Мектеп директорлорун алмаштыруу коррупцияга жол ачпайбы?

Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша тургандыгын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлап, 12-июлдагы президенттин жарлыгына ылайык, мектеп директорлору беш жылдык мөөнөткө дайындаларын, ал эми беш жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматынан бошотуларын жар салышты. Асыресе, бошогон директорлор кайрадан жетекчилик кызматтын сынагына катыша алышарын айтып, алгач Таласта сынакты баштап, август айында башка мектептердин жетекчилери да алмаштырыларын белгилешти. Албетте, муну реформа катары көрсөтүшүүдө. Бирок, жетекчиликти алмаштыруу менен билимдин өркүндөшүнө жол ачылабы же директорлук “кресло” соодага айланып, кезектеги коррупция өкүм сүрөбү деген кооптонуу коомчулукта кеңири талкууланып жатат.

Дегенибиз менен 20–30 жыл иштеген мектеп директорлорун жумуштан алуу чоң көйгөй болуп келген. Билим берүү министри «мектепти менчиктеп алган, арасында акчаны күрөгөн коррупционер директорлорду качан жумуштан алат?» деген маселе жыл сайын көтөрүлчү. Мыйзам боюнча, эмгек кодекси, укуктуу талаа алкагында караганда мектеп директору каржылык же эмгек кодексин бузганда гана кылмыш иши козголуп, анын негизинде жумуштан алынчу. Ошондо дагы айыл, райондордун мектеп директорлорун райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары жергиликтүү бийлик башчылары менен кеңешип коюшчу. Бишкек шаарында мектеп директору айтылган негизде, сот тарабынан кылмышы далилденсе гана Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгы тарабынан жумуштан алынчу. Министрликтин тээ алыскы айылдагы бир тажаткыр директорду жумуштан алуу колунан келчү эмес. Себеп дегенде, мыйзамдар ушундай жазылып калган. «Карга карганын көзүн чукубайт» деген коррупциялык механизм иштеп турганда, бир жеп-ичкич директорду жумуштан алуу оңой эмес эле. Президент Садыр Жапаровдун «Мектеп директорлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыгы дыңды бузду. Анда бул маселе боюнча элдин пикирин угуп көрөлү.

Равшан Жээнбеков, Бириккен демократиялык кыймылынын өкүлү: «Директорлорду кызматтан кетирип, башкаларды алып келүү – ​реформага жатпайт»

— Миңге жакын мектептин директорун кетиришип, алардын ордуна жаңы директорлорду конкурс менен кызматка алабыз деп элге жарыялашты. Муну алар реформа менен байланыштырып жатышат. Бул реформага эч кандай тиешеси жок. Ага далил катарында эки аргумент келтирейин. Биринчиси, губернатор менен акимдерди ротация кылышты. Ал иштин жүрүп жатканына мына эки жылдын жүзү болду, андан жергиликтүү бийлик жакшырып кеткен жок. Экиничиси, өздөрүнө жакпаган ооркуналардын башчыларын кетиришти, жаккандарын калтырышты, андан дагы Саламаттыкты сактоо тармагы өзгөрүп кеткен жок. Ошондуктан, мектеп директорлорун кызматтан кетирип, башкаларды алып келүү да реформага жатпайт. Биз демократтар — ​демократиялык оппозиция үчүн билим тармагы эң маанилүү тармак болуп эсептелет. Себеби, бул биздин мамлекетибиздин, улутубуздун жана балдарыбыздын келечеги болуп эсептелет. Реформаны бийлик өзү жамынып отуруп алып кылбайт. Реформа кылыш үчүн биринчи кезекте жарандык коомду тартышы керек. Реформаны жарандык коом кылат. Экинчиси, бизге так айтышы керек, мектептердин, жогорку окуу жайлардын багыты жана кандай болорун. Үчүнчүсү, билим тармагындагы реформа системалуу болушу кажет. Азыркы система түп тамырынан өзгөрүшү шарт. Мына ушул үч нерсе гана биздин мамлекеттин билим тармагынын реформасын камсыз кыла алат. Эгерде бийликке биздин сунушубуз керек болсо, биз демократтар кеңеш бергенге даярбыз.

Аскер Сакыбаева, журналист: «Чылпагын алабыз деп, көзүн биротоло кашайтып салбагыла!»

— Коомчулук көптөн бери күтүп келген мектеп директорлорун алмаштыруу боюнча Президенттин жарлыгы чыкты. Эми мындан ары орто билим берүү системасын башкарууга жаңы кан куюу үчүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин колуна эки тизгин, бир чылбыр толук тийди. Албетте, ар кандай деңгээлде басым, кысым көрсөтүүлөр, коомчулуктун күтүүсү да чоң болот. Бирок, анын колунда чоң мандат бар. Чындап силкинип, билим берүүнү ордунан козгой алабы же мурдагыдан да начар абалга алып келеби, баары министрдин чечкиндүү кадамына, чечимдерине байланыштуу. Биз сыяктуу журналисттер жакшы идея, иш болсо колдоп, кемчилик болсо көзгө сая айтып туралы. Чоң жардам ушул. Ал эми мектепте билим берүүгө момундай мыкты идеяларым бар, мектепти жаңыча башкарууга билимим жетиштүү, билим берүүнүн дүйнөдөгү мыкты жолдорун киргизе алам деген агартуучулар тартынбай конкурска катышкыла! Ошондой эле мыкты иштеп жаткан мектеп директорлору да кайра тартынбай катышкыла дээр элем. Албетте, жалаң акча менен иш кылган директорлор да көп, ошон үчүн коомчулуктун бир топ катмары аларга каршы чыгып жатышат. Бирок, мектепти чындап оңдогон, өз кесибин сүйгөн директорлор дагы бар экендиги үчүн мыкты окуучулар «алтын аттестат» менен бүтүп жатышат да. Баса, бул жарлык айрым иштин көзүн билген директорлор үчүн жеке менчик мектептерге иштеп кетүүгө жакшы шанс. Азыркы жеке менчик мектептердин бардыгы кадрларды кадимки эле мектептерден тартып алышат. Мисалы, борбордогу № 12-мектеп гимназиянын мурдагы директору Елена Мундузбаева азыр «Билимкана» менчик мектебинде иштейт. Ошон үчүн кептин баары мээде жана иштей билиште. Мектеп да, балдар да биздики. Билим берүү оңолуп кетсе, Кыргызстаныбызга эле жакшы.

Тынчтыкбек Алтымышев, жарандык активист: «Бейшеналиевдин реформасын колдоп, коргоп калышыбыз керек»

— Aлмаз Бейшеналиевдин реформасын коомчулук, көпчүлүк колдоп турат. Болгону монстр директорлордун тааныштары, достору, табакташтары, соцтармактагы 300дөй киши эле бушайман болуп куурады. Аконит министр Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагындагы кландар менен жекеме-жеке кармашса, Алмаз Бейшеналиев болсо жалгыз өзү билим берүү тармагындагы жоон топ кландар армиясына жалгыз чабуул коюп жатат. Эми кезекте университеттерди менчиктештирип, жеп-ичип ныксыраган бир топ ректорлор да ордунан жылаары анык. Балким, жаш министрдин мындай эрктүү чечими тигилерге жакпай, ар тараптуу чабуулга өтүп жаткандай. Эгер биз эртеңки келечегибизди ойлосок, бүгүнкү билим берүү министрлигинин реформасын колдоп, коргоп калышыбыз керек. Антпесек, анда караңгылашканыбыз караңгылашкан!!!

Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: «Директорлорунун алынышы коррупция же акча жыйноо»

— Жаңы жетекчи реформа кылууга идеясы жок болсо кадрдык ротациядан баштайт. Ротация коррупциянын эң чоң шылтоосу. Андыктан мектептердин директорлорунун алынышы да так ушул коррупция же акча жыйноо. Жок, биз акча албай реформа жасайбыз десе, Алмаз Бейшеналиев келгенден бери мектепке, жок дегенде быйыл акча чогултпайт эле. Ал деле мурунку министрлердей ошол директорлор ата-энеден чогулткан акчага «процентке» отурбаса, 1–2 директорду каматмак. Эми чындап директорлор ордун жаңылайм десе, анда баардык эски директорду конкурска катышуу укугунан ажыратсын, жаңы кадрларды 4 жылдан ашык директор болбой тургандай мыйзам менен бекитсин. Андай кыла албаса демек акча чогултуу гана максат.

Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер: «Баарынын «причёскасы» бирдей болсун деген мыйзамга окшоп калыптыр»

— Бул Указ туура эмес болуп калган. Деректир болуп 5 жыл эле иштей алат экен. Бул деген, футболду мисал кылып образдуу айтсак, Месси менен Роналду жана башкалар 5 жыл эле ойносун дегендей эле кеп. Бул жерде негизги нерсе кандай иштеп жатат, окуулардын билим деңгээли кандай, ошого жараша деректирлердин иши бааланыш керек. Инновациялык ыкмаларды колдонуп, мыкты иштесе өмүр бою иштей берсин. А эгер окуучулардын билим деңгээли начар болсо бир жылдан ашык иштебесин. Бул Указ Түштүк Кореяда баарынын «причёскасы» бирдей болсун деген мыйзамга окшоп калыптыр.

Чолпон Орозобекова, жарандык активист: «25 жылдан бери ээлеп алып, каалагандай калчап келатышат»

— Бишкек шаарындагы мектеп директорлору боюнча министр Алмаз Бейшеналиевдин кадамын колдойм. Бишкекте айрым директорлор бир мектепти 25 жылдан бери ээлеп алып, каалагандай калчап келатышат. Камкордук фонд дегенге тааныш-билиш ата-энелерди коюп алып, өздөрүнчө мафия болуп алышкан. Ата-энелерден чогулган акчаны чогуу жешет. Аялы директор, күйөөсү болсо чарбалык директор болуп алгандарды көрүп шок болгом. Мектептин алдында Лексустар токтоп турат. Кутурган далай директорлор бар. Министрликте, Ак үйдө «крышалары» коргоп алышат. Ии баса, буга чейин мектеп директорлоруна кылмыш иши козголгон учурлар болгон. Бирок бири да сотко жеткен эмес, себеби жогору жактагы «крышалары» кылмыш иштерди жаптырып коюшат. Андыктан, Алмаз Бейшеналиев ошол мафияны билген үчүн чоң күрөштү баштады. Бирок, эми бул иш аягына чыгыш керек. Конкурска мурдагы «желмогуз» директорлорду жолотпош керек. Аларды катышуу укугунан ажыратыш керек.

 

Кылыч Кудайбергенов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *