Бийлик Акаевге түзгөн шартты Бакиевге да түзүп, өз чындыгын айтканга мүмкүнчүлүк бериши керекпи?

Бийлик Акаевге түзгөн шартты Бакиевге да түзүп, өз чындыгын айтканга мүмкүнчүлүк бериши керекпи?

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев «Жаңы Ордо» гезитине маек берип, ал коомчулукта кызуу талкууланууда. Ютуптагы маектин видео версиясын 1 миллиондон ашык адам көрдү. Башка социалдык түйүндөрдөгү талкууну кошкондо 1 млн 700 миңден ашты. Биз коомчулукка төмөндөгүдөй собол узаттык.

— Мурдагы президент Курманбек Бакиев өзүнө карата чыккан соттук чечимдерди ушул убакка чейин көрө электигин айтып, козголгон кылмыш иштерге байланыштуу сурак бергенге, сот жараяндарына катышканга даяр экенин билдирди. Калыстык үчүн бийликтегилер Акаевге түзгөн шартты Бакиевге да түзүп, өз чындыгын айтканга мүмкүнчүлүк бериши керекпи?

 

Сулайман Кайыпов, фольклорчу-этногрaф: «Утурумчулардын көбү чыккынчы болуп чыгат»

— Сот процесси жүрүш керек, соттолуп жаткан адамга өзүн- өзү коргоо үчүн шарт түзүп бериш керек да. Бирок, андай кылуу өтө кыйын болот го? Себеби, Бакиевдин соту чындап жүргүзүлсө, аткандар ким, атылгандар ким, ячейкаларды кимдер бошоткон, колго түшүрүлдү деген 12 снайпер кайда жоголду, Ош окуясын ким чыгарды ж. б. ондогон шойкомдуу суроолордун анык жообу келип чыгат да. Мындай болушун каалаган киши өтө аз. Утурумчулардын көбү чыккынчы болуп чыгат. Алардын бийликти алгандан кийинки кылган ашмалтай иштеринин бети ачылат. Муну да каалабаган киши көп. Негизи мындай өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деген принцип жакшылыкка алып барбайт. Коркпой эле, Акаевин да, Бакиевин да, Отунбаевасын да, Атамбаевин да, арай көз чарай эле, соттош керек. Бир күнү баары бир ушул ишке баруу зарыл болот. Бирок, сот адилет жана көз карандысыз болушу керек.

Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Кыргыздар хандарын, бийлерин, журт башчыларын кордогон эмес»

— Мамлекет тарабынан өлкөдөгү тынчтык, биримдик, ынтымакчылык үчүн мурдагы мамлекет башчыларга болгон көз карашын калыстык менен мамиле кылганы мыйзам ченемдүү көрүнүш болот. Анткени, улуттук нарк насил, каада салт, адеп ахлак, адамгерчилик жактан туура болот. Кыргыздын салтында улуттук баалуулуктарында Хандарын, бийлерин, журт башчыларын кордогон эмес. Кандай кырдаал болгондо да журт башчылар Кудайдын буйругу, элдин колдоосу менен бийликке келет. Жаманбы-жакшыбы журт башчысын абайлап колдоп, кубаттап, ызаттап, сый урматын ордуна койгон эл жаман болгон эмес. Журт башчысын сыйлаган эл Кудайдын колдоосуна ээ болот. Балким сыртта жүргөн журт башчылардын баарын алып келип, эл алдында жүзүн ачып, ынтымакчылыкта жашоого чакырган бүгүнкү журт башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаров адилеттүү падыша катары тарыхта калат. Өлкөбүз Кудайга жагып өсүп-өнүгүп кетебиз. Ошондуктан, калыстык катары Курманбек Салиевич Бакиевге мамлекеттик деңгээлде коопсуздугун камсыз кылып, Аскар Акаевге түзүлгөндөй шарт түзүп берсе ашыкчалык болбойт.

2010-жылдын апрель, июнь окуяларын, УӨтүн мыйзамсыз аракеттерин толук териштирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Жок дегенде онлайн иретинде териштирүү жүргүзүүгө шарт түзүлсө да адилеттүүлүккө жол ачылмак. Анткени, Курманбек Салиевич Бакиев мамлекеттин башчысы, президент болуп эки жолу эл тарабынан шайланган. Иштеп турган мезгилде ар тараптуу экономикалык өнүгүү болгонун тарыхтын статистикалык салыштырмалуу маалыматтары тастыктап турат. Карапайым эл туура түшүнүп, колдоп тургандыгы акыйкат. Миллиондогон колдоочулары акыйкат чечимди күтүп жүрөт. Экинчиден, Бакиев онлайн режимде тергөө жүргүзүүгө шарт түзүүнү өзү да суранып жаткандыгы маалым болду. Үчүнчүдөн, Бакиев качып кеткен эмес Аскар Акаевге окшоп. Роза Отунбаеванын КМШ мамлекеттеринин жетекчилерине болгон суранычы боюнча, шериктеш мамлекеттердин президенттеринин өтүнүчү боюнча элдердин ынтымакчылыгы үчүн деп сыртка чыгып турууга аргасыз болгондугу тарыхтын ачуу чындыгы экендигин бүткүл дүйнө коомчулугу билет. Ошондуктан, сыртта жүргөн адамга көрүнгөн күнөөнү жапкандан көрө коопсуздугун камсыз кылып жок дегенде онлайн түрүндө териштирүү жүргүзүүгө шарт түзүү, ар тараптан жакшы болот.

Жыйынтыктап айтканда, Аскар Акаевге түзүлгөн шарттын Курманбек Бакиевге түзүлсө, жок дегенде онлайн жолу менен шарт түзүлгөндөн эч кандай жамандык көрбөйм. Тескерисинче, кара тамга менен жазылып калган кара жащиктердин ачылып, чыркыраган чындык ачыкка чыгып, акты ак, караны кара деп айта турган такташууга шарт түзүлөт. Өлкө ичиндеги жоопсуз жүргөн сырдуу түйүндөргө жооп табылып, бүдөмүк ойлор жоголот. Ар ким күнөөсүнө жараша тиешелүү мыйзамдуу жообун алат. Адилеттүүлүк орнойт. Канчалаган адамдардын талкаланган тагдырларына тактык киргизилип, тарых барактары тазаланат. Тарыхта көптөргө ар тараптуу сабак болот.

Султан Урманаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: «Укпай коюу адамгерчиликке да, мыйзамга да жатпайт»

— Биз демократиялык коомдо жашап жаткандан кийин, дүйнөлүк тажрыйбага баш иебиз. Курманбек Бакиевге сырттан чечим чыккан. Демек, сырттан чечим чыкканда тараптардын бирөөсү туура эмес десе, бул кайра каралыш керек. Мыйзамдын талабы ушундай. Бакиев сурак берем, сотко катышам десе аны сөзсүз угуш керек. Укпай коюу адамгерчиликке да, мыйзамга да жатпайт. Өзүн оюн айтсын, тергөө аны далилдесин. Биздин Конституциянын үчтөн бирин адам укугу ээлейт. Адам укугу баарынан бийик турат. Бакиевдин да укугу бар, анын ишин мыйзам чегинде карап, калыс чечим кабыл алыш керек. Менимче, бул жакка алып келип ажиотаж кылыштын кажети жок, тергөөчү барып, көрсөтмө алсын. Анан сотко онлайн катышса, менимче жаман эмес.

Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: «Кыргызстанда ынтымак болсун десек, анда Бакиевди алып келишибиз керек»

— Биз Кыргызстанда чындап ынтымак болсун десек, анда биз Бакиевди алып келишибиз керек. Бул менин сөзүм эмес, Садыр Жапаровдуку. Президенттикке талапкер болгондо: «Кыргызстанды бириктирем, ынтымагын чыңдайм» деген. Ооба, биринчи кадам жасады, рахмат, Акаевди өлкөгө алып келди. Жапаров: «Акаевди алып келем дедимби, алып келем, оозуңарды баскыла!» деген жок да. Акаевге «Ак болсоң кел, жолуңду ачып ал, жок күнөөлүү болсоң жооп беришиң керек» деди. Ошондой эле нук менен Бакиевге коопсуздук жана адилеттүүлүк гарантиясын берип, өлкөгө алып келүү зарыл. Анан эптеп алдап алып келип алып камап койбош керек. Биз сыяктуу кишилерди комиссияга кошуп, териштирип, эгер ал киши күнөөлүү болсо «Курманбек Салиевич бул жерде сиздин күнөөңүз бар экен» деп ачык айтып, анан мунапыс бериңиз деп президентке кайрылышыбыз керек. Айтор, мына ушинтип бул маселени жаппасак, бул илдет дагы көп жылдарга улана берет. Экинчи президенттин бөтөн жерде өмүр бою калуусу кыргыз элине абийир алып келбейт.

Нурлан Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Эл Апрель окуясы боюнча чындыкты билиши абзел»

— Ооба, Курманбек Бакиевдин кенен маегин белгилүү журналист агабыз Бекен

Назаралиев жарыялап, көп сөз болуптур. Ар бир адам жашоодо үмүт менен жашайт эмеспи. Андыктан, Бакиевдин акыйкат сот болсо акталаарыма ишенем дегени да чоң үмүт. Адилеттүү бийлик калыс, ачык сот өткөрсө бардык суроолорго жооп берем дегени анын да акыры айта турган көп сөздөрү бар экендигин айтып турат. Мен ойлойм кыргыз эли эртеби-кечпи Апрель окуясы боюнча негизги чындыкты, акыйкатты акыры билиши абзел.

Жылдыз Жолдошева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: «Акаевге түзгөн шартты Бакиевге да түзүп бериш керек»

— Бийлик, биринчиден мыйзамдуулуктан тайбашы керек. Экинчиден, акыйкаттуулук, калыстык, теңдик туудай желбиреп турганда гана, ошол бийлик адилеттүү өз өлкөсүн башкара алат. Аскар Акаевге түзүп берген шартты Курманбек Бакиевге да түзүп бериш керек жок дегенде, онлайн режимде болсо дагы. “Теңдикти Теңирим сүйүптүр” деген сөз бекеринен ата-бабалардан калбаса керек.

Бектур Асанов, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору: «Бакиев Бириккен Улуттар уюмуна кайрылсын»

— Жагдайын карасак, Акаев боюнча башка, Бакиев боюнча башка. Акаев боюнча соттун чечими жок болчу, ошон үчүн өлкөгө келди. Азыр Бакиев «тазамын, адилет сот болсо катышам» деп жатат. Менимче, Бакиев Бириккен улуттар уюмунун алдында адам укугун коргоо комиссиясына кайрылса болот. Ал жердеги сот адилеттигине эч кандай шек жок, бүт дүйнө ал жерге кайрылат. Эгер Бакиевдин аракетинде кылмыш жок десе, БУУнун алдындагы комиссия Кыргызстанда Бакиевге коюлган айыптардын баарын четке каккан чечим чыгарып берет. Ошону жасаса, Бакиев бул жакка келбей эле акталат. Бакиев өзүн тазамын, күнөөм жок деп эсептесе, ошол жакка кайрылышы керек. Албетте, Бакиев ал жакка кайрыла албайт. Көптөгөн кылмыштардын бети ачылып калышы мүмкүн.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы:

— Курманбек Салиевич даяр болгону менен коом даяр эмес азырынча. Бул жерде жарылчу чоң миналар бар. Анын жарылышын азырынча каалабагандар азырынча басымдуулук кылат. Убакыт керек.

Бүбайша Арстанбекова, Маданияттын мыкты кызматкери: «Кырчындай жаш жигиттерди Акүйдүн алдына алып келгендер жазалансын»

— Мурдагы президентибиз Курманбек Салиевичти сырттан соттоп чыгарган өкүмдүн канчалык деңгээлде мыйзамдуу экени чоң күмөн жаратат. Себеби, 2010-жылдагы төңкөрүштүн максаты Бакиевди тарыхта “канкор” кылып калтыруу экендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан, 2010-жылы Акүйдү басып алууга катышкандар жана аны уюштургандар аныкталып, эл алдында дагы мыйзам алдында дагы жооп бериш керек! Шейит кеткендер эмнеге жана ким үчүн өлгөнүн билбей кеткени өкүнүчтүү! Элдин аң сезимине Бакиев кетмейинче оңолбойбуз ж. б.у. с. сөздөрдү сиңирип, «Патриот болгула! Чыккыла! Бакиевди кетиребиз!» деген ураандар менен айылдарды кыдырып, кырчындай жаш жигиттерди Ак үйдүн алдына машина менен алып келип, бейажал өлүмгө алып баргандар жазаланмайынча баш аламандык кайталана берет жана стабилдүүлүк болбой, бийлик алмашуу бизнеске айланып, акчалууларга жалданган митингчилер көбөйүп апогейине жетип, мамлекеттүүлүгүбүзгө эбегейсиз зыян келтирүүдө! Ал эми Бакиевдин келишине шарт түзүүнү 2010-жылдагы апрель окуясына юридикалык баа берүүдөн баштап, тактап алып, андан кийин Курманбек Салиевичти соттогон өкүмдөрдүн саясий чечим эместигин же болбосо чын-төгүнүн аныктоо боюнча конституциялык сот карап чыгышы зарыл! Белгилеп кетчү нерсе, Бакиевдин кайрылуусунан кийин бир топ саясатчылар, блогерлер, өзүн-өзү Апрель баатырымын дегендер, жалданма жазмакерлер азыр эле Бакиев ошолордүн үйүнө кирип келип, жашап алчудай коргонууга өтүп, төртүнчү революция болуп кетет дешип жатканы, демек Бакиев келсе ошол төртүнчү революция кыла тургандардын жана буга чейинки үч жолку революцияны жасап максатына жетпей калгандардын жүзү ачылып ачыкка чыгып кетпесин деген коргонуу деп эсептейм. Мындан сырткары, Бакиев Курманбек Салиевичке калыстык үчүн Акаевге түзгөн шартты албетте түзүш керек! Себеби, мыйзам баарына бирдей! Ал эми Бакиевди алып келсеңер төртүнчү жолу революция кылабыз дегендердин айыбы ачылып калбасын деп коркуп, адилеттүүлүктөн тайбаш керек! Анткени, чындыкты орнотуу, акыйкат болуунун өзү жаркын жолго багыт берчү шам чырак!

Рысбек Өмүрзаков, «Трибуна» гезитинин башкы редактору: «Бакиевди каралагандар четинен Кудай алдында жооп бере башташты»

— Мурдагы президент Курманбек Бакиев өзүнө карата чыккан соттук чечимдерди ушул убакка чейин көрө электигин айтканынын да себеби бар. Убактылуу Өкмөт «6, 7, 8-апрелде таш менен башка жеп же арматура менен өпкөсүн тешип ташташабы деп корккон соттор «арткы тешигинен» чыгарып койгон өкүмдөрүн Бакиев кайдан көрмөк эле. «Марал» телесине берген маегинде Өмүрбек Текебаев улам-улам эле айтып жатты го: «Бакиевди жана анын тегерегиндеги профессионалдарды бири-бирине тукуруп, бет карашпас кылдык. Аны Атамбаев пайдалана албады» деп ачык эле какшап турбадыбы. Апрель окуясында кайсы жерде канча адам кеткенин мен айтып да, жазып да жүрөм. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ооздорунан да, колдорунан да азыркыга чейин «кан тамат». Негизи, канкорлордун аты белгилүү, бирок «Чычкан жеринен» өкүм чыгаргандар чындыкка карап койсо болот. Бул тарыхтын талабы. Эми Бакиевди каралагандар деле четинен Кудай алдында жооп бере башташты го. Деги эле Шерниязовдун «ыйманы саламат болсун» демекчимин. Таласка алып барган 68 башкесерлеринин бир аз тобу мас болуп 6 адамды Талас менен Ивано-Алексеевканы бириктирген көпүрөдөн 6 таластыкты «иттей» гана атып таштагандарын таластыктар кечирсе да, тарых кечирбейт.

Бакиевдин үстүнөн козголгон иштер боюнча, Бакиевге түшүнүк бергенге кыргыз укук органдары милдеттүү. Качанкыга эле убактылуу өкмөттүн канкор мүчөлөрүнүн калпы менен жашайбыз? Качан бир чындыкты жана УӨтүн бийлик алуу үчүн «тобокелдикке салынган жарандарынын арбактарын сыйлап, күнөөлүү айбандарды жоопко тартабыз? Деги эле биз кандай элбиз? Канкорлордун көбүн сайрандатып чоң кызматтарда иштетип, күнөөсү жокторго акталарына мүмкүнчүлүк берелиби?

Бийликтегилер Акаевге Мамлекетти тоноп жайлаган адамга шарт түзүп берди. Эми, күнөөсү жок эле, беш жылдын ичинде мамлекетти алдыга жылдырып, өндүрүштү көтөрүп, пенсияларды 7, 8 эсеге, айлыктарды 7 эсе көтөргөн жетекчибизге актанарына мыйзамдуу шарт түзүп бергенден коркуп жатабыз. Деги эле биз элбизби же Атамбаев айткандай, малбызбы?

Туратбек Мадылбеков,  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: «Бакиевге да мүмкүнчүлүк берсе калыстык болот»

— Азыр эми 2010-жылы айып тагылгандардын көпчүлүгү келип жатпайбы. Алар сындуу Бакиев деле келсе болот. Бирок, ал соттолгон. Жаңы ачылган жагдай деп кайра каратса болот. Акаевге да бир канча жылдан кийин уруксат берилди. Эми Бакиевге да мүмкүнчүлүк берсе калыстык болот. Бирок, Акаевге кылмыш козголгон эмес, кан төгүлгөн эмес. Демек, Бакиевдин келиши оор. Коомдун маанайына карап иш кылыш керек.

Улук Маматаев,  «Ак калпак» партиясынын төрагасы: «Азыркы бийлик шарт түзүп бериши керек»

— Эл ичинде түрдүү пикир бар, бирок акыйкаттык үчүн айтып коюш керек, ар бир Кыргызстандын жаранынын укугу корголушу керек. Мыйзам баарына бирдей иштейт. Курманбек Салиевич соттук чечимдерди көрбөгөнүн айтты. Баарыбызга маалым, ошол маалдагы бийлик аны сураганга кызыкдар болгон эмес. Эми азыркы бийлик шарт түзүп бериши керек. Баарына мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү. Анан да маекте төңкөрүшкө башка күчтөрдүн таасири болгону айтылыптыр. Ооба, мен да кошулам, Россиянын ролу чоң болду. Путин кетирди деп ачык эле айтсак болот. Эл аралык сот карап, тышкы күчтөр аралашканы далилденсе, биз жыйынтык чыгарышыбыз керек. Качанга чейин биздин тагдырды сырттан чече берет?

Төрөбай Колубаев, оппозиция өкүлү:

— Албетте, Акаевге түзүлгөн мүмкүнчүлүк Бакиевге да берилиши керек. Канчалык күнөөсү бар экенин сот териштирсин. Анан ошол маалда кимдердин катыштыгы бардыгы элге да кызык. Келип бетин ачып берсин.

Кадыр Кошалиев, тарых изилдөөчү: «Экс-президенттин көлөкөсүнөн тон бычып туруп соттогону — ​нонсенс»

— Курманбек Салиевичтин видео маегин толук угуп, көрүп чыктым. Чындыгында эле экс-президенттердин ичинен эң жакшы иштеген. Экономикалык жактан эң чоң өсүш жасаган. Анан сырттан карыз албастан, тескерисинче тышкы карызды бир нечеге кыскарткан. Маекте, «сотко чакыруу келген жок, сыртымдан тон бычып жибергенин уктум, анын өкүмү менен тааныш эмесмин» деди. Бул нонсенс, абсурд да. Болгондо да экс-президентке карата сыртынан, көлөкөсүнөн тон бычып туруп соттоп жибергени акылга сыйбай турган иш. Анан «Мен тергөөчүнүн суроосуна жооп бергенге, сотко онлайн катышканга даярмын» дептир, бул жакшы. Мен бир эле Бакиевге эмес, экс-президенттердин баарына бирдей мамиле кылсак дээр элем. Алардын ишмердүүлүгүнө калыс баа берсек. Ичип-жегени аныкталса, төктүрсөк. Баары элден кечирим сурашы керек. Анан саясий-юридикалык баа берилиши кажет. Эгер Акаевге келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатса, а эмне үчүн Бакиевге мүмкүнчүлүк берилбеш керек деген мыйзамдуу суроо коюлуп жатат. Ушул маселе Атамбаевдин да тагдырына байланып турат. Кыскасы, калыс чечилбесе, эл ичинде нааразычылык күчөйт. Ал эми Курманбек Бакиевдин келишине мен каршы эмесмин. Эртеби-кечпи бул чечилет. Садыр Жапаров да «мурдагы президенттерге сый-урмат менен мамиле кылууну мындан ары салтка айланталы» деген жакшы сөз айткан, анын өтөөсүнөн чыгышы шарт.

Самсалы Четинбаев, жарандык активист: «Калыстыкты карманганыбыз оң»

— Кандай болгон күндө да калыстыкты карманганыбыз оң. Эгер Курманбек Салиевич күнөөсү жок экенин далилдей алса, бийлик тарап соттук териштирүүнү эч кандай саясаты жок калыс өткөрө алса, эмнеге андай шартты түзүп бербешибиз керек? Мыйзам мурунку ажолорго да катардагы жөнөкөй жаранга да баарына калыс болуш шарт.

Мавлян Аскарбеков, жарандык активист: «Акаевди да, Бакиевди да актаганга болбойт»

— Акаевди да, Бакиевди да актаганга болбойт. Бакиевдин кланы бийликти кан менен кармап, кетээрде массалык өлтүрүүлөр менен коштолгонун эч ким унутпайт. Чындык мына ушу. Жалданма журналист, блогерлерге өздөрүн мактатуу, актоо аракети, кайтып келүүгө жол ачпайт жана келе турган болсо саясий башаламандыкка, көтөрүлүшкө себеп болот.

Жамбыл Камчиев, куудул:

— Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, Сузактан чыкпашы зарыл. Акаевди да Кеминден башка жакка чыгарбаш керек. Роза Отунбаева Бишкекте, Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжада болушу шарт. Ал эми Атамбаевди өмүрү өткөнчө түрмөдө кармаш керек. Анткени, анын күнөөсү абдан көп.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: «Бакиев эң алды элден кечирим сурашы керек»

— Маектеги жообу Курманбек Бакиевдин жанында юридикалык билими бар адамдар жоктугун далилдейт. Өзүнө карата чыккан соттук чечимдерди ал өзү берген ишеним кагаздардын негизинде кызыкчылыгын коргогон адвокаттардан талап кылыш керек. Өзү жашаган даректерде турган адамдардан келген каттарды чогултуп карап алса болот. Ошондой эле чет өлкөлүк элчиликтер аркылуу жөнөткөн издөө кагаздарды, ошол эле чет өлкөдөн тандаган адвокаттарга табыштап, алдырып көргөнгө эч ким ага тыюу сала албайт. Максимович деген Аскар Акаевдин адвокаты 2005–2007-жылдары Бишкектен чыкпай, куугунтук күчөп турганда иштебедиби. Негизи, Бакиев эң алды элден кечирим сурашы керек. Анан сурак, териштирүү боюнча кеп козгосо болот.

Акылбек Атабаев, этникалык кыргыздардын лидери: «Бакиев уурдады» деген акчаларды ким кымырып алган?»

— Аскар Акаевге берилген мүмкүнчүлүк Курманбек Бакиевге дагы берилиши керек. Анын үстүнө Бакиев берген интервьюсунда ачык айтып жатат, «мен Кыргызстандан чыгып кеткенде эч кандай акча которуп кеткен эмесмин» деп. Демек, «Бакиев уурдады» деген акчаларды ким кымырып алган? Бардык суроолорго ачык жооп алып, чыныгы уурулардын бети ачылыш керек. Ачык айтышыбыз керек, акыркы 30 жылда Бакиевдин учурунда гана ВВП кескин түрдө өскөн. Калганы териштирүү мезгилде аныкталат деген ойдомун. Негизи эле менин жеке оюм, кыргызда «султан сөөгүн кордобой» деген сыңары, Атамбаевди дагы үй камагына чыгарса жакшы болмок. Ага катар Акаевге түзүлгөн шарт Курманбек Салиевичке да берилиши керек.

Сонунбүбү Кадырова, “Энелер Жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы: «Бакиев элге жарыгы тийген президент болгон»

— Башына бак конгон башчы дөөлөтүн сактап калууну билбей мас болуп калат экен. Оюнда баары чындыкты айтып жаткандай, мага кантип калп айта алсын деген ойго ишенип, арамзалардын ортосунда туткун болгонун сезбей калганы өкүнүчтүү. Мен 2005-жылы аянтта эл менен болдум. Бийлик алмашса эле бейиштей жашоодо жашап калабыз деген таза жана баёо сезим менен өтө сүйүнүп кабыл алдым. Бирок, 26-март күнү эле көрүндү. Бийликтин эмнегедир туура эмес оюндары жүрүп, эл менен иши жок болуп калган бир ууч эр азаматтарды көрүп абдан иренжидим. Бакиев эл башына командасы жок келди. Бул анын шору болду. Андан сырткары өтө ишенчээк экени, бирөөлөрдүн жетегине тез кирип кетери билинди. Бул Бакиевдин “слабый точкасы” экенин душмандары билип алган соң акырын алдап жанына бара башташты. Булар экинчи революциянын авторлору Убактылуу өкүмөттүн мүчөлөрү эле. Баары Бакиевдин ишеничине куулук менен кирип алып, бийликти ичинен жарып чыгышты. Муну 7-апрель күнү Бакиев өзү айткандай ак үйгө ок атыла баштаганга чейин байкаган жок. Президенттин кечирилгис катасы — ​анын сак эместиги. Бүтүндөй элдин башына түшкөн мүшкүл иш болду. Жооп берсе ушул үчүн жооп бериши керек. “Карабаса катын кетет, бакпаса мал арам өлөт” дегендей элге ээ боло албай, карышкырга жедирип жиберди. Бирок, аянтта адамдарды аттырган, ага чейин эл азаматтарын заказ берип өлтүрдү деген шылтоо менен өздөрүнө өздөрү кол салып, арамза сценарий менен эптеп эле бийликти алуунун кытмыр жолуна түшкөн топтун бетин эми Бакиев ачышы керек. Эгер ал колунан келбесе өмүр бою эл алдында бети кара бойдон өтөт. Канга кан, жанга жан деп ачып бериш керек. Ошондуктан, Бакиевдин келгени элге пайдалуу иш болот. Ошондо кыйынсынып кыйкыргандын көбүнүн чимкириги куюлат. Эр болсо келип ошону жасасын Бакиев. Сотко бергиле, ачык эле айтып берем дегени жакшы. Алып келип эл алдында ачык угуу өткөрүшсүн азыркы бийлик. Жашырып алып керектүүсүн элге чыгарып, өздөрүнө керегин чыгарбай, кылтыңдабай ачык сот кылса келсин. Болбосо ошол жактан онлайн жооп берсин. Эл менен түз байланышсын. Бакиев эми элди бетине кармаса гана утат. Келсин. Акаев аксылыктарды аттырган. Таза болуп көрүнүп, суудан кургак чыккысы келет. Ага караганда Бакиев элге жарыгы тийген президент болгон. Аянттагы балдарды аттырган адам элге белгилүү эле болуп турат. Бирок, мойнуна коё турган бир гана Бакиев.

Сабыр Муканбетов, саясий аналитик: «Акаевди деле эл кечирген жок»

— Акаев, Бакиев экөө элдик көтөрүлүштөр аркылуу бийликтен кулап, өлкөдөн куулган. Экөө Аксыдагы элди атууга, Бакиев 7-апрелдеги 90 адамды өлтүрүүгө айыптуу. Бул окшош жагы. Окшобогону Бакиев сырттан болсо да соттолгон, келсе түрмөгө жатуу керек. Акаев ооз эки айыпталган менен кылмыш иши козголгон эмес, соттолгон эмес. Бул окшошпогон жагы. Андыктан “экөөнө бирдей шарт түзүп берүү керекпи?” дегендин өзү туура эмес. Бакиев учурдан пайдаланып акталып алууну көздөп жаткандыр, балким соттон акталып да алаар? Бирок аны эл актабайт. 30га жакын кыргыздын эр азаматтары буйрутма өлтүрүү менен анын бийлиги учурунда өлтүрүлдү. 7-апрелдеги көтөрүлүштө, кийин өлгөн жарадарларды кошкондо 200дөй адам өлдү. Он чакты адам атылып өлтүрүлгөн Аксы окуясы үчүн Акаевди деле эл кечирген жок. Кумтөр боюнча көрсөтмө берүү үчүн бийликтин гарантиясын алып эки жолу келип кеткени болбосо — ​Акаев өзү деле сезип турат — ​ага кечирим болбосун. Андыктан, колун канга матырып алган экстерди актайбыз деп, элге жаман көрүнүү азыркы бийликке эмне кереги бар? Башы шишиптирби — ​проблема жетишпей жаткансып…

Болот Дыйканбаев, Өзгөн районунун мурдагы акими:

— Мыйзам баарына бирдей, мен үчүн Бакиевдин эч кандай күнөөсү жок, болгону ал кишинин күнөөсү көңүлчөктүгүндө.

Адил Турдукулов, жарандык активист: «Укуктук жактан бүт шарттар түзүлүшү керек»

— Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев да кыргыз жараны. Мыйзамдын негизинде башка кыргыз жарандарына кандай мамиле болсо, ага да ошол нормалар каралышы керек. Соттук процедуралар да бирдей колдонулушу керек деп эсептейм. Эгер өзүн күнөөсүз сезсе, анда укуктук жактан бүт шарттар түзүлүшү керек, өзүнүн жүйөлөрүн, талаптарын, себептерин айтканга. Демек, бул жерде жөнөкөй эле маселе турат, аны ары-бери тартып, талкуулоонун эч кандай кажети жок.

Кеңешбек Дүйшөбаев,  УКМКнын мурдагы төрагасы: «Соттун өкүмдөрүн адвокаттары катып алса керек»

— Убагында сот процесстерине Бакиевдин адвокаттары катышкан. Бакиев соттун өкүмдөрүн эмгиче көрө элек болсо, анда адвокаттары катып алса керек. Акаевге карата бир сот өкүмү чыккан эмес. Ошол үчүн анын Кыргызстанга келиши жеңил болду.

Бакиев келе турган болсо, анда ага карата чыккан соттордун чечимдеринин негизинде дароо камакка алынуусу керек.

Нургазы Анаркулов, медиа-эксперт: «Бакиев кыргыз тарыхындагы эң эффективдүү президент болгон»

— Ачыгын айтканда, 2010-жылдын 6–7–8-апрелдеринде орун алган окуяларды иликтөөдө буга чейин объективдүү, калыс мамиле болгон эмес. Убактылуу өкмөт, андан кийин булардын арасынан президенттик тактыга келген Алмазбек Атамбаев бир беткей эле баарына Бакиевди күнөөлөп келишкен. Бирок, алардын айткандарынын баары эле чындык эместигин көрсөтүп турган жагдайлар арбын. Дал ошол себептүү, Курманбек Бакиевдин дагы чындыгын бүгүн угуп койсок ашыкча болбойт. Анын жыйынтыгында биз апрель окуясы боюнча калыс бир пикирге жакындамакпыз. Курманбек Бакиевдин тушундагы экономикалык жыйынтыктарды азыр салыштырып карасак, ал кыргыз тарыхындагы эң эффективдүү президент болгон. Өкүнүчтүү, ак сарай оюндарынын курмандыгы болуп калды. Болбосо, мамлекетке алып келе турган пайдасы көп болчу.

Ыргал Кадыралиева, экс-депутат:

— Бакиев алгач — ​мыйзамды, биздин конституцияны сыйласа буга чейин чыккан соттун чечимин аткарып, жазасын өтөшү керек. Албетте, бүгүн бийликтен Бакиевге ылайыктуу адамдар табылып актоого жардам береттир. Бирок тарых алдында эң кандуу, куулган президент катары калды.

Манас Осмон, «Эркин-Тоо» гезитинин мурдагы редактору: «Бакиевдин да өз чындыгы бар»

— Демократиялык коомдо кимде ким күнөөлөнүп жаткан болсо, ал адилеттүүлүк үчүн деле соттук отурумдарда өз чындыгын айтканга укуктуу. Бирок, биздей аркада калган коомдо окуяларга укуктук баа берилбегени чындык. Курманбек Бакиев эң ириде Кыргызстандын жараны. Анын да өз чындыгы бар. Андыктан, бийлик соттук териштирүүлөрдү кайрадан баштап, акталууга же айып тагууга шарт түзүшү керек.

Шамурза Борукулов, жарандык активист: «Бакиев келбесин» дегендер – ​Атамбаевдин жугундукорлору»

— «Бакиев келбесин» дегендер в основном борбор шаардын айлана-чөйрөсү, жана баягы эле кылмышкер Атамбаевдин жугундукор колдоочулары. Ошон үчүн «үйүм жакын артым такыр» дегендей, ошолордун үнү бийликке жетип жатат. Бир жыт чыкса эле дал ошолор митинг уюштурушуп, ак үйдү курчап алышат. Бийлик дал ошолордон коркот. Ал эми «Бакиев келсин» дегендер борбор шаардан алыста жашайбыз. Митинг кылып Бишкекке бара албайбыз. Өзү жок адамдын сөзү да жок эмеспи. Ошон үчүн биздин үнүбүздү бийлик укпайт. Биз аларга шайлоо учурунда гана керекпиз. Акаев эки жолу келип кетсе да эч нерсе көрбөгөндөй, билбегендей унчукпай олтурдук. Ал эми Бакиев келип калган күнү эле жугундукорлор ак үйдүн алдына жетип барышат. Эмне деген тыянак чыгарсак болот? Жулкунган жиндилердин, кылмышкерди колдогон жугундукорлордун, эл бөлгөн трайбалисттердин заманы болуп калды. Ал эми акыйкат талап кылган жөнөкөй адамдарды биздин өлкөдө экинчи, мүмкүн үчүнчү сорттогу адам катары эсептеп, үнүбүздү укпай калышты. Бакиев түштүктөн болгон үчүн гана өлкөгө келе албайт. Башка себеп болушу мүмкүн эмес. Бийлик Бакиевге мамлекеттик деңгээлде коопсуздугун камсыз кылып бериш керек. Анткени, ал мамлекеттин башчысы болуп эки жолу эл тарабынан шайланган. Болбосо онлайн режимде тергөө жүргүзүүгө шарт түзүп берүүсү абзел. Бакиев өзү деле суранып жатат. Үчүнчүдөн, Бакиев качып кеткен эмес Акаевге окшоп. Отунбаеванын суранычы, шериктеш мамлекеттердин президенттеринин өтүнүчү боюнча элдердин ынтымагы үчүн деп чыгып турууга аргасыз болгон. Ошондуктан, сыртта жүрүп көрүнгөн күнөөнү жапкандан көрө коопсуздугун камсыз кылып, же онлайн түрүндө териштирүү сөзсүз болгону ар тараптан жакшы болот.

Нооманжан Аркабаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты: «Кыргын үчүн күнөөнүн 90%ы Атамбаевде экендигин элдин баары билет»

— Бакиев өз өкүмүн көрө элекмин дегени менен маанисин мыкты билет. Бирок ал моралдык жактан гана күнөөлүү. Акаевге кыргыздар анчалык кас эмес. Ошондуктан, Садыр берген макулдуктан жана кепилдиктен пайдаланып, байкуш келип сурак берип, аман-эсен кайтып кетти. Акаевге караганда жоругуң жолдо калгыр Майрам жегичте күнөө көп. Жакынкы жылдарда Бакиевде Түндүк Кыргызстанга келип, аман-эсен сурак берип кетүүгө мындай мүмкүнчүлүк болбойт. Эң негизги себеби — ​7-апрелде Атамбаев кырып өлтүргөн 80дей кишини Убактылуу өкмөт Бакиевге жүктөп салгандыктан, кыргынга 90% Алмазжон күнөөлүү экендигине карабастан, өлүк ээлери мамлекеттен жетишерлик кун алгандыктарына карабастан, түндүкчүл бузукулардын тукуруусу менен өз жаңылыштыктарын 5 колдой сезип турушса да, Бакиевди күнөөлүү дегенден — ​20 жылдан кийин болсо да өч алуудан баш тарткылары келбейт. Эгер Бакиев суракка Ошко чакырылса, сөзсүз келет. Кыргын үчүн күнөөнүн 10%ы Жаныш менен Максимде болсо, 90%ы Атамбаевде экендигин элдин баары билет.

Гүлжан Каримова, “Назарньюс” сайтынын директору: «Жүздөгөн адамдардын курмандыгына Убактылуу өкмөт түздөн-түз жооп бериши керек»

— Албетте, шарт түзүшү керек. Экс-президент Курманбек Бакиевдин ишмердиги боюнча азыноолак айта кетпесек болбойт. 2005-жылдын жазынан 2007-жылдын күзүнө чейин бери эле болгондо үч ирет Өкмөт үйүн басып алуу аракеттери болгон, ага карабастан 5 жыл ичинде бюджет кирешелери 275%га, орточо эсеп менен алганда жылына 40–50%га көбөйгөн. Бул көрүнүш Кыргызстандын тарыхында, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө болгон эмес. Тилекке каршы, бул көрүнүштү биз негедир ачык айткыбыз келбейт. Ошондой болсо да анча-мынчасын айтып өтөлү, Бакиевдин учурунда эң ири, стратегиялык жактан маанилүү болгон жолдорду куруу боюнча долбоорлор негизделип, «Датка» көмөкчү станциясын куруу боюнча макулдашууга, ЛЭП 500 «Датка-Кеминди» курууга, көмөкчү станция ПС 500 «Кеминди» курууга, «ТЭЦ-Бишкекти» реконструкциялоо долбооруна, «Камбар-Ата‑2» ГЭСин курууга кол коюлуп, айланып өтүүчү Бишкек–Балыкчы жолун реконструкциялоо башталган. Ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу жана ТРАСЕКА программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталып, ага автомобиль жолдору кирип, Советтер Союзунун бардык өлкөлөрүнүн жолдору Пакистан, Афганистан жан Индиянын жолдору менен туташтырылышы каралган эле. Айтор, айта берсек арбын. Демек, Бакиев Кыргызстанга керек инсан, сөзсүз келиши керек, козголгон кылмыш иштерине сурак берип, мыйзам алдында ак экенин көрсөтүшү керек. Ал эми 2010-жыл, апрель окуясына келе турган болсок ошондогу трагедиялуу окуяны куралдуу мамлекеттик төңкөрүш деп айтсак болот. Жүздөгөн адамдардын курмандыгына Убактылуу өкмөт түздөн- түз жооп бериши керек. Алардын берген анттарынын бири аткарылбай, мамлекеттин сазга батышына түздөн-түз күнөөлүү.

Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыры: «Кылмышын жаап-жашырыш үчүн Атамбаевдер эч кимди суракка чакырбастан, жабык түрдө соттун чечимин чыгартышкан»

— Соттук чечимдерди Курманбек Салиевич эле эмес, аны жалпы кыргыз журту да билбейт. Кандай күнөөсү үчүн соттогонун арабызда билген жан жок. Убактылуу өкмөт элди алаксытыш үчүн гана Бакиевдерди бокочо көрсөтүп, анын арты менен өлкөнү тоноп кетишти. Россиядан келген 300 миллион долларды 7-апрелден кийин уурдады, муну жакында Улуттук банктын төрагасы далилдеп берди. Мындан сырткары, банк ячейкаларындагы миллиарддаган долларлык алтын жана башка кымбат баалуу буюмдарды тоноп кетишти. Морадёрлук кылгандарычы? Анан ушул кылмыштардан кутулуш үчүн Бакиевдерди соттойбуз деген шоу уюштуруп, соттун чечимин эч кимге көрсөтүшпөдү. Менимче, даай алышпады. Анткени, ортого башка өлкөнүн жетекчилери аралашкан болчу. Кандуу төңкөрүштүн эртеси Назарбаев, Путин, Лукашенко жалынып, «Урматтуу Курманбек Салиевич, союздук өлкөлөрдө тынчтык болсун, баарыбызды балээ баспасын, сизден көптөн-көп суранабыз, бул жакка келип туруңуз» деп жалдырап жатып чыгарып кетишкен. Аянттагы окуяда ал кишинин кыпындай дагы күнөөсү жок. Ак үйдү кайтарган кызматкерлер уставда жазылган милдетин гана аткарышкан. Анткени, Президентти атканда жана куралы жок ИИМдин эки курсанты, Такырбашев Эдил, Кущ Никита жана улуттук гвардиянын Президенттик полкунун жоокери Шамырбаев Алтынбек каза болгондо жооп иретинде ок чыгарышкан. Ал эми эл арасында өлгөндөр арттан атылган октон каза болушкан. Ошону жаап-жашырыш үчүн Атамбаевдер эч кимди суракка чакырбастан, жабык түрдө соттун чечимин чыгартышкан. Мына ушундан улам соттук иштерге Бакиевдерди гана эмес, жалпы кыргыз коомчулугун шек санатып жатат. Соттук чечимдер бүт жокко чыгып, кайра каралыш керек. Акыйкат ордуна келиш керек.

 

Кылычбек  Кудайбергенов

Share