— Жанар мырза, этникалык кыргыздарга байланыштуу мыйзам долбоорун жазып жаткан экенсиң. Өзүбүздүн боордошторубуз деп келген этникалык кыргыздарга башынан эле бийлик кол учунан мамиле жасап келгени чындык. Четөлкөлүк спортсмендерге ажобуз эки бөлмөлүү үй бергенин көрдүк. Берсин, ага эч кимдин ичи тарыбайт. Бирок кыргыздар үй эмес, паспорт алалбай жүрүшөт. Бул долбоорго эмнелер камтылды?
— Чүйдөгү айылдарга барып эл менен жолугушкан учурларда этникалык кыргыздардын бир топ көйгөйлөрү бар экенине күбө болуп жатам. Мисалы, Кайрылман статусун же кандайдыр бир документтерди алууда түйшүккө кабылып жатканын көп байкадым. Абдан кыйналышат экен. Анан боордошторубузга кантип жардам берсек болот деген маселени ойлонуп, бир нече юристтер жана айрым кесиптештер менен кеңешип, каттоо системасындагы түйшүктөрдү жеңилдетүү керектигин түшүндүм. Албетте, бул аракетибиз баардык оорчулукту 100% чечет деп айталбайм, бирок шарттарды жеңилдетет. Азыр этникалык кыргыздарга берилчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизип жатабыз, анда нике күбөлүгү деген талап коюлган. Анын айынан төрөлгөн балдарга күбөлүк берилбей калып жатат. Алардын бир үйбүлө экендигин тууган-уругу, ата-энеси деле далилдеп бералат, ошону камтысак болот. Анан 18 жаштан жогору документи жок, мурда жашап жүргөн өлкөнүн паспортун алып, анысынын мөөнөтү өтүп кетип жараксыз болуп калган, кайра калыбына келтире албай жүргөндөр абдан көп экенине күбө болдук. Мындайча айтканда, өздүгүн аныктоочу документи жок этникалык кыргыздын саны 10 миңден ашык экен. Эми ага Министрлер кабинети көздү жумуп таштап койгону болбойт да, баарыбыз биргелешип чечишибиз керек. Жакында жолугушууга барсам, өзү кыргыз жарандыгын алып, бирок балдарына паспорт алалбай жүргөндөр бар экен. “Же билим бералбайбыз, же юридикалык жардам алалбайбыз, же ооруканага көрүнө албайбыз” деп арманын айтышты. Мына ушундай болуп өзүнүн ата конушунда, ата журтунда кордолуп жатканына жаның кейийт да. Биз кайдыгерлик кылбай, Кайрылман статусун жана жарандык алууда шарттарды түзүп беришибиз керек.
— Көчүп келген этникалык кыргыздардын паспортунда улуту жазылган эмес, бул түйшүк жаратып жатат…
— Ооба, азыр көптөгөн өлкөлөрдө улут графасы жок. Этникалык кыргыздардын паспортунда же күбөлүгүндө улуту көрсөтүлгөн эмес. Биздеги тийиштүү кызматтын өкүлдөрү “сен этникалык кыргыз экениңди далилде, элчиликтен барып тастыктап кел” деп азапка салган учурлары бар экен. Ошол тастыктаманы алып келиш үчүн кайра келген өлкөсүнө барыш не деген азап. Канча каражат, убакытты талап кылат. Мисалы, азыр Тажикстанга барып келиш оор. Мындан сырткары, Кайрылман статусун алгандарга иштөө уруксаты берилгени менен “жашаган жериңден справка алып кел” дейт экен. Каттоого турайын десе документинин мөөнөтү өтүп кеткен же жарандыкка тапшырып башка өлкөнүн паспорту менен жүрөт. Азыр жогорудагы мыйзамдын 15-беренесине өзгөртүү киргизип жатабыз, “белгилүү жашаган жери болбогон кайрылмандар жана этникалык кыргыздар өздөрү жашаган аймактагы тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катталганга укуктуу” деп. Эми айыл өкмөт катташ керек да, “бизде жашайт” деп справканы бере бериш керек. Ушул сыяктуу бир топ маселени көтөрдүк, өкмөт макул болду. Биргелешип комитеттен өткөрүп, жалпы жыйынга чыгарабыз. Азыр баары санариптештирүү деп жатат, бирок этникалык кыргыздарга санариптештирүүнүн тиешеси жоктой таасир жаралды. Жаңы-Жер, Жаңы-Пахтага барсам, бир справка алыш үчүн Бишкекке келип, анан Сокулукка барышат экен. Азап да. Министрлер кабинетине маселени коюп, ошол жакта эле калкты тейлөө борборун ачып бергиле дедим. Өтө системдүү маселелерди чечпесек дагы ушул сындуу документ алууда жеңилдикти түзүп, кыргызды азаптан куткарышыбыз керек. Азыр дүйнө бир эле чөнтөк телефон менен көп нерсени чечип жатат. Европада адамды көзүнөн тааныйт. Кагаз көтөрүп кел деген жок. Бизде этникалык кыргыздарда ушул маселе олуттуу экен.
— Жер которбой, өз ата-конушунда жашап жаткандар да бар, ага да көңүл бөлсөң болобу? Мисалы, Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар азыр чегара маселесинен абдан кыйналууда, ушул көйгөйдү парламенттин жакынкы жыйындарында козгой аласыңбы?
— Чегараны, карым-катышты сөзсүз козгойбуз, чечкенге жардам кылабыз. Буга чейин эле чегарадан өтүүдө бир топ азаптар бар эле, пандемиядан кийин жабылып калды. Мургаб менен Жерге-Талдан Ошко беш, алты саатта келчү. Азыр үч, төрт күн жол жүрүп, өтө оор кыйынчылыктар менен келип жатыптыр. Муну тез арада чечишибиз керек. Тышкы иштер министрлигин Жогорку Кеңешке чакыртып жатабыз, көчүп келген кыргыздарга болгон мамилени жана чегара маселесин чечүү тапшырмасын беребиз. Мен таң калам да, биз союздашпыз дейбиз, кошунабыз дейбиз, анан неге жаап алганбыз? Өнүккөн өлкөлөрдө чегарага белги гана коюлган, өтүп кете бересиң. Биз өзүбүздү өзүбүз азапка салып жатабыз. Мындан кетишибиз керек. Азыр окууга тапшырган этникалык кыргыздар да чоң көйгөйгө кабылып жатат. Квота маселесинде мүчүлүштүк бар. Окууга өтүш үчүн ошончо жолду басып келип, кайра кетиш деген не деген тозок.
— Башка өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздардын балдары окуган мектептердеги китеп маселеси курч бойдон калууда. Президентке чейин суроо койгонбуз, бирок жылыш жок. Ушуну да депутаттар бир эске алсаңар жакшы болот эле…
— Биз тез арада боордошторго окуу куралдарын жеткирүүнү колго алышыбыз керек. Бул маселеде Министрлер кабинети менен жакынкы күндөрү сүйлөшөм. Керек болсо өзүм да китеп жеткирип барып, кубантып келсек деген жакшы ойлорум бар.
— Эми саясаттан да кеп козгой кетели, депутаттар жайкы эс алуудан келери менен саясаттын казаны кайнай баштады. 19 тонна алтындын чуусу чыгууда. Бул эмне менен аяктайт?
— Жакында Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайын деген оюм бар. Комиссиянын курамына позиция да, оппозициясынын да өкүлдөрү кирсин. Бул маселе Президент үчүн да, министрлер кабинети үчүн да чоң абийирдин иши. Кээ бири шапкесин көккө ыргытып, “Кумтөрдү алдык, өзүбүзгө өттү” деп кыйкырып бүтөлекте, кайрадан иренжүү пайда болду. Бул бизге, элге өткөндөн кийин деле алтын уурдала берет турбайбы, өзүбүздүн кыргыздар деле уурдайт турбайбы деген маанайды түшүргөн түкшөмөл окуялар жаралууда. Алтындын ар бир граммына чейин түз эфирде отчетун алып, элге түшүндүрүп беришибиз керек. Баарын сабаттуу кылып, жакшынакай негизде ачыкка чыгарып берсе, президент жана өкмөт үчүн абийир алып келет. “Аа булар жөн эле ызы-чуу кылып атыптыр да, көрсө мындай турбайбы деген пикир жарала тургандай деңгээлди жаратышы керек. Азыр Теңгиз Бөлтүрүктүн отчетун угабыз деп жатат, анын отчетун Парламент дагы сөзсүз угуш керек. Анткени, көз көрүнөө миллиондогон каражатка кымбат имаратты ижарага алды, бул элдин акчасы да. Кумтөр элдики, акча элдики. Мен сизге дагы бир нерсенин учун айтайын, ошол имараттын эмеректерин Италиядан атайын заказ менен миллиондогон сомго алдырганы боюнча менде маалымат бар. Бөлтүрүк Бишкектин чок ортосунда отурсун, ага Кыргызстанда жасалган эмеректер жарабайт, Италиядан келсин деген талап болгон эмес. Парламент Теңгиз Бөлтүрүктү чакырып, бир күн кечке алтын маселесин угуп талкуулап, ар бир граммына чейин элге ачыктап беришибиз керек. Биз ошону Теңгиз Бөлтүрүктөн талап кылабыз.
— “Кыргызалтындын” жетекчилеринин алмашканы да шек жаратып жатат…
— Ооба, бул да абдан шек жаратат. Анткени, жеткечилердин улам алмашышы түздөн-түз алтынга байланыштуу. Улуттук банктын жетекчисинин орун басары да кетти так ушул маселенин аркасы менен. Кыргыз алтындын жетекчиси кетти. Биз эле эмес, коомчулукта дагы “эмне болуп жатат булардын ичинде” деген ой пайда болду. Бийлик, өкмөт ачык болуш керек элге. Булар эл жалдап алган кызматкерлер. Бул жерде жашыруун сыр дегендей эч нерсе жок.
— Дагы бир окуя, парламент мыйзамды артка кайтарганына карабай, Курултай чакырылды. Буга не дейсиң?
— Бул жагынан мен Президентти туура түшүнүп жатам. Жанагы революциядан кийин Конституция шашылыш кабыл алынып, ага курултай кирип калган. Эми аны аткаруудан башка жолу жок. Курултайды кааласа да, каалабаса да өткөрөт. Курултай үчүн Конституцияны өзгөртө албайт. Эгер курултайга ар тармактын өкүлдөрү келип, олуттуу маслелелер чечиле турган болсо мен түшүнөт элем. Бирок, Курултайдын демилгечилери мыйзамды алып келгенде көрүп, чынын айтсам оозум Ошту карап калды. Райондун бюджетин, акимдин ишмердигин карайбыз дейт. Анда булар айыл өкмөттү, акимди иштетпейт. “Мен Бишкекке кетип жатам, жол киремди төлөп бер”, “Баланчаны жумушка коюп бер” дегендер чекеден чыгат. Азыр андай адамдар толтура. Ушундан улам курултайга мен каршы чыккам. Курултай мыйзамын алты айга артка кайтарганбыз. Анан аргасыздан Президент өзүнүн жарлыгы менен чакырып койду. Кээ бирөө “Президент элдеги окуяларды билип туруш керек” дейт, эми азыр илгерки заман эмес да, соцтармактар бар, интернет иштеп жатат. Тээ алыстагы айыл өкмөттөгү өрттөн баштап, кичинекей кылмышка чейин дароо эле билинип ачыкка чыгып жатпайбы. Андан сырткары, Президенттин админстрациясы, министрликтер бар. Аларга ишеним көрсөтпөй, курултай кылалы дегени менимче туура эмес. Баарыбыз билгендей ал жерге көбүнчөсү дежурлар келет.
— Кошомат кылгандар десек туура болобу?
— Ооба. Баары билет, алар келип эле Парламентти анан өкмөттү жамандайт, ал эми Президентти мактайт. Элдин атынан сүйлөп, үнүн жеткирүүнүн дүйнөлүк масштабда классикалык үлгүсү бар да. Шайлоого катышып утуп келгин да парламентте сүйлөй бер. Анан кошунасына же аялына тили өтпөгөндөр келип алып мамлекеттик деңгээлде кыйкырып жатканы логикага сыйбайт. Албетте, Президентке олуттуу сунуштарды берип, өнүгүүнүн жаңы ыкмасын айтып беришсе анда баарыбыз эле колдойбуз. Эгер андай болбой эки күн жөн эле убакытты алып кошомат айтып, анан “жол киремди төлө, акимге айтып самолетко билет алып бер, жатаканамды төлө, чайымды бер” десе мамлекеттин башына түшкөн жүк болот.
— Ширшовдун келиши, Кумтөрдөгү алтын чыры бийликтин кадырын түшүрдү. Ушул Курултай беделди көтөрүүнүн жолу деп жатышат го?
— Курултай көтөрөрүнө ишенбейм. 1000ден ашуун адам келет деп жатат, ошонун баары сүйлөйм деп келет, кимисине, кантип сөз берилет? Мени сүйлөтпөдү дегендер чыгат. Эми калганын көрө жаталы.
— Кээ бирөө “күзүндө революция болот” десе, айрымдар “Президет жакшы иштеп жатат” дешүүдө. Сен кандай анализ бересиң?
— Кайрадан башаламандык болуп, ыңкылап кайталанышына түп тамырынан каршымын. Ыңкылап болгон сайын бийлик башындагы топтор гана алмашып, түп тамырынан өзгөрүүлөр болбойт экен деген эл ичинде көңүл калуу бар. Бирок, элдин чарчап, саясаттан көңүл калуусун бийлик жеңиш деп эсептебеш керек. Менин тилегеним, өнүгүүгө карай багыт алсак. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталып, экономика көтөрүлсө. Мына ушундай өрнөктүү көрүнүштөрдү колдоп, жакшы саамалыктардын болушун каалап жатам. Бюджет көбөйсүн. Бирок, ошону туруктуу алып кетиш үчүн сөзсүз бийликтин кемчилигин ашкерелеген журналисттерди, блогерлерди, оппозиция өкүлдөрүн суракка чакырып камоо туура эмес. Эгер ошондой эркиндиктерди чектөө, камоолор көбөйө берсе жанагыдай экономикалык өсүү, өнүгүү жемишин бербейт. Эркиндикти чектеп туруп, экономиканы өнүктүрөбүз деген болбойт. Эркиндикти да берип, сын айткандарды угуп, туура жыйынтык чыгаруу зарыл. Сын айткан балдарды түрмөгө тыгуу туура эмес. Баарыңар мендей ойлонгула, баарыңар бирдей мактагыла деген туура эмес. “Силер жолтоо болбогула, мүмкүнчүлүк бергиле” деди эле, улам чыгып жүдөтүп буттан чалган жокпуз. Биз да стабилдүүлүк үчүн, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн сунуштарды берип жатабыз.
Зулпукаар Сапанов