Дүйшөн Керимов, журналист: «Адам ата, Обо энеден бери аялзаты эркек затынын энчиси жана тиреги»

— Агай, калемгер катары тарыхтагы кыргыз аялдарынын орду жөнүндө айтып бериңизчи…

— Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына отуз бир жылга аяк басты. СССРдин убагында да аялдарга эркиндик деп аябай ураан чакырып келдик. Мына ушул жерде тарыхка кайрылалы: Акыйкатта, жыргалынан азабы көп элбиз. Көчмөн турмушу же жашоосунун дээрлик көпчүлүк учуру кагылыштарда жүргөн. Ошондой кыйын кездерде элибизге Ала-Тоосу сепил, өлсө кепин болуп келди. Касиеттүү тоолор сактады да. Байыркы эл катары бай маданиятыбыз, каада-салтыбыз, океандай болгон “Манас”, комуз күүлөрүбүз менен жуурулушуп, турагыбыз боз үйдү айрыкча шөкөттөп жасадык, колдондук. Кыргызды улут катары тааныткан калпагы, элечеги башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Гендер саясатына келе турган болсок, бизде аялды кор туткан эмес. Ата-бабаларыбыз ачык коомдо жашады. Биз тоолордун арасында боз үйдү артынып алып, көчүп жүрсөк анан аялдарыбызды каякка катабыз? Кайсы кызыңды, кайсы аялыңды жашырасың? Кыргыздын ачык салты ушул да, нарктуу, аппак элечектүү байбичени жоргого мингизип, көч баштаткан. Мына биздин тарыхый жолубуздагы көчмөн турмушунун образы. Демократия — ​биздин каныбызда бар. Демократиялуу эл болгонбуз. Көчмөн турмушунун зарылчылыгына ылайык кыздарына да эр кийимин кийгизген. Найза сайганды, кылыч чапканды үйрөтүп чоңойткон. Себеби, эртең жоо келет, түнү менен жоо келсе кармашууга, беттешүүгө даяр болгон. Кыргыз жанын канжыгага байлап, эли-жери, эркиндиги үчүн күрөшкөн. Ошон үчүн кыз балдар да эр бүлөдөн калышпай, согуштарга катышкан. Ошондон кыз балдары дагы тарыхта даңазалуу. Дүйнө элинде деле бар. Бирок, бизде өзгөчө уникалдуулук жатат. Айрыкча, сан кылымдарды камтыган ооз эки чыгармалардын шедеври “Манас” эпосунда ачык көрүнүп турат. Кайран энең Каныкей…

Каныкей тажиктин кызы эмес деп кесе эле айтыш керек. Түрк жамаатынын эле кызы болгондон, дили-тили бир болгондон бизде акылман энелик даражага көтөрүлгөн. Каныкейдин Манаска берилген сүйүүсүн айт, сарамжалын, көсөмдүгүн, зиректигин, баатырдыгын айт! Көкчөкөздөр Манаска уу берип жатканда, эркекче кийинип барып, карсылдашып чабышып, Манасты алып чыгып кеткен. Нойгут Карача хандын жалгызы Кыз Сайкалды алалы, Манас менен ат үстүндө найза менен сайышып, экөөнүн ортосунда ыйык арзуу болгондон “акыреттик аялың болом” деп ант берген. Анча көп айтылбаган менен Наал эже санжыраларда баатырдыгы, наркы менен калды. Наал эжеден берилеп келгенде, 17–18- кылымдар ортосундагы баатырдык кагылыштарда Жаңыл Мырза эжебиз тарыхый образга айланды. Кытай, кыргыз жана саякатчылардын, тарыхчылардын эскерүүлөрүндө дагы Жаңыл Мырза бар. Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза нойгуттун кыздары болгон. Нойгуттун мекени деп, Кашкардан нары Лопнор көлү, берилеп Ак-Суу дарыяларынын бою айтылат. «Манастагы» Акбалта баштаган нойгут уруусунун баатырлары ошентип тарыхта калды. Тарыхтын изи менен келе турган болсок, Курманбек баатырдын Айганышы аялзатынын өзгөчө образын берет. Тарыхтагы аты аталган хандар, бектер, баатырлар ири алды акылман аялдарына таянган. “Аял жакшы, эр жакшы” дейт кыргыз. Кийин Курманжан датка энебиз “Жериң, элиң үчүн, элиңдин тынчтыгы үчүн өлүмгө тике кара!” деп, баласын дарга асып жатканда айткан. Ал эне болсо да, баласынын өмүрүнөн элдин тынчтыгын, бүтүндүгүн жогору койгон. Курманжан датка кайталангыс феномен!

Азбы-көппү Орто-Азия аймагында, дегеле мурдагы СССР курамындагы республикалардын ичинен биринчи жолу Кыргызстандан аял президент Роза Отунбаева чыкты. Ал деле жөн жеринен чыккан жок. Ал биздин тарыхты кайталады.

— Сөзүңүзгө аралжы, СССР кулагандан кийинки эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында, кыргыз журтчулугун кыйынчылыктан аялдар сактап калган деген кептин чындыгы канчалык?

— Аялдар бизди ошол мезгилде эле сактап калган жок. Жогоруда мен атап өткөн кыргыздын баатыр аялдарынын бардыгы кыргыздын уюткусу болуп, кыргызды сактап калышкан. СССРдин убагында “Үй-бүлө — ​коомдун уясы (ячейкасы) ” деген жакшы ураан бар эле. Үй-бүлө бекем болгондо коом жана мамлекет бекем болот. СССРдин убагында тең укуктуулук деген идеянын негизинде улуу-кичүү, аял-эркек теңдиги деген түшүнүк келип чыкты. Бирок, аны ашкере пайдаланган салттар, адаттардын чыгышына да шарт түзүлдү. СССР бизге эки жаман сабак таштап кетти: “Улуу орус эли” деп Сталин өзү өзгөчөлөнтүп айткандай, орус бийлигинин келиши менен ата-бабадан келе жаткан биздеги үй-бүлөлүк структура бузулду. Атанын ролу пастады. Кыргыз салтында атанын ролу бек болгон. Атанын бүтүмү чыкмайынча эч кандай ишке уруксат болгон эмес. Ал эми совет доорунда аялдын билими болобу, болбойбу өң тааныш же келбет-сынына карап дагы кызматка көтөрүлгөн учурлар болгон. Мунун негизинде үй-бүлөлүк салт акырындык менен өзгөрдү. Спирт ичкилиги жайылып, аял-эркек дебей аракка аралашты. Ичкилик менен кошо отуруш, компания-шерине, майрамдар көбөйдү. Аялдардан катачылык кетсе дагы эркектерге эмес, компартия аялдарга болушчу. Мунун себеби, баланы жетим калтырбай, баланы эне сактайт, тарбия берет деп, ата байкушту мүңкүрөтүп, партиядан чыгарганга чейин барчу. Мына ушул идеянын негизинде СССРдин убагында ажырашуу аз болгон. “Үй-бүлө – коомдун уясы” деген ошондон калган. Ооба, аракечтикке биз СССРдин убагында малындык. Бирок, ошол эле доордо аялзатынын жаңы образдары пайда болду. Маселен, Уркуя Салиева, эмгектин баатырлары Өлмаскан Атабекова, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова… Легендарлуу Күлүйпа Кондучалова өңдүү министр, башкаруучулар чыкты. Маданияттын, искусствонун жылдыздары Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Майрамкан Абылкасымова эжелерибизди унутууга болбос…

Ошентип, СССР таркагандан кийин совхоз, колхоз жоюлуп, завод-фабрикалар Акаевдин бийлигинин учурунда талкаланып, тонолуп, эркектер жумушсуздуктан кризиске учурады. Эгемендик бизге кедейчиликти, тентип чачыраган татаал турмушту алып келди. Соода деген пайда болду. Эркектер соодага чыкканды намыс көрдү. Кыргыз тарыхта соода кылган эмес да. Анан кайран аял этек-жеңди түрүп, базарга чыкты. Бул көрүнүш убактылуу эле болбой, береги отуз жылдан бери уланып келатканы жанды кашайтат. Кайран Калыгул, Арстанбектин ыр саптарында турбайбы: “Аял базарга чыкканда каатчылык келет десеңчи…” деген ойлор. Аял базарда эле отуруп калбай, дүйнө кезип коммерция менен алектенип кетти. Эркеги үйдө отуруп калып, жыйынтыгында канча үй-бүлөлүк очок бузулуп, тирүүлөй жетим балдардын армиясы пайда болду. “Обон — ​отряд баб особого назначения” деген аялдардын агымы чыкты. Аларды саясаттагы арсыз эркектер колдонду. Аялдарды алдыга чыгарып, өзү артында турган эркек лидер сөрөйлөр пайда болду. Жер баскынчылыгын негизинен аялдар ишке ашырган. Ошол баскынчылык менен алынган жерлерди өкмөт эми документтештирип берип жатат. Бирок, биз “аял-эркек теңдиги” дегенден мурун ата-бабалардан келе жаткан өзөктүк наркыбызга басым жасаганыбыз оңдуу эле. Маселен, япон, финдер сыяктуу… Талаш жок, байлык сенин эркиндигиңдин алдында бир тыйын да. Эркиндик — ​ата-бабабыздан келе жаткан кенч. Эркиндик каныбызда бар. Аны эч ким тыя албайт!

— Агай, атактуу жердешибиз Валентина Шевченко “көчмөндөрдүн улуу жолун улай” деген мааниде кыргыздын улуттук кийими менен жаратылышта ат чаап бараткан эпизод дүйнө көңүлүн Кыргызстанга бурду. Буга кандай баа бересиз?

— Албетте, эң сонун көрүнїш! Ошондой эле спортто Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова деген балбан кыздарыбыз дүйнөгө жарк этти. Ошол эле учурда, Өзбек Чотонов өңдүү ажы атын жамынган диний адамдар баатыр кыздарыбыздын дарегине интернет аркылуу тескери пикир жазды. Бул кыргыздын тарыхын билбегендик. Өз жеринин рухий тамырынан ажырагандык. Арапкулчулук деп айтса болот. Улуу Жараткан жана Мухаммед пайгамбар баарыбызга тең орток. Дагы да айталык, кыргызда баатыр кыздар бүгүн эле чыгып калган жок. Ал эми бүгүнкү арабдардын акчасына тоюп, улуттун өзгөчөлүгүн унутуп, аялзатына бир жактуу баа бергендерге жол бербешибиз керек. Ошондой эле Валентина Шевченко кызыбыз жөнүндө айтсак, ал кыргызстандык. Биздин жердешибиз. Валентинага рахмат! Кыргыз рухун кайталап, кадимкидей ат чапканы касиеттүү Ала-Тоодо өскөнүн даңазалады.

Кыргыз коому ачык болгон деп жогоруда айтып өттүк. Динге же дин илимине аралашуудан мурда, өз рухий тамырыңды, тарыхыңды унутпашың же аңдап түшүнүп, ардактаганың кыргыздыгың жана мекенчилдигиң экендигин унутпоо абзел. Бизде эмне көп, алгачкы президент Аскар Акаевдин бийлиги учурунда “Кыргызстан — ​жалпыбыздын үйүбүз!” деген ураан, принцибинин арты менен толгон-токой диний агымдар мекенибизге кирип, айрымдары кеңири тамыр жайганга үлгүрдү. Мына ушундай, дегеле болуп көрбөгөндөй ааламдашуу, береги интернет “ботко” заман шарапатынан канткенде өз улутубуздун касиетин жоготпой аман сактап калуу максатында — ​Президенттен тартып, катардагы жүрөгү кыргыз деп соккон ар бир атуулдун “баш оорусу” зарыл жана жоопкерчилиги, оң жолго салаар ыйык милдет-парзы алдыбызда турат.

 

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *