Баяс Турал, коомдук ишмер: «Арий элинин башатында Кыдыр турат, анын эли бизбиз»

— Баяс ага, Арий-Семит идеологиясы жана дин боюнча эмнелерди айта аласыз?

— Дүйнөлүк тарыхта эки чоң идеология бар — ​Арий идеологиясы жана Семит идеологиясы. Бул экөө тең жер бетинде дүйнө тааным катары калыптанган. Арий идеологиясы же арий дүйнө таанымы — ​адамды Кудайдын баласы дейт. Семит дүйнө таанымы адамды Кудайдын кулу деп эсептейт. Айырмасы ушунда. Тереңдетип айтсак, арий дүйнө таанымында адамды Кудай өзүнөн жаратат, Семит дүйнө таанымы адамды топурактан жаратат. Мына ушул өзөк ажырап, жиктелип отуруп эки чоң идеологияга айланды.

Эми динге келе турган болсок, тээ башталышында Кудайды таануу илими катары пайда болгон. “Кудай деген эмне”, “ал барбы же жокпу”, “адамды ким жараткан”, “ааламды ким жараткан” деген сындуу суроолорго жооп берүү үчүн жаралган. Бирок, бүгүнкү күнү диндердин бардыгы идеологияга айланып кеткендиктен алар өздөрүн-өздөрү таңуулап, бир элдин каада-салтын, дүйнө таанымын, ишенимин экинчи бир элге зордуктап, таңуулап жаткандыгы үчүн азыркыдай карама-каршылыктар келип чыгып жатат. Эгерде биз жүздөгөн жылдардан бери келе жаткан салттык ислам дини менен мындан ары кете берсек, радикалдык ислам күчөбөсө, карама-каршылык чыкмак эмес. Балким бул “жаман айтпай жакшы жок” дегендин бир көрүнүшү болуп жаткандыр, себеби, теңирчилик биздин каны-жаныбыздан жаралган дүйнө тааным. Бүт түрк элдери, түрк гана эмес, моңгол, угро-фин, азыр синто ж. б. формада тарап кеткен япон-корейлер, тактап айтканда, Алтайдан тараган элдер Теңир дүйнө таанымын жараткан. Бирок, бул оозеки сакталган. Ошондуктан, кээ бирөөлөр, “Теңирчилердин ыйык китеби жок”, “Пайгамбары жок” деп, Авраамдык диндердеги пайгамбарларды тизмектеп, аргументтерин айтып атышат. Мындай караганда, биз өзүбүздүн билим деңгээлибиз менен теңирчиликти дагы, Теңир дүйнө таанымы эмне экендигин билбегендиктен улам көп жерде үнкатпай калып жатат окшойбуз. Окугандар билет болуш керек, мен макалаларымда жазып келе жатам, пайгамбар менен манасчыны эзотерикалык көз караштан алып, диний илимдин алкагында карасак, экөө бир эле деңгээлде турат. Мисалы, пайгамбар да, манасчы да аян алып айтат. Андай болсо, эмне үчүн пайгамбар жараткан китеп ыйык болуп эсептелет дагы, манасчы жараткан китеп ыйык болуп эсептелбейт? Муну мен бардык жерлерде, илимий конференцияларда да айтып келе жатам. Демек, Куран кайсы жерде турса, Манас да ошол жерде турушу керек. Эмне үчүн биз Исламдын китебин ыйык деп эсептейбиз дагы, өзүбүздүн каны-жаныбыздан аян алып жаралган китепти ыйык деп эсептебейбиз? Муну элге жеткирүү маселеси туруп жатат. Бүгүн Ислам, Християн жана башка массалык маданият, глобализация деген түшүнүктөр дүйнөнү жапырт каптап келе жатканда бизге окшогон элдер сайда саны калбай сиңип кетип жатат. Эртең жок болуп кетишибиз мүмкүн. Азыр көп элдердин аты калып өзү жок. Алыс барбай СССР эле карайлычы, 70 жылдын ичинде 200гө жакын элдин 100ү калды. Алардын да аты эле калды, Сибир элдеринде өзү жок. Дал ушундай болуп эле биздин атыбыз калып өзүбүз жок болуп калышыбыз мүмкүн.

— Идеологияга тепселип калбаш үчүн өз дүйнө таанымды каттатыш керекпи?

— Дин маселесине келе турган болсок, азыр кээ бирөө айтып жаткандай, Теңир дүйнө таанымында дин катары каттоого болбойт. 21-кылым жаңы динге муктаж эмес. Себеби, футурологдордун, илимпоздордун айтуусунда диндер өзүнүн иштөө миссиясын аткарып бүтүп, жок болууга кетип жатат. Алдыдагы 100, 200 жылдын ичинде жок болот.

— Анда эмне болот? Адамды руханий жактан бириктирген бир нерсе болуш керек да…

— Илимпоздор “Дин менен илим биригет” деп жатат. Демек, илимий дин пайда болот. Ошол илимий диндин өзү Теңир тааным десек болот. Анткени, Теңирчиликте илим да, дин да жатат. Мына ошол маалда биз кайра жаралуу маселесин карап, илим катары жаратсак, илим катары алып чыксак, дүйнөлүк диндер эскирген көйнөктөй болуп өзү күбүлүп түшүп калат. Бирок, биз ошого жетише албай жатабыз. Албетте, азыркы абалды карап туруп, Теңир дүйнө таанымын каттаса болчудай деген дагы ой жаралбай койбойт. Анткени, аты бар өзү жок, эмнеге сыйынып жатканын билбеген секталар дагы бизди теңине албай жатат. Негизи, дүйнө таанымдан дин ылдый турат. Дүйнө тааным деген кеңири түшүнүк. Мисалы, Кудай табиятты жаратса, адамдын жаратмандыгы азыркы цивилизация. Ал эми дүйнө тааным ушул экөөн тең камтыйт. Мына ошондуктан Теңирчилик боюнча илимий борбор түзүп алып, ар тараптан изилдөөгө алсак, элге түшүндүрсөк, жайылтсак туура болот эле деген ойдомун. Биздин аракетибиздин бардыгы кыргызды сактап калуу, кыргыз мамлекетин сактап калууга багытталып жаткандан кийин, биз ошол иштерди аткарышыбыз зарыл.

— Бизде өзөк барбы?

— Өзөк бар. Авраамдык диндердин ыйык китептеринде жазылган бир окуяны айтып кетейин, Муса пайгамбар бир күнү Кудайга кайрылат, “Менден акылдуу адам барбы дүйнөдө? Менден көптү билген адам барбы?” дейт. Кудай “Сенден да көптү билген бар” десе, Муса “Каякта” дейт. Кудай “Анын илимин сен өздөштүрө албайсың, анын касиети сага берилген эмес” дейт. Муса таң калып, “жок мен ошого барып үйрөнөм” дейт. Ушул жерде айта кетерим, семиттер Кудай менен сүйлөшө берет, биз сүйлөшө албайбыз. Биздин дүйнө таанымда Кудай менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Кудай сүйлөшө турган дух эмес, чексиздик. Жүрөгүбүз менен туюп, сезишибиз мүмкүн. Ал эми семиттер сүйлөшө берет. Ошентип Муса издеп жөнөйт. “Өлгөн балыкты калтаңа салып, үч дарыянын кесилишкен жерине барганда ал тирилет, ошол жерден табасың” дейт. Көрсө ал Кыдыр экен. Кыдыр Мусанын ким экенин билет. Ээрчип алып үч окуяга күбө болот. Кыдыр алдын ала билет. Анын туюп-билүү касиети бар. Бул жерде эки башка маселени көрсөк болот, биринде туюп-билүү касиетин, экинчисинде акыл иштегенин. Муну салыштыруу менен Кыдырдын эли илимди жаратканын билсек болот. Бүгүнкү цивилизациялык деңгээлди илим көтөрдүбү же дин көтөрдүбү деген маселе бар. Экинчиси, Кыдыр Мусадан дагы көптү билген киши экенин тастыктап турат. Демек, Арий элинин башатында Кыдыр бар. Кыдырдын эли бизбиз.

 

Кылыч Кудайбергенов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *