Султанбай Айжигитов: «Чегараны биздин эл кармап турат»

Баткенде жагдай дагы деле жакшы эмес. Чегара маселеси чечилбеген бойдон турат. Эл дагы деле кооптонгон жашоону баштан кечирип, сарсанаа менен күн өткөрүүдө. Албетте, баарыбыздын тилегенибиз жакшылык, тынчтык. Бирок, тынчтыкты орнотууга талбаган аракеттер керектигин жалпыбыз түшүнүп калдык. Эч качан мүгдүрөп, алаканыбызды жайбашыбыз керек. Кечээ жакында Тажикстанда камалган мекендештерибиздин бир тобу бошоду. Мына ушул маселени көтөрүп жүргөн эл өкүлү Султанбай Абдрашитовичти кепке тарттык.

— Султанбай Абдрашитович, Кыргыз Республикасынын акыйкатчылыгына Атыр Абдрахматова шайланганда Тажикстандагы биздин 11 жаранды Кыргызстанга которуу боюнча маселе көтөрдүңүз эле. Бул иштин жыйынтыгы кандай болду?

— Мен бул маселени ага чейин эки ай мурда, тагыраагы он бир киши камалып алардын ичинен биринчиси каза болуп келгенде эле эле көтөргөм. Ошондо Жогорку Кеңештин жыйынында ушул маселени көтөрүп, протоколдук тапшырма берип, ошол тапшырманы Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, Прокуратурага, ИИМге, андан тышкары Баткен облусунун жергиликтүү бийлигине, бардыгы болуп ондон ашык сунушумду киргизгем. Ал сунуштарымдын негизинде протоколдук тапшырма бардык тийиштүү ведомстволорго кетип, ошонун негизинде иш жүргүзүлгөн. Ошондо эгер бардыгы өтпөй, болбой кала турган болсо, анда биз деле тажиктердин өздөрү сыяктуу иш алып барышыбыз керек. Алар биздин жарандарды болгон жана болбогон шылтоолор менен кармап жатат. Мисалы, “чегараны буздуң, шпиондук аракеттерге бардың” деген сыяктуу болбогон, ойлонуп табылган шылтоолор менен биздин атуулдарды кармап иш козгогондой эле, биз деле тажик жарандарын ошондой себептер менен кармап иш козгоп, кийин Тажикстандагы биздин жарандарга алмаштырыш керек деген сунушумду айткам. Атыр Абдрахматова Кыргызстан акыйкатчылыгына шайланып келгенде да бул сунушумду бердим. Андан тышкары тышкы иштер министри жаңы шайланып келгенде ага да ушул эле сунушумду айттым. Мына ушундай аракеттердин жыйынтыгы менен бүгүнкү күндө алмаштыруу жолу менен ошол 11 жаран толугу менен Тажикстандын СИЗОсунан чыгышты.

— Тажикстандын камагында дагы канча жаран бар? Же баары Кыргызстанга которулдубу?

— Тажикстандын СИЗОсунда Кыргызстандын жалпы 28ге жакын жарандары ар түрдүү күнөө коюлуп отурган. Бирок, мен алардын ичинен “чегараны бузуп өттүң, шпиондук аракеттерге бардың” деп негизсиз иш козголуп кармалган 11 жаран жөнүндө сөз кылганмын. Ал күнөөлөнгөндөрдүн баарын бүгүнкү күндө чыгардык. Ал эми калган 17 жараныбыз ар түрдүү кылмыш иштери менен кармалгандар. Алар менен прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Тажикстанга барып, жеринен биздин прокуратура сотко катышып же болбосо адвокаттарды катыштыруу жолу менен маселени чечсе болот. Мындан тышкары, мунун дагы бир жолу — ​Тажикстандын СИЗОсунда отургандарды өзүнүн жаза мөөнөтүн Кыргызстанга келип өтөшүн дагы сунуштаса болот. Мен аны айтып жатам. Азыр биздин тийиштүү структуралар бул боюнча иштеп жатат.

— Тилекке каршы, Тажикстандын жаза өтөө мекемесинде бир жараныбыз каза болгон болчу. Өлүмдүн алдын алууга болот беле?

— Албетте, алдын алса болот болчу. Биздин жаранга иш козголуп, Тажикстанда сот отуруму жүрүп жаткан мезгилде биздин прокуратура, адвокаттар, ТИМдин кызматкерлери акыйкатчылар барып ошол отурумга катышып, кылмыш ишинин канчалык деңгээлде экендигин көзөмөлдөп, биздин жаран камалып жаткандан кийин ошол жердеги шартын карап, бул окуянын алдын алса болот эле. Тилекке каршы, биз тараптан көзөмөл болбой калгандыгынын эсебинен, кайгылуу иш болуп, бир жараныбыздын сөөгү келди.

— Маалым болгондой, чегарада маал-маалы менен кошуналар ортосунда келишпестиктер болуп келет. Муну дипломатиялык жол менен чечүү жолдору барбы?

— Албетте, чегара маселесин чечүүнүн жолдору көп. Деген менен комплекстүү иш болуш керек. Чегара деген бул аябай татаал, кыйын маселе. Дипломатиялык жолу менен эле чечилип кала турган иш эмес. Комплекстүү, көп тармактуу, ар түрдүү багыттагы иш-чаралар өткөрүлүш керек. Ошонун эле катарында Тышкы иштер министрлиги дагы иштеш керек. Карабайсыңбы, СИЗОдогу жарандарды куткарыш үчүн канча киши иштеди. ТИМ, УКМК, Чегара кызматкерлери, ИИМ, Прокуратура иштеди. Аларга удаа эле акыйкатчылар иштеди. Аталган органдардын баары бир багытта иштеп, жыйынтыгында биздин жарандар мекенине кайтарылды. Негизи, мындай иштердин алдын алып иш жүргүзүлүшү керек. Бул үчүн чегара боюнча стратегиялык саясат жүргүзүлүшү шарт. Бүгүнкү күндө тилекке каршы, биздин Кыргызстанда чегара боюнча стратегиялык саясат жок да. Биринчи кезекте стратегиялык саясаттын негизинде, чегара иштеринин планы түзүлүп, ошол пландык иштер менен бардык министрлик ведомстволор Кыргызстан боюнча бир багытта иш алып барса ошондо гана жыйынтык берип, чегарадагы келишпестиктердин алдын алууга болот.

— Сиз ММКларга берген маектериңизде “чегара маселесин чечүүнүн рычагдары бар” деп келесиз. Ал кандай жол? Бул өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн маанилүү да…

— Мен жогоруда жооп берип жатып кыскача айтып өттүм, ал жерде негизинен чегара маселеси боюнча стратегиялык саясат жүрүшү зарыл. Бул кандайдыр бир негизде болуш керек. Негизи, стратегиялык саясатты эмнеден түзүш керек деген соболдун айланасында ой жүгүртө турган болсок, реалдуу документтердин негизинде иш алып баруу керектелет. Азыр мисалы, мурунку СССРдин маалындагы карталарды, чечимдерди, мыйзамдарды караганда — ​алар бардыгы толук кандуу документтер эмес да. Бүгүнкү күндө чегара боюнча толук кандуу документ — ​бүт бардыгы президенттер кол койгон, андан кийин парламенттер ратификация кылган документтер. Бул — ​1991–1992-жылдары биринчи Минскте, андан кийин Алматыда КМШ түзүлүп жаткандагы келишим. Анын бир пунктунда: “СССР бузулган маалда СССРдин ортосундагы административдик чегаралар, мамлекеттик чегара деп эсептелсин. Ушундан тартып эки тараптуу же андан көп тараптуу маселени жана чегара маселесин чечкенде ушул пункттан кадам шилтенсин” деп так жазылган. Ошону биз жетекчиликке алып, узак мөөнөттүү стратегиялык саясат жүргүзүп, ошого жараша программа түзүп, анын негизинде план менен иштей турган болсок, тактыкка барабыз. Себеби, биз административдик чегараларыбыз ошол СССР бузулуп жаткан убакта так болчу. Чегара маселесин мына ушул жол менен да чечсе болот. Бул эми узак жол. Бирок, анын калганын азыркы убак менен бир багытта иштеп, ошол стратегиялык багыт боюнча келишпестиктерди алдын алып чечсе болот. Бул боюнча мен жогоруда кыскача айтып өттүм. Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө чегараны биздин эл эле кармап турат. Себеби, чегара сызыгы жок болгондуктан ошол жерде жашаган эл күнүмдүк тиричиликтерин өткөрүү менен эгин-тегин эгип, бекемдеп турат. Ошондуктан, чегарада жашап жаткан жергиликтүү элдин жашоо шартын мүмкүнчүлүктүн жетишинче жогорку деңгээлге көтөрүш керек. Биринчиден, ошол жердин экономикасын көтөрүп, ин-фраструктураларды түзүш керек. Андан тышкары, ар кандай жеңилдиктерди берип, жумушчу орундар менен камсыздоону колго алып, ошого катар салык, электр энергия жана башка нерселер боюнча көптөгөн жеңилдиктерди берип, арзан жана узак мөөнөттөгү кредиттерди берип, мектептерди куруп, жол салуу зарыл. Ошондо маселе өзүнөн өзү чечилет. Мындайча айтканда, ошол жерде жашаган элдин жашоо шартын жакшыртып, калктын көчүп кетпей, тескерисинче сыртта жүргөн мекендештер чегарага барып жашай тургандай шарт түзүлсө, чегара бекемделе баштайт. Мисалы, ошол стратегиялык чегара боюнча саясий пландын ичине ушул чарба иштери, экономикалык иштер да каралыш керек. Анын негизинде көп маселелерди чечсе болот.

— Тажиктер өткөн айда Баткендин Булак-Башы айылына каратып миномет менен аткылады. Буга кандай баа бересиз?

— Тажиктер биздин Кык деген жайлообузга көз артып жатат. Алар өткөн июнь айында максаттуу түрдө провокация кылып, биздин позицияларды миномет менен аткылады. Анысы аз келгенсип аскердик оор техникасын тартып, ошону менен бизди коркутууга басым жасап жатат. Баткен районунда Кык деген жайлоо бар. Ал жерде Булак-Башы деген жерге 6, 7 үйлүү айыл жайгашкан. Тажиктер ошол жерди “айыл болбосун, эл көчүп келбесин” деген ойдо ар кандай кадамга барып жатат. Бул тажиктердин биздин жайлоого көз салып жаткандыгынын белгиси. Ошондуктан, Тышкы иштер министри, УКМК иш алып барып, бул маселени тыкыр изилдеши керек. Анклавдарда оор техникалар болбош керек. Эл аралык тажрыйбалар боюнча да анклавдарда оор техника кармаганга болбойт. Ал эми анклавга кирген оор техника гана эмес, ок атуучу куралдар дагы биздин каттоодо болушу шарт. Биздин Тышкы иштер министрлигине жана УКМКга токтом менен тапшырма берилип, алар чечкиндүү кадамдарга барыш керек.

 

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *