Курманбек БАКИЕВ: «Мен айткан вариантка Россиянын президенти Дмитрий Медведев да акыры макул болгон эле»

Курманбек БАКИЕВ: «Мен айткан вариантка Россиянын президенти Дмитрий Медведев да акыры макул болгон эле»

— Жанагы курал-жарак ташыган машина, эмне үчүндүр Атамбаевдин “Форумдагы” офисине жакын жерге атайылап калтырылганы табышмактуу болуп жатат. Өзүңүз билесиз, “Альфага” тиешелүү машинаны курал-жарагы менен таштап кеткендери, бул атайын кан төгүү максатында ойлонулуп, жакшы уюштурулган провокация экени талашсыз. “Альфанын” жоокерлери эч качан колдорундагы куралдарын алдырып коюшпасы белгилүү эмеспи. Алар табиятынан күжүрмөн жигиттер болот да. Жанын берсе да, “Альфанын” кызматкерлери куралдарын эч качан бөтөн адамдарга алдырып койбой турганына ишенем. Атамбаевдин адамдары машинадагы курал-жарактарды тартып алышып, ошону менен Ак үйдү басып алышканы келишкени белгилүү да.

— Дагы бир жолу айтып кетейин, бул туура эмес команда берүү болгон. “Альфанын” милдети башкача. “Альфа” деген башкача структура, мисалы бирөөнү заложник кылып алып алышса, самолётту угон кылса, ошол сыяктуу нерселер үчүн колдонулат. Анда башка кеп эле. Ал жакка “Альфаны” эмнеге алып чыккандары белгисиз. Балким, Суталинов команда берсе керек. Эгерде мен жаңылбасам…

— Ак үй турган имарат, №1 кайтарууда турган мамлекеттик обьекти экени талашсыз. Ал жакка сырттан кол салса, сөзсүз түрдө СГО тараптан ок менен жооп кайтарылмак. Дүйнө жүзүнө, өздөрүн үлгү көрсөтүп, демократиянын анабашысы делген АКШ да тургундары нааразычылык көрсөтүп, өздөрүнүн конгрессине кол салышканда, ал жердеги полициясы мыйзам бузуп кирип баргандарды мыйзамдын негизинде атып салды. Ал кадамы үчүн полиция кызматкерлери жооп да беришкен жок. Мына мыйзамдуулук деген…

— Болгондо да аял кишини атып салышты. Көрсө, Американы коргоп согушка катышкан аял экени далил болуп отурат. Ал куралы жок эле конгресстин ичине кирип барганы үчүн атып салып жатат. Мыйзамдын күчү деп ушуну айт…

— Ал эми Атамбаевди колдогондор, анын тарапташтары Ак үйдү талкалап, өрттөтүп салганын билебиз. Атамбаев жана анын колдоочулары мыйзам алдында жооп бериштиби? Жок! Ошол эле учурда, Атамбаев өзүнүн Кой-Таштагы үйүнө бийлик өкүлдөрүнөн эч кимди киргизбей, миңдеген адамдарды күнү-түнү акчага жалдап кайтартып, анын үйүн коргоп чыккандарга накталай акча төлөп, мыйзамдуулукка чакырган адамдарды таш бараңга алышканы маалым. Ал эми, Атамбаев өзү болсо, бир убакта өзүн кайтарган УКМКнын офицери, командирдин орун басары, полковник Үсөнбек Ниязбековду Кой-Таш окуясында өз үйүндө атып өлтүргөнүн өз мойнуна алган жайы бар.

— Президент болгон адамдын бул кылганы, чындыгында Кудайга да жакпай турган иш эмеспи… Кыргызстандан миңдеген чакырым алыс аралыкта жашап жатсам да “Кой-Таш” окуясын Россиянын “ОРТ”, “РТР” теле каналдарынан, “Азаттык”, “Би-Би-Си” ж. б. ММКлардан көрүп билип турдум. Мекенимде ушундай окуя болгонуна ичим ачышты.

— Сиз, Ак үйдү таштап чыгып кеткениңизден кийин Кубатбек Байболов, “Бакиев Ак үйдөн чыгып кеткенде он алты эле адам өлгөн болчу. Калган “өлгөн” делген адамдарды кайдан кошуп жатасыз!” деген таризде айтканы бар. Сизди Кыргызстанга гана эмес, дүйнө жүзүнө “канкор президент” катары көрсөтүү максатында Атамбаевдер бул жагы Токмок, тиги жагы Сокулукта ошол күндөрү өлгөн моргдогу адамдарды кошуп, “Бакиев аттырды!” деп жамандай беришкен эле. “Ата-Бейитке” сөөктөрү коюлган маркумдардын арасында бомждар, мародёрлор криминалдык териштирүүдө өлгөндөр да көмүлгөн. Ошолордун арасында өлдү делген адамдын бирөөсү, Максымбеков Маралбектин тирүү экенин, белгилүү журналист Наралы Асанбаев аны Россияда жашап жүргөн жеринен таап, анын тирүү экенин далилдеп берген жагы бар. Максымбеков “өлдү” деген жазуу Ак үйдүн темир дубалында көпкө чейин илинип турган болчу. “Ата-Бейиттеги” көрүстөндүн бирине Максымбеков Маралбек деп жазып, анын ордуна бөтөн бирөөнү көмүп салышкан. Кийин гана уялгандарынан анын атын алып салышты… Аянтта бийликке каршы күрөшүп жатышкандардын көбү этил спиртин ичип алышкандары кийин далилденди го

— Бул иштер боюнча жетиштүү маалыматтарым бар… Мына ошол кезде Ак үйдүн айланасында ок атылып жатса да, Кыргыз мамлекетинин туусун көтөрүп жүргөн Кайып-Шер деген азамат, кыргыз жараны, кеч болсо да Отунбаева, Атамбаевдерди ээрчип, жаңылганын айтып, менден кечирим сураптыр. Андан кийин да канчалаган жарандарыбыз мамлекеттик төңкөрүшкө катышып жаңылышкандарын айтышып, менден кечирим сурашып кат жолдошту. Баарын кечирдим. Өзгөчө Кайып-Шер Отунбаевалар берген “Апрель революциясынын баатыры” деген төш белгисин ыргытып таштаган экен, аны да уктум. Акыйкаттын, чындыктын жолу өтө татаал, азаптуу узак жолду кыйла убакта басып өтөөрүнө эми ынандым. Кеч болсо да мен ушунча жыл издеген ошол чындыктын үнүн уктум. Кайып-Шердин чечкиндүүлүгүнө ыракмат! Ошонун ММКлардын беттерине берген маектерин окудум. Бирок, Ала-Тоо аянтында болгон мамлекеттик төңкөрүш учурунда биринчилерден болуп, эгер мен жаңылбасам милиция академиясынын эки курсанты — ​Такырбашев Эдил менен орус улутундагы Кущ Никита — ​дагы бир улуттук гвардиянын Президенттик полктун жоокери Шымырбаев Алтынбектер каза болушту. Бул жаш жигиттер, 2010-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн коргоп жатып, мамлекеттик төңкөрүштү жасагандардын колунан Ала-Тоо аянтында каза болгондор. Аларга карата граната ыргытып жатышпайбы. БТРдин үстүнө пулемётту коюп алып, Ак үй тарапты аткылап жатышканын көргөнмүн… Ак үйдү кайтаргандар, карап туруп, беришмек беле? Эми, бул кандуу төңкөрүштүн маселелерди айланасындагы азыркы бийлик, элибиз менен акылдашып чечиши керек го. Азыр мен элүү, алтымыш жашта эмесмин. Жашым жетимиштен ашып калды. Саясатка кайрадан келип, аралашайын деген оюм жок. Бош убактарымды неберелерим, балдарым менен алек болуп өткөргөнүм жакшы. Саясаттан кеткениме он эки жыл болду, кайрадан дагы саясатка кайтайын, деген оюм да жок. Бекен иним, сен бул жакка келбегениңде сага жолукпайт да, суроолоруңа да жооп бербейт элем. Ачыгын айтканымда ушундай.

— Курманбек Салиевич, бул суроону баш жагында берем деп унутуп калыптырмын. Сиз, ошол учурда, куралдуу төңкөрүшкө, өлкөдөгү саясый опуртал өз өмүрүңүзгө коркунуч туулуп айласыздан кичи мекениңиз Тейитте баш калкалоого туура келди.?

— Бекен иним, сенин Белоруссия жергесине келип, менден маек алып жатканыңа чындыгында чоң ырахмат. Менин да өз элиме айтар өз чындыгым бар. Арадан он эки жылдай убакыт өтүп кетиптир. Ошол мезгилден бери, мен туурасында туура эмес маалыматтарды айтышып, жаштардын мээсине куюп, айландырып бүтүштү. “Бакиев атты, буйрук берип, өлтүрүп кетти!” деп, буга чейин айтып келишти. Аянттагы балдардын ичкен сууларына да психотропный нерселерди кошкон деп уктум. Колдоруна куралды карматып коюшуп, “ушул жакка кирип, ата бер!” десе, бечара балдар алардын айткандарын аткарышып, өздөрүнүн өмүрлөрү кыйылып, кете беришти да. Аларда күнөө жок. Баарын ачыкка чыгарыш керек.

— Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн айрымдары “15-апрелде Бакиевдер түштүк жергесинде элди топтоп жатат. Баарын атып, бомбалап кырыш керек!” дегенге чейин барышат. Курманбек Салиевич, сизди Тейит айылынан кармап келиш үчүн, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү атайын даярдыктагы күч структурасынын жоокерлери менен генерал Артур Медетбековду жөнөткөн эле. Артур Медетбеков экөөңүздөр жекеме-жеке жолукканда эмнелерди сүйлөштүңүздөр эле?

— Мен анда Тейиттен кете элек болчумун… Анда, Тейитте жүргөнүмдө, генерал Артур Медетбеков келди. Мен аны көрүп эле, “Артур, сенин бул жакка келериңди билгем. Алар сөзсүз сени гана жөнөтөт деп ойлогон элем!” деп айттым. Чындыгында, мен ал жигитти сыйлачумун. Чыныгы генерал деген сөзгө татыктуу жигит болчу. Өз ишин жакшы билген, чыныгы жигит деп билет элем.

— Артур Медетбеков Тейитке сизди “колго түшүп бериңиз!” деп келип жатат да, туурабы?

— Ал келгенде, мен да айттым, “… Сага кандай тапшырма берилди? Эмне, алып кетейин деп келдиңби?” деп Артур Медетбековдон сурадым. “Жок”… деди Артур. Мен андан кийин учуп кеттим. Эми, менин бул сөздү угушума караганда, Кыргызстанда төңкөрүш болгондо, АКШнын президенти — ​Барак Обама, ал эми Россиянын президенти — ​Медведев болчу. Дмитрий Медведев, Нурсултан Назарбаевдер АКШда расмий иш сапар менен жүрүшкөн экен.

— Сиз алар менен сүйлөштүңүз беле?

— Жок… Мен ал күндөрү эч кимиси менен байланышкан жокмун… Медведев менен Нурсултан Абишевич Назарбаев ошол кезде Америкада жүрүшкөн экен деп уктум. Канчалык деңгээлде бул чындык экени мага белгисиз… Ошондо АКШынын президенти Барак Обама, Медведев менен Назарбаевге кайрылып, айтыптыр: «Силерден өтүнөм, Курманбек Бакиевге, үй-бүлөсү менен анын коопсуздук жагын карап Кыргызстандан чыгып кетишине жардам бергиле?» деп сураныптыр. Эмне максатта Барак Обама антип айтканын билбеймин. Барак Обама менен жолуккан эмесмин. Ушундай сөз, мен Тейитте жүргөнүмдө мага жетти, бул жерге. “Сизди Кыргызстандан алып чыгып кетүү боюнча, эң биринчи АКШнын президенти Барак Обама айтыптыр, Медведев менен Назарбаевге кайрылыптыр” дешти.

Бирок, мен айттым го Путин, Назарбаев менен сүйлөшкөндүгүмдү, Лукашенконун мага телефон чалганын сага айттым го.

— Курманбек Салиевич, сиз ошол кезде Тажик президенти Рахмон, Өзбек президенти Каримов менен деле жылуу, жакшы мамиледе болгонсуз. Бул мамлекеттерден баш калкалоого суранган жоксузбу? Эмне үчүн, буга чейин жакшы мамиледе болуп жүрүп, ошондой оор кырдаалда сиз менен кабар алышканга да жарашкан жок деген ойдо болуп жатам. Алар эмне Москва менен мамилебиз бузулуп калат деп коркуштубу?

— Эми, мындай да… Мен дагы аларды ойлогом, бирок мен алар чакырган күндө да бармак эмесмин. Себеби, биз коңшу мамлекетпиз. Өзбекстан менен Казакстанда болсом, Бишкектен бир чыр-чатак чыкса, бирдеке болсо эле, Бакиевдер күнөөлүү деп бизден көрө беришмек. Кийин бир нече жылдардан кийин деле угуп жаттым. Бирөө азилге салып айтыптыр го, “Жакында уйларың сүт бербей калса деле, Бакиев күнөөлүүбү?” деп күлүп жүрүштү го. Эмне жаман иштер болсо да, э, айнанайын, биздин үй-бүлөөгө жүктөп жатышты го. Каримов менен Рахмон чакырган күндө да бармак эмесмин. Туура эмес болуп калмак.

— Президенттиктен кеткен соң, башка өлкөлөрдүн өлкө башчылары менен баштагыдай байланышпай калсаңыз керек?

— Жумушубуз болбогон соң, эмне туурасында сүйлөшмөк элек…

— Курманбек Салиевич, президент болуп турган кезиңизде алдыга максат кылып коюп, келечекте ишке ашырам деген иш-пландарыңыз болсо керек. Алдыга койгон асыл максаттарыңызды угуп койсок болобу?

— Аткара турган иштер көп болчу… Президенттик экинчи мөөнөткө өткөнүмдө алдыга койгон пландарымды башында айтып кеттим го… Президенттик биринчи мөөнөтүмдө Камбар-Ата‑2 ГЭСин бүтүрүп коюп, анан кеттик да. Ал эми президенттик экинчи мөөнөтүмдө Россиянын президенти Медведев менен сүйлөшүүлөрдү баштап койдук эле. Россия менен менен биргелешип, Камбар-Ата‑1 ГЭСин баштамакпыз. Мен Россиянын президенти Медведев менен сүйлөшүп, алгачкы кадамдарды баштап койгон элем. Айта берсек, сөз да көп. Мен маектин башында айттым эле го, менин экинчи президенттик мөөнөтүм акыркысы болчу деп. Россиянын президенти Медведев менен сүйлөшкөндө да айткам. Ал жакка кете турган инвесстициянын көлөмү, эң негизгиси кандай шартта экенине токтолгонбуз. Камбар-Ата‑1 ГЭСине кете турган каражаттын көлөмү 1,7 млрд доллар менен, курулуш иштери бүтө турган проект болгон. Азыркыдай, үч жарым, төрт млрд доллар болмок эмес. Россиянын президенти Медведев менден сурап жатпайбы: “Акчаны сиздерге биз берсек, Камбар-Ата‑1 ГЭСинин контролдук пакети 51% Россияныкы, мындайча айтканда биздин колубузда болсун, ал эми 49% Кыргызстанда болушу керек!” деди ал. Мен Дмитрий Медведевге айттым: — ​“Жок, болбойт. Жер биздики, суу биздики, ошондуктан Кыргызстандыкы 50%, ал эми Россияныкы да 50 пайыз болсун! Ал эми үлүшүбүз теңме-тең болсун. Туура, акча силердики, бирок суу менен жер биздики болуп жатпайбы?” деп мен Россиянын президенти Медведевди көндүргөнмүн… Мен айткан вариантка Россиянын президенти Дмитрий Медведев да акыры макул болгон эле.

— Эгер, Камбар-Ата‑1 ГЭСи курулуп бүтүп калганда, канча мезгилде өзүн-өзү актамак эле?

— Ошол келишим менен барганда, анда тариф да башкача болмок. Эми, бул проектинин Инвестициялык көлөмүн көбөйтүп алса, абдан чоңойтуп алса, анда баасы өсүш керек эле… Энергиянын себестоимости, демек баасы өсүп жогору болуп калмак. Эгерде мен уктум, Атамбаевдин убагында булар сүйлөшүптүр, 70% Россияга, ал эми Кыргызстанга 30% болсун деп сүйлөшкөн экен. Бул такыр туура эмес да. Кайрадан Кыргызстанга бул проект өтмөк эмес. Суунун башында тургандан кийин. Биз кеткенден кийин “Бишкек ТЭЦ”, “Датка-Кемин”, ж. б. баасын бир канча эсеге көтөрүп алышыптыр…

— Булардын баарысы, сиз президент болуп турган учурда эки тараптуу бекитилген проектилер беле?

— Булардын баарын, Максим ЦАРИдеги иштеген балдары менен Кытайга барып келишимге кол коюп келишкен эле.

— Ал эми, Түндүк-түштүк альтернативалык жолу да сиздин убагыңызда башталган беле?

— Биз жетишпей калдык… Ал эми, Кытай — ​Кыргызстан — ​Өзбекстан темир жолу бүтүп калса, ар бир өткөн поездден, өтө чоң көлөмдөгү акча каражатын алып турушмак. Ошол темир жол өткөн жердин эки тарабында инфраструктура өсүп, калк жашаган кыштактар өсүп чыкмак. Албетте, жумушчу орундар пайда болмок эле. Транспорт деген, каражаттын өтө чоң булагы болуп саналат. Кептин баары ушунда болуп жатат Экономика өсүш үчүн, жумушчу орундары болуш керек. Татыктуу жумушчу орундар пайда болот. Бакиев кеткенден кийин биз бажыдан мынча эсе көп салык чогултуп жатабыз деп мактанып жатышат. Пошлинаны үч эсе көбөйтүп жиберишти. Демек кирешеси да, үч эсеге өсүшү керек эле да. Эми, экономикалык жактан айта берсе сөз көп.

— Курманбек Салиевич, Белорус жергесине алгач келгенде кыргыздын тоолору, анан апам эле түшүмө кире берет деген элеңиз. Бул туулган жерге болгон кусалыктан эмеспи…

— Азыркыга чейин, түшүмө тоолор көп кирет. Чындыгында, уктаганымда эле кышындасы, жайкы мезгилде да түшүмө тоолор менен апамдын элеси кире берчү. Мен эртең менен эрте туруп, спорттук көңүгүүлөрдү жасаган учурумда, кассеталарга жазылган кыргызча күүлөрдү, ырларды укканды жакшы көрөмүн. Бул нерселер мага, күндө кайталанган салттай эле болуп калды.

— Мен билгенден өзүңүз да жакшы ырдайт элеңиз… Кыргыз жерине болгон сагынычыңызды, кусалыкты өзүңүз ырдап жазасызбы?

— Анда-санда болот… Ырдаганымда, черим жазылат, кыйла жеңилдеп эс алып калам. Менин, токойду аралап жүрүп, кыргызча ырдаганымды, белорустардын ак кайыңдары далай ирет угушту го. Ыр деген бул, көңүлүңдү ачат, жүрөгүңдү кубантат дегендей жакшы нерсе…

— Курманбек Салиевич, өлкөдөгү кандуу төңкөрүштөн кийин, үй-бүлөңүз менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонсуз. Ошондон бери, Белорус жергесинде жашап келе жатасыз. Белорус президенти Александр Лукашенко менен жакын мамиледе экениңизди билебиз, ал эми белорус эли туурасында эмнелерди айта аласыз? Сиздин балаңыз менен кызыңыздын балалык күндөрү, жаштыгы, студенттик курагы да Минск шаарында өттү. Белорус эли менен кыргыз элинин кандай окшоштуктары бар экен? Белорус жерин да кыргыз жериндегидей экинчи үйүм, Ата-Журтум деп айта аласызбы?

— Ошондуктан, эң биринчи Белорус президенти, менин досум Александр Лукашенкого, жалпысынан алганда меймандос белорус элине миң мертебе ыраазымын. Дайыма ырахматымды айтып келем. Белорус президенти Александр Лукашенко мага жазган бир куттуктоосунда: “ Курманбек Салиевич, сен аябай бай адамсың! Башка адамдарда бир эле мекени болсо, ал эми сенин Кыргызстан жана Белоруссия деген эки мекениң бар” деп жазган эле.

— Белоруссияда батыштын колдоосу менен аз жерден мамлекеттик төңкөрүш болуп кете жаздады эле. Сиздин биздеги “кээ бир” душмандарыңыз, “Бакиев, башына иш түшкөн кезде, ушунча жакшылык кылган досу Лукашенкону таштап, Түркиягабы баш калкалап качып кетиптир!” деп ушак сөздөрдү таратышты эле. Андай болгон эмес беле?

— Менин андай оюм болгон эмес. Белорус элинин башына да оор күндөр түшүп, тарыхый сыноо болуп турган күндөрдө да, мен эч кайда качкан да, кеткеним да жок. Мен Белоруссиянын эли менен бирге болдум. Эч жакка качканым да, кеткеним да жок. Мен өзүмө, Белорус эли эмнени көрсө, алар менен чогуу болом деп сөз бергем. Туура, бүгүнкү күндө Белоруссия менин экинчи мекеним болуп калды. Белоруссиянын жери, анын меймандос эли менен дайыма сыймыктана алам.

— Курманбек Салиевич, биздин укканыбызга караганда Лукашенко досуңуз “үй салып ал” деп”, жер бөлүштүрүп бериптир.

— Ооба.

— Кандай шарт менен?

— Өзүнүн Указы менен эле берди…

— Белорус президентине коңшу болуп калды деп уктук?

— Жок… Жакыныракмын…

— Курманбек Салиевич, алтындай болгон убактыңыздан “Жаңы Ордо” гезитине кенен маек берүүгө бөлүп бергениңиз үчүн сизге чоң ырахмат. Сизге ден-соолук, ал эми сизге экинчи мекениңиз болуп калган Белорус жергесине бейпилчилик каалап кетем.

— Мен дагы сага ырахмат айтам, ал эми “Жаңы Ордо” гезитинин коллективине чыгармачылык ийгилик каалайм.

 

Маектешкен Бекен Назаралиев

Бишкек– Москва–Минск

Share