Кадыралы Конкобаев: «Байыркы түрк жазма эстеликтери, же байыркы кыргыз жазма тили»

“Байыркы түрк жазма эстеликтеринин атласы” деген 7 томдук китептин I тому Эл аралык Түрк академиясы (Нур-Султан шаары) жана Сооронбай Жээнбековдун коомдук фондусу тарабынан Бишкектеги “Принт-Экспресс” басмаканасында көп түстүү, басма жана басмакана иштери боюнча дүйнөлүк стандарттарга ылайык сапатта басылып чыкты.

700дөн ашык байыркы түрк жазма эстеликтери сакталып калгандыгы бүгүнкү түркология илиминде белгилүү. Алар Көк Түрк каганаты, Чыгыш Көк Түрк каганаты, Батыш Көк Түрк каганаты, Уйгур каганаты, Кыргыз каганаты жана Түргөш каганаты мамлекеттерине таандык байыркы түрк жазма эстеликтери болуп саналат.

Кыргыз каганаты доорунан калган 400дөн ашык жазма эстеликтер ушул каганатка таандык жана байыркы кыргыз жазма тилинин башаты экендигин таанууга түркология илиминде жол ачылды. Кыргызстандын аймагынан 54 байыркы кыргыз жазуулары табылган. Байыркы кыргыздар, башка түрк калктары сыяктуу эле орто кылымдардагы түрк мамлекеттерин курууга активдүү катышышкан. 840-жылы өз доорунун кудуреттүү мамлекети болгон Кыргыз каганатын курушкан. Бул жазма эстеликтер кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн, байыркы маданият, цивилизацияларынын нукура далилдери экендиги талашсыз.

Кыргыз каганаты доорунда колдонулган жана 400дөн ашык өрнөктөрү табылган Енисей жазма эстеликтери байыркы кыргыз жазма тили жана кыргыз адабий тилинин тарыхый башаты катары кыргыз таануу илиминде таанылышы керек деген пикир, ойлорун окумуштуу-түрколог, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Казакстан Республикасынын илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн медалынын, Эл аралык Түрк академиясынын түрк элдеринин байыркылыгын изилдөөгө кошкон салымы үчүн Парижде, ЮНЕСКОдо берилген “Вильгелм Томсен” медалынын ээси Кадыралы Конкобаев менен маек.

 

— Саламатсызбы агай, түрк дүйнөсүнүн тарыхына сүңгүп киришиңиздин себептери болсо керек. Алгач, тарыхка карай жол алганыңыз жөнүндө учкай кеп козгой кетсеңиз.

— Бул да өзүнчө бир тарых… 1968-жылы азыркы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабият бөлүмү кайра ачылганда ошол бөлүмгө кирдим. 25 орунга 31 абитуриент студент болуп кабыл алынган. Көп талапкерлер ага илинбей калып, студенттикке кандидат болуп дагы жыйырмабыз эки жылдай окудук. Ошолордун ичинен Калбай Муктаров деген Баткендик группалашым экөөбүз кызыл диплом менен бүттүк.

Сүйүнбек Ибрагимов агайыбыз жыйырма беш жылдай ошондогу ОГПИнин филология факультетинде декандык кызматты аркалап, кыргыз филологдорунун бир муунун тарбиялоого чоң салым кошту. Ошол 1960–1980-жылдардын аяктарына чейин ОГПИде учурдун мыкты окумуштуу-филологдору бизге жакшы билим берген экен. Азыр ошондогу агайларымды зор сыймыктануу менен ар дайым эстеп, кадырлап келемин. Группалаштар жолуккан учурларыбызда Жумаш Мамытов, Садыбакас Шатманов, Жээнали Шериев, Акбар Сыдыков, Саалы Гапаров, Намазбек Бейшекеев деген агайларыбызды эстеп, чексиз ыраазылыктарыбызды айтышып жүрөбүз.

Мени илим жолуна биринчи салган Намазбек Бейшекеев агайым болгон. Быйыл 20-майда агайымдын 90 жылдыгын белгилеп, эскердик. 1969-жылы жайкы каникулга тараганда Намазбек агайым: «Мен сага тема берем. Жайкы каникулда материал чогултуп келесиң. Өзүңдүн туулган жериң Алай-Куунун жер, суу аттарын, уламыштарын чогултуп кел» деди. Сентябрда жыйнаган материалдарымды агайга көрсөттүм. Илимий макаланы жазуунун жолдорун айтып, Анжиян пединститутунда студенттердин илимий конференциясы болот. Ошого катышасың деп, тапшырма берген эле. Анжиянда өткөн конференцияга катышып, биринчи даражадагы диплом менен сыйланганым, менин илимдеги алгачкы кадамым болгон.

Ошентип, Намазбек агай мени илим жолуна салган. Андан кийин, Черик Жанетович Жумабаев деген агайым менен пахтада ата-баладай болуп кеттик. Черик агайым абам болуп калды. Менин жана үй-бүлөмдүн атасынан да артык тарбиясын, аталык камкордугун жасады. Жубайы Клара эжем да Жамила экөөбүзгө ата-энебиздей болушту. Черик абам Ленинграддагы медицина институтунун аспирантурасын бүтүрүп, 1955-жылы медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган, кыргыздын биринчи анатому болгон. Ал эми Клара Кашкараева эжем Москвада биохимия боюнча диссертациясын коргогон кыргыздын алгачкы биохимик окумуштуусу. Кудайга шүгүр, азыр катташып, кабарлашып турабыз. Бул өмүрдө көп адамдардын жакшылыктарын көрдүк. Клара эжемдин атасы Исак Кашкараевдин үйүндө пропискага туруп, фрунзелик болгонмун. Акитай апабыз абдан меймандос, тамактарды түрдөп бышырган, ачык адам эле. Ал үйдө Иса Коноевич Ахунбаев атабыздын колуна суу куюп, чай куюп, батасын алган жайым да болду эле. 1998-жылы Нелля эже алып келип, Ахунбаев жөнүндө китепти чыгаргамын. Ошол эле үйдө Зияш Бектенов, Сатар Чолоков, Салмоорбек Табышалиевдердин насааттарын укканым кантип эстен чыксын.

Мен Ош мамлекеттик университетин 1972-жылы бүткөндөн кийин Черик Жанетович абам аспирантурага окушуң керек деп, Оштон Фрунзеге алып келип, кайненесинин үйүнө прописка кылдырып, ошол учурдагы Академиянын президенти Курман-Галы Каракеев агайга дайындап, Академиянын Тил жана адабият институтунун Эсенкул Абдулдаев агай жетектеген Лексикология жана лексикография секторуна кенже илимий кызматкерлик кызматтан баштап, бөлүм башчылык кызматтарына чейин аркаладым.

Эсенгул Абдулдаев, Дөөлөтша Исаев, Аскар Турсунов, Сарыбай Кудайбергенов ж. б. агайлардан көп нерселерди үйрөндүм. Тил жана адабият институтунда баш-аягы 22 жыл иштедим. Бул жылдар аралыгында Москвада беш жарым жылдай, Будапештте, Анкарада кыска мөөнөттө илимий иштерди уланттым.

Бирок, 1972-жылы 11-сентябрда Оштон аспирантурага тапшырууга кеч келип, «Кыргыз совет энцклопедиясынын Башкы редакциясында кенже илимий редактору болуп, үч ай иштедим. 1973-жылдын январынан баштап, 1992-жылдын июнь айына чейин Тил жана адабият институтунун Лексикология жана Лексикография секторунда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, 1985-жылдан баштап ономастика жана прикладдык лингвистика бөлүмүн жетектедим. Ошондо мен кызматка алган жаштардын бирөө илимдин доктору, экөө илимдин кандидаттары болушту.

— Энциклопедия — ​илимий эмгектин башаты болгон экен да …

— Ооба, «Кыргыз совет энциклопедиясынын» тарых редакциясында иштеп жүрүп, бир топ макалаларды редакциялап, ондон ашык илимий макала жазгам.

Жогоруда айтылгандай, Тил жана адабият институту илим жолундагы алтын уям. 1974-жылы сентябрь айында Институттун директору Аскар Турсунов агайым Москвадагы СССР илимдер академиясынын Тил таануу институтуна стажировкага орун келди., жашсың, үйлөнө элексиң, эч нерсеге алаксы болбойсуң деп, мени Москвага жиберди. Институттун Түрк жана монгол тилдер бөлүмүнө түшүптүрмүн. Ошол учурдагы бул бөлүмдүн башчысы атактуу Эдгем Рахимович Тенишев деген түркология профессору экен. «Кандай тема менен иштеп жүрөсүң» деди. «Түштүк Кыргызстандын топонимиясы» дедим. «Анда эмесе, бизде ономастика боюнча Николай Александрович Баскаков илгиленет» деп, чачы аппак болгон аксакалга ээрчитип келип, Кадыралы Кыргызстандан келди. Сиз жетекчилик кылыңыз» деп, дүйнөгө атагы чыккан түркология профессору Баскаков Николай Александрович менен иштешип калдым. Ошол мезгил Советтер союзундагы түркология илиминин аябай гүлдөп турган учуру болду. Баскаков 70тен ашык тарыхый-лингвистикалык илимий китептердин, 700дөн ашык илимий макалалардын автору болду. Абдан иштерман, бир учурда эки же үч китепти параллель жазган окумуштуу болчу.

Н. А. Баскаков Кыргызстанга 1928-жылы келип, Касым Тыныстанов менен жолуккан. 1934-жылы кыргыздардын Кара Кыргыз автономиялуу республикасындагы мектептердеги кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча илимий изилдөөсүн жазган экен. Ал кол жазмасы басылбай калган экен, 200 беттен турган кол жазмасын мага берген эле. Кыргызстанда керек болуп калышы мүмкүн деп. Ошол кол жазма менде сакталуу турат. Чыгарып койсом жакшы маалымат эле, себеби, 1934-жылдагы кыргыз мектептеринин тарыхы үчүн керектүү экендигин билемин. 1934-жылы келгенде мектептер жөнүндө документ-кино да тарткан экен.

Көп убакыт сакталгандыктан пленка кургап, бузулуп калыптыр. Бишкекте аны калыбына келтире албадык. Николай Александрович 1928- жана 1934-жылы тартылган Кыргызстан, кыргыз мектептери боюнча тарткан фото-сүрөттөрдү бир жылы Мамлекеттик архивге өткөрүп койгонмун. Адистерге кереги тиер деп. Бир азы азыр менде сакталууда.

— Демек, сиздин илимий эмгектериңиз, бул жети томдук китеп менен эле чектелген эмеспи?

— Ооба, жарыкка чыккан жана жарык көрө элек эмгектерим бар. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн 2 томдугун машинкадан кийин басмага даярдагам. Асыл Курманалиева эжекебиз бар эле, ал киши машинкага басат, мен 3 экземпляр кылып чыгарып алып, басмаканага даярдайм. Ошондо бир жарым жылдын ичинде 18 жарым миң бет текстти окуп, ошонун бардыгын 3 папкага салып, Институттун директору Абдыкадыр Садыков агайдын тапшырмасы боюнча темирден шкафтарды жасатып, өз колум менен кыргыз тилинин эки томдук түшүндүрмө сөздүгүн 3 экземплярдан басмага даярдагамын.

Андан кийин Москвага барып, илимий терминдерди түшүнүш үчүн бир жыл бою «Ленин атындагы СССРдин китепканасынан чыккан жокмун. Ошондо диссертация жазышка туура келди. Башында кыргыз тили боюнча диссертация жаздым. 1981-жылдары 300 беттен ашык диссертацияны кыргызча жазып бүткөндөн кийин, диссертациялар орус тилинде жазылсын деген мыйзам чыгып калып, кайра орусча жазып баштадым. Ошентип орустун тилинде да жазганды үйрөнүп, «башка түшсө байтал жорго болот» дегенди баштан өткөрдүм. Бирок, Москвада Баскаков сыяктуу 1970–90-жылдардагы лингвистика илиминин дөө-шааларынан сабак алдым жана алар менен чогуу жүрдүм.

— Алтайга алгачкы кадамыңыз кайсы жылы болду?

— Эң биринчи илимий экспедициялык сапарым 1987-жылы Монголияга болуп, 20 күнгө уланды. Орхон, Енисай жазуулары менен тааныштым. Ошондо Тонүкөк деген жазууга барып көрүп, сүрөткө тартып, укмуш таасир калтырган. Андан кийин мен ошол эле экспедиция учурунда шаркыргыз дегенин таптым. Ал жакта сарыкыргыз деген да аталышы бар экен. Кебетеси биздин саруулардан болсо керек. Шагдарсурен деген аксакал кишиге жолуктум. Андан ары эки мин километр аралыкты АН-24 учак менен Улан-Батордон Алтай шаарына түшүп, андан кийин Улангоом деген аймактын борборуна түштүк. Ошондо Монголия малчыларынын ким экендигин сураштырдым. Ошол жолдо баратып кыргыз, кыргыз үйүр — ​кыргыз көрүстөндөрү деген аталыштагы жерлердин бар экендигине күбө болдум. Бүт жерде кыргыз көрүстөндөрү бар. Монголдордун кээ бир жомокторунда кыргыздар терс каарман экен. Монгол Академиясында жолугушуулар болду. Көп кишилер менен достоштук, азыркыга чейин катышып жүрөбүз.

 

Турдайым Кожомбердиева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *