— Тээ жыл башында, интернет айдыңына “Нурсултан Назарбаев Путинден Кенесары хандын сөөгүн (тагыраагы баш сөөгү го…) сурады” деген маалымат чыкты. Анан биздин кыргыздар билип-билбей талашып жатып калышты. Ал тургай “Казак кечээки эле эл, кечээ эле пайда болгон…” деп божомолдорду айтып киришти. Мындай жаш муундарды бузган идеяларды айткан кишилер билип айтабы, билбей айтабы, айтор ушундай талаштуу ойлор чыга берет да. Эми мен бул жөнүндө изилдеп “Эрөөл талаа” деген тарыхый повесть жазгам, Финасынын тартыштыгынан азыраак эле нускада чыккан, Кудай кааласа кийинчерээк дагы бастырам го…
Башынан айталычы, бул казак деген кечээ эле пайда болду деген кишилерге. Ушинтип эле бири-бирибизди кемсинтип, казактар тарапта деле биздин желөпкө кишилерге окшоп сүйлөгөндөр аз эмес, шылдыңдагандан не таптык? Кыргыздын улуу мурасы — канча кылымдык көчмөн турмуштун жыйындысы “Манас” эпосунда баары турат. Бул кыргыз эли гана эмес, бүт түрк тилдүү элдери сыймыктана турган эпос. Албетте билгендерге, Түркияда, казак эли, дегеле түрк тилдүү элдер “Манас” эпосу менен сыймыктанышат. А билбеген кишиге жеңил-желпи туюла берет. Ошол улуу “Манаста” азыркы Адигине, Тагай, Долон бий жана кырк уруу кыргыздын көбү жок. Анда түптүү кыргыздын беш, алты эле уруулары айтылат. Ошонун катарында казак айтылат. Маселен, Казак туугандарга пандемиядан бери көп барбай жүрбөйбүзбү. Болбосо, мен булардын көп маданий форумдарына, конференцияларына бардым. Буларда дагы майдачыл адамдары бар, улуу түшүнүктө жүргөн инсандары да бар. Бир жолу достук жөнүндө сөз болуп калды. Мага сөз келгенде туруп айттым: “Агаиндер, кайдагы достук? Эртеден бери кайдагы достукту айтып жатасыңар?” десем, бир тобу элейип калышты. Анан мен: “Биз деген эгиз элбиз да, Салижан аке айткандай “кыргызга орусча айтмайынча ишенбейт” дегендей, орусча айтканда бизди “двойняшки” дейт. “Двойняшкалар бир бешикке сыймайды, бир-бирин кыйнайды, таарынады. Бирок, жамандыкка кыймайды…” деп, тамашаладым. Демек, казак, биздин эгизибиз, бул улуу “Манаста” айтылып турат. Мисалы, Осмон империясын каңдылар түптөгөн. Каңды деген уруу, түбү барып эле кыргыздар. Мына ошол каңдылар “Манаста” айтылат. Кыпчак айтылат “Манаста”…
Эгиз кара ат байлаган,
Эки Кемин жайлаган.
Кыпчактардын эр Үрбү …” деп, айтылып турат. “Манас” 1000 жылдык эмес. Улуу окумуштуу Кусейин Карасаев айткандай, 2000, 3000 жылдык тарыхты камтыган улуу чыгарма, тарых жана энциклопедия. Эми ал, ал болсун дейли. Бери келеличи…
Кенесарынын сөөгү, деген маселеге билгенибизди айталы, он жылдын тегереги болуп калды, ошондон мурдараак Алматыга үлкөн тойго баргамын. Мени сыйлаган тааныш жигит: “Дүйшөн аке, кайненем казак, Алматыда жетекчи кызматтарда жүрүп, 70ке чыкты. Ошол кишинин юбилейи болуп жатат. Чалы өтүп кеткен, кайненемдин юбилейине биз менен барып келиңиз” деп калды. “Болуптур” деп, бардык. Алматынын чок ортосунда жасалгалуу үй бар экен, өтө жакындарын чогултуп тойду баштады. Маараке ээси мени “кыргыз кудам” деп жанына отургузду. Билимдүү казак адабияты жана тилинин адиси экен. Сөздүн кыскасы, кенедейимден кыргыз, казак адабиятын көп окугам. Улуу Абайды окугам. Мухтар Ауэзовдун “Абай жолун” канча сыйра окудум. Дүйнөдөгү сейрек романдардын бири, бул эпопеяны жатка билем. Кадыр Мырзалиевдин, айрыкча Макатаевдин, Олжас Сулейменевдин, Мухтар Шахановдун ырларын да жатка билем. Кээ бирлерин которуп да жүрөм. Ошентип, сөз келгенде болгон дасмиямды айттым. Байбиче ыраазы болуп, чапан жаап конверт берген. Анан тыныгууга чыксак бир жигит басып келип, “Кенесары абабыздын башын Омбуга алып барган сизби?” деп эле, кекеткенсип сурап калды да. Албетте, бул тарыхтан кабарым бар. Бирок, элдин көзүнчө кекеткен тике суракты күткөн эмесмин да. Өзү да олбурлуу жигит, мени муунтчудай эле сурап турат. Менде да чегинүүгө болбой калды…
“Дал өзүмүн баатыр, Ормон дегенди билесиңби?” десем, “Билбейм” дейт. “Анда тарыхты окуп ал. Ормон хан деген болгон, Кенесары абаңды сойгон киши, ошонун урпагымын. Нарын деген жерди билесиңби?– дедим. “Билбейм” дейт. “Нарын деген жерди билбейсиң, силер Ысык-Көлдү эле билесиңер. Анан Чүйдү билесиңер. Чүйдү басып алам деп акелериң асылган. Анан Ысык-Көлгө барып эс алганды билесиңер. Ары жакта тоонун арасында не деген жерлер бар, эл бар экенин билбейсиңер. Тарыхты билбейсиңер! Билип жүргүн!” деп экөөбүз тиреше түштүк. Аңгыча, кудагый байбиче ары жактан угуп турган экен, басып келип тиги жигитти: “Ай, сен каяктагыны айтып жатасың? Ал заман деген кандай заман болгон. Кыргызды кыргыз, казакты казак кайсаган заман болгон. Бир-бирин ач бөрүдөй талаган. Азиз мейманды капа кылбай ары бар!” деп жигитти жөнөтүп койду. Бирок, жүрөгүң ооруп, ичиң сыйрылып калат экен да. Ошондон келип, кызыгып изилдей баштадым. Ооба, Кенесары тарыхынан жалпы кабарым бар эле. Тарыхчылардан, санжырадан казып окудум. Анан “Эрөөл талаа” деген тарыхый повесть жаздым. Кенесары Абылай хандын небереси. Абылайдан Касым хан, Касым хандан Кенесары. Кенесары эмес, Кенесары, Ноорузбай иниси. Абылай хан казакты бириктирген. Үчкө бөлүнгөн, “Улуу жүз, орто жүз, кичүү жүз” деп бөлүнгөн казакты бир хандыкка Абылай хан бириктире алды. Ошондуктан булар Абылай ханды абдан сыйлашат. А биз миң жылдыкта, Манас доорун мындай кой, соңку миң жылдыкта же Чыңгыз хандан кийин биз кыргыздар бириге албай койдук го. А булар бирикти да. Бириккендин иши бириккен. Бириккендин иши башка болот. Ошол бирикпегендибиздин айынан эмигиче түндүк-түштүк, кырк уруу болуп, бөлүнүп отурабыз. Чөкө таандай эле чыркырап жүрөбүз го. Абылай хан бириктирген казакты, бул чындык.
Ал эми Кенесарынын учурунда орус баскынчылыгы, орус бийлигинин экспанциясы болгон. Орус Ермактын убагында эле Сибирди басып алды. Сибир түрк тектүү элдердин жери болчу. Орус бийлиги ошентип казакты кысып, улам берилей баштады. Анан Кененсары баскынчылыкка каршылык көрсөтүп, он жылдан ашуун мезгил бою “ит уруш” кармашты. Бул киши акыйкатта баатырдык жасады. Азганактай чечендердин Шамили орустар менен отуз жыл кармашкан. Айласы кеткен орус бийлиги Шамилди мейман туткунга алган. Эрдик деп ушуну айтса болоор. Эркиндигиң үчүн күрөшкөн бул эрдик да. Эркиндигиңден башка эмнең бар? Жериңден, тилиңден, эркиндикиңден башка адамзатка эмне керек өзү… Эркиндик үчүн кармашкан элди баатыр дейт. Жөн эле кол коюп, “ыктыярдуу кошулдум” десе, баатырдык болобу? Улам берилеп жылган. Ошол учурда аркалык кыргыздарда канчалык бир деңгээлде Ормон хан болуп турган кези. Чолпон-Атанын үстүндөгү Кырчын жайлоосунда “Ормон коргон” деген конуш бар. Ошол жерге Кенесарыны элчи жиберип жатат. “Эй, кыргыз баурлар! Менин туумдун алдына келип бириккиле. Орусту Орол ашыралы” (Орол бул Урал) деп айтып жатат. “Орусту сүрүп жерди бошотолу” дейт. Бул чоң максат да. Ата-бабабыздын жерин бошотолу деген сөз да. Эми ошону азыркы орустарга каршы коюш керекпи? Кенесарынын максаты ушундай болгон. Анан ал ортодо элчилер Ормонго келди. Ормонго чейин эле тээ Атаке баатырдын учурунда 17, 18-кылымдарда эле кыргыздар элчи жиберген Санкт-Петербургка чейин. Калмактардын кордугун көргөн, Кытайдын, бул жактан арабдардын кордугун көргөн. Бизге Кокон хандыгынын кордугун көргөн дегендей, далай кордуктардан кийин оруска аргасыз кол сунган. “Орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр” деген, орус согушчан эл деген маанини айтып жатат. Кыскарта айтканда, Ормон ханга элчилер келип, солтонун Жангарачы, Боронбай бий жана кол жеткендин баарын чогултуп, кеңеш курган: “Кенесарыга бириксек, орус менен согушсак алыбыз жетеби? Жетпейт. Кырылабыз. Кенесары ансыз деле жок болот” дешет да, элчилерди чакырып, “Бизде Андижан тарапта да кыргыздар бар. Ал жак, бул жакта бар. Ошолор менен кеңешип, топ жыйын өткөрүп анан жооп берели. Биз да өзүбүзчө хандыкпыз, Кенесарынын туусунун алдында биригебизби, же ал биздин туунун алдына келип биригеби?” деген маселе болот. Ошону менен элчилер кетип баратып, береги Кордойдун адырында эки-үч үйүр жылкы жайылып жүргөн экен, (санжыранын көбүндө ушундай айтылат) казак, кыргыз жылкы көрсө эле көзү кызарат да, олжо көрүп, айдап кетип баратса, бул жактан солтонун жылкычы жигиттери жетип, чабышып, элчилердин бирөө набыт болот. Анан анын сөөгүн Кенесарыга алып барат. “Жылкы уурдап келе жатып өлдү” десе Кенесары алардын башын алмак, демек, “Ормон өлтүртүп” койду деп калп айтышат. Өтүрүккө ишенген Кенесары ачуусу келип, “Ормон бизге душман экен да!” деп согушту баштап жиберет. “Мен Ормонду союп, калган кыргызды баштап келип, орус менен урушам, орусту Оролду ашырам!” деп кыргынды баштайт. Согуш деген согуш, ошентип каныбайрам башталып кетет.
Бирок, Кенесары хандын кыргыз элинин алдында эки чоң кечирилгис күнөөсү бар да. Муну казак туугандарга да айткам. “Болду, чапты” дейли, балдарды өлтүргөнү, толорсуктан керегеге илинген балдарды, оорулуулардан өйдө кырган. Согуш ошондой болот. Ошон үчүн согуш дейли. Биринчи ал кишинин эң чоң күнөөсү, солтонун Жаманкара баш болгон жети баатырын Кордойдон нары жамаатташ, алакалаш куда-сөөк жашаган эл арасындагы, мурдатан дос болуп жүргөн Ыдырыс бай дегендин үйүнө конокко чакыртып барып, бөйрөгүн тирүүлөй суурткан. Бул эми жалпак тил менен айтканда, эркекчилик эмес да. Экинчиси, Чүйдөгү солто, жетиген урууларынын байыркы көрүн каздырып, атактуулардын сөөктөрүн чачтырганы айтылат. Муну да вандализимдин жеткен чеги дейт го… Деги, маркумдардын сөөгүн көрдөн казганды ким ойлоп тапкан? Муну жамандыктын жеткен чеги деп айтсак болот да. Мына ушуну кыргыз унутпайт. Кыргыздын безине тийген эки маселе ушул.
Ошентип элди чапты, Токмокко чейин чапты. Чүйдүн талаасы ал кезде чер токой, саздак болгон. Кыргыздар Тынаалы дегенди элчи жиберген, “Казагым, тынч жашайлы” деп. Бирок, Кенесары хан сөз укпай Танаалыдан башка элчилерди өлтүрүп, Танаалынын колун таңып, жол баштатып келип, тынч айылдарга кыргын салган. Акыры, кыскартып айтканда, Кенесары хандын бул чапкыны эки боордош элдин ортосуна жик салган, улуу трагедия. Жогоруда белгиленгендей арадан кылымдар өтсө да соңку муундун кекчил, арамза, алаңгазар мүнөздүү айрым адамдарынын көкөйүнөн кетпей, ынтымактын тамырына доо кетиргендей кекээр мамилелер үзүлбөй да келет. Дегеле, боордош эки элге мүнөздүү тынч кезде же курсак ток бакубат убакта ырксыз, көралбастык, ичтардык өкүм сүрсө, сырттан келген баскынчылыкка “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган” намыс, ары чапчаң, бириктирген салт, адат, ошол каардуу Кенесарынын чапкынын Ормон хандын кол башчылыгында быт-чытын чыгарганы да тарыхта калды.