— Агай сөзүбүздү улайлык…
— Ошентип, Москвада орус түркологиясынын чоң ордосуна тушуктум. Мен үчүн, азыр ойлосом, абдан мыкты илим чөйрөсүнө кирген экенмин. Адам учурунда көп нерсеге маани бербей коёт тура. Азыр да өзүмдү жактырбаган учурларым көп болот. Өткөнгө өкүнүч жок дейт эмеспи, өкүнгөн менен пайда жок, өткөн — өттү, кеткен — кетти. Болгонуна каниет кылып калат экенсиң. Ушул жерде бир нерсени эскере кетким келди. Адамдын жеке турмушунун калыптанышы илим, чыгармачылыкка багыт алган адам үчүн, кебетеси, өзгөчө мааниге ээ болот экен. Өзүңдөн башка таянаарың жок болсо, өмүрлүк жарыңдын турмуш куруудагы, үй-бүлөлүк жашоону уюштуруудагы ролу, андан кийинки эң маанилүү жагдай үй-бүлөң аралашкан чөйрө өзгөчө мааниге ээ тура. Ошолорду эстен чыгарбоо керек. 1975-жылы Жамила деген өмүрлүк жарымды таптым, ата-энеден жалгыз элем, Москвада 1976-жылы Канышай деген кыздуу болдук. Балалуу болуу — адам өмүрүндөгү эң бактылуулуктун бир көз ирмеми, сезими экендигин түшүндүм. Ал өмүр бою коштой турган адамдыктын аруулугунун туюмдары болот окшойт. Балдарымдын, неберелеримдин туулгандыгын уккан сааттарым, күндөрүмдөгү сезимдерим, билбеймин, мен үчүн өмүрүмдүн, жашоомдун булагы, жашатып жаткан улуу күч экендиги ичимде, тээ тереңдеги аң-сезимимде дайыма турат. Ата, энеден жалгыз төрөлүп, бой тартып, эрезеге жеткен мага балдарымдын, неберелеримдин төрөлүшүп, бой тартып келе жаткандыктары өзгөчө мааниге ээ. Менимче, эки жаштын ортосунда болгон ички сүйүү, махабат деген түшүнүктөрдү жашоодо бекемдеген балдарың болот экен. Жамила мен үчүн жашоомдун эң аялуу, эң назик туюмдары. Балдарымдын апасын, неберелеримдин энесин ардактап, кадырлаймын. Көр турмуш ал сезимди дайыма бийик тутууга жол бербейт тура. Бирок, анын көңүлүн оорутпоо мага адат болуп калган.
Ушундай шартта СССР Илимдер академиясынын Тил таануу институтунун Түрк жана моңгол тилдери бөлүмүндө стажер-изилдөөчү болдум. СССР Илимдер академиясында аспирантуранын алдында ушундай эки жылдык стажер-изилдөөчүлүк кызматы киргизилип, республикалардан келген жаш кадрларга камкордук күчөтүлгөн учурга туш келген экенбиз. Эки жыл ичинде аспиранттарга атайын окутулган лингвистиканын теориясы (Э. А. Макаев, санскритти суудай билген, индоевропа элдери жана тилдери боюнча өтө таанымал профессор эле), тил илимининин жалпы теориясы (Б. А. Серебренников, түркологиянын «грозасы» деп коюшчу, себеби, түркологдорду көп сындаган чыгаан окумуштуу эле), түрк тилинин грамматикасы (Түркия түрктөрүнүн) (Н. З. Гаджиева, түрколог-профессор) ж. б. СССРдин эң таанымал окумуштууларынын атайын курстарын Институттун бардык аспиранттары менен чогуу окудук, тиешелүү сыноолорунан да өттүк.
Булардан тышкары, Түрк жана моңгол тилдер бөлүмүндө дайыма уюштурулуп туруучу илимий семинарларга, диссертациялардын талкууларына, Институтта өтүп туруучу илимий конференцияларга, диссертациялык кеңештердеги коргоолорго жаштардын катышуулары талап кылынчу. Бул иш-чаралар да окумуштуулуктун маңызын түшүнүүгө жасалган жакшы ыкмалардын бири экен, көрсө. Түрк жана монгол тилдер бөлүмүндө СССРдин эң таанымал түрколог, монголист окумуштуулары иштешчүү. Алар түркологдор Н. А. Баскаков (менин илимий жетекчим), Э. В. Севортян, Э. Р. Тенишев (бөлүмдүн башчысы), К. М. Мусаев, Н. З. Гаджиева, Л. С. Левитская, А. Пацелуевский, Ф. Д. Ашнин; монголисттер Г. Д. Санжеев, Т. М. Бертагаев, Г. Ц. Пюрбеев, А. А. Дарбеева жана башка мыкты адистер менен тыгыз аралашып, насааттарын нечен жолу уктук эле. Булардын ар бири менен көздөрү тирүү кездеринде байланышта болуп жүргөнүмө азыр деле кубанамын.
Булардан тышкары, москвалык атактуу окумуштуулар менен да жакшы мамиледе болуп, алардын кеп-кеңештери мага абдан чоң таяныч болду. Алардын катарына атактуу географ, кыргыз топонимикасы боюнча 1940-жылы эң алгачкы макала жазган Э. М. Мурзаев, совет ономастикасынын негиз салуучуларынын бири В. А. Никонов (анын 4500дөн ашык китептерден турган жеке китепканасын көзү тирүүсүндө мага белек кылган болчу. 1989-жылы КИА Тил жана адабият институтуна Москвадан алып келип, өзүнчө китепкана уюштурган элем. Кийин 1993-жылы БГУга көчүрүп келгемин. Өкүнгөнүм — атактуу окумуштуунун китепканасы эки жерде тең жакшы сакталбай калды), советтик ономастика илимин өнүктүрүүгө чоң салым кошкон А. В. Суперанская, Памир тилдери боюнча чоң адис, иранист Ж. А. Эдельман жана башкалар менен пикирлешүү илим жолунда көп түшүнүктөргө жол ачкандыгын унутуш мүмкүн эмес.
Ошол кездеги Россиянын түркологдору дүйнөдөгү эң таанылган, активдүү позициялары бар аалымдар болгон. Алардын арасында Ленинграддан Москвага каттап турушкан жалгыз түрколог-академик А. Н. Кононов, профессор А. М. Щербак, профессор С. Кляшторный, москвалык окумуштуулар А. А. Реформатский, И. В. Добродомов, Д. Д. Васильев, этнограф Х. Кармышева ж. б. көп нерселерди үйрөнүүгө мажбур кылышкан.
— Конференция өткөргөнүңүз боюнча айта кетсеңиз…
— СССР учурунда Фрунзе шаарында бүткүл союздук деңгээлдеги эки чоң илимий конференцияны өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин Башкы секретарлык кызматтарын аткардым. Алар 2-Бүткүл союздук ономастикалык изилдөөлөр конференциясы, сентябрь, 1986-жыл, 166 окумуштуу, ал эми экинчиси, 5-Бүткүл союздук түркология конференциясы, сентябрь, 1988-жыл, 553 окумуштуу катышкан. Бул эки конференциянын Кыргызстандын борбору Фрунзеде өткөрүлгөнү өз учурунда өзгөчө мааниге ээ болгон, менимче, Кыргызстандагы гуманитардык илимдердин өнүгүү тарыхында деле эске алына турган окуя болгон. 5-Бүткүл союздук түркология конференциясы 1926-жылы мартта Бакуда өткөн Түркология курултайынын уландысы, 5-си болчу. Саясат бир аз жол бергенден кийин 1982-жылы анын 2-си Алматыда, 3-сү 1980-жылы Ташкенде, 1984-жылы 4-сү Ашгабатта, 5-си 1988-жылы Фрунзеде, 1992-жылы 6-сы Казанда өткөрүлгөндөн кийин бул конференция да токтоду.
Фрунзеде өткөн 5-Бүткүл союздук түркология конференциясынын Уюштуруу комитетинин төрагасы Советтик түркологдор комитетинин төрагасы, академик А. Н. Кононов, орун басарлары СССР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонтенти, профессор Э. Р. Тенишев, академик Б. Ө. Орузбаева, ал эми мен Башкы секретары болгонмун. Көп жумуштар аткарылган, ушул эки конференциянын Фрунзеде өткөрүлүшү мен үчүн да чоң мааниге ээ болгон эле. Көп кишилер таанып калышкан болчу. Ушул жерге бир кыстырма кошо кетейин. 2000-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректор өкүлү профессор Решат Генч агайга оозеки кайрылдым: «Агай, 2001-жылы «Кыргыз» деген элдин Кытай тарых-намасында жазылганына 2200 жыл болот. Конгресс өткөрүп, «Манас» университетине чоң окумуштууларды чакыралы» деп, жакшылап түшүндүрүүгө аракет кылдым. Түрк элдеринин эски тарыхын жакшы билген Решат агай дароо эле бир негиздеме жазып келчи деди. Түнү менен отуруп, 3 бетке орусча негиздеме жазып келдим, эртеси эле. Ал киши университеттин ректору К. Молдобаевге көрсөткөн экен. «3 бет көп, бир бетке жазсын» дептир. Эртеси бир бетке жазып, Решат агайга бердим. Бир апта өтүп-өтпөй эле Университетте уюштуруу иштери башталып кетти. 2001-жылы күзүндө филармонияда «Кыргыз» этнониминин 2200 жылдыгы» эл аралык түркология конгресси өттү. Кыргызстанга бул конгресс чоң ийгиликтерди алып келди. Көрсө, К. Молдобаев мен жазган негиздемени тиркеп, мамлекеттик катчы О. Ибраимовго кат жолдоптур. Мамлекеттик катчы ректордун катынын ордуна өзү кат жазып, Президент А. Акаевге кат киргизген экен. Президент колдогон резолюция салыптыр. Ошентип, кыргыз калкынын 2200 жылдыгы, кийинки жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы ООНдо кабыл алынып, мамлекеттүүлүгүбүздүн тарыхый таанылышына жол ачылган эле. Менин бул демилгемди эл билбей калды. А. Акаевдин резолюциясы салынган мамкатчы О. Ибраимовдун катынын көчүрмөсү, менин 3 беттен жана бир беттен жазган орусча негиздемелеримдин түп нускалары менде сакталуу турат. Бул иштердин Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө кошкон салымы зор болгондугуна ичимден сыймыктанамын. Бирок, калың эл менин бул демилгемди билбей калды… Кээде «жулкунбай» деле болуу керекпи… Бирок, бир чындык бар, аткарган ишиң боюнча эч кимге милдет кылба деген. Эмне деймин, элимдин ишине жараганына кубанамын.
— Агай, байыркы жазма эстеликтер боюнча илимий экспедицияларды көп жыл бою уюштурган экенсиз. Алгачкы экспедицияңыз жөнүндө кеп кылсак?
— Эң биринчи илимий экспедициям 1987-жылы октябрдын аягы, ноябрдын башында Монголияга болду, 20 күнгө жакын сүрдү. Менин өз көзүм менен көргөн, кармалаган жазма эстелик Улаан-Баатыр шаарынан 66 км борбордун чыгыш жагындагы Селенга өрөөнүндөгү Тону-Көк жазуу, эстеликтер, көрүстөндөр комплексине болгон. Бул 1987-жылдын 26-октябрь күнү эле. Монголия Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтутунун аспиранты Самбуу Дорж мени коштоп жүргөн. Азыр ал Монголия Улуттук университетинин профессору, мыкты түрколог-монголист болду. Бир канча жылдан бери Саха-Якут тили боюнча мнгол-саха проектисинде иштеп жүрөт. Тону-Көк түрк эстелиги ар тараптан маанилүү, анда тарыхый маалыматтар, байыркы түрк элдеринин айкелдик өнөрү, көркөм санат өнөрү, эң башкысы эки сомдолгон төрт бурчтуу таш беттеринде жазылган туташ текст бар. 8-кылымдагы кыргыздар жөнүндө жазылган маалыматтар да бар. Көк Түрк каганаты доорунда жазылган эң көрүнүктүү жана туташ текст түрүндөгү тарыхый эстелик болуп саналат. 2021-жылы ЮНЕСКО тарабынан бүткүл ааламда бул жазуунун 1300 жылдык маарекеси белгиленди. Эл аралык Түрк академиясы бул жазуунун 14 тилдеги котормосун чыгарды. Бурсадагы Анадолу университетинин профессору Женгиз Алйылмаз Тону-Көк жазма эстелигин жаңыдан кайра изилдеп, андагы тарыхый эстеликтердин бардыгын комплекстүү изилдөөдөн кийин көлөмдүү, түстүү, терең мазмундуу атласын жазды, аны Түрк тил куруму басмадан чыгарды.
1987-жылдагы Монголияга болгон экспедиция кийин көп нерселерге жол ачты. Ошондо Тону-Көк эстелик комплексине барып келгенден кийин Монголиянын Алтай, Улаан-Гоом, Убсунур, Кобдо аймактарын орус аскерлеринин УАЗ машинасы менен кыдырдык. Самбуу Дорж коштоп жүрдү. Анын бир аз казакча, бир аз орусча тили жана ымдоо-жаңсоолор аркылуу жакшы эле түшүнүшүп жүрдүк. Кыргыз-Сомон айылын көрдүк, Кыргыз-Нор көлүнүн камыш баскан жээгин көрдүк. Суусунан ооз тийип, колду, жүздү чайыдык. Бир апта бою эки миңдей километр жол бастык.
Улаан-Гоомдо хотон деген элдин концертине күбө болдук. Бир кыргыздын күүсүн жазып алдым эле хотондордон. Адис болбогондон кийин кайсы күү экендигин таппай көпкө жүрдүм. Биздин илимдер академиясынын аспиранттар жатаканасында жашоочу элем. Ошондо өзү нарындык Селхоз институтта иштеген бир жигит бар эле. Бир күнү эле мен хотондордон уккан күүнү комузда чертип калды. Бу күүнүн аты кандай десем, «Калмак күү» дейт, бийи да бар экен. Азыр ал күү кыргызда да, казакта да чертилип, бийи бийленип жүргөнүн көрүп жүрөмүн. Кандайдыр бир Монголиянын хотондору менен кыргыз, казактын байыркы байланыштарынан кабар берет го…
1987-жылдан бери бир топ жыл өттү. Кыргыздардын Монголиядагы тарыхый издерин изилдөө азыркыга чейин колго алынбады. Бирок, эртели, кечпи бул маселе терең изилдөөгө алынышы кыргыз таанууда да, монголистикада да актуалдуу маселе бойдон кала бермекчи. Себеби, Монголиянын дээрлик бардык аймактарында «Хыргыз Үүр» деген коргондордун, үйүлгөн таштардын калдыктары учурайт. Бул сөздүн котормосу «Кыргыз көрүстөнү» дегенди туюндурат. Ошол 1987-жылы Монгол Илимдер академиясынын илимий кызматкери, географ-окумуштуусу мага Монголиянын 120 000 жер, суу аттарын камтыган китебин берди эле. Ал ошондо айтты: «120 000 монгол жер, суу аттарынын 15% гана монголчо, калгандары түрк тилдеринде коюлган» дегени азыр деле актуалдуу. Изилденген жок. Монголчо билген кыргыз таануучу жок.
Турдайым Кожомбердиева