Камчыбек Ташиев эмне үчүн Балыкчыдагы эт комбинатынын жерин кертип саткан чиновниктерди кустурбай, калкалап отурат?

«Балыкчы эт комбинаты» боюнча редакцияга кайрылуу келип түшүп, анда белгилүү коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султан Урманаев ондогон карапайым үй-бүлөнүн жерин, үйүн талашып жатканы белгиленген эле. Биз анын чоо-жайын иликтөө үчүн Балыкчы шаарына барып, териштирип көрдүк.

Көрсө, маселенин төркүнү Султан Урманаевде эмес, Балыкчы шаарынын мэриясында, жергиликтүү архитектура жана кадастр кызматында экен. Балыкчыдагы мамлекеттик чиновниктер, тактап айтканда, шаардык кеңештин экс-төрагалары, депутаттары, экс-мэрлер жана мэриянын кызматкерлери «Балыкчы эт комбинатынын» 4,3 га жерин жашыруун токтомдор менен мыйзамсыз бөлүштүрүп, рейдерлик аркылуу тартып алышкан. Жерге ээ болушкандан кийин уюшкан чиновниктер байлыкка туйтунуу аракетине өтүп, кээ бири жер тилкелерине күн сайын акча жааган соода-бизнес объектилерин, заңгыраган тойкана кура баштаса, айрымдары алып-сатып чайкоочулук кылууга өтүшүптүр. Мына ушул коррупциялык ишти Султан Урманаев айтып чыгып, 2016-жылдан бери Президенттерге, Премьер-министрлерге, Башкы прокурорлорго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагаларына, Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы курөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тынбай кайрылыптыр. Тилекке каршы, кылмыш иши козголгону менен аягы барып баягы эле “бармак басты көз кысты” принциби менен жиги билинбей кеткен. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев так ушул коррупцияга баткан жоон топ чиновниктерди кустурса эң жакшы болмок. Бирок, кайрылууларга жооп бербей, ишти илең-салаң кылганына түшүнүш кыйын болуп турганы маалым болду.

Балыкчыдагы экс-аткаминерлер майкандап кеткен жерди кайтаруу боюнча иш ордунан жылып, соттук териштирүүлөр жүрө баштаган кезде түрдүү провокациялар уюштурулуп, социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар таратылып, комбинаттын кызматтык үйлөрүндө жашаган жарандарга: «Султан Урманаев силерди сотко берип, жашаган үйүңөрдөн чыгарганы жатат, сотко каршы көтөрүлгүлө» деген жалган маалыматтар берилгенине күбө болдук. Көрсө, иш жүзүндө комбинат салынган маалда курулган барак тибиндеги төрт үйдүн жашоочуларына эч кандай доомат жок экен. Алар сотко да чакырылбаптыр. Кызыгы, айрым жашоочуларга баягы уюшкан чиновниктер тарабынан чакан жер тилкелери катталган экен, аны азыр билишип, соттук чакырууларды ошолор алыптыр. Ошону дуулдатып, “үйлөрү үчүн сотко чакыруу келди” деп, кызыкдар тараптар жалган ушак таратышыптыр. Биз Султан Урманаевди ээрчитип алып айрым жашоочулар менен жолугуштук.

 

Сырга Сыдыкова деген жаш келин жолдошу Элтай Амантаев буга чейин журналисттерге сүйлөгөнүн айтып, төмөнкүдөй жоопторун берди:

— Сен бул жакта жашайсың да?

— Ооба.

— Жашаганыңа канча болду?

— Эки, үч жылдай. Абдрахманов көчөсү №6 үйдө турабыз.

— Урманаев же комбинаттын кишилери келип, «сени үйүңдөн чыгарабыз «деп айттыбы?

— Жок, андай сөздү укпадык.

— Бул жакта митинг уюштуруптур го?

— Кафенин ээси эже келген экен. “Жер талаш болуп жатат, чоңдор келет, чыккыла” деди, жолдошум сүйлөдү.

 

Андан кийин Чампанова Гүлажар деген ооруп жаткан эженин үйүнө баш бактык, анда төмөнкүдөй суроо жооп болду:

— Силерге сотко келгиле деп кагаз келдиби?

— Жок, мага келген жок.

— Урманаев силерди чыгарат деп ким айтып жатат?

— Төрт үйгө “соттон чакыруу келиптир” деди. Алардан кийин бизге да келет деп айтышты. Мен эки жылдан бери ооруп жатам. Чоң балам айтып келди, ишенбедим. Үйдү сатып алганбыз.

— Мен да таң калып жатам, силерге чыккыла деп жазбасам, же силерди сотко чакыртпасам. Анан жөндөн жөн эле “үйдөн чыгарат экен” деп дуулдаганыңарга түшүнбөдүм. Чампанова Гүлажар дегенди биринчи угушум. Кээ бирөөлөр атайын сүйлөшүп алып ушак таратып, Урманаев чыгарат деп жатат. Үй боюнча башыңарды оорутпагыла.

— Чындыкты айтыш керек, бизге соттон кагаз келген жок. Урманаев чыгарбайт дешти. Бирок, “адвокатка акча чогулткула, аракет кылгыла” дегендерин уктум.

— Мен кантип жашап жаткан адамдарды кеткиле, чыккыла деп айтам. Бул эт комбинатынын кызматтык үйлөрү мурда курулган да. Алар жашай берсин.

 

Бурул Сыдыкова аттуу эже: “Жер тилкелерин талашып жатат, демек жерди алса, бул үйлөр да кошо алынат, анткени, биздин үйлөр да ошол жерде салынган, биз квартирант катары жашап калабыз деп жатышат. Ооба, үй боюнча сотко кагаз келген жок. Кошумча “участогу” бар деп төрт үйгө чакыруу келди. 175 чарчы метр деп. Биз мурда жер тилкебиз бар экенин билген эмеспиз. 2002-жылы февралда берилиптир, бизге аны эч ким айткан эмес. Качан гана соттон чакыруу кагазы келгенде жер тилкебиз бар экенин билдик. Үйүбүздү кайнатам менен кайненем эт комбинатында иштеп алган. Башкасы сатып алган. Урманаев үйдү албаймын деп жатат деп уктук, бирок Пролетарскийден Фрунзенскийге чейин жер сотто каралып жатат, ошондо биздин үй да бар дешти. Эгер соттон утуп алса биз квартирант катары жашап калабызбы деп коркуп отурабыз. Адвокат жалдаганга акчабыз да жок” – деди. Ошол жерде Султан Урманаев: “Эгер мен сотко арыз жазсам, Кыдыров сен жашаган үй меники, баланча күнгө чейин мөөнөт, чык демекмин да. Мен азыр УКМКга, Президентке арыз жаздым. Бийлик органдары элдин башын айландырып, чакчелекей түшүрүп жатат. Мен мэрди, орун басарын, архитектура жана кадастр кызматын гана сотко бердим. Мен арыз жазгандан кийин гана жашоочулар кошумча жери бар экенин билди. Мен төрт барак үйдөн башка эт комбинатынын жерлери боюнча гана арыз жазгам, бул үчүнчү жакка тиешелүү эмес. Кам санабай жашай берлиге” – деди.

 

   Андан кийин Султан Урманаев агабызды сөзгө тарттык.

— Султан Исакунович, сөздү тээ башынан, «Балыкчы эт комбинатын» сатып алганыңыздан баштайлы?

— «Балыкчы эт комбинатынын» акцияларынын сатыкка коюлганынын бирден-бир себеби, 1993–94-жылдарда Кыргыз өкмөтүнүн аргасыздан жана анын жетекчисинин орун басары А. Матубраимовдун чолок акылынан чыккан буйругунун негизинде Кыргызстандагы 9 эт комбинаттарынын муздаткычында сакталып турган 3 (үч) миң тоннадан ашык тоңдурулган эт (комбинаттын айлантма каражаты) Кыргыз өкмөтүнүн Өзбекстандан алган газы үчүн берилип, республиканын бардык эт комбинаттары банкрот болушкан. Андан тышкары, «Балыкчы эт комбинатында» сакталып турган Мамлекеттик Резервдер фондунун 480 тоннадан ашык эти республикалык, областтык бийликти башкарып турган «көсөмдөрү», Россиянын шылуундары тарабынан жок кылынган. Кыргыз өкмөтүнїн мындай мыйзамсыз аракетинин негизинде «Рыбачье эт комбинаты» белчесинен карызга батып, банкрот боло баштаган. 1992-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Мүлк фондунун №431 буйругунун негизинде «Токчулук» мамлекеттик акционердик коому болуп кайра түзүлүп, анын уставдык фондусунун 40% — ​мал тапшыруучуларга (коллективдүү чарбаларга), 35% — ​эмгек коллективине (анын 20%-30% скидка менен) сатуу болгон, 25% — ​Мүлк фондунун резервине калтырылган.

— Андан кийинки тагдыры кандай болду?

— Мындай проект ишке ашпай калгандыктан, Мамлекеттик Мүлк фонду 1995-жылы өзүнүн токтомун өзгөртүп «Токчулук» акционердик коомунун уставдык фондусунун 24,36% акциясын Республикалык купондук аукционго, коомдун калган 75,64% акциясын 3 лотко бөлүп Дүйнөлүк бактын проектисинин негизинде биринчи эл аралык аукционго чыгарып саткан. Эл аралык аукционго көптөгөн ишкерлердин арасында мен да жеке жак катары катышып, «Токчулук» акционердик коомунун 51%ын уткам, Россиядан келген ООО «Бинг» анын 25%ын утуп алган. Кийин ООО «Бинг» уткан акциясын сатып алуудан баш тарып, анын күрөөгө койгон акчасы күйүп кеткен. Мамлекеттик Мүлк фонду 1996-жылы №156 токтомунун негизинде «Токчулук» акционердик коому «Балыкчы эт комбинаты» акционердик коому деп атын өзгөрткөн.

— Менчикке өткөн жер участогу боюнча айтсаңыз?

— Эгерде жеке менчикке өткөн жер участогуна тиешелүү документтер табылбай, анын чек арасын идентификациялоого эч мүмкүн болбосо, анда менчиктештирилген имараттардын, курулуштардын аталыштары так көрсөтүлүп, алар жанаша жайгашкан жана ээлеп турган жер участокторунун кадастр планы түзүлүп, ага учурдагы чек ара тилкеси түшүрүлөт. Андан кийин жер участокторунун чек арасын тактап, тастыктоо — ​Өкмөттүн тармактар боюнча чарба аралык жерге жайгаштыруу органдары тарабынан жүргүзүлөт — ​деп ачык, так көрсөтүлгөнүнө карабай ишти иликтеген Ысык-Көл областтык административдик сотунун төрагасы М.Тагаевдин атасынын бир тууган агасы Балыкчы шаарынын мэри А. Тагаев «Балыкчы эт комбинаты» акционердик коомунун кайрылуусунун карап, мыйзамдарды одоно бузуп, компетентсиздигин көрсөтүп «Балыкчы эт комбинаты» акционердик коомунун жеке менчигине өткөн 15 га жер участогунун ичинен 10,71 гасын (анын өндүрүш корпусу гана жайгашкан жер тилкесин) 1999-жылдын 1-декабрында «Балыкчы эт комбинаты» акционердик коомунун жеке менчигине бекитип берүү (№304) жөнүндө мыйзамсыз токтомун кабыл алган.

— Балыкчы шаардык кыймылсыз мүлктү каттоо кызматынан кандай мүчүлүштүк кеткен?

— Балыкчы шаардык кыймылсыз мүлктөрдү каттоо органынын жетекчилиги да кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында КРнын Мыйзамдарын, Кыргыз Өкмөтү бекиткен Жобонун талаптарын одоно бузуп өзүнө тиешелүү функционалдык милдеттерди аткарбай, мэрия кабыл алган мыйзамсыз чечимдин негизинде 10,71 га жер участогун Балыкчы эт комбинатына каттап, ага жеке менчиктиги тууралуу Мамлекеттик акт берип койгон. Андан 4 жыл өткөндөн кийин б. а. 2003-жылдын 13-июнунда Балыкчы шаарынын мэри (Т. Шаболотов) бул кылыктары аз келгенсип, дагы бир мыйзамсыз №146 токтом кабыл алып «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсынын жогоруда көрсөтүлгөн 10,71 га жер аянтынын ичинен (дубал менен курчалган котельная, санитардык-мал союучу имарат, малдарды түшүрүүчү эстакада ж. б. жайгашкан) 3,21 га өлчөмүндөгү жер тилкесин мэриянын муниципалдык менчигине өткөрүп алган. Балыкчы шаардык кыймылсыз мүлккө жеке менчиктик укуктарды мамлекеттик каттоо башкармалыгы адатынча жогоруда аталган мыйзамдардын, Өкмөттүн токтому менен аларга бекитилген функционалдык милдеттерди аткаруунун ордуна, мэриянын мыйзамсыз токтомун кынтыксыз аткарып, 2006-жылы (токтом чыккандан 3 жыл өткөндөн кийин) «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсына мурда бекитип берген 10,71 га жер участогун 3,21 гектарга кичирейтип, калган 7,5 га жер аянтына мамлекеттик акт берип, аны каттоодон өткөрүп салган.

— Балыкчыдагы чиновниктер былгып калган го?

— Мыйзамсыз иштерди жасоо көнүмүшкө айланган Балыкчы шаардык кыймылсыз мүлккө жеке менчиктик укуктарды мамлекеттик каттоо башкармалыгы да, мэриядан кем калышпай, 2008-жылы эч кимге билгизбей, өз алдынча Ажымалиев Керимгазы деген жаранга «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсын 0,2 га жер участогун каттап, ага да жеке менчиктик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берип койгон. Жогоруда аталган кыңыр иштер 2016-жылы ачыкталгандыгына байланыштуу, «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсы административдик доо менен райондор аралык сотко кайрылып, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен Ажымалиев Керимгазыга берилген жер участогуна анын жеке менчиктик укугу жөнүндө мамлекеттик акты жокко чыгарткан. Бирок, эт комбинатынын жер тилкесине укук орнотуучу документинин бийлик тарабынан жоготулуп табылбаганына байланыштуу 0,20 га жер тилкеси муниципалдык болуп кала берген.

— Мындай мыйзамсыздыкка, өкүмзорлукка каршы аракеттерди качан баштадыңыз?

— «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсы Балыкчы шаардык мэриясынын, Балыкчы шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын, Балыкчы шаардык кыймылсыз мүлккө жеке менчиктик укуктарды мамлекеттик каттоо башкармалыгынын мындай жасаган кыянаттык иштери мыйзамсыз — ​деген жүйөө менен шаардын мэриясына жана жогоруда аталган мамлекеттик органдарга карата административдик доо арыз менен сотко кайрылып, үч ирет Жогорку сотко чейин жетип, 2019-жылдын 29-апрелинде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен мэриянын 2003-жылдын 13-июнунда кабыл алган №146 мыйзамсыз токтому жокко чыгарылып, мэриянын «Балыкчы эт комбинаты» 3,21 га өлчөмүндөгү мыйзамсыз тартып алган жер участогу комбинаттын менчигине кайра кайтарылды.

— Эт комбинатынын жер участогунун документи жок деген да сөздөр бар экен го?

— Балыкчы шаарында жайгашкан эт консерва комбинатын куруу Улуу Ата-Мекендик согушта мекенибизди коргоп жаткан Кызыл Армиянын жоокерлерин эт жана эт консерва продукциялары менен камсыз кылуу максатында Совет Өкмөтүнүн 1943-жылы кабыл алган чечиминин негизинде чечилиптир. Эт консерваларын чыгаруучу комбинаттын курулушун тез арада баштоо үчүн Рыбачье поселогунан жер участогун тандоого Эмгекчилер депутаттарынын Балыкчы райондук Кеңешинин аткаруу комитетинин 1943-жылдын 7-апрелиндеги №10 чечиминин негизинде 11 адамдан турган комиссия түзүлүптүр. Ага бир сутка убакыт берилип, тандалган жер участогунун актысын 8-апрелде райондук Кеңештин аткаруу комитетинин кароосуна тапшыруу милдеттендирилиптир. 1943-жылдын 17-июнунда Рыбачье этконсерва комбинатын куруу үчүн Рыбачье поселогунун чыгыш тарабынан 15 гектар жер участогун бөлүп берүү Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар Советинин (Кулатов Т. К., Дыйканбаев К. Д., Раззаков И. Р. ж. б. тарабынан) №493 токтомунун негизинде кабыл алыныптыр. Бул токтомдун негизинде курула турган этконсерва комбинатынын генералдык планы түзүлүп, аны долбоорлоо иши 1943-жылы СССРдин Эт жана сүт боюнча эл комиссарлар Советинин алдындагы «Гипромясомолпром» долборлоо институтуна тапшырылып, комбинатты куруу иши СССРдин Эл комиссарлар Советинин алдындагы «Аскеркурулуш» Главкасына берүү өтүнүчү суралыптыр. Эт комбинатынын курулушу өтө чоң кыйынчылыктар менен бүткөрүлүп, акырында 1954-жылы эксплуатацияга берилип, толук кандуу иштей баштаптыр.

— Демек, эт комбинатынын жери 15 гектар экен да?

–2004-жылдын 13-августунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-ст. 7-пунктун түшүндүрүү (толкование) жөнүндө» КР Мыйзамында да, 2006-жылдын 20-июнунда кабыл алынган «КР Жер кодексин кабыл алганга чейин менчиктештирилген имараттарды, өнөр-жай курулуштарды куруу үчүн берилген жер тилкелери жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» №449 Кыргыз Өкмөтүнүн Токтомунда да жеке менчикке каттоо такталып, анын жол-жобосу так, ачык көрсөтүлгөн. Жогоруда аталган мыйзам актыларынын негизинде, Балыкчы эт комбинатын куруу үчүн 1943-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн атайын токтому менен мөөнөтсүз бекитилип берилген 15 (он беш) гектар жер участогу — ​«Балыкчы эт комбинаты» жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчиги болуп эсептелет. Кыргыз Өкмөтүнүн бул токтомун, Кыргыз Өкмөтүнөн башка, ага баш ийген органдардын бузууга акысы жок жана аны эч ким бузган да эмес.

— Мыйзам кашкайып жазылып турганына карабай, Балыкчынын чиновниктери көз көрүнөө бузганбы?

— Балыкчы шаарынын муниципалдык бийлиги (шаардык кеңештин экс-төрагалары, депутаттары, экс-мэрлер жана мэриянын кызматкерлери) Балыкчы шаарындагы «Кыргызтрансавто» ачык акционердик коомунун 550дөн ашык акционерлеринин, анын туундусу болгон «Балыкчы эт комбинаты» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүлөрүнүн конституциялык укугун одоно бузушуп, аларга тиешелүү 4,3 га жерин жашыруун токтомдорду токушуп рейдерлик кылып тартып алышты. Кээ бирөөсү алган жерге соода бизнес объектилерин, тойкана кура баштаса, кээ бирөөлөрү алып, сатып чайкоочулук кылышып жатышат. Балыкчы шаарынын жергиликтүү муниципалдык бийлиги кийинки он беш жылдан бери иш кылбай эле жерлерди алып сатуу менен эле алектенип калган. Булар жөнүндө 2019-жылдын 10-апрелинен баштап 2020-жылдын 29-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине, Премьер-министрине, Башкы прокуроруна, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине, Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы кїрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка төрт жолу кайрылдым, эч жыйынтык болбоду. Азыркы бийликке үмүт артып, Президент С. Жапаровго, УКМКнын төрагасы К. Ташиевге кайрылуу жолдогом. Эч бир жооп жок. Ушуларды кустурса болот эле.

— Ушул коррупциялык ишти айтып чыкканыңыздан кийин сизге чабуул башталдыбы?

— Шаардык бийлик органдарында мурун, кийин иштегендер өздөрүнүн кылган кылмыштуу иштерин жаап жашыруу максатында жер алып-сатууну кесип кылып алып, кызыл кулактык менен байыган далдалчылар менен биригишип, мени жаманатты кылуу максатында «Балыкчы эт комбинатына» каршы ар кандай провокацияларды уюштура башташты. Жергиликтүү бийликтин блогерлери аркылуу социалдык тармак аркылуу жалган маалыматтарды таркатышып, комбинаттын кызматтык үйлөрүндө жашаган адамдарды шантаждоо менен атайлап козутушуп: «Урманаев силерди сотко берип, жашаган үйлөрүңөрдөн чыгарганы жатат, сотко каршы көтөрүлгүлө. Ишти карап жаткан сотко бийлик тараптан маселе «эл тарапка чечилсин» — ​деген команда берип жатышат. “Эгер чыксаңар сот эт комбинатынын доосун канааттандырбайт, ишти эл тарапка чечет. С. Урманаев силерди жашаган үйүңөрдөн чыгара албайт” — ​дешип ушак таратышып, Машанло деген атагы чыккан тажаал аялды жалдап «АКИpressтен» сүйлөтүшүп, анын жетегинде тажаал аялдарды сотко алпарышып, доогерге, сотко психологиялык кысым жасашып, аларды «Чоң Казаттын» блогерлери аркылуу соцтармактар аркылуу таратышты. Албетте, эл деген сокур эмес да. Түшүп баштады. Мисалы, «Чоң Казаттын» жетекчилери булардын кылып жаткандары спектакль экенин, бул иштер коррупционерлердин өздөрүнүн коррупциялык иштерин жаап жашыруу максатында жасалып жатканын жеринде көргөндөн кийин маселенин төркүнүн түшүнүп, шаардык бийликтин былыктарын ашкерелей башташты.

Көрүнүп тургандай, Балыкчыдагы “Эт комбинатынын” тегерегиндеги ызы-чууда чоң коррупциялык иш жатканы анык экен. Мыйзамсыз аракеттер менен жерге ээ болуп, ага тойкана, соода-сатык жайларын куруп же чоң суммадагы акчага сатып жибергендердин тынчы кетип, жөнөкөй жашоочуларга жалган маалыматтарды таратып жатыптыр. УКМКнын төрагасы буга тез арада чара көрүп, кустурушу керек.

 

Кылычбек Кудайбергенов

P.S. Балыкчыдагы мыйзамсыздыкка дагы кайрылабыз. Кийинкиде “Эт комбинатында” сакталган этти кимдер, кайда сатканы, анын каражаты кайда кеткени боюнча сөз кылабыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *