И. Арабаевдин атындагы КМУнун мугалимдери Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдына митингге чыкты

Нарынбек Касымалиев менен Кенжебек Жумабеков деген агартуучулар жакында эле Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректорлугуна келген Төлөбек Абдрахмановго каршы акцияга чыгышты. Биз эки тарапка бирдей микрофон сундук. Окурман журту өзү талдап алсын.

 

Нарынбек Касымалиев, доцент: «Октябрь окуясына катышып, Садыр Жапаров үчүн Акүйдү коргогом»

–2010-жылдан бери Арабаев университетинде сабак берип келдим, анан эле булар акча бербей коюшту. Мага бюджет группага буйрук чыгарышпай, акчаны өздөрү алып алышкан. Мен алардан экзамен, зачет алгам. Менин ордума эмгек келишимин түзүп, өткөрүп коюшкан. Анан университеттен комиссия түзүлүп, мени текшеришип, “иштесин, акчасы берилсин” деген чечим чыгарышат. Аны алып келсем, келишимди айрып, “саатына гана иштегенсиң” деп ишти сотко өткөрүштү. Андай келишимди мен түзгөн эмесмин. “Эки айдын айлыгын, май-июндукун ал” дешти, албайм дедим. 2011-жылдары “Касымалиев У.” деген фамилияны жазып, айлык берип жүрүшүптүр. Ал мен эмесмин. Фиктивный жасап коюшуптур. Акчасын өзү алган. Бул боюнча Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековго жаздым, карабады. Садыр Жапаровго кайрылсам, башкы прокуратурага берип, иш козгоду. Иш сотко жетти. Мен 2020-жылдагы октябрь окуясына катышкам, Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Акүйдү коргогом. Арабаев университети 2020-жылы октябрдагы тополоңдо арак саттырган. Биздин акча соцфондго которулган эмес, биз пенсияга чыгалбай отурабыз. ЭлТРге кайрылсам, университеттин алдында бизди сабатты. Менин ичиме уруп, табарсыгыма тепти. Сот мамлекеттин эсебине 5 миң 300 сом которду.

Кенжебек Жумабеков, И. Арабаев атындагы КМУнун мугалими: «Улуттук университеттин ректорлугуна татыктуу уул-кыздарыбыз көп»

–2000-жылдары деректир болчу. Даярдоо борборунда Кытайдан, Турциядан, Кореядан келген чет элдик угуучулар окучу. Ошолордун акчасы кассадан кириштелген эмес. Башкы прокуратурага жазганбыз, иш козгогон. Ошол коррупцияны айтканыбыз үчүн мени куугунтукка алышты. Жумуштан себеби жок бошотушту. 2002-жылы соттун чечими менен келдим. Андан кийин куугунтукташып айлыгымды 50%га кыскартышты. Билим берүү министрлигине жазсам чечпеди. Жогорку Кеңешке кайрылсам, эмгек акымды калыбына келтирип беришти. Андан кийин кайра эмгек акымды төмөндөтүштү. Аракет кылып жатып университеттин комиссиясы калыбына келтирди. Укугум тепселенип жатат, университет иштебей, менчикке айланып калды деп укук коргоочу Турсунбек Акунга кайрылдым. Төлөйкан Исмаиловага, азыркы акыйкатчыга кайрылдым. Менин эмгек акымдан соцфондго которушкан эмес. 2014-жылы ректор болуп турганда эмгек акымды дагы кыскартты. Сотко кайрылып, шаардык сот менин пайдама чечти. Соцфондго акча которуу боюнча да соттон уттум. Ушунун баарына Абдрахманов күнөөлүү. Бир топ коррупциялык иштерин жазган элем, соттон утуп алышкан, азыр кайра генералдык прокуратурага жаздым. Акчаларды университетке түшүргүлө деп жатам. Бери дегенде 30 миң доллар түшүрсө болот.

— Эмнеге муну азыр көтөрүп жатасыздар?

— Буга чейин эле Билим берүү министрлигине кайрылганбыз. Өкмөткө кайрылсак бүт жогорку окуу жайларынан комиссия келип биздин жазганыбыз чындыкка дал келбейт деп чыгарган. Булар жердеш экен, жаап-жашырып, эми улуттук университетке алып келишти. Улуттук университетке ректор болгонго татыктуу кыргыздын мен-мен деген уул-кыздары бар. Ошолор келсин, Абдрахманов татыксыз. Анан биз университетке пресс-конференция уюштурганда ректор өзүнүн адамдары менен чыгып, жаман сөздөрдү айтып, бизди сабады. Милицияга жазсак тергебеди, прокуратура сотко өткөрүп, бир адамга 5 миң 300 сом айып салды. Эми Абдрахмановду сотко беребиз.

Төлөбек Абдрахманов, Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору: «100гө жакын сот процессин өткөрдүк, көтөргөн кагаздары саргайып бүттү»

— Нааразы болгон эки мугалим акция өткөрүп жатыптыр, алардын айткан дооматына эмне дейсиз?

— Ал эки киши мурунку ректорлордун маалында иштер боюнча доомат артып жатышат. 2010-жылы ректордун милдетин аткаруучу болуп баргам, ошондон бери тартышып келе жатабыз. Болжол менен 100гө жакын сот процессин өткөрдүк. Райондук, Шаардык, Жогорку болуп, кайра ылдыйдан өйдөгө чыгып дегендей. Буларга бир да жолу каршылык көрсөтүп, адвокат жалдаган жокмун. Университеттин акчасын мен жөн эле бералбайм, соттон уткула төлөйүн дегем. Сот алардын пайдасына чечсе, мен аткарбай койгонго акым жок.

— Фиктивный документтерди жасаган деп жатышат?

— Бул маселени сиз же мен эмес, сот чечет. Булар сотко, прокуратурага кайрылышты. Жасалма экенин эч кимиси далилдеген жок. Кызматкерлер азыр да иштеп жатат. Эгер документтер жасалма болсо, ошондо гана биз аларды жазалай алабыз. Канча жыл өттү, далилденген жок.

— Соцфондго акчалары которулбай калганын айтып жатышпайбы?

— Соцфондго тиешелүү акчалардын баары которулган. Бир гана жолу биздин кызматкерлер кечигип калып, аны соттун чечими менен төлөп бергенбиз. Башкасына университеттин күнөөсү жок. Мага чейинки ректорлордун да, менин да катыштыгым жок. Булар соцфондду да сотко беришти.

— Демек, курулай дооматпы?

— Эми булардыкы баарына эле көрүнүп турбайбы. Кагаздарын көтөрүп жүрүп саргайып деле бүттү. Кайда гана барган жокпуз. Атамбаевге эки ирет кайрылып, эки чоң комиссия текшерди. С. Жээнбековго үч ирет кайрылды, текшерди. Азыркы Президентке да арызданышты. Финполиция, Эсеп палатасы, прокуратура бир нече ирет текшерди. Алар дагы тажадык дешти. Эми өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү, мен булардын акчасын бербей койгонго кандай кызыкчылыгым болушу мүмкүн. Эгер баары мыйзамдуу болсо, университеттин акчасын эмнеге аяшым керек.

— Сизди тарапташтарыңыз менен сабады дегеничи?

— Мен аларга кол көтөрмөк турсун, бейчеки сөз сүйлөбөйм. Мен ооз ачсам эле булар көбүртүп-жабыртып сотко берет. Жаңжалдашканы мен тараптан же менин адамдарым тарабынан эмес, башка адамдар менен болгон. Университетте иштебеген жеке ыйкы-тыйкысы бар кишилер менен түрткүлөшүп кеткен экен, соттошуп, чечими чыккан.

— Ректорлук кызматка көз арткандар бул кишилерди тукуруп жаткан жокпу?

— Албетте, андайга кызыкдар анча-мынча кишилер бар.

 

Кылычбек Кудайбергенов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *