Кубан Мамбеталиев: «Түркия түрк дүнүйөсүнүн лидери болгон, ал даражасын сактап калат»

— Кубан байке, маегибизди “гүленчилер” темасы боюнча баштасак. Жакында Түркия элчилиги “Сапатты” бүтүргөн балдарды кабыл албайбыз” деп кулактандырды, сиз буга кандай дейсиз?

— Кезектеги коркутуу дейм. Анкаранын өкүлдөрү 2016-жылдан бери ушинтип эле жатышат. Эски обон, эски доомат — ​“мектепке айтам, бирок сен ук мени, ажо” деген аракет.

— Эмнеге “ажо” дедиңиз, ал “Сапатты” бүтүргөн жок да?

— Бул сөзүм иронияга окшоп калды. Ооба, ал башка мектепти бүтүргөн, бирок Турциянын элчисин ээрчип кетсе, анда “Сапат” деген мектептердин тарыхын “бүтүрүп” салат.

— Кантип бүтүрөт экен?

— Мунун жолун элчи мырза аныктап берди. Мына анын кайрылуусундагы сунушу. Дүйнөнү мисалга алып, “18 өлкөдөгү 219 ФЕТО мектеби тїркиялык “Маариф” фондусуна өткөрүлүп берилди” дейт. Силер да ушуну улагыла деген маанидеги чакырык.

— Ал кайсы мамлекеттер?

— Африканын мамлекеттери — ​Эфиопия, Конго, Сомали жана башкалар. Азиядан Пакистан менен Афганистан, Латын Америкадан — ​Венесуэла. Булар өткөрүп бериптир. Элчинин тыянагы боюнча — ​“ФЕТО” мектептерин “Маарифке” өткөрүптүр.

— ФЕТО мектеп ачты беле, алар кайсы мамлекеттерде жайгашкан?

— Анкаранын “теориясында” жайгашкан. Фетхуллах Гюлендин террористтик уюуму деп азыркы Турциянын бийлиги чечмелейт. Башка жерлеринде эч ким минтпейт, себеби бул карандай калп. Реалдуу дүйнөдө “ФЕТО” деген аталышта террористтик уюм жок — ​“ИГИЛ” бар, “ИДУ” бар, “Таллибан” бар. Фетхуллах (84 жашка чыккан ислам дининин аалымы) террорист эмес, бул мусулмандардын тарыхына жаңы агым киргизген акылман.

— Ошол агымдын жаңылыгы эмнеде?

— Тирешүүдөн алыстатууда. Фетхуллах ислам менен демократияны бири-бири менен ынтымакка чакырып жатат, диалектикалык түрдөгү бүтүмдүк түзүүгө. Ислам менен азыркы илимди ширетүүгө чакырды. Буга чейин мындай аракет болгон эмес. Буга чейин “демократия” өз алдынча, “ислам” өз алдынча турган — ​бири-бирине тирешип. “Илим” менен да “ислам” ынакташпаган. Мисалы, халифат учурунда Стамбулдагы биринчи басмакананы (типографияны) исламчылар талкалап салышкан, себеби дин менен техникалык жетишкендиктер шайкеш болбойт деп. Куранды ал кезде кол жазма менен көбөйтүп турушкан. Батыштын медициналык китептерин четке кагышчы. Ошол кездеги медицинанын бир гана китебин колго алышкан. Стамбулдагы Осмон империясындагы мисалын айтып жатам.

— Ал эмне жөнүндө китеп экен?

— “Сифилис оорусу менен күрөшүүнүн эрежеси”. Исламчылардын үгүтү менен иттерди (кадимкидей эле иттерди) Стамбулда кырып салышканын айтпайын. Жетишет да. Андан көрө Фетхуллахтын демилгеси менен дүйнөдө пайда болгон жаңы тартиптеги мектептердин таржымалын айтайын.

— “Сапат” билим берүүнүн мектептериби, мунун саны канча бизде?

— Республика боюнча 22 мектеп — ​Бишкекте жана областтарда. Буга дагы Эл аралык Ала-Тоо университети кошулат (1996-жылы ачылган). Дүйнөнүн алдыңкы стандарты менен иштешет. Ийгиликтерин болсо биз эл аралык олимпиадаларда булар алган сыйлыктардан көрүп турабыз. Жыл сайын алышат, ар кайсы тармактар боюнча — ​математика, физика, химия. Ийгиликтин белгисин ушул мектепти бүтүргөн балдардын, азыркы учурда атагы ааламга тараган уюмдарда иштешкени көрсөтүп турат. Батыштагы уюмдарда.

— Фетхуллах диндин өкүлү болсо, эмнеге Батыштагы уюмдарга барышканы түшүнүксүз, Чыгыштагы ислам университеттерине барышпайт беле?

— Булар алган билим-тарбиянын “контенти” (мазмуну) исламдык эмес, бул мектептерде дин сабагы жок, исламдын тарыхын окушпайт, мектептин ичинде намаз окуган жай жок. Университет деле ошондой. Окуу процесс мамлекеттин окуу программасынын негизинде өткөрүлөт. Бул жагынан эч бир түйшүк жок. “Светское образование” деген түшүнүктүн алкагында.

— Фианансы жагынан маселе кандай экен, ким каржылайт?

— Адегенде бул мектеп “Себат” деп аталган, түрк тилинен “туруктуулук” (стабильность) деп которулат. 2016-жылы (Турциядагы тополоң болгондон кийин) “Сапат” деп аталды (“качество” деген маанидеги сөз), анан 30 пайызы биздин билим министирлигине өттү. “Жапкыла муну” деп кысым болгондо, ушундай чечим кабыл алынган (Атамбаевдин учурунда). Аталышын өзгөртпөй койсо деле болмок, мындай догурунууда “көйнөктү отко салбай”, чыдап туруш керек. Чыгышта бир тааамай айтылган сөз бар — ​“чаң өткүчө күтүп тур, балким эшек өтүп, чаң салгандыр” (“подожди, пока осядят пыль, может, это просто прошел ишак”).

— Ошол чаң бизди такыр эле басып калса кантебиз, бир көйнөк менен калып калбайбызбы?

— Лев Тостой айткандай, “чепкениңди чечип алышса, көйнөгүңдү да бер” деген тартипке өтөлүбү, жок, бул Конфуцийдин идеологиясына өтүп, кур намыс менен жылаңач калабыз, ыштаныбызды да чечип алышат.

— Эмнеге Конфуций дедиңиз?

— Бул биздин заманга чейин (до нашей эры) жашаган, кытайдын Кун-цзы деген ойчул, мунун пикиринде эл менен бийлик “чөп менен шамалга” барабар — ​шамал соккондо чөп ийилет, башкача болбойт. Шамал болсоң — ​сок, чөп болсоң — ​ийилип тур. Ушул философияны император менен диктаторлор курал катары колдонушкан. Себеби адбан эле түшүнүктїү — ​элди кул катары кармап, ар дайым ийип туруш керек болчу. Толстойдун оюна окшош бекен — ​ал “бетиўдин бир жагына чапса, экинчи жагын өзүң эле тосуп бер” деген (если ударили тебя по одной щеке, подставь другую). Мындай сөз илгери кимге жагымдуу болгонун айтпасам деле түшүнүктүү.

— Илгеркисин айтпаңыз, бирок азыр кимге жагаары кандай?

— Азыр бул сөздөр диктатор болом деген президенттерге абдан эле жагат. Шамал, чөп, көйнөк, жаактан ары чабуу деген сөздөр. Анкарада олтурган азыркы бийликке да бул жагат, булар айткандарын кыргыз бийлиги дароо аткарса экен деп күтүп атышат.

— “Сапат” мектептерин “Маариф” деген фондго өткөрүүнү күтүп атышабы?

— Ооба, так ушуну күтүүдө (режим ожидания). 22 мектепти жөн эле алып, бийликтин бир шилтеми менен бир мектепти өткөрүп бериш керек. Мындайды “рейдерский захват” дешет.

— Эмнеге “бир мектеп” дедиңиз, жыйрма экини бирге кантип батырышмак эле, кызык?

— Биздин өлкөбүздө азыр “Маариф” фондунун бир эле мектеби бар (Бишкекте ачылган). Ушул эле. “Сапатты” буларга кошуп салсак, анда иш башка, анда башка уюмдун менчигине кол салуу болот. Сотко доо арыздар берилет, эл аралык соттор киришет. Чатактын сазына батабыз.

— Эмнеге ошондой болушу керек?

— Анкарадагы бийликти ыраазы кылабыз деп, жакшы тигилген көйнөктү отко салып, өрттөп жиберсек так ушундай болот. Чапкыла деп биз эки жаагыбызды тосуп беребиз. Толстой менен Конфуций. Түшүнүктүү болдубу.

— “Сапаттын” биринчи мектеби кайсы жылы ачылды эле бизде?

— 1992-жылы ачылган. Биринчи мектеп Чыўгыз Айтматовдун ысымын алды, эркек балдарга арналган. Мурун ал жерде интернат болчу, жетим балдарды окуткан жай эле. Так ошол жер “Сапаттын” биринчи мектеби болду. Андан кийин Ошто ачылды, Токмокто, анан кыздар үчүн “Айчүрөк” деген мектеп салынды.

— Булар даяр имараттарга келген окшойт, туурабы?

— Ооба, адегенде даяр имаратты алышты — ​эски, ремонтко муктаж болгон жерлерди алып, аны ремонттоп, жакшынакай окуу жайга айландырышкан. Он жыл өткөндөн кийин, жаңы имараттарды сала башташты. Ушинтип отуруп 22 мектептен турган тармакты (билимдин тармагын) бутуна тургузушту. Муну “образовательная сеть” деп аташат, мындай тажрыйба мурун болгон эмес, анан булардан башкалар ушундай үлгүгө жете элек.

— Финансалык базасынын кантип түптөлгөнүн айтпадыңыз го?

— Ооба, Конфуцийге алаксып кетпедимби. Бул абдан маанилүү суроо. Адегенде Турциядан ишкер адамдар, уюмдар каржылашкан, анан 14 жылдан кийин (2008-жылы) “Сапат” (ал кезде “Себат”) самофинансирование деген тартипке өттү — ​өзүн-өзү каржылап калды. Булардын бир белгилүү салты бар — ​мектепти бүтүп, ийгиликтерге жетишкен инсандар өз ыктыяры менен “Сапатка” жардам кылышат. Булар ар кайсы өлкөлөрдө иштешет, бирок билим алган очогун унутушпайт, ушуга болгон ыйык сезимдерин сакташат.

— Башка мектептерге мындай мамиле кылса болбойбу?

— Бийликтин буйругу менен, рейдерлик тартып алуу менен мындай тартип ишке ашпайт. Биринчи ажобуз айткандай, бул “кирпичеченге да түшүнүктүї (“и ежу понятно” дечи). Эми ар бир ажо өзүнө жакын жаныбарды мисал кылат да — ​Ден Сяопин мышыктарды “сүйгөн” (чычканды кармаган мышыктарды), Алмаз Атамбаев “дракондорго” (үңкүргө кирген ажыдаарга) суктанган. Айрымдары “чымчыкты” жактырышат. Ар кандай.

— Дагы алаксып кеттиңиз го — ​мышыктарга?

— Ооба, ушундай ыкмам бар, мени убагында кайрып тур. Кеп мамилени куруу жөнүндө. “Сапат” ушундай мамилени курууга бир топ убакытты короткон. 2016-жылга чейин Турциядан жардам келип турду, анан ал жерде “жармачыларды” жанчып салышты — ​жарымы түрмөдө, жарымы чет өлкөлөрдө. Ошондон кийин “Сапат” ички ресурстарга таянып калды, бирок эч кимге ийилбеди. Баарына чыдады. Дагы чыдайт. Анан бул жеке бир адамга байланбайт, Орхон Инандыны кармап кетишкенден кийин деле чөгүп кетпеди. Орхон мыкты уюштургуч, эр жүрөк инсан, азыркы сыноодон да өтөт, сынбайт, чөпкө окшоп Анкаранын шамалына ийилбейт.

— Фетхуллахтын өзүнөн да жардам болуп атабы?

— Бул адам бизнесмен эмес, капиталдарды топтогон олигарх эмес, мунун куралы ислам дининин ак ниеттүү жолу, ушунусу менен ал ыйык. Үй-бүлө курган эмес, бала-чакасы жок, менчик ишканалары, фирмалары жок. Өзү минтип айтат — ​“асманга бара турган менин бир кичинекей чыйырым бар, артыман эч кимди чакырбайм, үгүттөбөйм, ушуну мага калтырсаңар эле жетишет”. Шамил Басаев террор жасаганда, “сен мусулман эмессиң” деп ага тайманбай айткан. Усама бен Ладенге “сен адамзаттын душманысың” деген. Мындайды башка аалымдар айткан эмес. Мунун баары ачык жана эл астында (публичный түрдө) айтылган сөздөр.

— Демек, Фетхуллах аксакал ФЕТО деген террористтик уюмга байланбай атат деген тыянак чыгарсак болот экен да?

— Эң туура тыянак, “это и ежу понятно” деп дагы бир жолу Акаевди цитаталайын. Ушундай адам кантип террорист болот деген суроого азыркы Анкара “ооба, бул накта террордун анабашы” деп ыманын жейт. Бирок азыркы Анкара түбөлүктүү инстанция эмес, түрк эли түбөлүктїү, ушул элден түбөлүктїү инсандар чыккан — ​адамзаттын тарыхына жаркыраган из калтырган инсандар — ​султан Сулайман, султан Мехмет, Мустафа Кемал, Тургут Озал. Инсандык масштабына жараша, ушулардын катарына Фетхуллах Гюлен да кошулат. Турция түрк дүнүйөсүнун лидери болгон, ушул даражасын эмне болсо да сактап калат.

— Түркиянын элчисинин кайрылуусунан кийин биздин бийлик тараптан кандайдыр бир “чөптүн” башы кыймылдадыбы?

— Көрдүңбү, “чөп менен шамалдын” мисалы бизге жакын экенин. Чечим чыкпайт деп ишенем, ал эми украиндин бир лакабы бар — ​“когда паны дерутся, у холопов чубы трешат” деген кеп (кыргызчасы мындай — ​“кожоюндар мушташканда, кулдардын чачтары шуулдап калат”). Кыймыл мындай — ​“Сапат” деген аталышты дагы бир жолу өзгөртөлүк жана пайыздын санын да бир аз көтөрөлүк” деп “акылмандар” чыгышы мүмкүн.

— Кайсы пайыздарды айтып атасыз?

— 30 пайыз менен 70 пайыз деген тартипти, ушуну “40 менен 60” деп өзгөртүп коюшун божомолдоп атам. Божомол. “Силер биздин ички иштерибизге колуңарды салбагыла” деп элчиге айтып, Анкарага жооп кылсак болот эле. 2016-жылы ушинтип эле жооп бергенбиз. Кырдаал кайталанып атат, жоопту кайталасак ашык болбойт. “Өлкөбүздүн ичиндеги мектептерди биз өзүбүз тейлейбиз” деп айтууга негиз бар. Буга кудрет керек.

— Анда маекти ушуну менен бүтүрөлүбү?

— Бул маселеге дагы бир кайрылабыз окшойт, түйшүктүү тема.

 

Кылычбек Кудайбергенов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *