Жумали Алибаев: «Чек ара боюнча документтердин баарында чечүүчү жол көрүнүп турса да, Тажикстан аларга моюн сунбай келет»

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечүүгө негиз боло турган 4 документ бар. Алардын баарында чечүүгө жол көрүнүп турса да, тажик бийлиги ага моюн сунбай келет. Анткени бул документтердин көпчүлүгү аларга ыңгайсыз деп эсептешет. Ошол эле учурда Кыргызстан да тажик тарап келтирген жүйөлөргө көнбөйт. Эки өлкөнүн чек арасын аныктаган алгачкы документ катары 1925–1927-жылдардагы келишим айтылат. Тажикстан ушул документти бетке кармайт. Эгер муну менен сүйлөшүү жүрсө, анда Тажикстан өзүнүн 45 пайыз аймагын жоготот. Ошого карабай, ушул документти көтөрө берет. Экинчиси, Кыргызстан карманган, 1955–1958-жылдары Өкмөттөрдүн деңгээлинде такталган документ. Муну Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын Өкмөттөрү даярдап, иштеп чыгып, макулдашуу болгон менен парламенттердин ратификациясынан өтпөй калгандыктан, көйгөй ушул жерде калып кеткен. Ошентип кошуналар буга ынанбайт. Ал эми үчүнчүсү, 1991-жылы кабыл алынган “Беловеж макулдашуусу” жана төртүнчүсү, ушул эле жылы кабыл алынган “Алматы деклорациясы”. Кыргыз бийлиги чек араны чечүүдө ушуларды карманалы десе, тажик тарап буга да көнбөйт. Ушул төрт документтин түпкү максаттарын, алардагы түзүлгөн шарттарын, кайсы жылдардагы документтер боюнча кайсы жерлер кимге таандык болгонун, дегеле кыргыз-тажик чек арасындагы талаштардын маани-маңызын тарых илимдеринин кандидаты, профессор Жумали Алибаев чечмелеп берди.

— Жумали агай, Тажикстан бетине кармап келген 1925–27-жылдардагы алгачкы келишим эмне болгон документ эле?

— Ооба, Тажикстан ушул жылдардагы документтерди карманып, ушул боюнча сүйлөшөлү дешет. Ал убакта Тажикстан Өзбекстандын курамындагы автономиялык облус болгон. Алар өз алдынча мамлекет боло элек эле. Бирок кийин, 1929-жылы “мамлекет” деген статус алышты. Ошол мезгилде да Тажикстандын азыркы аймагы Өзбекстандын аймагы катары каралган. А Кыргызстандын аймагы РСФСРдын курамында болуп, чек ара маселелерин Россия чечкен. Ошентип эки өлкөнүн тең тагдырын Өзбекстан менен Россия чечип турган. Жалпысынан Россия көзөмөлдөгөн десе туура болот. Эми андан бери көп суу акты, көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Тажикстан өзүнчө бөлүнгөн мамлекет болду, Кыргызстан да өз алдынча болуп, 1936-жылдан баштап “республика” ​деп аталды. Бирок, албетте Союздун курамында калышкан. Ал убакта деле эки мамлекетте тең чек араны тактоо же өзгөртүш деген укук болгон эмес. Аны Союз бийлиги чечип турган. Чек ара маселесинде олуттуу деген дагы бир жагдай бар.

1925-жылдан 1927-жылга чейин Орто Азияда чек ара маселеси негизинен борбор тарабынан, тактап айтканда, Москвадан бекиген. Бекигенден кийин 1927-жылдан баштап, 3 жылга чейин чек ара тууралуу маселеге мараторий жарыяланат. Башкача айтканда, “чек ара маселеси үч жылга чейин каралбайт”, — ​деген чечим чыккан. Ушундан кийин колхоздоштуруу доору башталып, ал активдүү жүрдү. Кийин Сталин тарабынан дагы бир жарлык чыгып, чек ара тууралуу маселеге 5 жылга чейин дагы мораторий жарыяланат. Бул болжол менен 1930–1935-жылдарга туура келет. Андан аз өтпөй, “сталиндик репрессия” башталат. Ага улай эле Ата Мекендик согуш башталып кетти. Ошентип, чек ара тууралуу ойлогон адам болгон эмес. Кийин согуш бүттү. Алгачкы жылдары бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүү маселеси турган. Анда да чек ара маселеси каралган эмес.

— Андан кийин кайсы жылдары каралды?

— Андан кийин 1955– 1958-жылдары, Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен өзүнүн чек арасын Өкмөттөр деңгээлинде тактаган. Ушул жерге өзүмдүн оюмду кыпчып кетейин деп атам. Муну ким жасаган деген маселе бар. Менин оюмча, бул Исхак Разаковдун иши болсо керек. Анткени ал киши бала чагында Тажикстандагы ошол кезде Ленинабад шаарында бала бакчада тарбияланып, кийин тажиктер менен жакшы мамиледе болгон. Ал эми балалыгы, жаштык жылдары Өзбекстанда өттү, бул жакта студенттик жылдары калып, инсан катары калыптанган. Анан Разаков 1950–1961-жылдары Кыргызстандын Биринчи катчысы болуп турган. Сыягы, 1955–1958-жылдары Өкмөттүн деңгээлинде такталган деп айтылганына караганда, муну ошол кишинин иши болсо керек десе болот. Себеби Раззаков эки мамлекет менен тең жакшы мамиледе болгон. Алардын тилин таба билген. Алар да бул кишини ызаттаган. Ошол Өкмөттүн деңгээлинде такталган чек ара боюнча маселеде Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери макул болушкан. Бирок, тагдырдын тамашасын кара, ошол документ Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтпөй калган. Эгер ошондо бул документ депутаттар тарабынан бекилип калганда, бүгүнкүдөй көйгөй болмок эмес. Азыр чек ара боюнча биздин делегация тажиктерге айтып атат, “келгиле, ошол жылдардагы документ боюнча иштейли” — ​деп. Себеби, ага чейин 1925–1927-жылдардагы чек араны тактаган документтерге шайкеш келбеген канчалаган шарттар түзүлүп, канчалаган өзгөрүүлөр жүрдү.

Мисалы, ошол эле колхоздор түзүлгөндө өзгөргөн. Анда ар бир колхоз калкынын улуттук курамына карата түзүлгөн. Тажикстан өздөрүнүн колхозун түзүп, тажиктер жашаган Кыргызстандын аймагында эле өзүнчө бир колхоз болгон. Өзбектер жашаган айылдарда өзүнчө болгон, кыргыздар жашаган айылдарда да өзүнчө болгон дегендей. Башкача айтканда, колхоздоштуруунун бир жери болуп атат — ​ал, улуттук негизде түзүлүп калган. Ошондуктан, мунун айынан бир жер экинчи жерге өтүп, тигилердики бизге, биздики тигилерде калып калган учурлар аябай көп болгон. Жогоруда айтылган мораторий жарыяланганына карабастан, колхоздор түзүлгөндөн кийин чарбалык кызыкчылык үчүн биринин жерин экинчиси, биринин жайлоосун үчүнчүсү, дагы биринин суусун башкасына алган учурлар көп катталган. Ошонун бардыгынын жыйынтыгы 1958-жылдагы документте чечилген эле. Анан биздин делегация тажиктерге “андан бери канча суу акты, канча өзгөрүү болду келгиле, 1958-жылдагы документти негиз кылалы”, — ​деп сунуш кылабыз. Бирок тажиктер баягыдай эле 1925–1927-жылдардагы документке такашат.

— Эгер бул документ менен иштесе кандай болмок? Бирок, Кыргызстан буга көнбөйт да, туурабы?

— Анда абдан чоң өзгөрүүлөр болуп кетет. Мисалы, Баткен облусунун жарымы болгон Лейлек району Тажикстанга өтүп кетет. Андай боло турган болсо, Кыргызстан Тоолуу Бадахшан баш болгон Жерге-Тал менен Мургапты алат. Бул Тоолуу Бадахшан — ​Тажикстандын аймагынын 45 пайызын түзөт. Демек, 45 пайыз аймагын бергенге тажиктер макул болбойт да.

— Анда тараптар эмне кылыш керек? Чек ара баары бир чечилиш керек го акыры?..

— Маселени жөңгөрүштүн бир гана жолу — ​эки тарап тең компромисске барыш керек. Кыргыз тарап: “ушуга чейин калыптанып калган жердеги аймактарды негиз кылалы да, ошол 1958-жылдагы документ менен сүйлөшөлү” — ​деп атат, бирок тажик тарап буга көнбөй жатышат да. Ошол “калыптанып калган” — ​деген жерде дагы бир маселе бар. 1990–1991-жылдары Союз тарап, 15 мамлекет өз алдынча болуп, эгемендүү мамлекетке айланышты. Чек араны тактоо боюнча ушул жылдары да түзүлгөн документтер бар. Ал — ​1991-жылы кабыл алынган “Алматы декларациясы”. Кыргызстан ушуну да айтат. Бул келишимге өз алдынча болуп кетишкен мамлекеттердин жетекчилери кол коюшкан. Анда: “баарыбыз эгемен мамлекетпиз, мындан ары өз тагдырыбызды өзүбүз чечебиз, бири-бирибизге сый-урмат, жакшы мамиле сакталсын. Ошол үчүн чек арадагы бүгүнкү абал кандай болсо, ким кайсы жерге ээлик кылып турган болсо, ошол аймак өзгөрүүсүз калат жана кайра каралбасын” — ​деп кол коюлган. Эгерде 1958-жылдагы документке макул болушпаса, анда ушуну колго алыш керек болчу. Ошентип кыргыз-тажик чек арасы боюнча эл аралык төрт документ бар. Алардын баарынын маңызы — ​эгемендүү болгондон кийин, “иш жүзүндө” ким кайсы жерге ээлик кылып турса, ошону сактап калат деген документ. Тажикстан буга да макул болбойт. Чырдын баары ушудан келип атат. Алар көктүк кылып мурдагы документти карманат, эгерде биз аларга теңелсек, анда тиги Тоолуу Бадахшанды ортого коюшубуз мүмкүн. Эгер муну айтсаң, алар асман-айга түйүлүшөт. Себеби өзүнүн 45 пайыз жерин ким эле берип койсун? Ал аймак “Русский Памир” деп аталып, орустар аны тажиктерге ыйгарып коюшкан. Ал убакта Тажикстан деген өз алдынча мамлекет да жок эле, алар Өзбекстандын автономиясы болчу. Эгерде маселелерди юридикалык жактан алганда Кыргызстан ушул маселелерди коюшка акысы бар. Ошентип маселе ушундай болуп чиелешип кеткен.

— Тажикстан көтөрүп аткан 1925–1927-жылдардагы документтер жалпысынан эмнеге негизделип кабыл алынган эле?

— Ал документтер боюнча мындай. А кезде Тажикстандын тагдырын Өзбекстан чечкен. Себеби, Тажикстан Өзбекстандын курамындагы автономия болчу. Ал эми Кыргызстандыкын Россия чечкен, анткени Россиянын ичиндеги автономиялуу облус аталып жүргөн. Адегенде “Кара Кыргыз”, анан “Карасын” алып салып “Кыргыз автоном облусу” болуп аталып калган. Өзү чек араларды бөлгөндөгү принциптер кыргыздарга аябай чоң зыян келтирген. Азыр ошонун кесепети тийип жүрөт. Орто Азиянын чек арасын кандай кылып бөлөбүз деген маселеде көп сөз бар. Бул аймак Октябрь революциясына чейин Россиянын Генерал губернаторлугу болгон. Аны ошол Совет бийлиги келгенде, Ленин баштап: “Ар бир улутка өзүнчө мамлекет түзүүгө барышыбыз керек, ошол укугун беребиз” — ​деп келген. Ошонун негизинде, чек араларды бөлүштүрүүдө төрт принцип коюлган. Биринчиси, “Кайсы аймакта, кайсы улут көп жашаса, ошол жер ошол улуттук мамлекетке берилсин” — ​деген жери болгон. Эгерде өзбектер көп болсо, Өзбекстанга, тажиктер көп болсо, Тажикстанга, кыргыздар көп болсо, Кыргызстанга берилмек. Экинчиси, шаарлар.

Кайсы эл кайсы аймактагы шаарлар аркылуу тиричилик өткөрүп, соода-алака кылса, негизги маселелерин ошол шаар аркылуу чечсе, ал шаар ошол мамлекетке берилсин деген жери болгон. Үчүнчүсү, Сугат. “Суу системасы бузулбасын” — ​деген принцип болгон. Мисалы, Баткендеги Шаймерденден аккан суу кандай агып келсе, аны кимдер пайдаланса, ошол бойдон калсын дешкен. Бул деген аны бузуштун кереги жок деген сөз болчу. Мында сугарма жерлер, дыйканчылык жөнүндө сөз болуп атат. Төртүнчүсү, чек араларды бөлгөндө өтө эле чектен чыккан ийри-буйру сызыктарга жол бербейли, колдон келсе, түз сызык болсун деген. Анткен менен ушул төртөө тең кыргыздар үчүн абдан ыңгайсыз чечимдер болгон. Мисалы, кимдер жашаса ошолорго берели деген жерде да зыян тарткан. Анткени кыргыздар көчмөн эл. Алар кышындасы малын кыштоодо кармайт дагы, жазында жаздоого, жайында жайлоого, күздө күздөөгө айдап кетет. Анан кыш келгенде кайра кыштоого көчүп келет. А комиссия жайында барган.

Анда кыргыздардын жерлерин ал убакта тажиктер менен өзбектер иштетип турган. А кыргыз дыйканчылык кылган эмес. Ал жерин ошолорго берип коюп, өздөрү малын айдап жайлоого кетип калган. Комиссия келсе эле өзбек иштеп жатат же тажик иштеп атат. Анан алар “а, бул тажиктин жери экен” — ​деп жазып кетип калган. Шаарлар да ошондой болгон. Анан суу тууралуу маселени бузбайлы дегенди байкап атсаңар керек, талаш болуп аткан баягы анклавдардын бардыгы суу боюндагы жерлер. Сох дагы, Шаймерден дагы, Ворух дагы ошондой суу боюнда жайгашкан. Кыргызстанда билесиңер, Өзбекстандын төрт эксклавы бар, а Тажикстандыкы экөө. Ошонун бардыгы ушундай суулуу жерлер. Суу жээгинде дыйканчылык кылган тажиктер менен өзбектер болуп калып атат. Анан эми Кыргызстандын ичиндеги Сох анклавын карасаң, ал жерде өзбек жок да калкынын 99 пайызы тажиктер, 1 пайызга жакыны гана кыргыздар. Бирок жер Тажикстандыкы. Ушундай маселелер бар. Ошентип төрт принцип тең сакталган эмес. А тажиктер ошол убактагы картаны негиз кылабыз деп атышат.

— Исхак Раззаков Лейлек менен Тоолуу Бадахшанды алмашалы деген сунуш киргизгенби?

— Жок, Раззаков антип айткан эмес. Бул маселе мындай, Тоолуу Бадахшанды “Орус Памири” деп аташкан. Бул Россиянын колониализм мезгилинде стратегиялык жактан маанилүү аймагы болгон. Анткени, Тоолуу Бадахшандын чыгышынан Кытайды, Түштүк Батышынан Ооганстанды, андан ары Пакистан, ал кезде Индиянын курамында болчу, Түндүк жагынан Орто Азияны карап турат. Бул аймак мына ушундай жерде жайгашкан. Орустар барып ал жерди басып алгандан кийин крепостторун курушкан.“Орус Памири” деп аталып калганы ошодон эле. Анан бөлүштүрүүдө “Орус Памирин” Өзбекстанга берип коюшкан. А алар жери аз экен деп Тажикстанга өткөрүп коюп атпайбы. Бул жерде ушул маселе болуп атат да. Мындай болгондо, жаңы биз айткандай, эгер тажиктер ошол картаны көтөрүп, болбой эле туруп алышса, маселе коюш керек. Эгер силер айтып аткан 1927-жылдагы документ менен иштесек, Мургаб, Жерге-Тал аймагын кошуп, Тоолуу Бадахшанды бизге өткөргүлө деш керек. Бирок буга чыдашпайт. Ал эми тиги Лейлектин жарымын берип койгонго Кыргызстан барбайт да эч качан. Андан көрө жөн эле 1958-жылдагы документке, ага да чыдабаса, кечээки 1990–1991-жылдардагы документтерге таяныш керек дагы компромистик жол менен чек араны ынтымакта тактап алыш керек. Ошону менен чечпесе, бул маселенин чечүүчү башка жолу жок.

— Рахмат маегиңизге.

 

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак, анын ичинде куралдуу кагылышуу байма-бай катталып келет. Ушул айда эле кыргыз-тажик чек арасында ок атуучу куралды колдонуу менен эки окуя болду. 3-июнда Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган. 14-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында чек арачылар ортосунда атышуу болду. Эртең мененки саат 07:00дөр чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Кех» чек ара заставасы тараптан Кыргызстандын «Булак-Башы» чек ара заставасын көздөй ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тарап да тажик посту тарапка ок чыгарган. Азыркы учурда тараптар ок атышуунун себебин тактоо максатында жолугушуу өткөрүүдө.

 

Маектешкен: Асанбек Пазыл

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *