алганын туюнтуу (билдирүү) менен, сөзүн улантат, бир топ баалуу пикирлерин кошумчалайт. Андан кийин да “Манаска” көп кайрылып, өз ойлорун айтып жүргөн.

Москвадан келген башкы докладчылар: А. К. Боровков менен Л. И. Климовичтин конференцияда жасаган баяндарына тыкыр көз салган кишиге ардактуу профессорлордун ой-тыянактарындагы каталар негизинен М. О. Ауэзовдун бул атактуу конференцияга чейинки изилдөөлөрүнө таянышкандыгынан болгондугу байкалат. Аны сезген М. Ауэзов өзүнүн “Манаска” байланышкан мурдагы (конференцияга чейинки) кетирген каталарын жууп-чайыш үчүнбү же ардактуу профессорлордун чабуулдарын басаңдатыш үчүнбү, айтор, жогорудагыдай справкаларды көрсөтүп, бетин ачып алайын десе керек. “Справочный данныйларын” айтып алгандан нары карай казак окумуштуусу М. О. Ауэзов Б. М. Юнусалиев конференцияны оңго бурган жолго теориялык тереңдиктеги, практикалык жактан маанилүү сөздөрдү кошкон. Мында да отургандар дүркүрөтө кол чабышкан.

(Уландысы бар)

Омор Сооронов, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *