Улуттук илимдер академиясын жиликтеп салуу – диверсияга барабар

«Илим ийне менен кудук казгандай» деп бекеринен айтылбайт. Илим менен алектенип, илим жолуна түшкөн адам ага бүт өмүрүн арнаганга даяр болот. Айрым учурларда илимди карьералык өсүш максатында кандайдыр бир трамплин, статус катары колдонуу үчүн бир нерселерди чампалап же плагиаттык кылып илимий даражаларды алгандар бар. Албетте андайларды илимдин адамы деп айтууга ооз барбайт. Алар өздөрү деле илимий ишин коргоп, илимдин кандидаты, доктору күбөлүгүн алаары менен “куйругун түйүп” мамлекеттик кызмат же бизнес тармагына шуу коёт. Керек болсо илим жолун жаманатты кылгандар да, коммерциялаштыргандар да ошолор. Элибизде “Кой аксагы менен миң” деп айтылган жакшы сөз бар, ошол сыңары өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга карабай аз айлыкка кайыл болуп илимдин фанаты болуп тер төгүп иштеп жүргөндөр бар. Ошолордун басымдуусу Улуттук илимдер академиясында эмгектенет.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын калыптанышы согуш мезгилиндеги бардык кыйынчылыктарга карабастан 1943-жылы башталган жана СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы уюштурулган. 1954-жылдын декабрында Фрунзе шаарында, филиалдын базасында Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы түзүлгөн.

Академиянын илимий кызматкерлеринин ошол мезгилдеги саны 203 адамды түзгөн, алардын 12си илимдин доктору, ал эми 83 — ​илимдин кандидаты. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясына жогорку мамлекеттик илимий мекеме статусун берүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы болуп кайра түзүлгөн. Эми жакында ушул “илимдердин храмы” болгон мекемени ЖОЖдор менен интеграциялоо деген шылтоо менен чилдей таратууну максат кылган шойкомдуу долбоорду өлкө башчысына сунуштаган топ пайда болуптур. Алардын “ашынган реформаторлук” пикиринде УИАны ЖОЖдор менен интеграциялоо зарыл экен. Материалдык-техникалык базасы бай, кадрдык потенциалы, эң башкысы, Конституциялык макамы бар Улуттук илимдер академиясынын түбүнө жетүүнү максат кылган ал долбоор стратегиялык жактан чоң жаңылыштык болоорун далилдөөгө аракет кылып көрөлү…

Биринчиден, жогорку окуу жайларынын башкы миссиясы билим берүү! Билим берүү — ​бул коомдун өнүгүшүнө жана функционалдашуусуна активдүү таасир этүүгө жөндөмдүү, салыштырмалуу өз алдынчалыкка ээ автономдуу система. Бирок, билим берүүнүн башка тармактарга салыштырмалуу өз алдынчалуулугу ашыра пайдаланылып, анын мамлекеттик милдеттемелерден такыр эле оолактап кетишине жол берилбеши керек. Жогорку билим берүү процесси үч негизги тутумду өз ичине камтыйт. Алар: 1) билим берүү, 2) илим, 3) тарбия. Булардын ар бири өзүнчө чоң түйшүктү талап кылган татаал процесс. Анын үстүнө азыр ЖОЖдун мугалимдери айлыктын аздыгынан жумуштан сырткары учурда бири соода-сатык менен алектенсе, айрымдары “сетевой маркетинг”, кээси фермерлик, айрымдары дыйканчылык кылып, таксист болуп кыскасы ким эмне колунан келсе ошо менен алектенип, негизги жумушу экинчи, керек болсо үчүнчү планда калганы жашыруун эмес. Турмуштук татаал шарттардан улам ЖОЖдордун окутуучуларынын илимий иштер менен алектенүүсү 60, 70 пайыз формалдуу эле көрүнүш болуп калган. Ушул жылы билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча президенттин Жарлыгы чыкты, орто мектеп мугалимдеринин айлыгы сезилээрлик көтөрүлдү. Ал эми жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын айлыгына жарыбаган (2000, 2500 сом) сумма кошулду. Ар бир окуу жай өз мүмкүнчүлүгүнө жараша көбөйтсүн деген тапшырма болгон, бирок ооздорун куу чөп менен аарчыган ЖОЖдордун жетекчиликтери өз билгенин кылып, болоор болбос акча кошуп кутулушту.

Ал эми илимдин жогорку окуу жайлары менен интеграциялашуусу жөнүндө сөз кылсак бул негизинен каржылоо жагынан проблемасы жок өнүккөн өлкөлөр жана батыш дүйнөсүнө мүнөздүү көрүнүш. Албетте бизде да илимпоздордун калган бөлүгү жогорку окуу жайларында эмгектенет. Жогорку окуу жай өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүктөрү, мыйзам ченемдүүлүктөрү бар система. Бул тармактын негизги функциясы студент жаштарга билим берүү, адистерди даярдоо ал эми илим изилдөө болсо ага удаалаш жүрүүчү параллель процесс. Жогорку окуу жайда илим изилдөө өз жолу менен кетет. Студенттердин реферат, курстук иш, дипломдук иш жазуусу илимий ишмердиктин башаты болуп саналат. Мындай ишмердүүлүктү координациялоо үчүн ЖОЖдо декандын илимий иштер боюнча орун басары, илимий иштер боюнча проректор деген кызмат орундары каралган, кафедралардын сапаттык курамы илимий даражасы барлардын сандык көрсөткүчү менен аныкталат. Университеттеги негизги уюм Окумуштуулар кеңеши деп аталат, булардан сырткары аспирантура бөлүмдөрү, илимий кеңештер иш алып барат. Кыскасы, илим ЖОЖдордо өз жолу менен кетет.

Бирок, белгилей кетүүчү жагдай окутуучу, профессор, доценттер сабак берүү менен катар илимий изилдөөлөрдү толук кандуу алып кетүү азыркы замандын ыргагында өтө татаал болуп калды. Айлык-маянанын аздыгы үй-бүлө түйшүгү, кыргызга тиешелүү туугандык, жоро-жолдоштук, коңшулук алака-катыш процесстерине байланышкан этномаданий башка көйгөйлөр. Ушунун баары жогорку билим берүү системасынын билим берүүдөн кийинки экинчи канаты болгон илимий ишмердикти формалдуулуктарга түртөт. Кыргыз менталитетинде эр болсоң ошолордон так кесе баш тартып, өзүң менен өзүң болуп илим менен алектенип көр. Биринчиден, ага-тууган дос, жолдош, коңшу-колоңдон чыгасың, бери дегенде “кутудагы адам” деген атка коносуң. Же илимди да, окутуучулукту да параллель алып кетем деп далбастап жатып формалдуулуктарга жол бересиң, иштеген мекемеңди алдайсың, акыр аягы өзүңдү өзүң алдайсың. Азыр акчанын эле эмес, убакыттын берекеси кеткен убак, ошондой шартта 2 жылда илимдин кандидаты, 3 жылдан кийин илимдин доктору боло калгандарга жеке мен күмөнсүнүү менен эле карайм.

Тилекке каршы, мамлекеттик саясаттын бир катар маанилүү багыттары теңирден-тескери жолго түшүп алган Кыргызстанда билим берүү системасы да кризиске белчесинен эмес, керек болсо кокосунан баткан десек болот. Өлкөдөгү жалпы экономикалык абалга шылтап, тармактын күнүмдүк маселелерин чечүү менен алектенген өкмөт же мамлекет улуттун келечек тагдырын тайкылантчу маселеге, тактап айтканда билим берүүгө көз жумду мамиле кылууда. Керек болсо башында сөз болгон билим берүүнүн автономдуулугу да кыргызга каршы иштеп жатканы өкүнүчтүү. Бул өзгөчө жогорку окуу жайларында байкалат. Мисалга министрликтин буйругу менен сөзсүз түрдө киргизилиши милдеттендирилсе да айрым эл аралык жана менчик окуу жайларда “Манас таануу”, “Кыргыз тили” сабактары өтүлбөйт. Канча жылдан бери “Улуттук коопсуздуктун негиздери”, “улуттук баалуулуктар”, “руханий өнүгүү жана улуттук нарк насил” деген предметтерди киргизүүгө болгон аракеттерден эч кандай майнап чыкпай келет. Окуу жайдын жетекчилиги “ашкере үнөмчүлдүк” кылып, каражат үнөмдөп, кошумча штат ачкысы келбей жатат дейин десең, ал жерде “Гендердик укук” деген сабак кадимкидей өтүлүп жатканына күбө болосуң, бул өзгөчө жеке менчик ЖОЖдорго тийиштүү көрүнүш. Бул билим берүүдөгү “көзкаманчылык” эмей эмине.

Билим берүү системасы мамлекеттин улуттук кызыкчылыктар тутумундагы өзгөчө маанилүү багыт. Себеби, бул система мамлекеттин келечеги болгон жаштардын, өспүрүмдөрдүн адам, инсан катары калыптанышында чечүүчү ролду ойногон институт. Орто жана жогорку билим берүү системасы аркылуу жаш муундун социалдашуу процесси ишке ашат, ал өз кезегинде 20, 30 жылдан кийин коомдун негизин түзгөн муундун дүйнө таанымын, саясий маданиятын калыптандырат. Өлкөбүздүн билим берүү системасынын мектептик жана ЖОЖдук деңгээлдеринде улуттук кызыкчылыкка караманча каршы келген көрүнүштөр кездешет. Билим берүүнүн деңгээлинен эмгек ресурстарынын деңгээли б. а. келечек коомдун экономикасынын деңгээли да көз каранды. Билим берүү системасы жаранды калыптандырат, ал аркылуу коомдук турмуштун саясий чөйрөсүнө таасир этет. Ушундай өз көйгөйлөрү жетиштүү системаны өз тутумундагы илим изилдөө багыттары менен калтырып өздөрүнөн сурап алуу оңойбу? Же бүтүндөй классикалык илимий мекемени курмандык чалып, билим берүүгө илим изилдөө милдетин дагы кошумча бекем байлап берүүдөн натыйжа чыгаарына так кесе каршымын. Илим менен жогорку мектепти интеграциялоо деген жүйө менен тарыхы терең кыргыз илиминин калыптанышында бараандуу орду бар Улуттук илимдер академиясын жиликтеп салуу – бул өлкө келечегине карата диверсия менен барабар. Тиешелүү каржылоо системдүү иштер болбой туруп андай кадамга барсак убакыт өтүп илимий жетишкендиктерди, жыйынтыктарды конкреттүү түрдө сурай турган учур келгенде ЖОЖдор: биздин башкы миссиябыз жаш муунга билим берүү деген негизде басымды ошол жакка жасап, илим изилдөөдө олуттуу натыйжаларга жетишүү кыйын болду деп алакан жаяры турган иш. Билим берүү мекемелерине салыштырмалуу “кыргыз илиминин храмы” болгон Улуттук илимдер академиясында (мындан ары модернизациялоо, реформалоо жолу менен) илим изилдөөнү толук кандуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жогору. Академияда учурда 20га жакын институттары, башка илимий-лабораториялык структуралык (республиканын бардык региондорунда) түзүмдөрү бар. Алардын ар бири өз багыттары боюнча проектилер менен изилдөө иштерин жүргүзүп келе жатышат. Орустар айтмакчы “худо бедно” болсо да илим изилдөө иштери жүрүп келет. Ага карабай кыргыз интеллигенциясы менен киндиктеш, Исхак Раззаковдун аракети менен ачылып убагында республиканын алга сүрөөгө чоң салым кошкон мекемени өздөрүнүн көйгөйлөрү башынан ашкан ЖОЖдорго жиликтеп бөлүштүрүп берүү саясий жактан чоң ката болот.

Айрым «ашынган либералдардын» жүйөсү боюнча УИА мамлекетке пайда бербей, илимий изилдөөлөрү өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнө түрткү болбой жатыптыр. Албетте, бул жаңылыш пикир. Мисалга УИАнын Геомеханика жана пайдалуу кендерди иштетүүнү өнүктүрүү институтунун кызматкери маркум М. В. Энгельшт “горения графита” деген изилдөөгө өмүрүн арнап, “эгер Кара-Кеченин көмүрүн ачык казып ташыгандын ордунда жер алдынан күйгүзүп андан чыккан газ менен Нарын, Ысык-Көл облустарын 200 жыл камсыз кылса болот, экологияга да зыяны тийбейт” деп долбоорлоп, бүт эсеп-кысабын чыгарып какшап жүрүп өтүп кетти. Өлкөнүн идеологиясы, рухий өнүгүүсү үчүн зарыл болгон саясий-социалдык, идеологиялык мүнөздөгү стратегияларды, эң мыкты илимий сунуштарды берип келе жаткан илимдин гуманитардык багыттарындагы окумуштууларынын эмгектери мамлекетти башкарууда колдонулуп жатабы? Албетте жок! Өлкөнү жалаң академиктер башкарганда да илимге жүз буруп, алардын сунуштарын башкарууга, өндүрүшкө ж. б. тармактарга киргизүү боюнча чечкиндүү аракеттер болгон эмес

Ошого карабай УИА арабасын тартып, илимий изилдөө иштерин тынбай жүргүзүп келет. УИАга тийиштүү бардык институттарда жок дегенде бирден, айрым институттарда 3кө чейин эл аралык уюмдар менен иштешкен мүлктөрү коммерциялык принцип менен гана ой жүгүрткөн шылуундардын көзүн кычыштырып жаткан болушу да мүмкүн. Долбоорлор бар. Мисалга ушул жылы эле түзүлгөн Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун базасында түзүлгөн Мамлекет жана укук институтунда мыйзамдарды, мыйзам актыларын экспертизадан өткөрүү жолго коюлган, ушул эле институтта улуттук коопсуздук багытында жана конфликттик жагдайлар боюнча экспертизалык корутундулар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Улуттук илимдер академиясынын ондогон институттары, республиканын бардык аймактарында орун алган илимий-лабораториялык түзүмдөрү, Бишкек шаарынын элиталык районунда жайгашкан дээрлик 180 гектарга жакын Гареев атындагы ботаникалык сад ж. б. Бир кезде УИАнын мүчө-корреспонденттигине, академиктигине өтпөй кыжынып калган айрым топ “илим храмын” ЖОЖдор менен интеграциялоо деген шылтоо аркылуу жоюп тыңгысы келип жатканы жашыруун эмес. Эгер алардын шыкактоосуна берилип өлкөнүн биринчи, экинчи адамдары Кыргыз улуттук илимдер академиясын жоюу боюнча саясий чечимге барса, анда алар илимдер академиясынын жаназасын окуган Жапаровдор катары тарыхта калаары шексиз.

 

Чолпонбек Сыдыкбаев

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *