(Башталышы мурунку санда)
— Кандай суроолорду берсе да жооп берүүгө даярсызбы?
— Даярмын…
— Эгер тергөөчүлөр, Минск шаарына келишсечи? Макулсузбу?
— Келишсин… Мен аларды өзүм эле тосуп аламын. Кандай суроо беришсе ошого жооп берүүгө даярмын.
— Мен алгач ирет Белоруссияга, Минск шаарына келип, сизден кенен маек алып кеткен соң, мага Алмаз Атамбаевдин айылдашы, сиздин убагыңызда кыска убакытка премьер-министр болгон Азим Исабеков жолуккан эле…
— Азим Исабеков өзүм тарбиялап өстүргөн мыкты, өз ишине жоопкерчиликтүү кадрларымдын бири болот деп айтсам болот.
— Өлкөдө күн алыс митингдер болуп, сизди иштеттирбей жаткан мезгил эле. Сиз аны, өкмөт башчысы катары Азим Исабековду өзүңүзгө чакырып, «Азим, сен менин кадрымсың, мен сени көчөдө жумушсуз калтырбайм. Ал эми сенин ордуңду оппозицияга бериш керек болуп жатат! Биз ошентип гана өлкөнү саясый кризистен чыгарып, сактап калабыз» деген экенсиз. Туурабы?
— Ошол кездеги өкмөт башчысын чакырып айтканым чындык…
— Ал эми, Азим Исабеков болсо, «Курманбек Салиевич, сиз кандай десеңиз, мен баарына макулмун. Бирок, менин ордума ким келе турганын билип алайынчы! Ал ким?» деп суроо салганда, сиз «Алмаз Атамбаев!» деп айткан экенсиз. Ошондо Исабеков «Курманбек Салиевич, мен Алмазды бала кезимден бери жакшы билемин. Ал премьер-министр болгон соң, сиздин президенттик креслоңузга көз артып, аны тартып алууга кызыгат!» дегени чынбы?
— Ушинтип айткан эле… Эки жылдай убакыт бою ар кандай митингдерге, бут тосууларга карабастан экономиканы бутуна тургузуп жакшы иштедик. Анан, бир күнү мага Алмаз Атамбаев келип: «Курманбек Салиевич, сиз менен оппозициянын ортосуна көпүрө болуп берейин деген жакшы оюм бар. Мени, өлкөнүн премьер-министри кылып иштетпейсизби?» деп суранып калды. Өзү деле айтты, «Кыска убакытка эле, билем, ал деле өзүңүз иштетип, өстүргөн кадр эмеспи»… (Азим Исабековду айтып жатат)— деп айтты.
— Атамбаев, эмне үчүн сизден кыска убакытка гана премьер-министрликти суранган?
— Анысын билбедим, ошентти… Мага айтты, «Кыска убакытка гана премьер-министр болом!» деп. « Анан Азим Исабековду кайра алып келип, мурдагы ордуна иштете бересиз!» деди. Келди, макул, иште дедик… Мен бир канча жолу саат алты-жетиден кийин, издеп таппай калып жүрдүм. Жок. Мен сурасам, үйүнө кетти деп жооп беришет. Президент башым менен мен жумушта отурсам, премьер-министрдин эрте эле кетип калганы эмнеси деп таң калып жүрдүм. Туура эмес го дедим ичимден. Бир карадым жок, дагы бир канча сурасам жок болуп чыгып жатты. Иштеп жаткандан эки ай өткөн соң, Атамбаев мага келип, «Курманбек Салиевич, мен чарчадым, кызматтан кетейин. Кандай дейсиз?» деп калды. Арадан ушунча жылдар өтүп кетти, эми айта берсем да боло берет. Бир күнү мен: «Алмаз, бул сөзүңдү эч кимге айтпа, уят болосуң! Иштегениңе эки ай эми болду. Чарчадым деп жатасың. Кантип… «Президент Өкмөттүн ишине аралашпайт экен» деп. Бул Алмаздын сөзү. Мына бул, өлкөнүн премьер-министри болгон Алмаз Атамбаевдин өз жумушуна болгон мамилеси. Премьер-министрлик өз милдетиңди аткар. Өзүң кабыл ала турган чечимдериңди кабыл ал. Эгер мени менен кеңешкиң келсе, мага кел! Биз өзүбүз чечебиз десең, өзүң чече бер! Мен силердин, өкмөттүн ишине аралашып, кийлигишпейм дегем… Ортобузда ушундай сөз болду… Укпай койгон.
— Анда эмнеге, иштей албаган, жумуш учурунда ичип алып жүргөн Атамбаевди көкүрөгүнө орден тагып, кадырын бийик көтөрүп кызматтан узаттыңыз эле…
— Эки ай иштеп, Атамбаев «чарчадым» дегенде да мен суранып, «Кой, Алмаз, дагы бир аз иштеп бер. Жакында эле келдиң…» деп айтып, алып калган элем. Дагы беш айдай иштеди окшойт.
— Өкмөт башчылыкты өзү суранып келип, анан иштей албаган адамга айкөлдүк кылган экенсиз да…
— «Алмаз оппозиция менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп бергениң үчүн» деп орден берип кызматтан узаттым. Иштей албай, чарчап өзү кетти демек белем. Жаман жагын элден жашырдым. Бул чындык…
— Бирок, сиз Атамбаевди жогорку кызматка, республиканын Өкмөт башчылыгына койгонуңузга өкүнүү менен жазган элеңиз. Ал тургай «Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм–Кыргызстаным» аттуу өз китебиңизде «… Кадрдык дайындоолор боюнча кетирген эң жогорку деңгээлдеги олуттуу жаңылыштыгым, 2007-жылы Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын премьер-министри кылып дайындоо болду. Бул адам дегеле жетекчи болуп иштегенге жөндөмсүз эле,» деген саптарды окуган элем.
— Албетте, өкүнгөн күндөрүм көп болду. Өзүмдүн, «Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм–Кыргызстаным» аттуу китебимде, «…өз өмүрүмдөгү эң чоң жаңылыштыкты жасап, өлкө жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү максат кылбай эле, тек гана жогорку кызматка иштеп жетүүнү көксөгөн адамды кызматка алганмын, ал — Алмаз Атамбаев болчу» деп өкүнүү менен жазган жерим бар.
— Аскар Акаев да Атамбаев туурасында мындайча айтканда: «Көзгө басар кайсы реформасын айта алат. Эч нерсе жок! Мезгил Атамбаевдин жөндөмсүз президент экенин көрсөттү» — деп так, таасын баа берген.
— Туура айтыптыр. Бул адам табиятынан талкалоочу экенин кийин, кеч болсо да түшүнүп калдым. Мага Азим Исабеков өз учурунда туура айтканына кийин ынандым. Анын чыныгы жүзүн жалпы кыргыз эли деле көрдү го.
— Курманбек Салиевич, өткөндө «Мир» телеканалынан Белорус президенти Александр Лукашенко биздин «маркум» Данияр Үсөновду мактап жатканын көрүп таң калдым да. Саясатчылар, журналисттердин тарабындагы кээ бир адамдар «Бакиев менен Данияр Үсөнов Кыргызстандан уурдап кеткен акчаларына Белоруссияда «Агрокомплекс» салдырып жатыптыр деген сөздөр айтылып келет. Ушул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар? Сиз өлкөнү башкарып турган кездеги КРнын премьер-министри Данияр Үсөнов да Урицкий деген башка фамилия менен Белоруссияда жашап, иштеп жүрөт. Бул жашыруун деле сыр эмес. Биздин республикада, көп жылдарга соттолуп, эл аралык кылмышкер аталып, издөөдө жүргөн адам катары белгилүү болгон Данияр Үсөновдун ишкер адам экенине Белорус мамлекети муктаж беле? Жолугушуп турасыздарбы?
— Эми, элдин оозун тыйып болбойт экен. Мен туурасында, «Бакиев, Россия берген кредит акчаларды, дагы бир топ нерселерди уурдап качып кетти» деген сөздөрдү окуп, угуп да калам. Мен 6–7-апрелде Кыргызстандагы банктарда канча каражаттар жатканын айтып, көрсөтүп бергенмин. Ал эми сен айтып жаткан «Агрокомплекс» өндүрүшү жакында, июль айында ишке берилгени турат. Ал заводдордун жалпы аянты 110 гектар жерди ээлейт. Кытай мамлекетинен алынган кредитке, заводдорду кытай курулушчулары өздөрү курушту. Белорус президенти Лукашенко менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин экөөнүн мамилелери абдан жакшы. Кытай мамлекети өтө төмөн пайыз менен ыңгайлуу шартта, болгону 2 пайызда 630 млн доллар менен кредит берген. Ошол акчага курулуп бүтүп, ишке берилгени турат.
— Анда, эмне үчүн Курманбек Бакиев менен Данияр Үсөнов деп, экөөңүздөрдүн фамилияңыздар аталып жүрөт?
— Эмне үчүн дегенде, башында экөөбүздүн атыбыз чыгып калып жатат. Ал кезде Данияр Малайзиядан келип жумушу жок жүрүп калды. Мен дагы жумушум жок үйдө отуруп калган кезде экөөбүз сүйлөшүп калдык. Экөөбүз отурганда: «Курманбек Салиевич, менде бир ой бар… мен көпкө чейин изилдедим эле. Ушул проектини ишке ашырбайлыбы» деп калды. Анын сөзүн аягына чейин угуп отуруп, анын ойлору мага жакты. Мен ага «давай» деп макулдугумду бердим. Ал, мен, дагы бир-эки адис, өзүнчө группа болуп, бир жарым жылдан иштедик. Бирөөсү Кыргызстандан болот. Эч кимден каражат сурабай, өзүбүз иштедик. Проект даяр болгондо мен Белорус өкмөтүнө өзүм алып барып, «кандай дейсиңер» деп аларга бергенмин. Биздин проект да Белорус өкмөтүнө жакты, «жакшы проект экен…» дешти. Менимче алты ай бою изилдеп чыгышты го. Кытай менен Белоруссиянын өкмөттөрү биригип токтом кабыл алып беришти. Белорус тарап келишимдердин негизинде Кытай мамлекети берген кредиттерди мынча жылдан кийин кайтарып беребиз деп жатышат. Бүттү. Анан каяктагы акча? Биз Кыргызстандан акча алып кетмек түгүл, өз жаныбызды араң алып чыгып кеттик го.
— Малайзияда каза болду деген «маркум» Данияр Үсөнов, тирүү туруп өз фамилиясын алмаштырууга эмне күч келди экен?
— Эми аны Данияр Үсөновдон сура… Мен деле Даниярга айттым, «Атаңды көргөн адаммын». Мен, Жалал-Абадда иштеп турганда атасы менен таанышканмын. Жакшы киши эле…
Анан Данияр: «Курманбек Салиевич, мен ушунчалык тажадым. Төңкөрүш болгон окуяларды, жана башка нерселерди өз өмүрүмдөн чийип салайын дедим» деп мага агынан жарылды. Эми аты-жөнүн, фамилиясын алмаштырам дегени анын өз иши. Өз эрки да, туурабы?
— Данияр Үсөновдун Белорус жергесиндеги жасаган иштери Александр Лукашенкого жактыбы?
— Бул заводдор эң акыркы технологиядагы жетишкендиктер менен салынып жатат. Айтып жаткан заводдор эртеңки күндүн технологиясы деп айтат элем. Беш жыл мурун эле мындай технологиялар жок болчу. Ошон үчүн Кыргызстандагы ишкерлер ушундай акыркы үлгүдөгү, эртеңки күнкү технология менен иштешсе экен деп ойлойт элем.
— Курманбек Салиевич, өз мөөнөтүңүздүн аягына чейин иштегениңизде, кандай максаттарды, кандай пландарды ишке ашырмак элеңиз?
— Бекен иним, жүрөгүмдөгү суроону бердиң. Жакшы суроо бердиң, ага ырахмат! Мен ачыгын айтайын. Менин 60 жылдык юбилейим болду. Президенттик экинчи мөөнөткө шайландым. ОДКБнын жыйыны болуп, бүт мамлекет башчылары келип, ошондо жалгыз гана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов гана келээрин же келбесин айтпай койду. ОДКБга Кыргызстанга барабы же барбайбы деген маселе көтөрүлүп калды. Ислам Каримовго мен өзүм телефон чалып: «Ислам Абдыганыевич, ОДКБга келесизби, жокпу» деп сурадым. «Курманбек, сен менин ОДКБга болгон мамилемди билесиң да. Бирок, мен сенин юбилейиңе сөзсүз барам!» деп айтты. Юбилей бүтүп, официалдуу коноктор, өлкө башчылары кеткен соң, мен бир туугандарымды Ала-Арчага чакырдым. Мен алар менен дасторкон четинде отуруп: «Үкалар, мен президент катары экинчи мөөнөткө шайландым. Мен кийинки мөөнөткө барбайм» — деп айттым. Алар таң калышкан бойдон, мени суроолуу көздөрү менен карап туруп калышты. Көрсө, менин бир туугандарым деле мындай чечкиндүү сөздү күтүшкөн эмес экен. Мен аларга: «Ачыгын айтканда, мен чарчадым. Бекен, беш жыл иштеп мен эс алуу өргүүсүнө чыкпаптырмын. Беш жыл иштеп, бир жумадан ашык эс албаптырмын. Ал дагы өзүбүздүн Ысык-Көлдө гана. Эс алыш каякта, көлдө жүрүп да папка-папка кагаздарды карап, окуп чыгасың. Ошол беш жыл аралыгында, эң көп эс алганым, 60 жашка чыкканымда гана он күн эс алдым. Мен инилериме, экинчи мөөнөтүм аяктаары менен ишти жыйыштырам деп айтканмын…
— Ошол кезде элдин арасында Курманбек Салиевич өз баласы Максимге ЦАРИИни түзүп берип, мураскорлукка даярдап жатыптыр деген сөздөр тарап кеткен эле. Балаңыз Максимди президенттикке даярдап жаткан белеңиз? Чындыгын айтыңызчы…
— Максим кыргызча сүйлөй албаса, ал кантип президент болуп иштей алмак эле. Эми элдин арасына бир ушак сөздү таратыштан мурун да ойлонуш керек да. Ушак сөз да, эл ишене ала тургандай, реалдуулукка, окшосо туура болмок. Максим кыргызча жакшы эле түшүнөт. Бирок, ал кыргызча так сүйлөй албайт, жаза да алчу эмес да… Шаарда өскөн балдардын бир трагедиясы, аксаган жери өз тилин билбегендиги ушул да. Анан Максимге кайдагы президенттик…
— Балаңызды ЦАРИИге алып барганыңыздан чынында эл деле ишенип калган да.
— Максимди ЦАРИИге алып барганым туура эле болду. Мен уулум Максимди ошол кызматка алып барганымда, ошол кездеги АКШнын биздеги толук ыйгарымдуу элчиси мындай деп айтыптыр: «Эми, Кыргызстанга келүүчү инвестициянын уурдалбашына биздин көзүбүз жетти. Көңүлүбүз ток! Анткени, ал жерге президент өз баласын койду…» деп.
— Ушул жерде Базарбай Мамбетовдун «Максим Бакиевдин 2009-жылы Кытайга барганда «Датка», «Кемин» подстанцияларын, «Датка-Кемин» электр өткөрүүчү линияны курууга 190 млн долларга сүйлөшсө, ал эми Атамбаев 389 млн доллар кылып баалады» — деп ачуу чындыкты айткан эле.
— Баарына эл тараза. Мен ошол жерден бирдеме уурдап жей турган болсом, баламды ошол жерге коёт белем.
— Бул суроону берип жатканымдын себеби бар. Өзгөчө, Азербайжан, Орто Азия республикаларында түшпөс өздөрүн хандардай сезип алган, президенттер өздөрүнөн кийин балдар-кыздарын бийликке, бийликтин башына атасынан калгандай такка отургузуп кетмей адатка айланып баратат. Гейдар Алиев өз баласы Ильхам Алиевди такка отургузуп анан тиги дүйнөгө кете берди. Каримов менен Назарбаевдер эркек балдары жок болгондуктан кыздарын даярдап, өлкө башчысы кылууга далаалат кылышты. Жакында эле Түркмөн башы Гурбангулы Бердимухаммедов өз баласын жетелеп барып, өлкө башчысы кылып такка отургузду. Өзүн түбөлүктүү хан сезип калган Рахмон да баласын президенттик такты көздөй колунан жетелеп келе жатат. Акаев да баласы менен кызын алгач парламентке аралаштырып, депутат кылып алып келүү менен чоң саясатка аралаштырууга даярдана баштаган. Аягы өкүнүчтүү аяктады эле…
— Эми мындай да, мамлекеттин башына келип, өз элин башкарам деген адам өз тилинде эркин сүйлөп, жаза да билиши керек. Бул чындык…
— Курманбек Салиевич, Орто Азия республикаларындагы эң көйгөйлүү нерсе бул — чек ара маселеси деп билем. Өзүңүз жакшы билесиз, чек ара маселесин эч качан курал менен чечүүгө болбойт. Мүмкүн болушунча дипломатиянын тили менен гана чечиш керек го. Бир ирет, Тажик президенти менен отуруп чек ара маселелерин чоң жаңжалга жеткирбей кандайча чечкендериңизди айтып отурдуңуз эле. Ошолорго токтоло кетсеңиз?
— Мен Баткендин чек арасын премьер-министр болуп турган кезимде, ошондо гана көрдүм. Чүйдө иштеп жүргөндө мүмкүнчүлүк да болгон жок. Премьер-министр болуп турганымда, чек арага канатташ эки эл ынтымакта гана жашаш керек деп айтканмын. Делимитацияны жасашы мүмкүн. Огород менен демаркация кылабызбы? Ал жерде эң негизгиси, айыл-өкмөттөрү, областтын жетекчиси губернатор коңшу мамлекет менен тыгыз иштеш керек. Эң кызыгы, ал жерде бир үй тажиктики, кийинки үй кыргыздыкы, жанагы койдун ичегисиндей эле чубалжып кеткен экен. Мен машинам менен баратып, «… бул кимдин жери» деп сурайм, «тажиктин үйү» деп мага жооп беришет. Мен андан ары, «… бул жагычы» деп суроо салам. «Бул үйдө кыргыздар жашайт» деп жооп кылышат. Кантип демаркация кылабыз, чынында баш катат. Мындай жерде, ынтымакта, биримдикте бир туугандай жашаш керек. Азырынча башка жолду көрбөй турам. Ушул маселе боюнча мага бир кабар келди. Баткен жергесинде тажик балдар менен кыргыз балдар мушташып кетиптир. Он алты жашта болушса керек. Жыйырма жашка жетпеген балдар го. Бала кезде биз деле мушташып чоңойдук го… Мен ошол жаңжалды укканда эле, ошол моментте Рахмонго телефон чалдым: «Рахмон, уктуңбу?» десем ал, «уктум!» деп жооп берди. Мен Рахмон менен сүйлөшкөндө «Мындан кийин мындай нерселер кайталанбасын башка. Мен өзүм тараптагы, жетекчилер менен сүйлөшүп чечем. Сен дагы өзүң тараптагылар менен сүйлөш! Эгерде, чек арада ушундай мушташ чыкса, курал-суралы жок, үй-бүлөдө чыккан уруштай эле заматта басыш керек. Макулсуңбу» деп айттым. Рахмон да менин сөзүмө макул экенин айтты. Ошол бойдон, мен президент болуп турганда тажик менен кыргыздын ортосунда бир да жолу ок атылып, чоң жаңжал, уруш, мушташ болгон жок. Анткени, эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилени гана жакшыртыш керек. Башка жол жок, ал жерде.
— Курманбек Салиевич, жанагы Төрт-Көчөдөгү 270 метрдин чыры, анда кайдан чыкты деп ойлойсуз? Аны дагы Бакиев менен Мадумаров тажик тарапка берип салган, сатып жиберген деп экөөңүздөрдү ушул күндө да сындап жатышат го. Аларга кандай жооп кылат элеңиз?
— Мен деле бул сөздөрдүн айланасында ар кандай пикирлерди угуп калып жүрөм. Мадумаров жерди сатып жиберген деп жатышат. Биринчиден, жерди эч ким сата албайт! Ушуну Кыргызстандык туугандарым, жердештерим жакшылап билип, түшүнүп алышсынчы. Жерди эч ким сатып алалбайт! Буга мыйзамдар, эч качан жол бербейт. Талаш жерди чечиш өтө кыйын маселе, эрежеси өтө татаал нерсе, чоң маселе. Убакыт кенен болгондо дагы айтып берет элем. Ал эми 275 метр жер боюнча мындай. Мага бир ирет, Адахан Мадумаров кирип калды да: « Курманбек Салиевич, биздин ошол жерден өтүп жаткан атуулдарыбызды, тажик чек арачылары өтө кыйнап жатышыптыр. Айрыкча кыз-келиндерди токтотуп текшерип, эмнеңди, – көйнөгүңдү чеч, сумкаңды ач–деп, ушалаганга чейин барып, кыйнап жатыптыр» деп калды. Анан мен айттым: «анда, Адахан, Баткенге сен өзүң барып кел. Өз көзүң менен чек ара жагдайын көрүп, ошол жерде жашаган жергиликтүү эл менен жолук. Биз тарап менен да, тажик тарап менен да жолугуп сүйлөш, бизге кандай ыңгайлуу шарт болсо, ошол маселени аракет кылып, чечип кел» деп айттым. Бүттү, ал Баткенге кетти.
— Мадумаров Баткен жергесине барып, ошол Төрт-Көчөдөгү маселени чечип келгенден кийин жолукту беле?
— Албетте… Келгенден кийин Адахан Мадумаров менин кабыл алуумда болду. Мадумаров: «Курманбек Салиевич, биз эки тарап болуп жолугушуп сүйлөшүп, ошол жерди убактылуу колдонуу боюнча протокол түздүк. Лейлек тарапка Төрт-Көчөдөн өткөн кезде тажик чек арачылары биздин жарандарды тоскоолдуксуз өткөрө турган болушту. Шарт түзүлдү…» деп айтты. Мен Мадумаровго: «Эки тарап тең маселенин чечилишине ыраазы болдубу» дедим. «Болду…» деп Мадумаров айтты. «Каршы болушкан жокпу» деп сурадым. Мадумаров: «Жок, эл ыраазы» деп айтты. Ошондой эле чечилген. Ал маселени эч ким деле көтөргөн эмес. Ошол бойдон ал протоколду эл унутуп деле калган. Макул, бүттү. Ал жерлер тажиктерге өтүп кеткен жок да. Протокол деген нерсе, юридикалык жактан мааниси бирин-бири жакшы билишкен адамдар болсо, кол алышып коюп кете бересиң. Экөөбүз отуруп же эки тарап болуп отуруп, бир чечимге келип, кол алышып маселени чечтик деп, анан протокол кылып коюп, «Макулсуңбу», экинчи тарап «Макулмун» деп протокол түзүп коюшкан. Сен кол койдуңбу, мен кол койдум. Бүттү…
Маалымат үчүн:
Юридикалык күчүнө карата эл аралык протоколдор көбүнчө негизги документке тиркеле турчу документ катары эсептелет. Протокол түз эле Президентке жетпейт. Кандай протокол болбосун ал биринчи Өкмөткө жиберилет. Өкмөттөн протокол бардык юридикалык ченемдерге ылайык тазаланып, иргелип, текшерилип, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Жогорку Кеңештен талкууланып каралгандан кийин гана өлкөнүн Президентине жиберилет. Президент протоколго кол коюп кабыл алат же каршылык билдирип артка кайтарып берет.
— Курманбек Салиевич, сиз премьер-министр болуп турган кезиңизде да Өзбек Республикасына караштуу Сох анклавынын маселесине байланыштуу кол коюп, өлкөбүздө бир топ ызы-чуу болгон эле. Ошол маселеге токтоло кетсеңиз…
— Ал кезде премьер-министрлик кызматка жаңыдан келип, менде бул маселелер боюнча анча тажрыйбам жок болчу. Парламентте менимче, Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровдор Сох боюнча маселени кабыргасынан коюшуп, кыйкырып чыгышкан болсо керек. Өзүң билесиң Сох Өзбекстандын анклавы да. Мага Аскар Акаев айтып калды, «Курманбек Салиевич, Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри келе жатат. Сох менен суу маселесин, тияк, бул жак боюнча маселени карасаңар» деп калды. «Макул» дедик.
Анан Өзбек республикасынын биринчи вице-премьери «Курманбек Салиевич, өзүңөрдүн территорияңардан Өзбекстан менен Сохту байланыштыра тургандай жол берсеңер» деп айтты. Анан мен аларга: «эгер биз силерге коридорго деп бир гектарбы, беш гектарбы жер берсек, ошончо гектар жерди, бизге бере аласыздарбы» дедим. Ал дароо макул болду. Анан мен дагы, «…анда жакшы экен, сүйлөшөлү» дедим. Ошондо, эки тараптуу меморандум түзүлгөн эле. Мен өкмөт башчысы катары тажрыйбам аз болчу. Ал мындай эле: «Эгерде, өзбек тарап берген жер, бизге туура келбесе анда бул меморандум иштебейт» деп жаздырып койгон элем. Жакшы болгон экен. Кийин биздин делегация экинчи ирет ал жакка барып, өзбек тарап менен жолукканыбызда, «сиздерге ушул жакты берип жатабыз» деп калышты. Карасам, оо, тоонун арасында, эч кандай жашоого шарты жок, бизге ыңгайсыз жер экен. Мен өзбек туугандарга «бул жак, бизге туура келбейт» деп ачык эле айттым. Баягы мен кол койгон меморандум күчүн жоготту. Бүттү! Парламентке келсем, Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаров: «Курманбек Салиевич, эй, жигит болуш керек да, кызматтан кетишиңиз керек» деп кыйкырып чыгышты. Мен Мадумаровго: «Адахан Кимсанбаевич, мен сиз менен жигитчиликти далилдешкенге любой жерде даярмын» деп жооп кылдым. Өлкөнүн премьер-министри катары мен депутаттар менен айтышканмын.
— Курманбек Салиевич, саясатчылар, журналисттер сиз менен Мадумаровду казактарга Каркыраны сатып жиберген деп айтып келишет. Каркыранын казак туугандарга өтүп кетиш тарыхы кандайча болгон?
— Каркыра маселесин, мен азыр эстеп көрөйүнчү… Каркыраны парламентте көтөрүп жатканда көлдүк кээ бир депутаттарга: «Силер Каркырага барып, биздин атуулдар менен сүйлөшкүлө! Элге ыңгайлуу шарт түзүп бериш керек. Нары-бери картаны чийип койгон болбойт. Ошол жерде эл эмне деп жатат, элди уккула. Кийин мага: «Курманбек Салиевич, жергиликтүү жашап жаткан эл, мына бул жер туура келет, жайыттарды пайдаланабыз. Наркы жагы деле биздин жер, бирок биз ал жерлерди пайдаланбайбыз, эгерде бул жагын бизге казактар берсе жакшы болот эле…» дегендерин айтып беришти. Андан бери арадан көп жылдар өтүп кетти. Менимче, биз 1136 гектар жерди алып, ал эми казак туугандарыбыз 625 гектар жерди алган. Мындайча айтканда, биз ал жерден эки эсе көп алдык. Ошондой эле болгон… Азыркылар деле чек ара маселесин, талаш жерлерди кандай жолдор менен чечилишти алар жакшы билишет. Эч качан бир тараптуу чечилбейт. Кичинекей өлкөбү, чоң өлкөбү, алсыз өлкөбү, бир тараптуу чечилбейт. Бул дүйнөлүк практикада да ошондой, талаш жерлер болсо, эч качан бир тараптуу чечилбейт. Бир тарап эле жок десе бүттү, ал маселе анда эч качан чечилбейт да, карабайт да. Анда тийбеш керек…
— Курманбек Салиевич, азыр жашыруун деле болбой калды. Ала-Тоо аянтында оппозицияны колдоп баргандардын көпчүлүгүнө атылган октор Ак үй тараптан эмес, арт жагынан тийгени маалым болуп турат. Бул боюнча, журналист Ырысбек Өмүрзаков кандуу төңкөрүш учурунда өлгөндөрдү кенен изилдеп, өзүнүн «7-апрель жана түштүк коогалаңы — 2010» аттуу өз китебинде болгонун-болгондой жазган эле.
— Журналист Ырысбек Өмүрзаковдун ошол китебин мен да окуп чыктым. Далилдүү фактылардын негизинде, журналист катары терең анализдеп жазып чыкканына ынандым.
— Белгилүү дипломат Бакыт Бешимовдун, « Бакиев бийлигин жөнөкөй эл жана Владимир Путин кулатты!» деп жазганы бар. Анткени, Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүштүн артында Россия турган деген маалыматтар эл арасында айтылып келет. Ушул айтылган маалыматтарга ишенсе болобу?
— Бул сөздөр, чындыкка жакыныраак… Себеп дегенде, Бекен иним, мына эки жарым жыл бою митингден башыбыз чыкпады. Биз митингдерди таратууга күч колдонгон жокпуз. Өзүң билгендей, оппозиция өкүлдөрүнүн он миңдеген адамдары менен каршылыктарын билгизип, канча ирет аянтка келишти, бир да жолу митингге чыккандарга каршы ок атып, күч колдонбодук. 2010-жылы 7-апрелде деле Ак үйдүн алдында курал-жарагы жок, тынчтык митингисине келишкенде күч колдонбойт эле.
— Аягында, «Ата-Бейитке» сөөгү коюлгандарды медициналык текшерүүдө канынан этил спирти чыккандар: Жангазиев Нурбек, Жумаев Мырзабек, Замир уулу Рустам, Камаев Үсөнбек, Максутов Эдил, Максымбеков Маралбек, Эликбаев Толокбек, Актанов Чыңгыздардын этил спиртин ичкендери далилденген.
— Ала-Тоо аянтында биринчи болуп кайсы тараптан өлүп жатышат? Ушуга көп көңүл бурушпайт.
— Албетте, сиз өлкөнү башкарып, президент болуп турганыңызда заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн «Ата-Бейитке» койдурган элеңиз. Эки жылдан кийин ошол «Ата-Бейитке» мамлекеттик төңкөрүшкө катышкан, сизди тактан кулатып, Кыргызстандан кетүүгө мажбур кылган жаштардын бир тобунун сөөгү да коюлду.
— «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин 1937-жылдары мамлекеттүүлүгүбүздүн алгачкы пайдубалын тургузган көрүнүктүү, коомдук саясый ишмерлердин сөөктөрү жаткан ыйык жай эмеспи. Заманыбыздын залкар жазуучусу, дүйнөлүк масштабдагы гений Чыңгыз агабыздын сөөгүн да биз кастарлап, зыйнатын кылып атасына топурак буйруган ыйык жерге берүүнү туура көргөнбүз. Бул абдан туура кадам болгон деп ойлойм.
— Ошондой эле «Ата-Бейитке» ок тийбей, ар кандай жаракат менен сөөгү коюлгандар да болгон. Алардын арасында Аширов Кудуреталы, Кадыралиев Нурсултан, Өмүралиев Эрланбек жана башкалар да бар эле. Бакиевди элге жек көрүндү кылыш үчүн Сокулук менен Токмоктун аралыгындагы өлүкканаларда жаткан өлгөн адамдардын сөөктөрүн да борбордук өлүкканага алып келишкен деген маалыматтар азыркы күндө да эл арасында айтылып келет. Эч жерде иштебеген, үйүндөгүлөр кууп чыккан селсаяктарды, арматура менен денелери чабылган «криминалдык разборкада» өлгөн адамдарды да ок тийгендердин катарына кошушуп, өлгөн адамдардын санын көбөйтүшкөнү кийин маалым болду. Ата-Бейитке туура эмес көмүлгөн адамдардан «тазалоо» жагы да көтөрүлө баштады. Буга кандай карайсыз?
— Курал менен Ак үйгө келип жатышпайбы. 2010-жылы 7-апрелде деле Ак үйдүн алдына оппозиция өкүлдөрү курал-жарагы жок, тынчтык митингисине келгенде ок атылбайт эле. Ырысбек Өмүрзаковдун китебин мен бир сыйра карап чыкканмын. Эми ал китеп тергөөчүнүн китеби эмес да, ал журналисттик изилдөө, анын көз карашы, анын анализдеп жазган китеби. Ал тергөөчү эмес да. Тергөө жүргөндө ал башкача болот, анда алар 7-апрелдеги кандуу окуяны өздөрүнүн тажрыйбасы менен адистер, тергөөчүлөр, криминалисттер текшерет. Квалификациялык тергөөчүлөр иш жүргүзгөндө башкача болмок. Бул жерде болсо Ы. Өмүрзаков журналист, демек журналист үстүртөн болсо да окуяны көрүп жатса, анда кандай жыйынтык чыгарат. Ал эми Ала-Тоо аянтында биринчи кайсы тараптан адамдар жарадар болуп, өлүп жатты эле? Колдорунда курал-жарагы жок, болгону дубинкасы гана бар, генерал Эргеш Алиев атындагы ИИМдин милиция академиясынын курсанттары окко учуп өлүштү. Ал эми кийинки кырдаал менен сөөктөрү «Ата-Бейитке» коюлуп калган, мамлекеттик төңкөрүшкө катышкан балдардын сөөгү бул жакта жаткандарына мен сөз айтпай эле койгонум оң го… Бир сөз айтсам мага асылып жатып калышат. Ушул сурооңду жоопсуз эле калтырганым оң болуп турат.
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен Бекен Назаралиев