— Садыр ага, узун жолду кыскарта жүрбөйсүзбү? Шайлообек агайдын өзү, чыгармалары жөнүндө кеп салсаңыз…
— Аа, кокуй, карындашым, Шайлообек Дүйшеев сага “темный лес” турбайбы, ал киши тирүү легенда. Биз легендалардын көзү барында кадырлап, сыйлап баркына жетишибиз керек. Алар бизге таберик. Мен билген Шайлообек агай эч кимге салыштырууга мүмкүн болбогон феномен! Чыгармачылыкта күчтүү калемгер, акын, жазуучу. “Агындылар” чыгармасы менен кыргыздын кыйырына дүң болгон адам. Журналистикада өзүнүн орду бар. Чындыкты сүйгөн, калыс сүйлөгөн, адилеттүүлүктөн тайбаган мүнөзү менен Кыргыз журналистикасына чыйыр салган калемгер. Ал кишини мен Алтайга болгон сапарда жакшы тааныдым.
— Алтай демекчи, “Алтайдын ошол поюзу” сапардан кийин жарык көргөнбү?
— Ооба. Адам баласы канча жер шарын айланбасын, жакшы адамдар менен табакташ, мамилелеш болбосун ооз эки түрүндө айтылган менен китепке жазылып калгандан артыгы жок экен. Биздин ошол Алтайга болгон сапарыбыз Шакемдин “Алтайдын ошол поюзунда” калды. Ал сапар карыбайт. Деген менен ошол сапардын жол башчысы Болот-Шердин көзү өтүп кеткени биз үчүн оор жоготуу болуп, китепти колго алган сайын ошол ирмемдер көз алдыма келери да чын. Буюрса, Шакемдин өзүнө жолукканда кенен айтып берээр. Сыркоолоп атты деп укканым бар эле, Шакем кандай кабыл алат болду экен? Жүрөгүмдү өйкөгөн ушул, эми бара көрөлү. Силер да маектөр уюштуралы деген сунуш айткандан бери ал кишиге болгон дегдөө менде да күч алды.
— “Колдо бар алтындын баркы жок” деген ырас экен. Залкар жазуучулардын бири Төлөгөн Касымбеков менен көзмө-көз жолугуп, маек алганым менен Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларын окусам да көзү тирүү кезинде жолуга албаганыма өкүнөм. Азыр бизге замандаш болуп калган легенда деп кимдерди атайсыз?
— Ар бир мезгилдин өзүнүн легендасы, кайталангыс таланты бар. “Тулпар тушунда, күлүк күнүндө” деген, таланттар буга чейин чыгып келген, мындан кийин да чыгаары шексиз. Тирүү легендалардын көч башында Шайлообек Дүйшеев турса, андан кийин эле Түгөлбай Казаков, Султан Раев, Каныкей Эралиева жана башка мен билбеген ар кайсы тармактын өзүнүн залкарлары бар. Алар өзү үчүн гана эмес, Кыргыз улуу журтчулугунун маданиятынын түптөлүшүнө салым кошушкан кишилер. Төлөгөн Касымбеков “Сынган Кылыч”, “Кел-Кел” романдары менен атпай кыргыз журтчулугунун тарыхын ачып берсе, Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин басып өткөн жолундагы ар бир кырдаалды чыгармаларына кынаптап киргизип, кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткан кайталангыс инсан. Алар жөнүндө айта берсең сөз көп…
— Садыр ага, келип калдык көрүнөт, Шайлообек агайдын үйүн сурайлы…
— Сурасак сурайлы, ал кишини тааныбаган киши жок чыгар.
Сурамжылап жүрүп Шайлообек агайдын үйүн таап, агайга жолукканга чейин Садыр аганын жүзүндөгү кабатыр, санаа жазылган жок. Качан гана Шайлообек агай короосундагы өзү өстүргөн бактагы мөмө-жемиштерди аралап жүргөн жеринен калдайган карааны көрүнгөндөн кийин Садыр ага “Шакесине” аттап-буттап кантип жетип барып кучактап, айтаарга сөз таппай калганын өзү да баамдабай калды…
Албетте, жакшы адамдардын жолугушуусу, сүйлөшүүсү, коштошуусу да өзгөчө болот турбайбы. Ошентип, Шайлообек Дүйшеев бизди жакынындай кабыл алды. Жарыктык, айтаарга сөз, берээрге аш таппай сапарлаш инисинин кабар алып, белекке алып келген Касым Кушубековдун “Такалуу аттын изи бар” 2 томдук китебин кайра-кайра кармалап, келгенине жетине албай отурду. Көрсө, чыгармачыл кишилер жан дүйнөнүн азыгы болгон китепти да башкача сүйүп барктайт турбайбы. Анан эстерине чыканактай болгон мен келип, Садыр ага менин чоо-жайымды агайга айтып тааныштыргандан кийин жетекчибиз Бекен Назаралиев агайды сурап, салам жолдоду.
Шайлообек Дүйшеев агай менен баарлашууну баштадык.
— Шайлообек агай, “баатырдын атын алыстан ук, алдына келсең бир киши” дейт. Сизди чыгармаларыңыз аркылуу таанып, уккан болсом насип буюруп өзүңүз менен да жолугушуу шыбагасы бүгүнкү күндө экен…
— Рахмат кызым, Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген эки саптын маани-маңызы, сөз төркүнү ушунда. Адам баласынын курчтугу, күүлүү-күчтүүлүгү, ден-соолугу баары жаштык менен айкалышат. Чыгармачылык менен өмүр сүрүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, азбы-көппү жыйнактарым чыкты. Китептерим жарык көрдү. Кыргыз журналистикасында канчалык бир деңгээлде эмгектендим. Ак-караны, оң-солду айра таанып, жеке адамдык сапаттары бийик адамдар менен мамилелеш, сырдаш, муңдаш болдум. Чыгармачылык мага дос-тамыр, жакын инилерди таап берди.
— Чыгармачылык менен алектенген инсандын үй-бүлөсү да окурманга кызык эмеспи. Сөзсүз “Өмүрлүк жары кандай киши, ал анын баа-баркына жетти болду бекен” деген суроолор келери бышык. Анткени, чыгармачылыктын жолу татаал, баары эле туруштук бере албайт дегендей…
— Балким, ооба ошондойдур. Бирок, мага жеңеңер жакшы жардам берди. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болду. Канча китеп жарык көргөн болсо, баарында анын эмгектери, салымы бар. Тагдыр адамды ар кандай жол менен сынап экчээри да чын. Аны танып болбойт. Мына ошол тагдыр экчөөсүнө менден ашык камтама болсо болгон чыгар, асти менден кем камтама болбоду. Кыргызда “аял жакшы, эр жакшы” дейт. Жаш болдум, мас болдум дегендей, мына ошол өткөөл мезгилди аялзаты катары назик болгон менен баарын күчтүү аялзаты катары көтөрө билди. Ыраазычылыгым чоң. Балким, сөз менен айтып да жеткире албастырмын. Азыркы силер көргөн короомдогу ар бир дарактын мөмө байлашына, гүлдөрдүн жайнашына, неберелеримдин үйдү шаңга бөлөшүнө да жарым себептүү эмеспи…
— Чыгармачылыктагы ар бир китебиңиздин өзүнүн тарыхы бар чыгар агай. Сизге көп таасир калтырганы, жүрөктөн орун алганы кайсы китеп болду?
— “Ар бир баланын өзүнүн орду бар” дегендей эле кеп. Ар бир чыгарма, ар бир китептин өзгөчө тарыхты камтыган каарманы, тарыхы бар. Ал чыгармаларда каарман болуп кала берген кээ биринин көзү да өтүп кетти… Айрыкча, “Алтайдын ошол поюзу” эстен кетпейт. Ал китепте Болот-Шер бар. Ал менин китебимде жашап жатат, жашай берээри да анык. Анын ошол сапарга болгон эмгеги, Алтай республикасынын элдеринин тарыхынан Кыргыз элинин изин издеп, тарых күкүмүнөн бери астейдил караганы эсимде. Болот Шер Алтайдын маданият министри Дима Белеков, райондун акими Семен Тузучинов менен жолугушуусу кыргыздар менен алтайлыктардын ортосундагы жакындыкты, окшоштукту иргеп чыгып эки элдин ортосундагы карым-катнаштын бекемделишине зор салым кошкон. Ошондо алтайлыктардын кыргыздарды кандай жакын тутаарын түшүнгөм. Көрсө, чын эле аябай окшош жактарыбыз көп экен. Ай санак, жыл санак, каада-салттарыбыздын окшоштугу, тилибиздин жакындыгы, кала берсе тоо-ташка сый, табиятка болгон көз караштарыбыз да окшош. Мына ушул ачылышты Алтайга болгон сапарда ачкан. Муну “Алтайдын ошол поюзу “ китебимде чагылдыргам. Ооба, өзүмө өзүм да ыраазы болом, ал китепти жакшы эле жазыптырмын. Көрсө, Болотумдун көзү өтүп кетет экен. Аттиң, не дейм башка… Кийин Болот Шердин элесине арнап “Булуттар” деген китепти жазып жарыкка чыгардым. Ал мага көзү тирүүсүндө колдон келген жакшылыгын аябаган, ар бир жаңы жарык көргөн жыйнагымдан 500, 1000 даанасын сатып алып, аны кайра элге таратып материалдык, моралдык жактан да колдоп келген. Кийин “Булуттарды” маркум инимдин арбагына арнадым. Ал мени менен такай кабардар болчу…
— Жакшы адамдар көкүрөктө жашаары чын тура. Болот Шерден башка дагы кишилер келип, кабар алып тургандыр…
— Ооба, өмүр-жашоо ушундай экен. Албетте, азыркыга чейин Садыр иниме окшоп издеп келип кабар алгандар бар. Айрыкча, сыркоолоп калганымды уккандар ал-жайымды сурап турушат. Чыгармачылыктагы санаалаштарым келишет. Алар менен маек курганда убакыттын кандай өткөнүн билбей калабыз.
— Сиз мага белекке берген бул “Эки дөөнүн күрөшү” жөнүндө сурагым келип турат..
— Анын да тарых-таржымалы өзүнчө. 2004-жыл. Биз адегенде төрт саны жарыкка чыккан бойдон токтогон “Жетимен” деп аталган маданий журналда иштечү элек. Биз дегеним — Аскер Сакыбаева, Вера Аламанова, Анатай Өмүрканов, Түгөлбай Казаков, Кыялбек Урманбетов, анан мен. Бир күнү Түгөлбай кирип келип эле Анатай, Кыялбек үчөөбүзгө: “Акынмын деп мактанасыңар, акын болсоңор “Көкєтөйдүн ашындагы” Кошой менен Жолойдун күрөшүн кимиңер жазасыңар” деди күтпөгөн жерден. Түгөлбай анан “Манастын” ушул жерин окуса эле, кыргызга кыянаттык кылган бирөө жазгансып эле такыр ичи чыкпай жүргөнүн айтып, “Болбосо кайсы Кудай аткыр эл “Күрөшкө сен түш” деп Ханын жакалачу эле. Жолой менен күрөшкөндөн качкан кырк чорого ишенип, Манас кантип жооп тапкан. Баары эле “Күрөшкө жок элем деп дыргаяктап безип турат” деп туталанып анан Сүйүнбай Эралиев баштаган аттуу-баштуу бир далай акындарга барганын айтып: “Кана кимиңер жазасыңар” деди. Анатай күлүп баш тартты. Мен жазам дедим. Ошондон баштап Түгөлбай айткан идея менин башымдан кетпеди. Манасты окуп, ага бата кылып, ойлонуп, түнкүсүн башыма коюп уктап жүрдүм. Эки-үч күндөн кийин ээлигип колума калем кармадым. Манастын сөздөрү оозумдан куюлбай, калемимден куюлуп жатты. Калемиме кимдир бирөө шыбырап тургансып жаздым. Бирок, ким шыбырап турганын билбей койдум. Шыбырап турганын калем кармаганда гана сезип аттым. Жазганымды “текшертип” алайын деп Кыялбек, Түгөлбай, Анатайга окуп берип аттым. Алар кубаттап угушту. Бул да мага чоң дем болду.
Ошентип, “Манас” эч качан өлбөй тургандыгын, кандай заман, кандай цивилизация келсе дагы жашай берээрин, жазмакей доор келгенде минтип ооздон ашып-ташып калем аркылуу куюлуп, роботтордун доору келгенде компьютер аркылуу куюлуп, Жер өмүрү түгөнсө башка Жерге ооп, аалам кезип жашай берээрине, Манас – жалгыз гана Кыргызга берилгенине, кыргыз жоголмоюн Манас жоголбой тургандыгына, демек, Манасын жоготпош үчүн Кыргыз бир муштумга биригип, жоголбой жашашы керектигине ишендим.
Ошентип, 2009-жылы “Эки дөөнүн күрөшү” китеп болуп чыгып, кыргызыма, окурмандарыма тартууладым. 2011-жылы “Манас ” эпосу боюнча “Эки дөөнүн күрөшү” поэтикалык версиям үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын “Токтогул” атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды. Бул жаңы варианты боюнча кыргыздын төмөнкүдөй музыкалык аспаптары бар, санай кетейин; Каранай, сарынай, жезнай, ырнай, чууген, жекесан, ыбызгы, чыңыроон, жылаажын, куукара, түтүк, кырк элек.
— “Кырк элек” деген эмне?
— Кыргыз кыркка бөлүнгөндүн азабынан Алоокеге туруштук бере албай кырылып, Ала-Тоодон Алтайга качып барып туруп калгандан кийин Бакай бабабыз:
“Кырк элек деген кыл аспап,
Кыргыздардын чын аспап.
Буруттардын бул аспап,
Булбул үндүү бул аспап.
Кызыталак бу кыргыз,
Кыяматтан сураган.
Кырылып бара жатканда,
Кыялынан кураган.
Тизелеп калган кыргызды,
Тиргизип колго топтогон.
Кырк уруудан бирден кыл,
Кыркып алып апкелип.
Кыямат бирге болсок деп.
Кырк элек деп ат берип,
Ай туяк чалып ант берип” — деп айтып, атактуу Сал Устага жасаткан чертмек.
Ушул эле чертмегибизди кайрадан тирилтип албайлыбы деп убагында маркум Нурак Абдырахмановго айтсам “ойлоноюн” деген бойдон улуу комузчу өтүп кете берди. “Мен жасай алам” деген таланттуу иним Курмангазы жасай элек, күтүп жүрөм. Жылдар болсо акырындап өтүп жатат. Ал ортодо “Агындыларды” жаздым. Аны жазып жатып токтой калып “Манаска” өтүп, экөөн алмак-салмак жаздым. Ошентип, Жолойдун жонуна чыгып кетип жерге түшө албай, түшөөрдө чокусундагы айдарын шаты кылып түшүп, Кошойдун белин тепсешип, Жети-Кайттагы жети казга, андан ары эки казга келип Акылай мерген менен Дөңгөттүн терисин сыйрышып, Каныкейдин кандагай тиккенине карегимди кадап отуруп таң атырган бактылуу күндөрдүн күүсү менен жаздым бул китепти.
Манаска аралашкандан кийин кызык болдум. Зыл ташынан да оор балбан сөзүн эпос көрүнгөнгө эле көтөртө бербейт экен. Аны көтөрүп ыйга айлантып, кылт эткизбей кынап чыгыш үчүн жан дүйнө балбан болуш керек экен. Ой келди айтылган жеңил-желпи сөзгө, майда сөзгө, мажес сөзгө дастандын “көзү” ачылбайт экен. Чырпыкты чынар, чымынды улар кыла албасаң Манаска жолобой койгон оң экен. Манас баатырдыкты сүйөт экен. Ошентип жаздым. Ошенткен сайын оболоп турдум. Жазып бүткөн соң кадимкидей оболоп, жерге түшө албай койдум. Түшөйүн десем Манастын саптары түшүрбөй койду. Манас-Манасы бар кишилерди ыплас, булганыч, жаман жерге түшүрбөй тургандыгына ошондо ишендим. Тээ кенедей кезимде күпүлдөп Манас айтып жатканымда; “Жин даарып кетти” деп энем ойготуп жиберип, жин даарыбай эле Манас даарып кеткенин билбей токтотуп салган Манасыма Кудай мени ушунча жыл багып, бышырып даярдап жүрүп эми жолуктурган окшойт дедим. Манаска киргенден баштап Манастын ырынан башка ырлардын баары мага арзыбаган майда-барат нерселердей көрүнүп калды. Эли-жеринен азган Алмамбеттин трагедиясы, өлүм алдында жаткан Манастын керээзи, Манассыз калган Каныкейдин трагедиясы, Манассыз калган кыргыздын трагедиясы… Мындан өткөн кайгы-муңдун жеткен жерин азырынча таба албадым. Манас сөзүнүн ойротто жок балбандыгын, чоңдугун, зордугун, кордугун, ааламда жок кудурет күчүн, ыйыктыгын, теңдешсиз улуктугун ошондо билдим. Манасчылардын касиетин ошондо түшүндүм.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева