Токон Мамытов:  «Көрсөтмө бергенге мүмкүнчүлүгү жок болсо, жеринен сурап келсе болот»

Токон Мамытов:  «Көрсөтмө бергенге мүмкүнчүлүгү жок болсо, жеринен сурап келсе болот»

— Токон Болотбекович, коомчулукта Курманбек Бакиев боюнча талкуу болуп жатат. Келиши, сурак бериши боюнча эмнелерди айта аласыз?

— Курманбек Бакиев эле эмес, биздин өлкөдө ким болбосун өзүнө карата өткөрүлгөн соттук процесстерин жана соттун чечимдерин акыйкат каратууга акысы бар. Ал эми бул киши азыр келем десе укук коргоо органдары, сот менен прокуратура эки маселени чечиш керек. Биринчиси, бул кишиге соттук өкүм чыгып калган. Албетте, аны кайра кароонун жолу бар. Жаңы ачылган жагдай деп кылмыш ишин кайра караса болот. Экинчиси, ушул жерде көйгөй жаралат. Сот өкүмүнө даттануу мөөнөтү өтүп кетти, мынча жыл болду деп чыгышат. Буга дагы соттун чечими керек болот. Өз учурунда соттун өкүмүн ала албай, сотко катышпай калгандыгынын себептерин далилдеп, ишти кайра карап чыгууга шарт түзсө болот. Айтор, ушундай эки чечим чыгарылыш керек. Сот менен прокуратурадан ушундай чечим чыгартуу үчүн кайрылганга укугу бар. Ушуну чечип бергиле деп талап кылса болот. Андан кийин келип, козголгон кылмыштар боюча өзүнүн ой-пикирин билдирип, факты менен далилдеп, актыгын далилдесе болот.

— Жаңы ачылган жагдай менен иликтейт да, туурабы?

— Ооба, жаңы ачылган жагдай деп райондук сот менен бүтсө районго, эгер шаар менен бүтсө шаарга жөнөтөт. Ал жактан кайра кылмыш ишин көтөрүп, тергөөгө жөнөтүлүшү мүмкүн. Анда прокуратура кайра тергейт. Тергөө иши кайра жандандырылып, тиешелүү инстанцияларга түшүп, кайра тергөө иштери жандандырылса, албетте мурдагы соттун өкүмдөрү жокко чыгарылат. Мына ушуларды да эске алыш керек. Бул жерде саясий, моралдык маселелерден алдын эң биринчи мыйзамдык маселелерди бүт тараптан караш керек. Караш керек дегеним, биздин Конституцияда жана башка кодекстердин баарында, ар бир адамдын иши сотто акыйкаттуу, көп тараптуу, объективдүү жана мыйзамдуу каралууга, ошондой эле өзүнүн укугун коргогонго акысы бар деп көрсөтүлгөн. Мурдагы президент болсо да ал адам. Анын укуктары сакталыш керек. Бирөөгө ал жагабы же жакпайбы, бул мыйзам чегиндеги норма.

— Адилет каралышы боюнча сотторго ишеним барбы? Дегеним, кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарбайбы?

— Сотко көрсөтмө бергенге, таасирин тийгизгенге эч кимдин акысы жок. Сот бул — ​көз карандысыз мамлекеттик бийлик бутагы. Ошондуктан, кийлигишкенге эч кимдин акысы жок. Президенттин, өкмөт жетекчисинин, депутаттын, журналисттин, акыйкатчынын, дегеле эч кимдин акысы жок, сотко жана тергөөгө таасир көрсөткөнгө.

— Мыйзам боюнча ошондой, бирок менин айтканымдай болсун деп бизде мыйзамды аттап өтүп жатышпайбы?

— Эгер сотко, тергөөгө бийлик бутактарынын өкүлдөрү кандайдыр бир таасир этип же кысым көрсөтсө, анда ал жоопкерчиликке тартылып, кылмыш иши козголуш керек. Ал ким болбосун жоопкерчиликке тартылышы шарт. Ал эми мамлекет ар бир адамдын укугун камсыз кылыш зарыл. Демек, Курманбек Салиевичке дагы тергөө жана сот процессин акыйкат караганга мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Анан ал киши күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот далилдейт. Анын актыгын же күнөөлүү экенин мен же кайсы бир журналист далилдебейт, сот гана далилдей алат. Бул жерде сотко да, тергөөгө да эч ким кысым көрсөтпөш керек.

— Шаардык сотко иш кайра каралсын деп жөнөткөндөн кийин баш коргоо чарасы өзгөрөбү?

— Мурда сот чечимдери чыгып калган да, 20–22 жыл деп. Ишти жаңы ачылган жагдайлар менен артка кайтарганда мурдагы өкүмдөрдүн баары жокко чыгат. Бул жерде чоң иш бар. Сот системасы менен тергөөгө чоң сыноо бар. Өзүнүн акыйкаттуулугун, мыйзамдуулугун, көз карандысыздыгын далилдей турган, бийлик бутагы экендигин көрсөтө турган мүмкүнчүлүк берилет.

— Бакиев “мен көрсөтмөнү онлайн эле берейин” деп жатат. Бул жагы кандай болуп калат?

— Мыйзам боюнча бул көрсөтүлгөн. Эгер кимдир бирөө тергөөгө көрсөтмө берип, сотко катышканга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда жерине барып сурап келсе болот. Же болбосо онлайн уюштуруп, видео аркылуу суракка жана сотко катыштырганга мыйзам жол берет.

— Өзү деле айтып жатпайбы, “эгер тергөөчүлөр келсе, аэропорттон өзүм тосуп алып, суроолоруна жооп берейин” деп…

— Мындай болгон да, илгери Белоруссияга “запрос” жибербеди беле, “бергиле” деп, бербей койгон. Кийин депутаттар жана өкмөттө иштегендер жолугат да Белоруссиянын депутат же башка өкүлдөрү менен. Ошондо айрым депутаттар көтөргөн “Бакиевди бербептирсиңер” деп. Ошондо “Силер экстрадиция боюнча бир нече жолу кайрылгансыңар, бирок “запросторуңар” туура эмес келген, эл аралык мыйзамдын негизинде толтургула да. Анын критерийлери бар, мыйзамдары, стандарты бар. Ошого ылайыктуу кылбайсыңарбы, жөн эле кыргызча кылып жазып жибербей. Баланчаны мага бер деп жазгандай кылыптырсыңар, аныңар болбойт” деген. Негизи, эл аралык мыйзамдарга дал келиш керек да. “Силер эл аралык стандартка ылайыктай албасаңар да, жок дегенде Беларусь мыйзамына ылайык кылбаптырсыңар, кыргызча эле жазып коюптурсуңар” деген жооп укканбыз. Кыскасы, экинчи президенттин жарыясынан кийин коомчулукта чоң талкуу, талаш-тартыш жаралып жатат. Мына ушул жагын да тергөө органдары, сот, прокуратура эске алып туруп, коркпой-үркпөй мыйзам чегинде чечсе, анда эл да түшүнөт. Эгер саясатташтырып же дагы кандайдыр бир көз караштар болсо, анда сөзсүз нааразычылыктар болушу мүмкүн. Ошондуктан, сөзсүз түрдө мыйзамдуулук эң негизги принцип болушу шарт.

 

Кылыч Кудайбергенов

Share