Журналист агабыз Бекен Назаралиевдин жакында Минскиге атайын барып, Курманбек Бакиев менен бир сааттан ашык маектешип келгендиги кыргыз коомчулугун бир топ дүрбөлөңгө салып койду. Анткени, Курманбек Бакиев азыр эмне менен алектенип жаткандыгынан тартып, 2010-жылдагы апрель төңкөрүшү тууралуу кыска болсо да жаңы жагдайларды ачыкка чыгарды.
Мисалы, ал киши “Мен иш бөлмөмдө отурсам, терезеден атылган ок шыпты көчүрүп түшүрдү. Бул тарых музейи тараптан атылды…” — деди. Бирок, бул эки имараттын ортосу жок эле дегенде 500 метр болсо керек. Эми ушунча аралыктан жөнөкөй эле адам президенттин иш бөлмөсүнүн терезесине туш ата албайт. Демек, 2010-жылдагы апрель окуясы алдын ала даярдалып, кимдир бирөөлөр көзөмөлдөп турган…
Баарынан да быйыл жыл башында Казакстанда, андан кийин Тажикстандын Тоолуу Бадахшан жана Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу облусттарында болгон окуяларга аралашып, пикирин билдирген үлкөн мамлекеттер эмнегедир 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда болгон кайгылуу окуяга көңүл кош мамиле жасап же кайдыгер болуп коюшкандыгы да таң каларлык. Андан тышкары, ошол жылы Ошто улуттар аралык чоң жаңжал июнь айында тутанып, жүздөгөн бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылды, байыркы Ош шаары өрттөлдү. Май айында болсо Бишкектин тегерегинде да улуттар ортосуна чок таштаган окуялар тутанып, адам өмүрлөрү кыйылды…
Баарынан да Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов мыйзамдуу президентти сатып, Убактылуу Өкмөт тарапка өтүп кеткендиги, акча алгандыгы тууралуу сөз кызык болууда. Акча демекчи, К.Бакиев кийин Минскиге барганда өздөрү кеткенден кийин Россия берген 300 млн доллар Кыргызстандын кайсыл банктарында канча суммада калгандыгын айткандыгы сенсация болууда. Бул акчаны Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бүгүнкү күнгө чейин “Бакиевдер алып кеткен…” — деп жүрүшпөйбү.
Азыр Беларуста 100 гектардан ашык жерге келечектин технологиясы делген 14 завод куруп, Данияр Үсөнөв экөөсү Кытай өкмөтүн ишендирип, 600 млн доллар кредит алып, бүтүндөй Беларустун экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп жатышы да биз үчүн ойлоно турган жагдай.
Кыскасы, ушул жана башка 2010-жылдын апрель окуясына байланыштуу жагдайлар бардык тараптардын онлайн же бетме-бет кездешип катышуусу менен эл аралык сотто каралып, бир бүтүм чыгарылышы керек. Бирок кыргыз соту адилет чечим чыгарарына көз жетпейт. Анткени кимдир-бирөөлөр сотко кысым жасашы мүмкүн. Антпесе бул окуя тарыхта кара так бойдон кала берет.
Эмилбек Момунов