Абылай хан кыргызга кандайча кол салган?

Өткөндө Кенесары хан жөнүндө баяныбыз жарыяланган соң, эми анын чоң атасы Абылай хан тууралуу баяндап берүүбүздү сурангандар көбөйдү. Ушундан улам, Абылай хан ким болгон, кыргызга кандайча кол салган деген суроолордун тегерегинде, тарыхый булактарга таянуу менен кыскача же бүкүлү маанисинде айтып берүүнү чечтик.

Ири алды, Абылай хандын ким болгондугу жөнүндө, казак элинин белгилүү санжыра-тарыхчысы Шакарим Кудайберди уулунун “Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы” деген таберик эмгегинде таасын жазылган. Шакарим өзү айтылуу Абайдын бир тууган агасынын уулу же Кунанбай султандын небереси. Ал бизге жеткен оозеки санжырачылардан айырмаланып, араб, фарсы, түрк жана орус тилдерин жакшы билгени менен маанилүү. Демек, автор дүйнөлүк тарыхый булактар менен кыйла эле тааныш болгон. Кыскарта айтканда Шакаримдин санжыра китебинен Абылай хан жөнүндө маалымат келтирсек мындай: “…  Чыңгыз хандын улуу баласы, Жоочу өлгөн соң, анын ордуна Жоочу баласы Бату хан болду. Аны Батый дешет. Ал орус журтун каратып алган 1241-жылдан соң, иниси Бүргө (Берке хан) хан болду. Бүргө хан кезинде үч ордого: Алтын Ордо, Ак Ордо, Көк Ордону бириктирип — ​Алтын Ордону ээлеп турган. Ал эми андан беридеги көчмөн элдер Ак Ордо аталып, Жоочунун дагы бир баласы Шибан, экинчиси Көк Ордо аталып ага Жоочунун дагы бир баласы Токойтемир хан болду. Биздин Абылмансур Абылай хан ошол Токойтемир насили…

…  Калмактар менен көп салгылашкан биздин Орто жүз болгон. Казактар үчкө бөлүнөөрдө, “Күнүбүз тууса, тыныгып алган соң жыйылып, калмактардан ата конушубузду кайрып алалык” деп убадалашат. Калмактардын зордугунан ооп, ичкери орустарга жакын баргандар 1731-жылы калмактардан кутулуу үчүн, орустарга карамак болушту. Андан соң Улуу жүздүн Абумухамед ханы түгөл казактарга кабар айттырып, чогултуп, калмактар менен согушмак болот. Ошо кезде, өзүбүздүн Абылай хан жаш болсо да Улуу жүзгө келген кези эле. Анын мааниси мындай: Салкам Жангирдин бир баласы Уалибаки хандыкка таарынып, Үргөнчтөгү таекеси Гайып ханга барган деп айттык элек. Анын баласы Абылай деген мыкты чыгып, жекеме-жеке чыккан баатырларды өлтүрө бергенден “Кан ичээр Абылай” атанган. Андан Сулуу Уали, андан Абилмансур, биздин соңку Абылай хан дегенибиз, ошол чоң атасынын атын алып жүргөн дал ушул Абилмансур болчу. Мурдагы үч атасы Гайып хандын колунда туруп, хан болбой өтүшкөн. Кийин Гайып хандын насилинен хандык кетип, жүдөө тартканда Абилмансур да жетим калып, “Казак элим, Сары Арка жерим”деп издеп үйсүн Төлө бийдин колуна келген…

Төлө бий ага башында төө бактырып, жылкы кайтартып, акырында мүнөзү жагып, баласындай күтүп алган. Күндөрдүн биринде казактар жыйналып, калмактар менен согушканы жатат дегенди угуп, Төлө бийден согушка барууга уруксат сурайт. Төлө бий: “Балам, согуштан жылкы кайтарган жакшы эмеспи?” десе, “Желпилдеген туудан, жер майышкан колдон калганча, жигиттин өлгөнү артык” деген соң, уруксат бериптир…”

Жогоруда маалымдалгандай, Шакарим санжырасын кыскарта же жалпылаштыра уласак, ошол Абилмансур казак-калмак беттешинде жекеге чыгып, Коңтаажы кол башчынын баласы Шарыш дегенди жайлайт. Ал жоого карай, “Абылай! Абылай!” деп, ураан салган экен. Ошондон тарта Абилмансур баатырды жалпы казак Абылай деп, атап калган. Андан соң, 1735-жылы дал ошол Абылай казактын үч Жүзүн бириктирип, Хан көтөрүлгөн. Кийин ошол эле калмактын ханы Галдан Церен Шарыштын өчү үчүн, Абылайды колго түшүргөнү жана казак мыктыларынын орус бийлигине кайрылып, Абылайды жоо колунан бошотуп алганы айтылат. Галдан хан Абылайды азаттыкка чыгарган учурда үч суроо берген экен. Биринчиси: “Элиңде кой көппү? ” десе, Абылай баш ийкейт. Галдан хан: “Койчу- калпычы, кой-ууру” деген сөз бар, элиңдин ушак-чыры басылбас.” дептир. Экинчи суроосу: “Элиңде уй, жылкы көппү?” десе да баш ийкейт. “Анда элиң эмгексиз, сүт менен кымыз ичип, эт жеп, балдары акылсыз туулат десеңчи…” дейт Галдан. Үчүнчүсү: “Элиң эгин салабы?”, “Салбайт” десе, “ Андай болсо, жердин эмчегин эмбеген эл, нечен оодарылып, журтка токтобос…” дептир, кайран Галдан Церен.

Эми, кыргыз, казактын чабышына келели. Жалпылаштырсак, аталган эгиз элдин тарыхында кара так болуп калган “Калмак чапкыны” жүздөгөн жылдарга созулган. Бир канча хандар алмашылып, калмактардын акыркы чапкыны 1755-жылы Кытай мамлекетинин көп колу келип, калмак ойроттун ордосун канбайрам талкалагандан кийин, биротоло токтогон жана атактуу калмак ойрот бийлиги чачырап, эли туш тарпка тентип кеткенге аргасыз болгон. “Кыргыз Гызар ашып, казак кайың сааган” деген кайгылуу тарых-таржымалы да ошондон калган.

Мына ошондон кийин гана, тентип-тербиген казак, кыргыз өз жерлерине кайтып, калган-каткан калмактарды мекенден сүрүп чыгат да, жылдар өтүп, “Ач тоюнуп, жыртык бүтөлүп…” өз ара жер, жайыт талашып, чырлаша баштайт. Узун сөздүн кыскасы, ушундай-ушундай эгиз элдин ич ара бирин-бирин көрө албай, ич тардык, ач көздүк менен болгон майда чабыштары, Абылай хандын Ала-Тоого капилет кол салуусун шарттайт. Бул окуя, кыргыз фольклористикасына эбейгесиз салым кошкон, белгилүү окумуштуу Сапарбек Закировдун “Кыргыз санжырасы” фундаменталдуу эмгегинде мындай белгиленет: “…Казактын Төлө бий дегени, үч Жүздүн бийлерин чакырып, Букар жырау деген Абылайдын кеңешчисине келишип, “Абылайды сөзгө көндүр ” дешет. Ошондо Букар жырау ыр менен:

“Ээ, Абылай ханым,

Кыргыз Көк Жарлы Барагыңды алды.

А, сарттар бек Казакты алды,

Чолок коргон Созокту алды.

Садырдын Абылай ханым,

Сени алмакка аз калды” деген экен. Абылай хан бир жеңин кийбей эшикке чуркап чыккан. Эшикке топтошуп үч Жүздүн билермандары турган. Ошондо ачуусуна буулуккан Абылай мындай дейт:

“-Бир жагым кокондук сарт, бир жагым Кытай, бир жагым орус турганда, азыраак кыргызга кызыкпай жөн турсак дедим эле, болбодуңар. Чангкулунун кара Байтиги күнүлүк кылып, кыргыз Көкүмүнө уу берди, ошондон орто бузулду. Кыргыз, казактын бузулгандыгынан пайдаланып, калмак кайта келген. Казак Букар кирип, кыргыз Ысар кирип, эл тентиген. Ал оюңардан чыктыбы? Тентип жүрүп, таманыңар тешилген, ак таман чуурунду аталдыңар, аны унуттуңарбы? Калмактан жаңы кутулуп отурсак, кыргыздын жерине кызыгып, муну баштадыңар. Кокон, Кытай, Орус – үчөөнүн бирөө кол салса, мурунтан бир тукум, бир боз үйлүү, бир качып, бир бозгон кыргыздардын пайдасы тиет го дедим эле, болбодуңар. Ырас, сендер айткан Садырдын кылыгы айып, тынч жаткан элге бүлүк салып… Биздин Барактыкы айып, жортуул жасап, өзү барып… Мен кыргыз деп аттанбайм, Садыр деп аттанам. Аттангыла, үч үйдөн бир адам, эки адамга үч ат алгыла, эки адамың бир бээ сүтүн ичесиң, ат башына бир чидер, талкан алгыла!”

Мына ушундай болгон Абылай хандын чапкыны. Согуш деген согуш, эл кырылган. Өзүн Хан деп жарыялаган, Таластын Капкасын чеп кылган Садыр, Чүйдөгү Жайыл баатыр балдары менен колго түшүп, нечени дарга асылган. Сөздүн кыскасы, аркалык кыргыздардын ошо кездеги кайсы бир деңгээлдеги башчысы Эсенгул чоң баатыр кол курап, алыстан келгиче, Абылай хан колу кыргыздардын бир өңүрүн ырайымсыз талкалап, талап, береги Сокулуктун суусунан кайра кайтып кеткен деп айтылат. Кийин Эсенгул, Кебек бий баштаган кыргыздар солто Жамансартка келип: “Уулуң Түлөбердини бер, Абылайга элчиликке жиберебиз — ​дегенде, Түлөбердинин энеси Жакшылык чырылдап ыйлап: — ​Жибербейм! -дейт. Эсенгул:- Түлөберди сенин эле балаң эмес, эл баласы, элдин баласын өзүнө бер!- дейт”.

Түлөберди баатыр ошондо жыйырма бир гана жашта экен. Көчмөн кыргыздардын Түлөбердидей тубаса элчи-дипломаттары тарыхта калды. Маселен, көлдүк Тилекмат аке, андан аркы кылымдарда Атаке баатыр оруска элчиликке жиберген Абдырахман Күчүк, Ормон хан Коконго жиберген он сегиз жаштагы “куу кулак” Шамен, Кокон хандыгынын элчиси Мусулманкулдун Абдырахманы…

Түлөберди элчилерди баштап, Абылай ханга барганы да өзүнчө аңыз… Эми, мындай окуялар-кандуу кармаш, кектешүү же тескерисинче достошуу, алака, боордоштук, тилектештик мамиле баяндар карт тарых бүктөмүндө оголе көп. Албетте, адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй береги космополитизм- ааламдашуу агымынан, дөө мамлекеттердин бөлүштүрүү “ботко” саясатынан канткенде өз наркын, касиет уркун жоготпой, өз алдынчалыкта, эркин күн кечирүүнүн жана өнүгүүнүн нугунда аман калуунун, көч улоонун абыгеринде дүйнөдө сейрек кездешээр кыргыз-казак эгиз элдин соңку урпактары өткөндөн сабак алып, ынтымак-ырашкерликте бирге болуусун улуу Жараткандан тилеп, баяныбызды кыскартканыбыз оң…

 

Дүйшөн Керимов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *